Бек Борбиев бейтапканада
Улуу муун, кичүү муун дебей көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган Бек Борбиев учурда жеке менчик бейтапканалардын биринде жаткан кези. "Элдин суранычы менен" деп удаа-удаа концерт берип жатып чарчаган Берадор профилактика үчүн бөйрөгүн дарылатып жатыптыр. Он күнгө жакын ак халатчандардын көзөмөлүндө болуп ушул жуманын башында жакындарынын жанына чыгып келет.


Сыймык Бейшекеев онунчу өкүл кыздуу болду
Жакында эле Сыймык Бейшекеев Жолборс аттуу агасынын тоюна барып, ал жерден жөн келбей өкүл ата болуп кайтты. Өкүл кызынын аты Чолпон, өкүл баласынын аты Таалай. Ушуну менен Сыймык онунчу өкүл ата болуп отурат. Азырынча Чолпонго сөйкө салынып, Таалай экөө баш кошо элек, жаштар үйлөнүү тоюн ушул жылга пландаштырышты. Буюрса Сыймык эки жаштын кубанычына күбө болуп, тойдон кадырлуу коноктордун катарын толуктайт.


Дайыр мелдештен утту
Эл катары кышкы эс алууну жакындары менен өткөргүсү келген Дайыр Исмадияров эже-жездеси, продюсери Канат Кадыржан менен "Нооруз" тоо-лыжа базасына эс алганы барышкан. Эс алууну өзгөчөлөнтүүнү каалаган Дайыр эжеси экөө лыжа менен жарышышкан. Шарт боюнча утулганы беш килограмм палоо басып бермек. Дайыр эжесин утуп, жеңишке ээ болду. Тоодон келээри менен эжесине оюндагыдай палоо бастырып жеп жыргаган. Быйыл ырчынын мүчөл жашы болгондуктан талантын сыйлаган күйөрманы өзгөчө белек кылыптыр. Ырчынын белегине айткан рахматына "шустрый" күйөрман кыз: "Мага рахматыңыздын кереги жок, менин чачым узун, көзүм кара, ошондуктан мага арнап "Кара көз" деген ыр жазыңыз" деген "буйругун" берди. Күйөрманынын каалоосун четке кага албай учурда Дайыр Исмадияров "Кара көз" деген ырын жаратууда.


Айгерим "Айкадем" тобун өткөрүп берет
Үй-бүлөсү менен чыгармачылыктын чордонунда жүргөн Айгерим Расул кызынын жумушу чачынан көбөйүп турган чагы. Буга чейин өзү жетектеп келген "Айкадем" тобун башка жөн билги кыздардын колуна өткөрүп берип, кичине болсо да өзүнүн түйшүгүн азайтуунун амалын издеп жүрөт. "Азырынча ылайыктуу кыз таба элекпиз, ишеничтүү адамдарга өткөрүп берип, өзүм үстүртөдөн көз салып турсам мага деле бир аз жеңил болоор эле" дейт ырчы кыз.


"Жыйырманчы жаз" кайрадан күйөрмандарын кубантат
"Продакшн" студиясы тарабынан тартылган "Жыйырманчы жаз" тасмасы борбордо аз, кыска мөөнөткө коюлса да бир топ элдин купулуна толуп, кинону көрбөй калгандар арманда калган. Жогорудагы тасма 1-февралдан баштап 5-февралга чейин Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында коюлуп, 14-февралдан тарта 23-февралга чейин көрүүчүлөрүн кубандырып борбордо Тарых музейинде болот. Андыктан кинону көрбөй арманда жүргөн көрүүчүлөр чамдаңыздар.


Максат Бегалиевдин үй-бүлөсүнөн сагынычы тарабай…
Бир топ ырчылар менен АКШыга гастролдоп барган Максат Бегалиев визаны февраль айынын аягына чейин алган. Жакшы эле бир жарым ай жүрүп, андан кийин келинчегин, уулун сагынып араң чыдаптыр. "Жакшы эле чыдап, атайын виза алгандан кийин иштеп келейин дегем. Үйдөгүлөр кайра-кайра чалып, анын үстүнө өзүм да сагынып араң жүргөн жаным шылтоого шыноо деп келе бердим" дейт ырчы жигит. Азыр деле жакындарынан сагынычы тарабай анда-санда гана студияга барып ыр жаздырганы болбосо, убактысынын көбүн келинчеги, уулу менен өткөрүп жатат.


Эки курбунун достугу күч алууда
"Сүйүүдөгү көз жаш, Эгиздер тагдыры" тасмасына тартылышкандан бери Бегимай Бекбоева менен Гулнур Асанованын ортосунда достук мамиле жаралып, күн сайын экөөнүн достугу күч алууда. Жакында эле курбу кыздар "Күтүү" деген жаңы дуэт жаздырышып, ошол эле учурда комедия жанрындагы тасмага тартылууга сунуш алышты. Азырынча кинонун аты тактала элек, табышмактуу тасмада Бегимай менен Гулнур жакын курбулардын ролун аткарышат.