п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Обон почта
ОП-101-01. Кыздар менен достук үчүн таанышам. 18-23 жаштагы кыздар чалгыла. Атым Данияр. +77013879828.
ОП-101-02. Саламым Жалал-Абад облусуна караштуу Таран айылына жолдонот.+77051746хххх.
ОП-101-03. Салам "Обон" газетасынын жамааты! Ишиңиздерге ийгилик каалайм! 0778733ххх.
ОП-101-04. Мен 14 жаштамын. Айтайын дегеним менин жашымда адам чыныгы сүйүүгө кабылабы? 0772731ххх.
ОП-101-05. Турусбек жаным, мен сени абдан жакшы көрөм. Сени ушунчалык жакшы көргөнүмдөн ичимден эмнеге капа болуп, көңүлүм кирдеп турганын айта албайм. Сени өзүмдүн ойлорум менен ойго салгым келбейт. Сенин буга чейинки жашоодогу башыңан өткөргөн ар бир кыйынчылыктарыңды көрбөсөм да сезип келем. Ошолордун баарын ойлоп мындан ары кайгырышыңды, башыңды жерге салып, муңайым тартышыңды эч каалабайм алтыным. Сен менин мындан аркы болгон жашоом, таянаар тоомсуң. Ата-энем, бир туугандарым мен үчүн кандай кымбат, кандай ыйык болсо, сен дагы мен үчүн эң ыйык адамымсың. Сенин жөн эле турган турпатыңды, күлүмсүрөп карап калганыңды, жылдыздуу жүзүңдү карап отуруп ичим эзилип айтаарга сөзүм жетпейт. Жаным, мен сени кандай жакшы көрөөрүмдү балким сезесиң, мүмкүн сезбейсиң. Сөздөрдүн гүлүн терип жазсам да сага болгон сүйүүмдү жазып түгөтө албайт көрүнөм. Алтыным сенин ден соолукта болушуңду Кудайдан тилеп келем. Айзада.
ОП-101-06. Бакуляга салам! Күйөрманы.
ОП-101-07. Адептүү, ыймандуу өзбек кыздары менен таанышам. Атым Равшан. 0773739351.
ОП-101-08. Ангел Асем, Макуся мага таарындыңарбы? Мен болсо 5 айдан бери телефон жок, эми алдым. Мага байланышка чыккылачы сураныч. Аська. 0777561461.
ОП-101-09. Сүйдүм сени дагы деле сүйүп келем, / Биз чыга турган арман чыны бийик экен. / Бул өмүрдө чын сүйүү бар болсо да, / Сүйүү деген кыйындын кыйыны экен. +77014460ххх.
ОП-101-10. Зуля азаматсың! Мамбеталиев Уларбек келечекте өз теңиңди таап, бактылуу бол! Көчөн, Кабыл, Бермет, Сапар.
ОП-101-11. Ассалоому алейкум мусулман кыргыз элим! Мени дүйнөгө алып келген алтындан кымбат Аринова Калыс апама, иним Эрлан, сиңдим Салкынга, досум Нури, Купу, Нурзидге ысык салам жолдойм. 0778831ххх.
ОП-101-12. "Обон" силердин гезит эң оригиналдуу. Каныбек байке сизди сүйөм! Айгүл "Обонду" оку сураныч. 0771021ххх.
ОП-101-13. Мирбек Иманбековго салам! Бактыгүл Бадыева кыргыздан чыккан атактуу ырчы бол! 0778784ххх.
ОП-101-14. Жалал-Абад облусуна караштуу Каракөл шаарынын "Подвал" кафесинде иштеген официантка, поварлары Айнаш эжеге, Гүлжан, Айнура, Асель, Бегимай, Жазгүл жана Үрпүкан, Базаркан, Кадырбү, Зина эжелерге салам! Сиздерге жакшылыктарды каалайм! Сиздерди сыйлаган Рамила.
ОП-101-15. И. Абдразаковго салам! 0554721ххх.
ОП-101-16. Салам Анара! Батыраак сакайып кетчи! Ден соолугуң чың болуп, дайыма бар бол! Сени сыйлаган жана жакшы көргөн кудачаң Каныкей.
ОП-101-17. Дайыр, эгер СМСти окусаң жооп жаз. Бирок сен газета окубайсың. Сахалинде чогуу иштешкен Эдил.
ОП-101-18. Асманда ай, жылдыз, / Жер бетинде мен жалгыз. / Сүйүүм али жансыз./ 18 де менин жашым. / Баалаймын кыздын баркын. / Сүйүүмдү ушуга чейин каттым. / 0777510ххх.
ОП-101-19. Сагындым, айылым, мектебим, / Ышкырык, күлкү кечтерим. / Кайрып берээр жан барбы? / Окуучулук кездерим. / Ал күндөр өттү кайрылбай, / Жаңы ачылган барактай, / Күндөрүм өтөт, жаңылбайм. / Өткөн күнгө кайгырбайм. / 0777510ххх.
ОП-101-20. Назгүл Кемелова Шатуновду алып келем деп банкрот болуп өчтүң го. 0778700ххх.
ОП-101-21. Сагынычтуу саламым сагынткан классташтарыма жолдонот. Ринат.
ОП-101-22. Салам "Обондун" СМСчилери! Тунукбек.
ОП-101-23. Мен ырчы болгум келет. Ким мага жардам берет? 055277850 Милар.
ОП-101-24. Жалын болуп жанып турат жүрөгүм. / Жалгыз сени сагынамын сүйөмүн. / Сүрөтүңдү карай берем кайталап, / Кучагыма сүрөтүңдү кучактап. / Мариям 92.
ОП-101-25. Оо, жараткан дүнүйө, / Күн тиеби сүйүүмө? / Күн тийбесе сүйүүгө, / Дүңкүйүп жатып алам үйүмө! / Күн тийгенде сүйүүгө, / Жатпай калам үйүмө. / Тунукбек.
ОП-101-26. Сүйүү кымбат дейт, ал эми достук андан жогору турат. Мени менен жакындан дос болгон досума салам! Сизди сыйлайм жана урматтайм! Саку.
ОП-101-27. Айланага таң калышат карап баары, / Ал да болсо Алланын жаратканы. / Андап көрсөң бири-бирин сүйүшкөндөй, / Сүйөнүшүп өсөт экен дарак дагы! / 0770144ххх.
ОП-101-28. Ат-Башы районунун 1-май айылында жашаган атам Рахат, апам Гүлмира, эжем Айдай, карындашым Айгай, иним Улукка ысык салам! Бар болгула! Тунукбек.
ОП-101-29. Салам кыргыз элим! Тунук.
ОП-101-30. Алтындай болгон досторум "Зам" командасынын мүчөлөрүнө жалындуу салам! Достор дайыма алга багыт алып эле алгалай бергиле! Зайка.
ОП-101-31. Чымкенттеги Журкундук Кубат карындашымдын башын айландырбай жөн жүр! Өтө эле кыз жандуу экенсиң. Болот.
ОП-101-32. "Обонтай" Жаңы жылыңар менен! Жаңы жылда жаңыланып, жаңы жаңылыктарды жадабай жазып тургула! Нускаңар аз болсо да, мааниси жактан саз болсун! Аська.
ОП-101-33. 2010-жылкы бүтүрүүчүлөргө салам! Силерге айтаарым сабактан калбагыла, сабактан качпагыла. Себеби, бул күндөр кайтып келбейт. Кийин өкүнүп калбагыла. Тек гана алга! Мээрим 29.
ОП-101-34. Урмат+Неля бактылуу болгула! Элнура 97.
ОП-101-35 . Неля эже, сиз суперсиз! 0778010ххх.
ОП-101-36. Эң активдүү "ЗАМ" командасынын жалпы мүчөлөрүнө чоң-чоң ийгилик! Достор чексиз бактылуу болгула! Терең урматым менен Зайка.
ОП-101-37. Кыргыздын нукура кыргыз уулу Добрга супер салам! Сиздин ырларыңыздын сөздөрү абдан маанилүү. Чыгармачылыгыңызга ийгилик! Замана 93.
ОП-101-38. 87-мектептин 7-Д классына салам! Супер жоош класс. Классташыңар Элнура 97.
ОП-101-39. 68-гимназия каякта экенин билсеңер 531495 номерине чалып койгулачы. Алтынбек.
ОП-101-40. Кайдасың кагылайын каралдым? Карааның кыялымдан кетпей, көкүрөгүм кайышып, күндөй күмүш күлгөнүңө кагылам. Капкара кашыңдан, карагат көзүңө карап-карап кадалам. Тунукбек.
ОП-101-41. "А" тамгасын үйрөткөн, билимин эч аябаган, менин жанымдай көргөн Асылкан эжей ден соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болуп, уулдарыңыздын урматын көрүп жүрө бериңиз! Билимиңиз дагы да болсо өсө берсин! Сиздей мугалимдер көбөйө берсин! Окуучуңуз Замана 93.
ОП-101-42. Саламатсыңбы Ильяз Абдразаков! Чыгармачылыгыңа ийгилик, бактылуу өмүрдө, бактылуу күндөрдү каалап жана ошондой эле сени менен таанышууну ар убак тилеп келем. Ушул номерге СМС жөнөтүп номериңди калтырып койчу суранам. Гүлзат. 0778191946.
ОП-101-43. Азыр эмне үчүн кыздар тамеки чегишет. Ал ден соолукка зыян да туурабы? Патриотка.
ОП-101-44. Кызыбыз Ырыстын 31-январь туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук каалап апасы Асылбүбү, сиңдиси Жылдыз.
ОП-101-45. Чымкенттеги Журкундук Кубат өзүңдү мынча сулуу сезесиң? Болот.
ОП-101-46. Алтын комуз-2009 Султан Садыралиевге! 0770684ххх.
ОП-101-47. Ыймандуу жигиттер менен СМС жазышам. 0778187112
ОП-101-48. Бардыгыңыздардын Жаңы жылыңыздар менен! "Обон" гезитинин окурмандары, мен бир нерсеге аябай өкүндүм. Ал нерсе достук болчу. Достошолу кыздар-балдар, баары бир дос керек. Келгиле достошолу. Кемал. 0770242593.
ОП-101-49. Экөөбүздө болбосо экен кусалык, / Келчи жаным ак куу болуп учалык! / Сен да мага ак сүйүүңдү арначы, / Калбасынчы алгач сүйүүм тушалып! / Тунукбек.
ОП-101-50. Менин дүйнөдөгү эң кымбат адамым апам Чолпонай сизге эки дүйнөдө ыраазымын! Сиз бар биз бактылуубуз! Кызыңыз Зинагүл.
ОП-101-51. Ооба да жаңы эле жатышты эле. 0770684ххх.
ОП-101-52. Менин досум Ноодайымга ушул гезит аркылуу ысык салам жолдойм! 0770242ххх.
ОП-101-53. Жалган дүйнөдөн адашпайлы, алданбайлы, берилбейли байлыкка. Тиги дүйнөнү унутпайлы, ар бир ишибиз үчүн жооп бергидей бололу. Кемал.
ОП-101-54. Сүйдүм сени сүйүү эмне экенин билбей туруп. / Сүйүү бул, бири-бирине жакшы сөз экенин билип калып, эми сенде болгон сезим менде жок. Гүлназ.
ОП-101-55. Сүйүш оор, сүйбөй коюш андан да оор. Сүйүү сулуулукту талап кылбайт. Аксана.
ОП-101-56. Менин бөбөктөрүм Кенжетай, Дианка, Бибишка, Нурти, Элханчик силерди ушунчалык жакшы көрөм менин мотуракайларым. Эжеңер Салкын, Кыркоол.
ОП-101-57. Кандайсыңар "Обондун" супер СМСчилери? Силерге ысык салам! Тунук.
ОП-101-58. Кара-Кулжалыктар баарыңардын ишиңерге ийгилик! 93төр барсыңарбы? Кемал.
ОП-101-59. Менин саламым Ача-Кайыңды айылындагы 87-жылкы Чолпонбекке жолдонот. Жаным, мен сени чексиз сүйөм жана сыйлайм. Жаның Калининдик Нурайка.
ОП-101-60. ОшМЮи 5-СПК-09 тайпасына жана Мээримге салам айтам. Отуз-Адырлык Гүлиза.
ОП-101-61. Менин саламым КЭУда 3-курста окуган Маратка жолдонот. Окууларыңа ийгилик! Бактылуу адамдардын катарын толуктап бар бол! Гүлзат.
ОП-101-62. Каныкей эже, мен сизди жакшы көрөм. Мен сизди сыйлайм. Күүйөрманыңыз Айжана.
ОП-101-63. Салам! Салам! Салам айтам баарыңа! / Салам айтам ушул кыргыз калкыма! / Саламымды жеткирейин жалпыңа! / Мына мен да кошулдум "Обон" СМС чатына. / Махиза.
ОП-101-64. Бул жашоодо сүйүүсүнө жеткен адам кандай бактылуу. Кыз баланын сүйүүсүн түшүнгөн жигиттер барбы? Мен дагы менин аруу, таза махабатым болгон тун сүйүүмөн эч үмүтүм үзүлбөстөн ар убак күтүп жашап келем! 0773786ххх.
ОП-101-65. "Обон" гезитинин талыкпай иштеп келе жаткан жалпы жамаатына салам жолдойм! Осмонов мектебинин 1993-жылкы балдар-кыздарына салам айтам! 0770242ххх.
ОП-101-66. Кыргыздын атын алыска чыгаргандарды Кудайым колдосун! Кемал.
ОП-101-67. Санаамда санап бүтпөй күндөрдү, / Сага арнап сүйүү жыттуу гүлдөрдү. / Сагындым сездиң бекен асылым? / Саргайып сен деп жашап жүргөнүмдү. / Жаш жүрөктүн кусалык. / Сагынычтан жаралган ар бир ыр сабы бир гана "Курсант" сен үчүн! Гүлзат.
ОП-101-68. Айдоо калаасы барбы? Айдоо тынч! Зидан, Таби, Акти кайдасыңар? 93.
ОП-101-69. Салам Билал козу! Саламыңыз жана тилегиңиз өз дарегине жетти рахмат! +77013655ххх.
ОП-101-70. Салам Замана 93! Номерим 87013655631 Казак кызы Амангүл.
ОП-101-71. Мирбек Атабеков, мен сенин супер күйөрманыңмын. "Махабатым" деген ырыңдын ремиксин чыдамсыздык менен күтөм. Нурбек Бектенов.
ОП-101-72. Менин саламым алтындай болгон апам Сыргага жолдонот. Өтүп кеткен туулган күнүңүз менен куттуктайм! Алтын апа узак жашаңыз! Сизди жакшы көргөн эрке кызыңыз Айнаш.
ОП-101-73. Анжеликаны 2010-жылдын эң мыкты ырчы кызы деп ишенебиз. Анткени жылдын жаңырышы менен хит ырларды жайнатып, мыкты клиптен баштады. Азаматсың! Күнүмдүк жашооң бизди кызыктырат. Баарына кантип жетишесиң? Асылкан.
ОП-101-74. Присавай айылынын Ж.Турусбеков мектебинин 10-классына салам! Айчүрөк 93 .
ОП-101-75. Жанымдай көргөн досулям, "Обондун" СМСчиси Айгөлөк 26-январь туулган күнүң менен куттуктайм! Дүйнөнүн эң бактылуу кыздарынан бол! Сени сыйлаган досуң Айка.
ОП-101-76. Чымкентте иштеп жаткан досторум Умар, Талант мени унутуп калбагыла. 0772721ххх.
ОП-101-77. Бул күндүн жакшы өтүшүн, эртеңки күндүн жакшы келишин Кудайдан тилейли! 0770242ххх.
ОП-101-78. Менин саламым акем Абдезов Азимге! Өтүп кеткен 21-январь туулган күнүңүз менен куттуктайм! Сизге ден соолук жана узун өмүр каалайм! Карындашыңыз Айнаш.
ОП-101-79. Кыргыз эли, президент, депутаттар жеп жутушат го ар тарапты, ар өлкөгө сатышты. Буга кандай дейсиздер? 0554036ххх.
ОП-101-80. Колумдан келгенде кечээки жааган калың кардын бир тамчысын калтырбай ээритип Токтогул ГЭСине куймакмын. Чиркин арман ай! Бакыт Алайлык.
ОП-101-81. Ыймандуу кыздар чалгыла. 0552020152.
ОП-101-82. Султан Садыралиев сизди сүйгөн жүрөк алыста жүрөт, / Алыста болсо дагы Гүлкайыр жалгыз сизди сүйөт! / Гүлкайыр.
ОП-101-83. Кыздар-балдар менен достошкум келет. Сырдуу кыз.
ОП-101-84. Мариям 95, сени сүйөм! Сен менин оюмдагыдайсың. Бектенов Нурбек.
ОП-101-85. Кыргызымдын узун бойлуу, жөнөкөй, сулуу, ыймандуу жигиттери менен таанышам. Атым Асель. 0559283727.
ОП-101-86. Келгиле СМСчилер өзүнчө талкуу ачабыз! Кандай дейсиңер? "Достук" кандай болот? Досуң канча болуусу керек? Жооп күтөм. ЭМГУ- Пери.
ОП-101-87. Бизде улуттук сезим тебеленип калды. Эне тилибизди урматтабайбыз. Карапайым эл калып, чиновниктерибиз кыргызча сүйлөштөн арданат. Иш кагаздар бүт орусча. Өзүбүздүн тилибизди баалоо, сыйлоо жоголуп бараткандай сезилет. Билал козу.
ОП-101-89. Армандуу күндөр өткөн башымдан, / Атамдан айрылгам жашымдан. / Бактысыз бактыма багынам, / Таш боор тагдырга таарынам. / Ата сизди сагындым! Абдан эле сагындым! Мына азыр да көздөрүмдөн тамчы-тамчы жаш куюлуп жатат. Атасы бар кыздарга суктанам! А. кызы Уулжан.
ОП-101-90. Бөлө менен бөлө үйлөнсө болобу? Андан майып бала төрөлбөйбү? Илгери ата-бабаларыбыз баатыр төрөлсүн деп жети ата алыстан сынга коюп, анан үйлөнгөн. Билал козу.
ОП-101-91. Урматтуу кыргыз элим, азыр убакыттын барында намаз окуп күнөөлөрүбүздөн арылалык. Аллах баарыбыздын кылган ибадаттарыбызды, окуган беш маал намазыбызды кабыл кылсын! Ар бириңиздерге бекем ыйман каалайм! Махиза.
ОП-101-92. Махабат дейт сезимдердин назигин, / Мерезденип муунтса дагы ал ширин! / 0772721ххх.
ОП-101-93. Назгүл мен сени сүйөм! Сүйүндүк.
ОП-101-94. Мен бир кызды сыйлайм да, бирок ал азыр Ошто. Билал козу.
ОП-101-95. Бишкектеги Айтолкундун 10-февраль туулган күнү менен куттуктайм! Узун өмүр, чың ден соолук каалайм! Бактылуу бол! Мырза KG.
ОП-101-96. "Эхо Москва" телерадиосунан "Москвадагы эң көп бузулган аял кыргыз аялдары" дейт. Бул эмнебиз? Угуп алып жүрөк ооруйт. Билал козу.
ОП-101-97. ГАЗ-53 маркасындагы автоунаасы сатылат. 0777510ххх.
ОП-101-98. Бизди башка улуттар "Кыргыздар каны таза. Мындай улутту сактап калыш керек. Руху бийик, жан дүйнөсү таза, бай инсандар чыгат" дейт экен. Бизде Токтогул, Төлөгөн, Жеңижок, Касым, Чолпонбай ж.б. инсандар жашап келген. Билал козу.
ОП-101-99. "Обондун" супер СМСчиси Наги 90, кайсы жакка кетип калдыңыз? СМСтериңиз жок болуп кетти го. Сиздин СМСтериңизди абдан сагындым. Эртерээк "Обонго" кайтыңыз. Сиңдиңиз Замана 93.
ОП-101-100. Ош шаарындагы Кара-Суу районунун Жаңырык айылына чо-оң салам! Мен силерди сагындым! 0773634ххх.
ОП-101-101. Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылынын тургундары алтындай көргөн таенем Ибракан жана таятам Ысмайыл, тагам Бейшенаалы, жеңем Гүлбадам кызы Элайым, уулу Поке, иним Элесенге жана жалпы Чалмага салам жолдойм! Жолборс жылы ийгиликтүү, жемиштүү жылдардан болсун! Ар дайым ден соолукта болгула! Замана 93.
ОП-101-102. Айпери келе жаткан 27-январь туулган күнүң менен! Ден соолугуң чың, өмүрүң узун болсун! Сага жашоодогу бардык жакшылыктарды каалайм! Урматым менен Замана 93.
ОП-101-103. Анжелика, сиз чыныгы сулуу жан экенсиз! Талантыңызга таазим! Бар болуңуз! Замана 93.
ОП-101-104. Каныкей, сенин үнүң эң оригиналдуу! Ушунуңдан жазба! Гүльзина.
ОП-101-105. Салам Каныкей, мен сенин талантыңа баа берем. Сен мен үчүн супер ырчысың! 0777626ххх.
ОП-101-106. Ыймандуу, жылдыздуу, сулуу кыздар менен таанышам. +79263087273 Бакы.
ОП-101-107. Не деймин шак сындырып тилдеп койсо, / Кыйын экен сүйүү деген жаш болгонго, / Жүдөдүм жүрөкзаада болуп бүттүм. / Жаш туруп батчу болдум муңдуу ойго. / Арзу.
ОП-101-108. Ыймандуу, сулуу кыздар менен таанышам. +79266251191. Данияр.
ОП-101-109. Мейли эми кучактап аны миң өп, / Баары бир кулак укпайт, көзүм көрбөйт. / Катын болуп сазайыныңды берсе экен, / Кеткен үчүн бу менин жанымды өрттөп! / Арзу.
ОП-101-110. Ыймандуу, сулуу кыздар менен таанышам. +79258787477. Таалай.
ОП-101-111. Сен күтөсүң, эстегенде сагынасың, / Мага окшоп куса отун жамынасың. / Мен бирок анын баарын сезбей койбойм, / Сен анткени жүрөгүмдүн канындасың! / Арзу.
ОП-101-112. Кани ушул номерге бир СМС жөнөтүп койчу. Сураныч, күтөм. 0777626318.
ОП-101-113. Адамбыз жаңылабыз, оңолобуз, / Жашоодо бир бөксөрүп, бир толобуз. / Асманды жарып түшкөн чагылгандай, / Бул дүйнөдө бир жарк этип жок болобуз. / Арзу.
ОП-101-114. Көл үстүндө пороход, / Ары бери чайпалат, / Адамдын жакшы-жаманы, / Бир көргөндө байкалат. / Арзу.
ОП-101-115. Жашы 22ден жогору болгон Оштук балдар менен таанышам. 0770572073.
ОП-101-116. Ойлонсом оюм узун кете берет, / Ааламды миң айланса да жете келет. / Бирок оюм жакшы ойлогон, / Дүйнөдө тынчтык болсо топтолгон. / Ринат.
ОП-101-117. Омар алга! Бар бол! 0556852ххх.
ОП-101-118. Кезигиши мүмкүнбү? Мурда аны жактырбачумун. Кийин кантип сүйүп калганымды билбей калдым. Мени түшүнгөн эже-агаларым бардыр. Асылзат.
ОП-101-119. Роза Шакирова сизди жакшы көрөбүз! 0550133ххх.
ОП-101-120. Жаным, жашоомдун жарыгы, жалгызымсың! Жүрөгүмдүн жарчысы, жашоомдун жарымысың! Жараткандан жалынамын, жалгызымды жамандыктан адаштырып, жалаң жакшылыктарга жанаштыр! Зуля.
ОП-101-121. Ыймандуу, акылдуу балдар менен достошом. 0773762556.
ОП-101-122. Эх, сен жашоо неге мындай татаалсың?! / Эх, сен тагдыр неге мынча таш боорсуң?! / Эх, сен сүйүү сага үмүт байласам, / Сен баарынан ашасың го кыйноодон! / Зуля.
ОП-101-123. Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынын Осмоналиев мектебинин 9-Б классына салам! 0770568ххх.
ОП-101-124. Сагынган, сагындырган сүйүктүүмө сагынычтуу салам! Зуля.
ОП-101-125. Кыргыз элиме жарык маанай, бейпил жашоо каалайм! Бегимай 92.
ОП-101-126. Саламатсыңбы? Сагынычтуу салам садагам! Сымбаттуум сагынычтуу саламымды сага сунам! Сүйүктүүм сыркоолордон сырткарысыңбы? Сагынып, сансыз сагынычтан саргайдым! Сенчи? Сен сагындыңбы? Сагынычым сүйүүсүн сунган сулуу сан-санаксыз селкилерге алданба! Сени сагынып, сыйлап сүйүп сүйүктүүң Зуля.
ОП-101-127. Алтынбек, боорукерим сени абдан сагындым иним! Сенсиз жашоо мынча суз! 0778726ххх.
ОП-101-128. Жүрөгүмдүн ээси Бекага ысык салам жолдойм! Бека мен сени чексиз сүйөм! Курбуларым Айкага, Бурулага, Викага, Асы, Сезимге салам! Динара.
ОП-101-129. Келиндер менен таанышам. 0771377376.
ОП-101-130. Бардык СМСчилерге менден ысык салам! Макуся.
ОП-101-131. Жөнөкөй, тамашакөй, узун бойлуу Нарындык, Көлдүк гитара черткен балдар менен таанышамын. 0770665911.
ОП-101-132. Азгырыгына бул турмуштун капилеттен кабылдым, / Түйшүк басты байкабастан билбейм, неге жаңылдым? / Жаным кыйнап, тынчы кетип, далбас урат жүрөгүм, / Ортосунда калып кеттим суу менен от жалындын! / Зуля.
ОП-101-133. Байлыкка көз артпагын, суктанбагын, / Байлык колдун кири сен аны унутпагын! / Байлар дагы кээ бир кезде, / Ыйлаарын сен эске алгын! / Урматтуу менин замандаштарым бул ырга көз карашыңар кандай? 0773846457СМС жазгыла. Табигат сырдуу Алтынай.
ОП-101-134. Салам сырдуу кыз! 21-январь туулган күнүң менен куттуктайм! Дайым жүзүңдөн күлкү кетпей, бактылуу бол! Сырдуу кыз.
ОП-101-135. Алыста жүргөн апакем Токталиева Уларага сагынычтуу салам! Апаке менин бактыма дайым бар болуңуз! Алпештеген, аппак сүтүн эмизген, / Ак эмгеги жүрөгүмдү ээриткен, / Энемди мен андан терең сеземин! / Энемден мен өсүп-өнгөн экенмин. / Эстегенде энекемдин эмгегин, / Биле албайм, кантип актаар экенмин? / Дайым жүзүңүздөн күлкү кетпесин апакем менин! Кызыңыз Сырдуу кыз.
ОП-101-136. Кыргызымдын кыздары чылымды азыраак түтөткүлөчү көздү кычыштырбай. 0778047ххх.
ОП-101-137. Ыймандуу Оштун сулуу кыздары барсыңарбы? Издетип кыйнабай 0778047874 номерине чалгыла.
ОП-101-138. Агарып аткан таң менен, / Кызарып баткан күн менен, / Айтамын салам СМСчи досторго! / Жазылган ушул ыр менен! / Жаңы жыл келди жаркырап. / Эски жыл кетти бизден алыстап. / Эх, достор кайрадан келдим араңарга, / Кетпейличи биз да эми алыстап! / Терең урматым менен Эркин КБШ.
ОП-101-139. Менин эң жакшы көргөн бөлөм Жасминанын туулган күнү менен куттуктайм! Бактылуу балалык каалайм! Ар дайым бар бол! Аксана.
ОП-101-140. B9190S номерлүү машина кимдики? Машина айдаган чоң жигит сени менен жакындан таанышкым келет. Сырдуу кыз. 0556242356.
ОП-101-141. Саламыңды Алик алдым Билал козу! Рахмат! Таштап кетипсиң сен "Обонду". Мына мен кайрадан кошулам. Бирок, арасына кошобу? Менин сагынычтуу саламдарым СМСчи досторум Жанусь Роза, Билал козу, Айзирек, Нурмухаммед, Айгөлөк, Макуся, Гуля 88, Нурзат 90 СМСчи досторго арнаймын! Жүзүңөрдөн жылмаюу эч кетпесин! Жаманчылык, өкүнүч бизге келбесин! / Ак сүйүүнү армандабай, ыйлабай, / Тунук сүйүү, кеткис бакыт каалап мен келемин! / Эркин КБШ,
ОП-101-142. Салам Билал козу! Рахмат, саламың өз дарегине жетти. Амангүл.
ОП-101-143. Таалай Ж. Досум кайдасың? СМС жазчы? Амангүл.
ОП-101-144. Билал козу рахмат! Саламатта бол! Сага да жакшылыктарды каалайм! Амангүл.
ОП-101-145. Салам Замана 93! +77013655631 номерим. Амангүл.
ОП-101-146. Жаштык экен бул жашоонун жыргалы, / Адашпайлы жазалы сүйүү сырларды. / Сүйүү келет, кайра кетет жүрөктөн, / Чарчабастан сүйүү ырларын жазалы! / Эркин КБШ.
ОП-101-147. Сага жетүү кол жетпеген асмандай, / Мага кыйын сага баруу жазалбай, / Ал-жай сурап, эки ооз сүйлөм кат жазсам, / Ошол күнүм том-том китеп жазгандай! / Азирет 89.
ОП-101-148. Сүйүү эмне бажырайган гүл беле? / А күйүүчү жарыгы жок күн беле? / Соолуйт тура эгер жарык тийбесе, /Мен сүйүү деп элестеткен гүл деле! / Азирет 89.
ОП-101-149. Досуляларым Жануська Роза, Абда, Айгөлөк, Барби, Гуля 88, Нурзат 90, Асем, Айнагүл, Жаңыл силерге кааларым ден соолук! Баарыңарды чын жүрөктөн жакшы көрөм! Амангүл.
ОП-101-150. Ильяз, мен сизди сүйөм! Ардагым менин алтыным, / Сен деп согот жүрөгүм! / Күндөр өтөт арадан, / Сагынып сени жүдөдүм! / Түндө жатып ыйладым, / Жаш жүрөктү неге кыйнадың? / Жүрөктө жанган жалынды, / Өчүрүүгө кантип чыдадың?! / Сабира 92.
ОП-101-151. Менин досум Конжыкты издеп жүрөм. Эгер окуп калсаң мага байланыш. +77013655631. Амангүл.
ОП-101-152. Учуру келди го деп мезгил таасын, / Айтса да жалгыз келет кара башым, / Чарчадым мен эле эмес жүрөгүм да, / Тарткандан жалгыздыктын арабасын! / Азирет 89.
ОП-101-153. Достор "Бакыт" деп эмнени түшүнөсүңөр? Өзүңөрдү "Мен бактылуумун" деп эсептейсиңерби? Амангүл.
ОП-101-154. 87-мектепте 7-класста окуган Эрнис мен сени сүйөм! Бирок, сен параллель класстагы кызды сүйөсүң го? 6-класстагы бир кыз.
ОП-101-155. 1-май айылында жашаган карындашым Айганыш окууңду ийгиликтүү аякташыңа тилектешмин! Ата-энеңдин керегине жараган ыймандуу кыз бол! Байкең Тунукбек.
ОП-101-156. 1-май айылына ысык салам! Тунукбек.
ОП-101-157. Турмуш, сүйүү мынча неге кыйын экен, / Жүрөктү тырмап, кыйнап бүтмөй болду, / Ага дары барбы деги? / Эля.
ОП-101-158. Кечир мени, эми кош бол ардагым! / Сага айтуучу башка сөзүм калбады. / Жарыктыкта жанымды мен тартуулап, / Жүрө-жүрө эми дарман калбады. / Эми ойлосом сагындым деп мен айтып, / Жаным сени сүйөм деп миң кайталап, / Тынбай жазып сага арнап СМС, / Дайыма эле мен эстепмин сен эмес! / 0778296ххх.
ОП-101-159. Кадырова Бүбүсайра, жээндерим Калысбек, Алина Кара-Балтага келгилечи! 0773266ххх.
ОП-101-160. Кара-Балтадагы Кайыр аттуу кызды туулган күнү менен куттуктап, бактылуу, акылдуу болушун каалайбыз! Баэлчик, Даниель ж.б.
ОП-101-161. 1-май айылында жашап жаткан атамды 6-февраль туулган күнү менен куттуктайм! Узун өмүр, чың ден соолук каалайм! Апам менен кармашкан колуңуз үзүлбөй, балдарыңыздын, жубайыңыздын жанында жадырап, жайнап жүрө бериңиз! 100 жыл жашаңыз. Балаңыз Тунукбек.
ОП-101-162. Жаным жакшысыңбы? Жакшы жүрөсүңбү? Жаным жүрөктөн жактырганымды жашырбадым. Жүрөгүмдөн жактырсам да жалдыратып жүдөттүң! Жарыктыкта жаныңда жанашып жүрбөсөм да жүрөгүмөн жактырып жүрөм! Жалгызым жарыктыкта жактырыпмын жүзүңдү! Жолукканда жүрөгүм-жүрөгүңө жулкунган. Жүрөгүмдү жула жаздаган. Жазгы жамгырда жаныңда жүрүп, жаңыдан жаралгам. Жыргал жашоодо жаныңда жүрбөй жаман жүдөп жүрөм. 0778296ххх.
ОП-101-163. Жашоодо канча кыйналдым. Ал күндөрдү унута албайм. Учурда менин үлбүрөп жанган шамымды, туталанткан "Обондон" тапкан досум Каракөлдүк Азаматка ыраазымын! Ханбийке.
ОП-101-164. "Самал" базарында иштеп жаткан жердешим Сүйүнгө, классташым Анарбекке салам жолдойм! Соодаңар болсун! Нуриза.
ОП-101-165. Бирге жашап бир ырыскы бөлсө да, / Кээде билбейт адам деген бир-бирин. / Азап чалып башка кайгы түшкөндө, / Айкын кылат анык кимдин кимдигин! / Зуля.
ОП-101-166. Нарын облусуна караштуу Бөжөндө жашап жаткан атам Сүйүндүктүн 23-январь туулган күнү менен куттуктайбыз! Ата ден соолугуңуз чың болуп, эч оорубаңыз! Биздин сый-урматыбызды апам экөөңүздөр бирге көрүңүздөр! Уулдарыңыз жана кыздарыңыз.
ОП-101-167. Белгисиз күч жүрөгүмдү багындырып, / Эңсеп күтүп бир өзүңдү сагындырып, / Эзилип сагынычтан самап жүрөм, / Келсеңчи күттүрбөстөн зарыктырып! / Зуля.
ОП-101-168. Мен ыйлабайм ушак-айым кептерге, / Мен ыйлабайм сен деп жапа чеккенге, / Мен ыйлаймын сезимдердин тепкичин, / Баалабаган адам басып кеткенге. / Зуля.
ОП-101-169. Саргарып өчүп баракта калган, / Окулбай калган ырларда арман! / Жообун күтүп үмүтү жанган, / Айтылбай калган арзууда арман! / Зуля.
ОП-101-170. Жүрөктүн түпкүрүндө каламын деп, / Сен мага тартуулаба кымбат белек! / Жөн гана тартуулагын улуу сезим, / Ал мага мүрөк суудай абдан керек! / Зуля.
ОП-101-171. "Обондун" окурмандары алга! Дамка.
ОП-101-172. Айка жеңе туулган күнүңүз менен куттуктайм! Алтынай.
ОП-101-173. Кыргыз элиме салам! Мед училищаны 2008-жылы бүтүргөн 4СД11-04 кандайсыңар? Аксана.
ОП-101-174. Дүйнөдө не жаман? Сүйгөн жаман! / Махабаттын отуна күйгөн жаман! / Экөө бирин-бири сүйүп жүрүп, / Экөө эки жакта жүргөн жаман! / Мээрим 29.
ОП-101-175. Жашасын Кыргызстан! Мээрим 29.
ОП-101-176. Унуткарсын, унутпашсын! Мейли өз колуңда! Бактылуу бол бул жашоодо! Мээрим 29.
ОП-101-177. Махабатка жалгыз болуу жарашпайт. / Экөө болсо бул өмүрдө адашпайт. / Чын достор бири-бирин алдабайт, / Чын махабат бирин-бири эч качан таштабайт! / Мээрим 29.
ОП-101-178. Салам "Обондун" СМСчилери мени менен байланышкыла. 0556242356 номерине чалгыла. Сырдуу кыз.
ОП-101-179. И.Абдразаков сага ийгилик! Кыргыздын эң алдыңкы жигиттеринен бол! 0700757ххх.
ОП-101-180. Неге алдады сүйөм деп мени? / Сүйгөн элем чын дилден сени. / Бакыт кушу учуп колуман, / Кармай албай калсам кантейин?! / Ойлоп жүрөм жаным өзүңдү, / Унута албайм айткан сөзүңдү. / Сен сүйбөсөң жаным кантейин? / Бир байкуштай сезем өзүмдү. / Сагындым го, сагындым сени, / Келбесең да күтөмүн сени, / Көз алдымдан кетпей элесиң, / Мени менен жашап келесиң! / +77029354ххх.
ОП-101-181. "Обондун" СМСчилери дагы көптөгөн СМСтерди жазгыла! Силерге ийгилик! 0556242ххх.
ОП-101-182. Сокулук районунда жашаган апама, атама, эжелериме салам жолдойм. Силерге бекем ден соолук, ишиңерге ийгилик! Микки, Гүлира, Кадыр келечегиңер кең болсун! Канымет, Самара. Алматыдан.
ОП-101-183. Менин саламым 92-жылкыларга жолдонот! Ар качан бар болгула! Силер темасыңар! Алга, алга, алга! Жолуңар болсун! Мээрим 29.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-январь, 2010-ж.:
1-бет
"Сен кемпирге окшоп ырдайсың деп..."
2-бет
Каныкей:
"Келишим боюнча аларды атоого укугум жок"

3-бет
АЙЧүРөК МЕНЕН АНЖЕЛИКАНЫН ДАГЫ БИР ЫЗЫ-ЧУУСУ АЧЫККА ЧЫКМАЙ БОЛДУ ОКШОЙТ?...
4-бет
Ырларды санайлы, а теманычы?..
5-бет
"Бизнесмендерге өмүр бою акча жетпейт"
6-бет
Нурзат Орозалиева:
"Эркек" деп балдар сабап, кыздар сүйүп калган учурлар болгон"

7-бет
Динара
Эсенгулова: "Финансы жетишпей жатканы көрүнүп турат"

8-бет
Тата Улан түштүктү түрө кыдырат
9-бет
Атактуулар арзуусу ыр саптарда
10-бет
Эркектерди тамшандырган "стервалар"
11-бет
Гаити
12-бет
Көз мончок
13-бет
Оозду ачырган ачылыштар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мирлан Сабыров:
"Мүмкүнчүлүк мага үч жолу келди"











??.??