п»ї
 Таанышуу жарыясы


Гаити
Жыл жаңыргандан көп өтпөй эле дүйнөнүн бурчунан орун алган Гаити өлкөсүндө болуп көрбөгөндөй катуу жер титирөө болгону жалпыбызга маалым. Адамдын жүрөгүнүн үшүн алган мындай кырсыкка дүйнөнүн бир топ өлкөлөрү жардамдарын беришүүдө. Ал эми Гаитинин мурунку абалы, жашоочулары, маданияты, деги эле жашоо-шарты кандай болгонун төмөнкү материалдан окуңуз.

Гаити аралынын пайда болушу
Гаитинин тарыхы тууралуу сөз кыла турган болсок, алгач Гаити аралын 1492-жылы 6-декабрда Кристофор Колумб ачкан. Анын биринчи аталышы Эспаньола болгон. 1548-жылы Испания колонизаторлору тарабынан ал жакта жашаган индеецтердин көбү кырылган. 16-кылымдын башында кант тростниктерин иштетүүгө жана алтын өндүрүү үчүн Африкадан кул кылып иштетүүгө негрлерди алып келишкен. 1665-жылы Эспаньола аралы Француз өкмөтүнө толугу менен баш ийген. Ал эми 1697-жылы Рисвикс тынчтык келишиминин негизинде Эспаньола аралын официалдуу түрдө Франция менен Испания бөлүп алган. Испания тарапка чыгыш бөлүгү (Санто-Доминго) тийген. Франция тарапка батыш жагы (Сан-Доминго) кирген.
Ал жакта өндүрүлгөн кант, кофе, пахта, какао Гаитиликтердин эң негизги экспорттолгон товары катары эсептелген. 18-кылымдын этегинде Сан-Домингодо 452 миң негр кулдар, 42 миң ак адамдар жана 50 миң мулаттар жашаган. Негрлердин көбү кулчулук кылып кара жумуштар менен алектенсе, ак адамдар экономикасынын бардыгын башкарып, жакшы жумуштарда иштеп келишкен.

Бийлик жана көз карандысыздык
1797-жылы Туссен-Лувертюр аттуу адам Гаитиге биринчи жолу бийликке келген. Ал Испандардын баарын кубалап, 1801-жылы январь айында арал толугу менен Франциянын колониясына өтүп кулчулук жоюлган.
1804-жылдын 1-январында мурда кул болуп жүргөн генерал Жан Жак Дессалин жаңы көз карандысыз мамлекет куруп, байыркы Индия аралынын атынан "Гаити" деген атты берген. 1804-жылдын октябрында ал өзүн биринчи император деп атаган. Ал эң күчтүү армия түзүп, Гаитинин эң негизги жашоочу калкы деп негрлерди жарыялаган. 1805-жылы конституция боюнча Гаити аралынан ак адамдарга жер алып, үй салууга тыюу салынган. 1806-жылы октябрда баш аламандыктан улам Жан Жак өлтүрүлүп, анын ордуна генерал негр Анри Кристоф болгон.

Эң жогорку сорттогу кофе Гаитиде
Азыркы убакта Гаити аралы Доминикан жана Гаити деп эки республикага бөлүнөт. Эки республикада тең айыл чарба өндүрүшү жакшы өнүккөн. Ал жакта өндүрүлгөн кофе "Санто-Домино" деген ат менен белгилүү. Дүйнө жүзүндөгү эң жогорку сорттогу кофе Гаитиде өндүрүлөт. Гаити аралы дүйнөнүн эң кичинекей белгисиз бурчунда орун алган. Азыркы убакта Гаитинин калкынын 90% негрлер ал эми 10% мулаттар, ак денелүү адамдар ээлейт. Ак адамдар чет өлкөлүктөр катары гана келип кетип турушат. Гаитинин эли илгертеден эле чыр-чатакка жакын болушкан. Жер титирөө Гаитинин шаарын гана талкалабастан араң турган бийликти дагы талкалаган.

Бай, кедейге бөлүнгөн калк
Булардын илгертеден бери келе жаткан өздөрүнүн маданияты жок. Ар кайсы өлкөнүн маданиятын аралаш колдонуп келишет. Өзгөчө Африка менен Франциянын маданиятына көбүрөөк басым жасашат. Бул жакта кулдардын да өтө байлардын да саны көп болгондуктан, бай-кедей деп экиге бөлүнүшөт. Көбүнчөсү эки гана бөлмөдөн турган кичинекей чакан чатыр сыяктуу үйлөрдө электр жарыгы, суусу жок жашашат. Суукта дагы сыртта жашай берген үй-бүлөлөр бар. Ал эми байлар жашаган аймактарда кадимкидей кооз салынган ресторан, кафелер жайгашкан.

Үйлөр ылдый кулап…
2010-жылдын 12-январында Гаити өлкөсү 7-баллдык жер титирөөдөн улам тозокко айланган. Шаардын ичи жарадарлардын кыйкырыгына жана өлгөн адамдарга толуп кеткен. Табигат кырсыгынан өлгөн адамдардын саны 250 миңге жакын деп болжолдошууда. Набыт болгондордун арасында Улуттар Уюмунун 40 кызматкери, ошондой эле миссия башчысы Хеди Аннаби, анын орун басары Луис Карлос Коста да бар. Гаитиде жашаган "Коомдук ишмерлер" жарадарлардын, өлгөндөрдүн бөйрөктөрүн, ички органдарын уурдап жатышат деп күнөөлөп жаткандар да жок эмес. Мурда эле чыр-чатакка жакын Гаитинин калкы жардамга келген "посылкаларды" бири-бирине жеткирбей талап-тоноп чыр салышкан. Жер титирөө катуу болгондуктан асфальттар өзүнөн-өзү жарылып, айдоочулар мас абалында газды бир тээп, кайра тормозду басып жаткандай жүрүп бараткан авто унаалар укмуштай көрүнгөн. Ал эми көчөдөгү бак-дарактарды атайын жулкулдатып жаткансып сезилген. Үйлөр өйдөдөн ылдый кулап Гаитиликтер катуу жаратылыш кырсыгына кабылышкан.

Американын аскер кызматы Гаитини көзөмөлдөшүүдө
Аталган өлкөгө дүйнөнүн бир канча жеринен тез жардамдар, гумжардамдар келип жатат. Гаитидеги кырсыктан улам болгон баш аламандыкка учурда америкалык аскер кызматы көзөмөл жүргүзүшүүдө. Башка өлкөлөрдөн келген куткаруучу командалардын самолетторуна тоскоол болушуп, аларды жандарына жолотушкан эмес. Кээ бирлери аргасыздан кайра артка жол алышкан. Америкалык аскер кызматкерлери өздөрүнүн гана самолетторун кабыл алышып, башкаларга кылган мамилелерин сураган чет өлкөлүк журналисттерди да Гаитинин борбору Порт-о-Принсанын аэропортунан кетүүлөрүн сунушташкан. 14-январда америкалык аскер кызматкерлеринин саны 5миң болсо, 24-январда 20 миңге жеткен. Бул тууралуу АКШнын президенти Барак Обама жер титирөөдөн кийин Гаитинин бийлиги таптакыр болбоорун, калкы болсо талап-тоноо менен алектенээрин түшүндүрүп, ошон үчүн АКШ өзүнө милиция функциясын камсыз кылууну көзөмөлгө алышканын айткан. Кыскасы бул трагедия рамкадан чыккан оор кырсык болду.

Турак-жайдын 90 пайызы кыйрады
Гаитинин ордо шаары Порт-о-Принсте турак жайлардын үчтөн бири бузулган. Алардын арасынан президенттин сарайы, БУУнун миссиясынын имараты, парламент, жергиликтүү түрмө, бир нече мектеп, 8 оорукана да кыйрап калган. Ал эми Порт-о-Принсте шаарынан 20 чакырым батыштагы Леоган шаарчасындагы турак жайлар 90 пайызга кыйраганы маалымдалууда. Куткаруучулар Гаитинин чар тарабында иштеп жатат жана урандылардын астынан тирүү адамдар табылат деген үмүт чоң. Өлкөдө эл аралык 40 топ иштеп жаткан учуру. Андан сырткары атайын машыктырылган 60 ит бар.

Үй-жайы жоктор талап-тоноого барышууда
Гаитиге тышкы өлкөлөрдөн жардамдар тынбай келип жатса дагы, зыянга учураган инфраструктура гумжардамды муктаж адамдарга тез жеткирип бөлүштүрүү мүмкүн болбой жатат. Учурда айрым жерлерде курсактары ач жана үй-жайы жок адамдардын айрымдары дүкөндөрдү талап-тоношкону кабарланууда. Коңшулаш Доминикан Республикасына жетүү үчүн түндүктү көздөй чубалган жөө-жалаң элдин саны уламдан-улам көбөйүп жатат. Жергиликтүү ооруканалар катуу кыйраган жана жарадар адамдарга толуп кеткен. Элге жардам көрсөтүү үчүн биринчи кезекте доктурлар, тез жардам командалары, көчмө госпиталдар, дары-дармек жетишсиз. Ал эми таза суу өтө чоң маселе болууда. Бардык жерде тамак-аш жана турак-жай абдан тартыш экенин айтышууда.

Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-январь, 2010-ж.:
1-бет
"Сен кемпирге окшоп ырдайсың деп..."
2-бет
Каныкей:
"Келишим боюнча аларды атоого укугум жок"

3-бет
АЙЧүРөК МЕНЕН АНЖЕЛИКАНЫН ДАГЫ БИР ЫЗЫ-ЧУУСУ АЧЫККА ЧЫКМАЙ БОЛДУ ОКШОЙТ?...
4-бет
Ырларды санайлы, а теманычы?..
5-бет
"Бизнесмендерге өмүр бою акча жетпейт"
6-бет
Нурзат Орозалиева:
"Эркек" деп балдар сабап, кыздар сүйүп калган учурлар болгон"

7-бет
Динара
Эсенгулова: "Финансы жетишпей жатканы көрүнүп турат"

8-бет
Тата Улан түштүктү түрө кыдырат
9-бет
Атактуулар арзуусу ыр саптарда
10-бет
Эркектерди тамшандырган "стервалар"
11-бет
Гаити
12-бет
Көз мончок
13-бет
Оозду ачырган ачылыштар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мирлан Сабыров:
"Мүмкүнчүлүк мага үч жолу келди"











??.??