п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Эх сүрөтчү, сүрөтчү...

Мирлан Сабыров:
"Мүмкүнчүлүк мага үч жолу келди"
КГУСТАнын Архитектура факультетин бүтүргөн. Кесиби сүрөтчү. Поэзия боюнча Республикалык сынактын жеңүүчүсү (2003-жылы). Жаштар сыйлыгынын дипломанты (2005-2006-жылы). "Элес" аттуу ыр жыйнактын автору. "Нурборбор", "Калемгер" адабий бирикмелеринин мүчөсү. Учурда үй-бүлөлүү.

"Реинкарнация" же "Айтматов кайра төрөлөт" картинасы

Жетилигиң жылоолосун кыргызым
"Жети өлчөп бир кес"-деген чындык бар,
Жети сандуу асманда да жылдыз бар.
"Жети адамдын бири кыдыр болот"-деп,
"Жетиликти" аздектеген кыргыздар.

"Жети токоч" бышырышат апалар,
Жети күнүң жума болуп аталаар.
Жети жашта ак караны айрыса,
Жети атадан жетим бала бата алаар.

Жети нота музыканы жаратаар,
Жети укмуштуу дүйнө желип баратаар.
Жети мончок тагынышып сулуулар,
Жети даамдан сүмөлөгүн кайнатаар.

Жетпей маалы жети айында туулгандар,
"Жетиликтин" ыроосуна жуулгандыр.
Жер үстүндө ырыскыбыз түгөнсө,
Жети түрдүү тозок, бейиш тургандыр.

Жети катар асманым бар, жерим бар,
"Жетиликти" ыйык туткан элим бар.
"Жетиликтир"-жараткандын жарчысы,
"Жетиликке" таазим этет кылымдар.

"Жетиликтен" жеңил болоор турмушуң,
"Жетиликти" жетип билсе уул-кызың.
"Жетиликке" жети сабак ыр жаздым,
"Жетилигиң жылоолосун кыргызым!"

- Мирлан, өнөр сизге кимден өткөн?
- Айрымдардын чыгармачылыгына атасы же апасы гана түрткү болсо, а меникине чоң ата, чоң энем, таята, таенем, ошондой эле өзүмдүн ата-энем да себепкер болду. Анткени, алар уста, иштүү, колунан көп нерсе келген адамдар болгондуктан мындай өнөр менин канымда бар деп толук ишенем.
- Өзүңүз дагы атайын сүрөтчү болгонго аракет кылдыңызбы?
- Мектеп жашына чейин үйдөн бир нерселерге чийгилеп, сүрөт деп кээде дубал бетине да тартып жиберген тентектигимди апамдар айтып калышчу. Анан алтынчы классымда бир, кийин сегизинчи классымда экинчи жолу азыркы Сүрөт академиясына өтүп кеттим. Ата-энемден алыстап жатаканага жатып окуйсуң дегенгеби, үйүмдү сагынып көнө албай ал окуудан чыгып кеткем. Адамга мүмкүнчүлүк үч жолу берилет деп коюшат го, анын сыңарындай үчүнчү ирээт аскер кызматынан келгенде бул өнөргө кайрадан кайрылып, КГУСТАда окуп калдым.
- Алгачкы жана азыркы эмгектериңиз тууралуу айтсаңыз?
- Окууга жаңы киргенде көбүнчө портреттер болсо, азыр заманга жараша өз көз карашымдагы чыгармачылык эмгектеримди жаратуудамын. Мен негизи жалгыз эле сүрөт менен алектенбестен, поэзия жанрына да кызыгып, бир топ ырларды жараттым. Жашоодогу максатым поэзия менен сүрөт жанрын бирге айкалыштырып, жаңы стилде иштөөнүн үстүндөмүн.
- Демек, сиз үчүн эки өнөрдү бир алып кетүү кыйын эмес экен да?
- Кыйын да жеңил да эмес. Башында бул эки жанрды бир туугандай окшош деп кабылдачумун. Бирок, азыр ойлоп көрсөм андай эмес экен. Анткени, мен сүрөт менен алектенсем, ыр жазууга жөндөмүм жоктой сезилет. Ал эми ырдын өзүн гана жазсам, сүрөт тартууга көңүлүм келбейт. Бирок так ушул экөө менин чыгармачылыгымды бир бүтүн кылып толуктап турат.
- Өзүңүз тарткан сүрөттөргө атайын ат коёсузбу?
- Негизи ар бир сүрөттүн өзүнө ылайык аталышы, темасы болуш керек. Менин бир нече сүрөттөрүмдүн ичинен эң көлөмдүүсү "Реинкарнация" деп аталган чыгармам. Муну атайын белгилүү жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун он бир чыгармасындагы негизги өзөктөрдү бири-бирине тыгыз байланыштырып, бир жыл убакыттын ичинде тартып бүткөм. Сүрөттүн маанисинде, "Айтматов кыргыз элине кайрадан төрөлөт" деген ой жатат. Негизи эле мен Айтматов темасына көп кайрылам.
- А мындай баалуу сүрөттү эмне себептен кыргызча атаган жоксуз?
- Реинкарнация-илимий аталыш. Грек тилинен бизге которгондо "Жан алмашуу" дегенди билдирет. Сүрөттү бир көргөн адамга элес катары түшүндүрүп берсем, Айтматовдун өлгөндөгү абалы-ааламат, кыямат болуп жаткандай чагылдырылган. Мисалы, бөрү эненин ыйлашы, тоонун кулашы, Дөнөнбай куштун чочуп ойгонушу, жалгыз гана Бугу эне жээкке бешик көтөрүп чыгып келатканы. Бешикте кызыл алманын турганы, жаңы наристенин төрөлүшүн, бакытты айгинелейт. Бул эксклюзив.
- Ал эксклюзив сүрөтүңүз азыр кайда илинип турат?
- Мен бул сүрөттү бир ай мурда Султан Акимович Раевге белекке бердим. Анткени, кыргыздын маданиятына, адабиятына ушул адам баш-көз болуп жатпайбы.
- А киши эмгегиңизди кандай кабыл алды?
- А киши да өзү чыгармачыл адам да. Албетте, менин мындай күтүлбөгөн белегимди жылуу кабыл алды. Сүрөткө болсо жогорку баасын берип, мага ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы чыгармачылыгыма көмөк көрсөтөөрүн айтып өттү.
- Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?
- Дагы деле чыгармачылык жолду уламай. Жакында ырлар жыйнагынан турган экинчи китебимди чыгарайын деген оюм бар. Андан сырткары сүрөт сүйүүчүлөр үчүн чакан сүрөт көргөзмөсүн ачайын деп пландап жаткан кезим.
Акыл Карачач






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-январь, 2010-ж.:
1-бет
"Сен кемпирге окшоп ырдайсың деп..."
2-бет
Каныкей:
"Келишим боюнча аларды атоого укугум жок"

3-бет
АЙЧүРөК МЕНЕН АНЖЕЛИКАНЫН ДАГЫ БИР ЫЗЫ-ЧУУСУ АЧЫККА ЧЫКМАЙ БОЛДУ ОКШОЙТ?...
4-бет
Ырларды санайлы, а теманычы?..
5-бет
"Бизнесмендерге өмүр бою акча жетпейт"
6-бет
Нурзат Орозалиева:
"Эркек" деп балдар сабап, кыздар сүйүп калган учурлар болгон"

7-бет
Динара
Эсенгулова: "Финансы жетишпей жатканы көрүнүп турат"

8-бет
Тата Улан түштүктү түрө кыдырат
9-бет
Атактуулар арзуусу ыр саптарда
10-бет
Эркектерди тамшандырган "стервалар"
11-бет
Гаити
12-бет
Көз мончок
13-бет
Оозду ачырган ачылыштар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мирлан Сабыров:
"Мүмкүнчүлүк мага үч жолу келди"











??.??