п»ї

Эркектерди тамшандырган "стервалар"
Эркектердин көбү аялдарга карата эки сөзүнүн биринде "стерва" деген сөздү көп колдонушат. Бирок "стервалар" кандай типтеги айымдар экенин көпчүлүгү биле беришпейт. Намыскөй, беттегенин бербеген, өжөр деп гана мүнөздөмө беришкени менен "стерва" деген сөздүн артында көп нерсе жатат…


"Стерва" деген ким?
"Стерва" деген кандай маселе болбосун аны өзү чечип, кыйынчылыктарды артка калтыра билген айым. Бул сөздү эркектер ойлоп тапкан. Адатта "стервалар" эркектерден кем калышпай алар жасаган жумуштарды аял киши деле жасай алат деген ойду бекем карманышат. "Стерва" болуш оңой нерсе эмес, анткени алар коомго, аялзатына тиешелүү эрежелерге каршы турушат. Бул топтогу айымдар каалаган максатына жетүүгө тайманбас мүнөзүн, сулуулугун жумшайт. Башкаларды өз кызыкчылыгына пайдаланганды жакшы көрүшкөндөрү да бар. Көпчүлүк аялдар "стерва" болуп төрөлбөйт, айрымдарынын мүнөзү коомго жараша калыптанат. Мисалы, кээ бирин акча, бийлик бузат.

Эркектердин
"стерваларга"
болгон мамилеси
Эркектердин көбү "стерваларды" колго алып, алардын курч мүнөзүн сындырууга болгон аракеттерин жумшашат. Мындай оор максат көпчүлүгүнүн колунан келбегендиктен улам андай аялдарды "стерва" деп атаганга өтүшөт. Эркектер табиятынан аңчы келишип, "олжолуу" болгусу келген эркек айымдын көзүнө сүрдүү, баатыр көрүнгүсү келет. Акылы менен эсептешип иш кылган "стервалар" мындай эркектердин алдына көп маселелерди коюп, түйшүк тарттырганды жакшы көрүшөт. Бул кандайдыр бир деңгээлде "оюн" десек да болот. "Стерва" айымдар оңой менен жеңилбей, эркектерди "сындырып" жаны тынат. Көпчүлүгүнүн актерлук жөндөмү мыкты өнүккөн. Ыйлачу жерден ыйлап, баш ийчү жерден баш ийип, чыр чыгарчу жерден чыр чыгарып эркектердин айласын алты кетиргенди жактырышат. Эркектердин теңинен көбү "стерваларды" жактырышканы менен баары бир аягында бир калыпта жүргөн, жоош айымдарды тандашат. Ошондуктан көпчүлүк "стервалар" жалгыздыктын кучагында калышы мүмкүн.

"Стервалардын" принциптери
"Стервалардын" жашоодогу эң негизги принциптеринин бири-эч качан демөөрчүлөрдүн колдоосун пайдаланбоо. Анткени, айымдар көз каранды болбош үчүн баарына барышат. Булар таттуу тамактан баш тартышы мүмкүн, бирок жакшы кийимден, атырдан, боёктордон эч убакта баш тартпайт. Себеби, жогорудагы аталган буюмдар "стервалар" үчүн ийгиликке жетүүгө жардам бере турган эң негизги буюмдар.
Кандай жайда, кандай адамдардын курчоосунда болбосун "стервалар" баарынан сулуу, сымбаттуу көрүнгөнгө умтулушат. Алардын астындагы дагы бир олуттуу маселе-кечеде жүргөн эркектердин жүрөгүн багындыруу. Канчалык көп эркектер аларга тамшанып, арзуусун билдирип же жөн гана суктанса "стервалар" үчүн ошончолук чоң утуш.
"Стервалар" кылган ишине өкүнбөйт, артына кылчайып карабайт, бир чечимге бат келишет, мүнөзү курч болот. Бир нерсе кылаарда эч ким менен (өзгөчө эркектер менен) кеңешпейт. Өзүнүн жашоого болгон көз карашы, мыйзамдары бар. "Стервалар" баалаган эң негизги нерсе - эркиндик.

"Стервалар"
үчүн кеңеш
Эс ал:
Көпчүлүк учурда башкалар үчүн кам көрүп, өзүңүзгө жүктөлгөн жумуштардан четтеңиз. Себеби, "стервалар" табиятынан мүнөзү катуу, жоопкерчиликтүү келгендиктен туугандарынын көп түйшүгү аларга жүктөлөт. Ички туюму менен баардык жумуштарды бүтүргөнгө энергиясы жетпесин сезип турса да моюн бербей жүрө берүүсү мүмкүн. Ушундан улам чарчап, ашыкча стресске кабылышат. Жумушту да, эс алууну да убагында жасап, ден соолугун сактоо кажет.

Рахаттан:
Кээде айрым принциптерден четтеп жумшак, мээримдүү болгонго жол бериңиз. Сизди айланчыктап жүргөн мырзалардын татыктуусун тандап, ага назик мамиле кылууга өтүү керек.

Ойно:
Жашоо-бул казино. Кээде мырзаларды ойдогудай калчап, алар менен ойноп тургандын деле пайдасы бар. Сүйүп турса да сыр бербөө керек. Колуңда бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып, бар каражатты коротуп өзү үчүн жашаганы деле жакшы да.

"Стерва"
тууралуу…
"Стерва"-окулуп бүтпөгөн китеп, канчалык аягына чейин чыгып окуюн десең да оюң эч убакта ишке ашпай, арты табышмак бойдон кала берет.
"Стерва"-эң мыкты сценарист. Каалаган жеринен, каалаган убакта сценарийин өзгөртүп турат. Бул нерсе аялдарды эле эмес, эркектерди да кызыктырат.
"Стерва"- жашоодо миңдеген ролдорду аткарып, ойноп жүрөт. Анын жанында мыкты кинорежиссер гана жаңылбай, тынч жүрүшү мүмкүн. Тилекке каршы андай режиссерлордун саны өтө эле аз.
"Стервалар" үчүн кээ бир кадимки адаттар
Эркектердин жүрөгүн оорута турган сөздөрдү көп айтышат.
Коргонуунун эң негизги жолу - кол салуу экенине бекем ишенишет.
Дарегине айтылган сөздөрдүн бирөөсүн да жоопсуз калтырбайт.
Курбусу өзүнөн сулуу, жакшы көрүнсө андан кутулганча, өзүнөн алыстатканча шашат.
Эгер сүйүктүүсү бир ката кетирсе күн сайын эстетип, айтуудан тажабайт.
Бирөө кыйналып жатканда табасы канып четте турганды жакшы көрөт.
Эки адамдын урушунан рахат алат.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-январь, 2010-ж.:
1-бет
"Сен кемпирге окшоп ырдайсың деп..."
2-бет
Каныкей:
"Келишим боюнча аларды атоого укугум жок"

3-бет
АЙЧүРөК МЕНЕН АНЖЕЛИКАНЫН ДАГЫ БИР ЫЗЫ-ЧУУСУ АЧЫККА ЧЫКМАЙ БОЛДУ ОКШОЙТ?...
4-бет
Ырларды санайлы, а теманычы?..
5-бет
"Бизнесмендерге өмүр бою акча жетпейт"
6-бет
Нурзат Орозалиева:
"Эркек" деп балдар сабап, кыздар сүйүп калган учурлар болгон"

7-бет
Динара
Эсенгулова: "Финансы жетишпей жатканы көрүнүп турат"

8-бет
Тата Улан түштүктү түрө кыдырат
9-бет
Атактуулар арзуусу ыр саптарда
10-бет
Эркектерди тамшандырган "стервалар"
11-бет
Гаити
12-бет
Көз мончок
13-бет
Оозду ачырган ачылыштар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мирлан Сабыров:
"Мүмкүнчүлүк мага үч жолу келди"











??.??