п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Сыр маек

Табылды Актанов:
"Бири-бирибизди кажымайын отура албайбыз"
Кыргыз Эл артисти, Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, көп кырдуу таланттын ээси Табылды Актановду тааныбаган жан болбосо керек. Тамашакөй, сөзмөр агабызды кепке тартып, жашоосундагы болуп жаткан жаңылыктар менен тааныштык.

- Сизди ушул даражага жеткирген ата-энеңиз тууралуу кеп козгосоңуз?
- Менин чыгармачылыгым капыстан эле боло калган нерсе эмес, менин чоң атам Тыныбек, өз атам Актан да өнөрлүү адамдар болгон. Үзүлбөй келе жаткан өнөрдүн үчүнчү мууну менмин. Апам Шаарбүбү сексен экиге чыгып көз жумду. Менин тарбиячым, насаатчым дагы апам болду. Анткени атам мен эки жашка чыкканда эле кан басымы жогору болуп, мурду канап жатып каза болуптур. Ошентип атанын тарбиясын деле көргөн жокмун. Эжем турмушка чыгып кетти, апам экөөбүз бир үйдө жалгыз калдык. Атамдын төрт-беш аялы болуптур, бирок кетирип ийбей биринин үстүнө экинчисин ала бериптир. Апам үчүнчү аялы болот. Апам "Сенин атаң мындай эле, чоң атаң мындай эле" деп алардын талантын, өнөрүн элине кылган кызматын кулагыма кумдай куюп айта берээр эле. "Балам, мага карабай сен да атаңдын өнөрүн улант, менин оокатым өтө берет" деп мени он сегизге чыга электе Жумамүдин Шералиевдин колуна салып берди. Анын үстүндө мен үчүнчү-төртүнчү класста окуп жүргөндө комуз чертип калчумун, ошондон улам "Баягы Актандын уулу чоңоюп калса керек, айылда калбай өнөрүн өстүрсүн" дешип театрга киргизишкен. Мен Москвадан, Ташкенттен, Ленинграддан окубай калдым, менин мектебим айылдагы эле театр болду. Билим алсам жакшы болмок, бирок апама каралап алыс кете алган жокмун.
- Апаңызга каралашаар башка бир туугандарыңыз жок беле?
- Бир агам согушка кетип келбей калыптыр, аны көргөн да эмесмин. Батийна эжем бар эле, ал турмушка чыгып кетти. Азыр ойлосом күндүр-түндүр театрда жүрүп, апама деле жакшылап караган жок окшойм. Он тогуз жашымда театрда чогуу иштеген бир кызга үйлөндүм. Эрте үйлөнгөнүмдүн себеби, апам келининин колунан чай ичип, неберелерин көрүп калсын дедим. Жубайым менен театрда чогуу иштеп алты-жети айлап командировкага кетчүбүз. Кээ бир артистер жаңы балалуу болгон кезде командировкага кетишсе, кайра келгенде баягы жаңы төрөлгөн баласы там-туң басып, атасы "кел" десе ыйлап качкандарын да көрүп калдым. Тилекке каршы менин биринчи никемен жолум болбой калды. Жаштыктан жаңылып ал жубайым менен ашырашып кеттим. Буга мен да, ал да күнөөлү эмес, маңдайыбызга жазылган нерсе экен.
- Азыркы жубайыңыз менен кантип табыштыңыз?
- Зуура Нарын театрына стажировкага келген. Ошол жерден жылдызыбыз келишип отузга чыкканда баш коштум. Төрт балам бар, бир кыз, үч эркек. Кичүүсү Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке сынактан өтүп кетип мени сүйүнтүп отурат, азыр сегизинчи класста окуп жатат. Калган балдарым үйлөнүп, жайланып өз оокаттарын кылып жүрүшөт. Ата деп келип калышат. Ошол кичүү уулумду окутам деп, бой жетип калган бала кандай күнгө туш болот деп санаам тынбай Нарындан борборго көчүп келгениме беш жыл болду.
- Жатаканада жашайт экенсиз. Бишкекте үйүңүз жокпу?
- Биякта үйүм жок, үй алганга аракет деле кылган жокмун.
- Башка балдарыңыз эмне менен алектенет?
- Биринчи никемдеги уулум менен кызым энесинин колунда, азыр Түптө жашашат. Андан кийинки уулум Искендер оку дегениме болбой "ата, окугандан көрө иштейинчи" деп Астанага кетип калган. Чогуу жүргөн дос балдары да азгырды окшойт. Үйлөндү, неберелүү кылды.
- "Муз ордодон" чыкканда алда канча жаш көрүндүңүз эле…
- Улгайган сайын жаның кичине кыйналса жүдөй түшөт экенсиң. Чыгармачылык жумушум менен түштүк тарапка барып келдим, алыс жол жүргөнгө кыйналып белим ооруп жакшы басалбай турам. Силердей жаштарды көрүп картайганыңды сезбесең, мындай караганда улгайдым деп деле ойлобойм. Анан сулуу, жаш адамдардын жанында жүрсөң "оо, кокуй карыган турбайынбы" деп ошондо гана билбесең кайдан…
- Нарынга бат-баттан барып турасызбы?
- Ага-туугандын сагынгандары чакырып калат, жамандык-жакшылыктарга сөзсүз барасың, кокус эле алыс жакка кетип калып бара албай калганың болбосо… Ошондо да арасынан кээ бири чыгып: "буга эмне, артист да…буларга ыр-чоор болсо болду да" деп тарыхыңды козгоп таарынышат.
- Байкашыма караганда байбичеңиз саясатка жакын окшойт?
- Бош отурган неме гезит-журналдарды окуп алып, өзүнчө эле кыжырланып, туталана берет. Мен кичүү уулум Алмамбеттин артынан ээрчисем, байбичем менин артыман ээрчип бапестеп турат. Өз баласынан да мени жакшы карайт. Улгайган сайын аялың апаңдай эле болуп калат экен. Бир жолу үйгө кирип келээрим менен уулума "апаң кайда кетти" деп айтам деп, "апам кайда кетти" деп алсам Алмамбет бир күн кечке шылдыңдап күлдү. Анда да моюн бербей, "эмне күлөсүң, апам эле болуп калды. Кийин да сен ушундай "апалуу" болосуң" деп араң кутулгам. Байбичемдин негизи ачуусу чукул, бир жини келсе үч күн жаан жаап туруп алат. Ошол шоргологон жаанга чыдаган мен да мыктымын. Илгерки абышкалар "Кудай мени байбичемдин алдынан алсын" дешсе эмнеге анте берет деп түшүнчү эмесмин. Эми байбичемдин артында калсам кыйын эле болуп калат окшойт. Келин-уулдарымдын, туугандарымдын жашоосу өзүнчө, баары бир "Түтүнү бөлүктүн түйшүгү бөлөк" болот эмеспи. Кудайга шүгүр, байбичем менен сыйлашып жашап келе жатабыз. Эми анда-санда казан-аяк кагышат…
- Эмнеден улам кагышат?
- Бул айтканын бербейт, мен да айтканымды бербейм. Бул ак дейт, мен жок ак эмес көк дейм. Кээде телевизордон көргөндөрдү, жөн эле тээтияктагы жүргөн киши тууралуу талашып уруша кетебиз. Анын үстүнө үйдө бекер отурганда жөн отурбай бири-бириңе тийишип "сен кыйынсыңбы, жөн отурчу" деген кажынмай сөздөр көп болот. Жараткан чыгармаларымдын эң биринчи сынчысы да ушул адам. Тиягын тигиндей, биягын мындай кылсаң болмок экен деп өз пикирин көп билдирет.
- Негизи сынды кандай кабыл аласыз?
- Туура айтылган сын болсо "ырас айтып жатасың" дейм, туура эмес айтылган сын болсо ичимен "туура эмес айтып жатасың" деп сыртыман унчукпай башымды ийкеп коём.
- Ушул убакка чейин арыла албай жүргөн кемчилигиңиз барбы?
- Ак көңүлдүгүмөн, кээде ушул сапатымдын пайдасынан зыянын көп тартам. Анан да ашкан жалкоомун, бүгүн жасайм деген жумушумду эртең жасайм, бүрсүгүнү талкалайм деп жүрө берем. Бара-бара ал жумушум унутулуп калат. Быйыл жасай турган жумушум эмдиги жылкыга жылып кете берет.
- Жаш ырчылар обон жазып бериңиз деп кайрылышабы?
- Андай көрүнүштөр күн сайын дебейин, жума сайын болуп турат. Көбүнчө опера, элдик ырларды аткарган ырчылар көп келишет. Жазып бергенден кийин "өзүңө жакса ырда, менин көңүлүмө караба" деп көп айтам. Учурда жетимиштен ашык обондорум бар.
- Чыгармачылык чөйрөдөн кимдер менен үй-бүлөлүк катыштасыз?
- Мыкты актёр Мукамбет Токтобаев менен киндиктешмин. Нарындан келгенден бери мага акылын айтып, мени корголоп жардамын аябай келет. Бул жерде деле жакын тууган-туушкандар бар. Бирок, баары бир чыгармачылык чөйрөдөгү адамдардан артык сени эч ким түшүнбөйт экен. Бир сот тууганың болсо же сен статья билбесең же ал театрды билбесе сырдашыш кыйын, сөз кыска. Ал эми чыгармачыл адамдар менен сөз түгөнбөйт. Жакында эле Оштон келе жатып жолдо катар Мукеме чалып: "Мен келе жатам" деп кабар берип койгом. Мына азыр сен көрүп тургандай жубайы экөө жанымда отурат.
Анара Дүйшөналиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-январь, 2010-ж.:
1-бет
Г.САтылганованын
"Ак көгүчкөнү" ким да, М. Бегалиевдин "Гүкүшү" ким?

2-бет
"Өздөрү мендей боло албай ушак айтышат"
3-бет
Акжол Асеманын
көзүнө чөп салдыбы?

4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Жолдошунун фамилиясын алган атактуу айымдар
6-бет
"Жаңы кыргыздар" кышкы каникулду
кайда өткөрүштү?

7-бет
Табылды Актанов:
"Бири-бирибизди кажымайын отура албайбыз"

8-бет
Бек Борбиев бейтапканада
9-бет
Ырым- менин сырым
10-бет
Тырмак өстүрүүнүн ден соолукка зыяны
11-бет
Тагдыр тамашасы же жеңил парыңыз менен!
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз
мончок

13-бет
Калчылдаткан кышкы спорт
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аалы Туткучев:
"Эми мен шылдырак кагып ырдайм"











??.??