п»ї

  окумал

Көз мончок
Аздек Намазбекова
Эңсеткен эркиндик
Жүрөгүм алып учуп, бошоп баратканыма ишене албай, өңүмбү-түшүмбү дегендей өзүмдү-өзүм чымчып койсом, Дарыя:
- Ошентип кантип чымчысын? Этим оорубасын деп, өзүңдү аяп жатасың да? Кел мен чыңырта бир чымчысам эле, чын экенине ишенип каласың,-деп күлдүрдү.
- Кой, урушта туруш жок, балким "обедден"кийин чыгарып калышса баш-аягың жыйналбай шашып калба. Тигине "Обходной"кагазын алганга да чакырып калышты, бар. Мына эми чындап чыгам дей бер,-деген Зейне узун сөзүбүздү кыскартты.
"Пром зонага" өтүп барып жумушумдагылар менен коштоштум. Шуру тиккен көйнөктөрүмдү бригадирге өткөрүп берип, биртке тапкан тыйынымды Дарыянын эсебине өткөрүп бердим. "Обходной" кагаз толтуруп, төшөнчүлөрүмдү "каптёркага" өткөрүп, айтор, жаным тынбаганы менен көңүлүм куунак. Акырында отряддагыларга кете турган бешөөбүз биригип "чифир" коюп, чогулуп эшикте үй мүйүз тартып отурдук. Момпосуйдан "тырс" эттире чекесинен сындыра тиштеп, ырахаттана соруп кызыл чайдан уурташкан аялдар:
- Экинчи кайрылып келбе!
- Эркиндикте эч кимдин жаман көзү, жаман сөзү тийбесин. Турмуш жолуң түз болсун!
- Ак жолуң ачылсын. Эми жаңылып жазба!-деген каалоо-тилектерин айтып, кээси келип кучактай өөп жатышты.
Мен да ар бирине аялдык бакыт жана эркиндиктин эшиги алар үчүн да эртерээк ачылышына тилектеш экенимди билдирдим. Баарынан да Дарыя менен коштошуу кыйынга турду. Булкулдап ыйлап алган. Оорукчансың, өзүңдү ая, деп араң соороттум.
- Өткөн күндөрүңө өкүнбөй, турмушуңду улап кетишиңди каалайм, Аздек. Түрмөгө түшүп калбасаң мени менен кайдан таанышат элең?! Арманың деле жоктур, аялдык көп эле сырларды үйрөттүм го, - деп тамашалай күлүп,- мага сиңдимдей, курбумдай, кызымдай эле болуп калдың. Дале көз алдымда турасың, "ИВСте" камерага кирип келгениңде уясынан түшүп калган сары ооз балапандай оозуңду ачып, алаңдай корунуп, тартынып турганың. Азыр болсо ак-караны ажыратып билип, кагылып-согулдуң. Дос-туугандын кимиси ким экенин билдиң! Эми жашоодо жаңылбассың. Айтайын дегеним, сенин сезимиңе кийлигишип, а-бу дегенге акым жок. Бирок, кайдыгер карап, айтпай да коё албайм. Ачууга алдырбай, куру намыс кылбай, жолдошуң келсе жолугуп, жоголуп жүргөнүнүн жүйөлүү себеби болгон болсо көгөрбөй кечирип койгонуң эле дурус. Баары бир биринчи эркекке эч ким жетпейт. Бекеринен биринчи күйөөнү кара, экинчисин ак кийизге салыштырбайт да. Кара кийиз дегени, карага эмне төгүлүп чачылбасын сиңип кетет, байкалбай, билинбей калат. Кара кир көтөрүмдүү түс. Үй-бүлөлүк турмушта өйдө-төмөн болот. Баардык эле күндөр тегиз, зымга тизгендей өтпөйт. Урушасың-талашасың... ошондо биринчи күйөөң көп нерсени көтөрөт, кечирет, кайрылат. Жаманын жашырган, жакшыңды чыгарган кыз алган жарың болот. А бирок бул жашоодо биз ойлогондой, биз күткөндөй болбой, ар кандай себептерден улам экинчи, үчүнчү нике жаңырткан да учурлар көп кездешет. Андайда экинчи күйөөң ак кийиздей дешет. Экинчи барган жериңден өзүңдү анча эркин сезе албай, сөзүң өтүмү жок болушу да мүмкүн. Ак кийизге кара кыл түшүп калса да оркоюп көрүнүп калат эмеспи. Ошон үчүн ойлонуп көр. Эч кимдин сөзүнө кирбе! Жүрөгүңдүн каалоосун аткар, бирок акылың менен. Сезимиңди башкара бил, арманда калбагандай чечим кабыл ал. Жолдошуң менен келише албасаң көп кейибе, чөкпө, кайын-журтуң экөөңөрдү жөн жашатып коёрун бир Кудай билет! Же сени же энесин тандай албай, күйөөң эки ортодо чайналат. Аны көрүп сен кыйналасың, кер-мур сөздөр сөзсүз айтылат. Байкаштырып, жаштыгың барда башка турмуш куруп ал. Экинчи күйөө ак кийиз дедиң деп коркпо. Беш кол тең эмес да... Ким билет, балким, бактың экинчи никеңде ачылаар. Ошо-ол.
Сени жакшы көрөм, сенден кол үзгүм келбейт. Мага кел дебейм, мен сенден бир үзүм нан үмүтөтпөйм, күтпөйм, бирок мен чыкканымда дайыныңды билдир, кааласаң катышып туралы,-деп бышактай бетимден өптү.
Үн дебей көп нерсе эске түшүп угуп олтурдум. Тузу оор, "жыландын баласы да жатпасын"деген жерде мага арка-жөлөк болуп, акыл-насаатын айткан, кылмыш статьясынын эң оору менен он жыл өмүрүн сая кетирип, сырттагы баласын ойлоп сабылып, күйөөсүн сагынып олтурган бул аялга кантип ыраазычылыгымды билдирээримди билбей турдум. Бийик адамкерчилигин эч нерсе менен өлчөп болбос!
- Мен деле кайрылып сага "свиданкага" келем деп айта албайм. Бирок туулган күндөрүңдө бир торт киргизгенге кудуретим жетээр. Рахмат сага!-дедим.
Кечки "проверкадан" кийин "селектордун" үнү жаңырып, көптөгөн фамилиялардын арасынан Намазбекова дегенди укканда жүрөгүм туйлап, дарбазанын сыртында күтүп турушкан туугандарыма шашылдым. Коштошуп кол булгап калышкан ар бир аялзатына чын дилим менен; "Келгенде абак эшиги чо-оң ачылат, кетээрде кууш" дешкендей, жолуңар ачык болуп, жакшы күндөрдөн күдөрүңөрдү үзбөгүлө. "Пенде жаңылат, Жараткан кечиримдүү" бирок экинчи жаңылбагыла!"- дээр элем. Биз эми капаста канаттары кайрылган куштайбыз. Учуп чыксак кайра жарга урунуп жараланбай асманыбыз, ак жолубуз ачык болсо экен!
***
Атам менен апамдын ортосуна олтуруп, Чүрөк эжемдин үйүнө сапар алдык. Жездем кээ кезде күзгүдөн көз салып, көздөрүбүз чагылыша түшкөндө жылмайып коюп баратты. Мен качан комиссия, соттон өтөөрүмдү өткөндө эжем келгенде айткан элем. Кечээ күнү келишип соттон өткөнүмдү, документтер даярдалып бүтсө бүгүн түштөн кийин чыгаарымды "отрядныйымдан" угуп кетишкен экен.
- Ишинен ийгилик тапсын, жанагы начальник жаш кызды айтып жатам. Качан келбейин сага киргенге кезек күтүп сыртта туруп калсам көрө калып кайрылып учурашып, ал-ахыбалымды сурап, жакшы сөз айтып анан кирип кетет. Болбосо мен ага ким элем?! Жаркылдаган жакшы жан экен. Жакшыны жакшы деш керек. Булардын да иши жеңил эмес. Кечээ таң атпай эле келгенбиз, көрсө сотуң түштө араң башталат турбайбы. Күтүп турдук. Түш оой чыгып сүйүнчүлөдү "Өттү, эртең келип күтүп алгыла"деп. Ушул күндү күндө жалынып канча күттүм,-деген апам жолду ката божурап баратты. Атам болсо унчукпай угуп, мени кучактай чачтарымдан жыттап коюп отурат. Мен болсо шаардын көчөлөрүнөн көзүмдү албайм. Көп нерсе өзгөрүптүр. Баары кооз, баары сулуу көрүндү.
Үйдөгүлөр үч күн туруп айылга кайтышты. Мени ала кетели дешкендерине эжем көнгөн жок, "Бир аз коё туруп барсын, өзүнө келсин"деп. Чын эле ата-энемдин кашына келдим дегеним менен көңүлүмдүн түпкүрүндө кандайдыр бир коркунуч, кооптонуу сезими жашап, жүрөгүмдү өйүгөн бир оору тургандай абалыма эч түшүнө албай койдум.

Ырыскүл Кадырова

Шайтандын торундагы
сүйүү
(Мистикалык баян)

(Башы өткөн сандарда)
Кемпир менен сүйлөшүп анын кеп-кеңешин угуп,баарлашкан күндөн бери далай убакыт өттү. Жазира бул турмуштун бир нерсесине түшүнө албай башы маң. Өзү окуган чыгармадагы каармандар эгер жакшы мүнөздүү, ак ниет болсо, эч кимге жамандык жасабай, түз жүрө беришсе башына канчалык кыйынчылык, мүшкүл түшпөсүн акыры "Бактылуу" болуп чыгарма бүтчү эмес беле? А көрсө турмушта андай эмес окшойт сыягы…. Кемпирдин "кайраттуу бол, өз бактың үчүн күрөшө бил" деген акыркы сөзү кызды терең ойго салып, өз бактысы үчүн Рустамды өзүнө каратуу үчүн кантип аракет кылып, кандай жол менен күрөшөм деп ойлоно баштады. Бирок… Бирок эч ким эместей экен ойлоп көрсө. Бир гана жомоктогудай кылып сыйкырлап салып эле өзүн сүйдүрбөсө… А эмне, сыйкырласа бекен деп ойлоду кыз. Азыр баарын жасаганга мүмкүн, укканы бар, орустарда "черный магия", "белый магия" деген нерсе бар экендигин. Андайлар кыргыздарда деле толтура экенин ойлоп отуруп капыстан көптөн бери көрүшө элек таяжеси эсине түштү. Аны да "көзү ачык" дешчү. Бирок Жазира апасы кайтыш болгондон бери аны менен көрүшө элек, себеби ал атасына жакчу эмес. "Жин даарып, шайтан баскан немени үйгө жолотпогула, өзүңөр да барбагыла, балакет-салакетин илээштирип аласыңар" деп аны менен катышууга тыюу салаар эле. Мына эми, кандай болбосун ал аял Жазирага керек болуп турду. "Барам… Барам да бүт арманымды айтам. Ал мага жардам берээр".. Илгери үмүткө жетеленген кыз эртеси таяжесиникин көздөй жол тартты. Жолду катар өзүнөн-өзү таттуу кыялдарга жетеленип, алдыда аны чоң бакыт күтүп тургандай, өзүнүн бул кадамы туурабы же туура эмеспи, ал жөнүндө такыр ойлонбой жүрүп отуруп таяжесинин эшигинин алдына келди. Элдер көп экен. Кезек күтүп тургандар Жазираны мынабу жепирейген тамдын эшигине жеткирчүдөй эмес, баары босогодон көзү өтүп жалдырап отурушат.
- Ал менин эжем болот, өткөрүп ийгилечи?..
- Ой, билебиз сендей "сиңдилерди", эптеп кирип кетиш үчүн кайдагыны айтып башты оорутпа садагасы.
- Ошону айтсаңыз, келе калып эле амалдана калышат.
- Күт сен деле бизге окшоп…
Иши кылып бир тобу кызды туш-туштан жаалап, кое бербей коюшту… Мына кызык! Эми даана айлам алты кетмей болду го… Кантип кирем ичкери?-деп ойлогон Жазира бир чети аргасы кетип турса, бир чети жүрөгүндө кандайдыр бир тымызын кубаныч пайда болду. Себеби, ушунча көп эл бекеринен кезек күтүп зарыгып отурушпаган чыгаар деп ойлоду. Демек, ушунча көп адамдар ишенип айткан соң таяжеси деле жөнөкөй көзү ачыктардан эмес окшойт. Колунан бирдеме келет. Бүгүн эптеп кирип алса, азыр эмес кечинде же болбосо эртең кененирээк отуруп, шашпай сүйлөшүүнү туура көрдү.
***
Арык ийиндери солкулдап ыйлап, жер тиктеп отурган кызды карап отуруп, көзү ачык аялдын боору ооруп кетти. Сиңдиси көзү өткөн мезгилде кичинекей гана аксаргыл болгон, бойтойгон кыз эле. Эми болсо бой тартып, татына кыз болгон экен. Кудум эле эжесине окшошуп баратыптыр. Айрыкча көз-карашы.
"… Байкушум! Кичинеңден энеден ажырап жетим өскөнүң аз келгенсип, эми кайдагы балакет чырмады сени. Ошондо эле өз колума алып асырап алайын десем, кудай урган жездем арданып, бербей койбодубу. Болбосо, мынчалыкка жетпейт элең го. Мен да өмүр бою жалгыз болбой, сен жанымда болуп жыргап калбайт белем! Кантсе да бир тууганымдын кызысың го. Кантейин эми… Тагдыр экен да, өх-хх…" Бирок мунун баарын аял өз ичинен гана ойлоп отурду, сыртына чыгарган жок. Болгону чүңүрөйүп ары кирип кеткен көздөрүнөн гана тынбай сызылып жаш агып турду.
- Анан, сен ал баланы чындап эле жакшы көрүп калдыңбы?
- Сүйүп…
- Такыр эле унутуп кое албайм дечи?
- Жардам бериңиз эже. Мага жашоонун кызыгы кетип баратат. Ансыз мен жашабайм! Өлөм эже, ишенип коюңуз өлүп алам!-кыз өзүн-өзү токтото албай буркуруп-боздоп ыйлады.
- Болду эми ыйлаба, али жашсың го. Мен сага колдон келген жардамымды берейин. Азыр мени ук.
Экөө тез эле белгисиз бир дүйнөгө кирип, транска түшүп кетишти… Качан гана эсине келгенде аял кызды тиктей, бир топко башын чайкап унчукпай отурду. Андан соң:- Жазира, садагаң кетейин сиңдим, сен сүйүү-пүйүүңдү жыйыштырып салып эле окууга кетсеңчи. Мектепти да бүтөөрүңө аз калды. Окууңдун артынан өз бактыңды табаарыңды көрдүм. Бул сүйүүңдүн жолу абдан катаал. Сен ал жигит менен үй-бүлө кура аласың… Бирок…
- Эже! Айтпаңыз ары жагын. Эгер мен чын эле аны менен үй-бүлө кура алсам, мага андан артык бакыттын кереги жок.
Кыздын жалбарган көз карашын көрүп туруп зээни кейип кетти, таяжесинин.
- Мейли эми, кантейин. Тагдырга салганды көрөсүң. Сага жардам берүүдөн бөлөк аргам жок окшойт, сыягы. Сен эми мындай кыл, тээтиги айыл этегинде илгеркиден калган дөңсөөлөрдүн арасында жалгыз булак бар, жайы-кышы агып турат. Ошол булактын суусунан алып кел.Аны мен сага тиги балага дубалап берем. Бир кыябын таап ичиресиң, анан ал булактын суусун эстеп чаңкагандай сени да эстеп, эңсеп чаңкай баштайт. А тиги кызга болсо топурак дубалап берем, жөнөкөй эмес, мүрзөнүкүн алып келишиң керек. Тамаккабы же иши кылып бир нерсеге кошуп, эптеп берсең, тиги баланы көргөндө арбакты көргөнсүп жек көрүп корко баштайт. Анан тез эле бири-биринен алыстайт. Бирок сага эскертчү нерсе- мен ал баланын сага карата сүйүү сезимин пайда кыла албайм. Ал бир кудайдын буйругу.
- Өзүм сүйдүрүп алам эже. Болгону жардам бериңиз.
***
Мектептен, окуудан чыгып келе жаткан кызды адаттагыдай эле Рустам тосуп алды.
- Айымым менин… Алтын Айымым!
- Өтө эле аша чаап кеттиң го Рустамчик.
- Чынымды эле айтып атам.
- Баса, бир нерсе айтайынбы?
- Айт.
- Экөөбүздү Жазира үйүнө конокко чакырды.
- Кызык го…
- Кызык чын эле.
- Анан сен эмне дедиң?
- Барабыз да.
- Мен барбай эле коеюнчу, ыңгайсыз болом го…
- Рустамчик, анын сени жактырганы гана болбосо башка айыбы жок.
- Өгөй энеси үчөөбүздү кошуп туруп кууп жибербесин.
- Ха-ха-ха. Сонун айттың го. Аны Жазира алдап-соолап төркүнүнө жиберсе керек. Беш-алты күн келбейт дейт. Бара береличи?
- Мейли эми.
(Уландысы бар)




  Гороскоп

26-январдан
2- февралга чейин
Кой (21.03.-20.04.)
Бул жумада сиздин позицияңыз абдан күчтүү болуп, чогуу иштешкен кесиптештериңиздин арасында сыйга ээ болосуз. Иш жаатында сиздин пайдаңызга чечиле турган келишимдер түшөт. Эгер досторуңуздан айрылууну каалабасаңыз жума аягында аларга да көңүл бурганыңыз оң.
Букачар (21.04.-20.05.)
Бул аптада жылдыздар сизге күтүүсүз бирок, жакшы сюрприздерди даярдап коюшту. Күнүгө барган жумушуңуздан чарчаган болсоңуз, сизге жакшы сунуштар түшүп, ишиңиздин илгерилешине алып келет. Жаңы таанышуулар, кезигишүүлөр, кызыктуу проекттер жана жаңы байланыштар жуманын экинчи жарымын толуктайт.
Эгиздер (21.05.-21.06.)
Ар кандай жол тосуулар жана иштеги чыр чатактар менен апта башталат. Бирок, пайда болгон маселеге карабастан өзүңүздүн чөйрөңүздө көптөгөн ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк болот. Иште жетекчилигиңиз сиздин жумушка болгон мамилеңиздин негизинде айлыгыңызды көбөйтөт. Жума аягында бардык ишти токтотуп, өзүңүздүн ден соолугуңузга карайсыз.
Бөйөн (22.06.-22.07.)
Сизди көп ойго салган жума болот. Бирок, сиздин көп нерсени илгиртпей билүүңүз бул нерсеге тоскоол болушу мүмкүн. Башка кесиптин ээлери менен болгон сүйлөшүүлөр сиздин ишке өз пайдасын тийгизет. Бизнес жаатында ийгиликтерге жетишесиз. Жума аягында туугандарыңыздыкына конокко барасыз.
Арстан (23.07.-23.08.)
Иш жаатында да, жеке жашооңузда да иштер абдан көп болот. Азыр эң башкысы маселени туурасынан коюу менен гана чектелип калбастан, коюлган маселени иш жүзүндө аткара билүү керек. Жакын адамдарыңыз, тааныштарыңыз ишиңизге көмөктөшүшөт. Каршылаштарыңыз менен келишпестиктер болуп кетүүсү күтүлүүдө.
Бийкеч (24.08.-22.09.)
Энергияны катуу талап кылуучу жума. Жумушта да карама-каршы көз караштагы пикирлердин пайда болуусу күтүлөт. Акча жаатындагы маселелерде өтө сак болуңуз. Бирок, сөз берген адам өзүнүн убадасын аткарат деп толугу менен ишене бербеңиз. Жыйынтыгында кадыр-баркка ээ болосуз.
Тараза (24.09.-23.10.)
Ар кандай кырдаалдарга бай жума. Жумуштагы иштериңиз сиз пландагандай болсо, үйүңүздө да жакын адамдарыңыздын сизге кылган мамилеси жакшы болот. Ошого карап, өзүңүздү таштабаңыз. Эгер бул жумада сиздин оюңузга каршы иштер болбогон болсо кийинки жумада кичинекей маселеге кабыласыз. Жума аягында жакшы жаңылыктарга күбө болосуз.
Чаян (24.10.-24.11.)
Ишиңиз жана башка сизге байланыштуу иштер оң жакты көздөй жылат. Буга чейинки кылган эмгегиңиздин жыйынтыгы жеке эле сизди эмес, сизди курчап турган адамдарды да сүйүнтөт. Олуттуу жолугушуулар болуп, жакшы келишим түзүү менен аяктайт. Табигаттын курчоосунда сүйгөн адамыңыз менен эс алып, аптаны бүтүрөсүз.
Жаачы (24.11.-22.12.)
Башка чөйрөдөгү адамдар менен келишим түзүп, ишиңизди мындан да жогорку деңгээлге көтөрүүгө убакыт келди. Сиздин ишиңиз боюнча пайда болгон маселелер тууралуу кененирээк сүйлөшө аласыз. Бирок, бул жумада жумушуңуздун көптүгүнөн башыңыз айланат. Үйдө көңүлүңүз кичине болсо да көтөрүлөт.
Текечер (22.12.-20.01.)
Үйдө же болбосо жумушта бир адам сиздин жиниңизге абдан тиет. Ал нерсе сиздин ишиңиздин ийгиликке жетишип жатканына түздөн-түз көз каранды. Иш кагаздарына өтө кылдаттык менен мамиле кылыңыз. Апта аягында бардык иштерди унутуп салып, тоого барып эс алып келесиз.
Суупери (21.01.-19.02.)
Жума сиздин ийгиликке жетүүңүзгө жардам берет. Ири масштабдагы, жакшы ойлонулган проекттер чыныгы шедеврди жаратат. Досторуңуздун арасынан бирөө сизге өз колунан келген жардамын көрсөтөт. Бирок, аягында финансылык келишпестик туудуруп калышы мүмкүн.
Балыктар (20.02.-20.03.)
Ишке болгон мамилеңиз эң мыкты болот. Буга чейинки кылган ишиңиздин үзүрүн эми көрө баштайсыз. Пайда алып келе турган сунуштардын түшүүсү күтүлүүдө. Сиздин ийгиликтерди багынтууңузга буга чейинки тажрыйбаңыз жакшы пайдасын тийгизет.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-январь, 2010-ж.:
1-бет
"Сен кемпирге окшоп ырдайсың деп..."
2-бет
Каныкей:
"Келишим боюнча аларды атоого укугум жок"

3-бет
АЙЧүРөК МЕНЕН АНЖЕЛИКАНЫН ДАГЫ БИР ЫЗЫ-ЧУУСУ АЧЫККА ЧЫКМАЙ БОЛДУ ОКШОЙТ?...
4-бет
Ырларды санайлы, а теманычы?..
5-бет
"Бизнесмендерге өмүр бою акча жетпейт"
6-бет
Нурзат Орозалиева:
"Эркек" деп балдар сабап, кыздар сүйүп калган учурлар болгон"

7-бет
Динара
Эсенгулова: "Финансы жетишпей жатканы көрүнүп турат"

8-бет
Тата Улан түштүктү түрө кыдырат
9-бет
Атактуулар арзуусу ыр саптарда
10-бет
Эркектерди тамшандырган "стервалар"
11-бет
Гаити
12-бет
Көз мончок
13-бет
Оозду ачырган ачылыштар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мирлан Сабыров:
"Мүмкүнчүлүк мага үч жолу келди"











??.??