п»ї

  Кумир менен баарлашуу

Каныкей:
"Келишим боюнча аларды атоого укугум жок"
Өзгөчө стиль менен өзгөчө үндүн ээси ырчы кыз Каныкей күйөрмандары менен баарлашканы редакцияга баш бакты. Жеке жашоосун сырга айландырып, табышмактаткан Каныкей көбүнчө чыгармачылыкка байланышкан суроолорго жооп берип, баарлашуунун аягында күйөрмандарынын суранычы менен кыргыз, англис тилинде ырдап берди.

Канат:
- Ата-энеңиз тууралуу айтсаңыз?
- Эки бир тууганмын. Агамдын үй-бүлөсү бар. Чет мамлекетте жашайт, бир жылда бир келип турат. Ата-энем карапайым эле кишилер.
- Жигитиңиз барбы?
- Бул негизи жеке жашоо деп айтылат го. Ошондуктан жеке жашоомду сыр боюнча эле калтыргым келет. Анткени мен музыка чөйрөсүндө өзүмдүн жеке жашоомду тартуулабастан, музыканы, бийик нерселерди тартуулагым келет.
- Кайсы окуу жайда окуйсуз?
- Эл аралык университетинин Финансы кредит факультетинде сырттан окуйм жана М. Күрөңкеев атындагы музыкалык орто окуу жайында окуйм.
- Үнүңүз Орунбасар Кызалаковдукуна окшош, ушуну өзүңүз байкайсызбы?
- Сахнага чыккандан бери ушундай пикирлерди көп эле жолу уктум. Айрымдары "Кызысыңбы? Тууганысыңбы?" деп көп сурашат. Чынында мен ал адамдын талантын баалап, өзүн сыртынан гана тааныйм. Жакындан таанышып, сүйлөшкөнгө азырынча мүмкүнчүлүк түзүлө элек.
- Ырларыңыздын көбү кайгылуу, азаптуу сүйүү жөнүндө баяндалат…
- "Жүрөк сыздайт" деген ырым тууралуу ушундай сөздөрдү көп уктум. "Жүрөк сыздайт" мектептик программадагы жазылган ыр. Тогузунчу класста окуп жүргөндө Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повестине карата жыйырма эки куплет ыр жазгам. Обонун 2006-жылы чыгаргам. Менин ырларым өзүмдүн жеке жашоомо эч кандай байланышы жок.
- Кайсы тамактарды жакшы көрөсүз?
- Тамакты көп деле ылгабайм, болгонун жей берем. Барды бардай, жокту жоктой кабыл алыш керек деп ойлойм. Өзүм болсо лагманды жакшы чоём.
Аяна:
- Продюсериңиз ким болот?
- Продюсерлерим бир канча топтон турат. Бир эле адам деп айтууга болбойт. Негизи келишим боюнча мен алардын атын ачык айтууга укугум жок.
- Мен да сиздей ырчы болсом дейм, чоңойсом ырчы болууга жардам бере аласызбы?
- Ар бир кесип ардактуу дегим келет. Муну түпкүрүнөн ойлонуш керек. Эгерде чындап эле талант, жөндөм болсо эмне үчүн болбосун. "Өнөрүң болсо өргө чап" демекчи, чындап ырчы болгуң келсе азыртадан аракет кыл. Алдыга максат коюп умтула бер.
- Өзүңүздүн дарегиңизге кандай сын-пикирлерди угуп келесиз?
- Сырткы келбетимди көргөндөр сүрдүү, катуу адам окшойт деп ойлошот. Сүйлөшө келген соң, пикирлерин өзгөртүшөт.
- Жеке концертиңизди качан бересиз?
- Жеке концертти пландап жатабыз. Концертке чейин альбомду чыгаруу керек. Бул маселелердин баары убакытка байланыштуу. Дарегиңди таштап койсоң жеке концерт болоор алдында сага атайын чалып маалымат беребиз.
- Күйөрмандарыңыз менен байланышып турасызбы?
- Таң калыштуусу менин күйөрмандарымдын көбү кыздар, андан да "Мен ырдагым келет, финансы жагынан жардам бергилечи" деп кайрылышат. Жаштар "баарын акча чечет" деген түшүнүктө болушат окшойт. А чынында сүйүктүү ишиң менен алектенүүгө эч нерсе тоскоол болбошу керек деп ойлойм, керек болсо акча да.
- Арык экенсиз диета кармайсызбы?
- Жок болгон турпатым ушул. Мектепте окуп жүргөндө классташтарым "чийге окшош" деп шылдыңдашса үйгө келип апама "Апа, эмнеге мени арык кылып төрөгөнсүз, ушундан көрө төрөбөй эле койсоңуз болмок" деп ыйлачумун. Азыр келбетиме ыраазымын, өзүмө жагат. Кудай кандай кылып жаратса ошол бойдон калгым келет.
Назгүл:
- Кайсы бир гезиттерден сизди вокал боюнча Америкага кетет деп уктук эле?
- Ооба, ошондой маалымат тарады, буюрса аны ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Продюсерлерибиз менен барып, окуюн деген ниетим бар.
- Россиялык продюсерлер сиздин талантыңызга кызыгып жатышыптыр деп уккам. Алар менен иштешейин деген оюңуз барбы?
- Сөзсүз түрдө. Биз башка өлкөлөр менен иштешейин деген оюбуз бар. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша продюселерим менен иштешип жатам. Россиянын белгилүү үн жаздыруучу студиясы тарабынан кызыгуулар болгон. Учурда мамиле түзүшүп, иштешели деп жатабыз.
- Сиздин үнүңүз башынан эле ушундайбы же вокалдан сабак алгандыкыбы?
- Негизи вокалга мен 2007-жылдан бери катыша баштадым, бирок үнүм башынан эле ушундай. Мектепте окуп жүргөндө классташтарым "сен кемпирге окшоп ырдайсың" деп күлүшчү. Эмнегедир үнүмдүн өзгөчөлүгү мага ошол убакта сезилчү эмес экен.
- Продюсерлердин командасына кандайча туш болуп калдыңыз?
- Бул менин жашоомдогу чоң бурулуш болду десем жаңылышпайм. Эгерде продюсерлериме жолукпасам жөн гана ырды баалаган адамдардын катарын толуктап жүрө бермекмин. 2006-жылы "Поющий город" сынагына катышкам, ошол жерден продюсерлериме туш болуп иштешип келе жатабыз.
- Тойлорго ырдаганы барасызбы?
- Азырынча ал кадамга өтө да элекмин. Мен жөн гана той-топурга ылайыктап ырдабастан, жараткан чыгармалардан ырахат алгыдай болуш керек деп ойлойм. Тойлорго барып соодалашкым келбейт. Чыгармачыл адамдарга ал нерселер байланыштуу болбошу керек деп ойлойм. Ал үчүн продюсер, менеджерлер бар.
Мирлан:
- Ырларыңыздын сөзүн, обонун ким жазат?
- Репертуарымдагы болгон ырлардын сөзү да, обону да өзүмө таандык.
- Мектепте кандай сабактарды жакшы көрчү элеңиз?
- Эмнегедир гуманитардык сабактарга көп ыктачумун. Так илимдерге көп көңүлүм келбесе да окуганга аракет кылчумун.
- Башка ырчылардан стилиңиз менен айырмаланасыз, стилистиңиз ким?
- Менин стилимдин үстүндө бир нече жыл издендик. 2006-жылдан бери стиль тууралуу көптөгөн сунуштар болгон. Стилимдин негизги идеясы продюсерлериме таандык, ал эми ал идеяны ишке ашырган профессионал айым Замира Молдошева.
- Өзүңүз теңдүү ырчылардын кимиси менен жакшы мамиледесиз?
- Эч кимиси менен деле достошкон жокмун, өз алдымча жүргөндү жакшы көрөм. Албетте алардын талантын баалайм, композитор катары Муратбек Бегалиевди баалайм, улуттук аспаптарда ойногон Нурлан Нышанов агайды сыйлайм.
- Хоббиңиз эмне?
- Мага балет жагат. Бош убактым болуп калса өзүм жалгыз болуп ой жүгүртүп отурганды да жактырам.
- Сахнада бут тосууларга күбө боло элексизби?
- Чынында мен жогорку деңгээлге жеттим дегенден алысмын. Сахнага жаңыдан гана кадам таштап баштадым. Шоу-бизнестин жакшы-жаман жактарын азырынча таанып биле элекмин. Баарына ниетим түз, тилегим ак.
Анара Дүйшөналиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-январь, 2010-ж.:
1-бет
"Сен кемпирге окшоп ырдайсың деп..."
2-бет
Каныкей:
"Келишим боюнча аларды атоого укугум жок"

3-бет
АЙЧүРөК МЕНЕН АНЖЕЛИКАНЫН ДАГЫ БИР ЫЗЫ-ЧУУСУ АЧЫККА ЧЫКМАЙ БОЛДУ ОКШОЙТ?...
4-бет
Ырларды санайлы, а теманычы?..
5-бет
"Бизнесмендерге өмүр бою акча жетпейт"
6-бет
Нурзат Орозалиева:
"Эркек" деп балдар сабап, кыздар сүйүп калган учурлар болгон"

7-бет
Динара
Эсенгулова: "Финансы жетишпей жатканы көрүнүп турат"

8-бет
Тата Улан түштүктү түрө кыдырат
9-бет
Атактуулар арзуусу ыр саптарда
10-бет
Эркектерди тамшандырган "стервалар"
11-бет
Гаити
12-бет
Көз мончок
13-бет
Оозду ачырган ачылыштар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мирлан Сабыров:
"Мүмкүнчүлүк мага үч жолу келди"











??.??