п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кызыктар дүйнөсү

Оозду ачырган ачылыштар
XXI кылым илим жана техниканын өнүгүү мезгили болгондуктан, кээ бир нерсеге башыбыз жетпей маң болуп келебиз. Ал эми акылдуулар биринен-бири өтүп күн санап ар кандай буюмдарды, машиналарды иши кылып толгон-токой ойго келбеген нерселерди ойлоп чыгарып жатышат. "Адамдан амал качып кутулбайт" деген ушу бейм. Сөзүбүз супсак болбош үчүн ошондой оозду ачырган ачылыштар менен тааныштырмакчыбыз.


"Гаджет"- мышыктардын унитазы. Адамдар деле отурса болот.
Финляндиянын Хельсинки шаарынын тургуну Джерри Ялава жасалма манжа ойлоп тапкан. Атайын компьютерге туташтыруучу бул манжанын жардамы менен USB ге туташтырууга болот.


Ич кийимдерди кургатуучу аппарат. Аялдар бул аппаратка эмчек тарткычын кургатышса өзүнүн баштагы формасын бузбай, кандай формада болсо ошондой бойдон сакталат. Жана тез убакыт аралыгында кургатат.



"Robo-унитаз" эң мыкты деңгээлдеги инновациялуу эмерек. Адамдын дене кыймылын сезүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Инфрокызыл нурдун негизинде денеге ылайыкташып өйдө көтөрүлүп, адам ага отургандан кийин "Robo-унитаздын" отургучу ылдыйга жылат. Адам ал зонаны таштаары менен эле автоматтык түрдө жабылат.



Чачты атайын кол менен тароочу "Clawz" аттуу тарактар жана кайчылар ойлонуп чыгарылды. Кадимки кайчылардан өзгөчөлөнүп, бул кайчы алардан эки эсе бат кесет. Ал эми бул кайчыны жана таракты жасоо үчүн окумуштууларга туптуура 2 жыл убакыт кеткен.



Венгриянын окумуштуулары тунук бетонду ойлоп табышты. Бул бетондор оптикалык катмарлардан туруп, жарык өткөрө алат.



Бильярддын столуна окшошкон машина. Саатына 45 чакырымга чейин жол жүрө алат. Адамдар мындай машинаны жөн гана айдабастан андан ойноп, ырахат да ала алышат.



PediSedate өспүрүмдөрдүн ар кандай портативдүү оюндардан чарчап калбоосу үчүн атайын жасалган аппарат. Муну тагынып алса бала анча-мынча стресстен алысыраак болот.



Укмуштуу упчу. Бир караган адамга бул упчу өөн учураганы менен балага абдан ыңгайлуу. Ар бир өлкөнүн дизайнерлери мындай упчунун наристелерге пайдасы гана тийээрин айтышууда.


Көзгө ар кандай куйма дарыларды куюш үчүн "түтүкчө көз айнеги" ойлонуп табылган.


"Cremation Solutions" Британиялык фирмасы атайын көзү өткөн адамдардын бет түзүлүшүнө окшогон таштанды салуучу урнаны ойлоп чыгарышкан. Андан сырткары аталган фирма адамдын бет түзүлүшүнүн реконструкциясын жана 3D картографиялык программасынын негизинде сиздин сүйүктүүңүздүн бет түзүлүшүн жасап бере алат.


Айзат Сооронбаева





Алгачкы жолу…
Биз күнүгө угуп эле жүргөн радиону эң алгачкы Италиялык окумуштуу Гульельмо Маркони ойлоп тапкан болсо, орустардын А.С.Попов аттуу окумуштуусу 1895-жылы 7-майда радиону алгачкылардан болуп аба толкундарына кошкон. Ошол убактан бери ар бир жылы 7-майды радиожурналистиканын күнү катары майрамдап келебиз.


Биз көрүп чарчабаган сын алгыны 1884-жылы алгачкылардан болуп немис окумуштуусу Пауль Нипков "Нипков" дискин ойлоп тапкан. 1906-жылы 10-октябрда Нипковдун окуучусу Карл Браун устаты жасаган тетикти толугу менен ишке киргизип, татынакай сын алгыны жасап койгон.


Ушул убакка чейин адамдар компьютери жок эле күн көрүп келген болсо, замандын талабына ылайык азыр компьютерсиз иштин бүтүшү кыйынга тураары анык. 1975-жылы Билл Гейтс жана анын досу Пол Алден BASIC аттуу компьютердик программаны ойлоп табышкан. Алгачкы компьютерлер "Корвет" үлгүсүндө болгон. Ал эми интернеттин ойлоп табуучусу болуп Тимоти Бернес-Ли аттуу адам болгон.


1769-70-жылдары француздардын Кюнью аттуу адамы биринчи болуп темир тулпардын сөлөкөтүн жасаган. Андан кийин 1780-жылдары Леонардо до Винчи калганын улантып, параддарга жана маскараддарга катышуу үчүн атайын машина даярдаган.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-январь, 2010-ж.:
1-бет
"Сен кемпирге окшоп ырдайсың деп..."
2-бет
Каныкей:
"Келишим боюнча аларды атоого укугум жок"

3-бет
АЙЧүРөК МЕНЕН АНЖЕЛИКАНЫН ДАГЫ БИР ЫЗЫ-ЧУУСУ АЧЫККА ЧЫКМАЙ БОЛДУ ОКШОЙТ?...
4-бет
Ырларды санайлы, а теманычы?..
5-бет
"Бизнесмендерге өмүр бою акча жетпейт"
6-бет
Нурзат Орозалиева:
"Эркек" деп балдар сабап, кыздар сүйүп калган учурлар болгон"

7-бет
Динара
Эсенгулова: "Финансы жетишпей жатканы көрүнүп турат"

8-бет
Тата Улан түштүктү түрө кыдырат
9-бет
Атактуулар арзуусу ыр саптарда
10-бет
Эркектерди тамшандырган "стервалар"
11-бет
Гаити
12-бет
Көз мончок
13-бет
Оозду ачырган ачылыштар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мирлан Сабыров:
"Мүмкүнчүлүк мага үч жолу келди"











??.??