Саресеп

Ырларды санайлы, а теманычы?..
Ырчылардын ыры, темалардын сыры кимди гана кызыктырбайт. "Алардын репертуарында канча ыр бар болду экен?" деген ойдо өздөрүнө кайрылганыбызда, көпчүлүгү репертуарындагы ырларынын так санын айта алышкан жок. А кимиси кандай темага басым жасаарын чогуу аныктайлы.


Лирикага жакыныраак Гүлзат Батырканова
Бирде апасы менен кыналыша дуэт ырдап, бирде Малик Аликеев менен кошулуп үн созуп калган ырчы Гүлзат Батырканова, "Менин репертуарымда ырларым толтура. Кыскасы, жанымда 5-6 диск жүрөт. Ошонун баары эле репертуарга кирет да"-деп, бир жылмайып алып, ырларынын темасы ар кайсы багытта экенин айтты. Бирок, мекенге, жоокерлерге арналган ырларын кошкондо деле, баары бир репертуары лирикага жакыныраак экен.


Чыңгыздын чыныгы темасы - сүйүү
Чын эле бир ок менен эки коён аткысы келген Чыңгыз Мырзаев, бир гана радиодо сайрабастан, сахнада сүйлөп да, ырдап да жүрөт. "Ырларым мынча деп атайын санап көрбөптүрмүн. 20дан ашык ырым бар го... Ырларымдын арасында "Бир тууган", "Достук", "25 жаш"аттуулары бар болсо да негизги басым сүйүү темасы болуп калат"-деп, бойдок кезинде сүйүү темасына басым кылып, ырдап жүргөнүн билдирди. Балким, үй-бүлөлүү болсо, башка ырчылар өңдүү репертуарын "Жубайыма", "Балама" деген өңдүү темалар менен өзүнүн репертуарын толуктайт чыгаар.


Расул мырза сүйүүгө эмес, сезимге басым жасап калды
"Ырчы Расул Маматкулов"-дегенде эле индиянын кинолору көз алдыга элестелет эмеспи. Өзү токтоо болгону менен оозунан чыккан ырлары көңүлүңдү көтөрүп, бийлегиңди келтирет. "Репертуарыңыз канчага жетип калды экен?"-деп сурасак, "Аткарып жүргөн ырларым 100 дөн ашык го дейм. Менин ырларымдын темасы убак-убагы менен өзгөрүп турат. Мурда жашыраак кезде сүйүү темасына көбүрөөк басым жасасам, азыр эми мекен, кыргыз эли жөнүндөгү патриоттук сезимдеги ырларга басым жасап калдым"-деп жооп берди.


Сүйүүнүн кырк пайызын аткарган Нурзат
Аз бирок, саз ырларды аткарган, Нурзат Садыкованын репертуарында азырынча он ыры бар экен. Ал "Мен элдик ырларды аткарганды жакшы көрөм. Басым жасаган темам: жаратылыш, балалык, ата-мекен болуп саналат. Репертуарымда сүйүү темасы деле бар. Бирок, тактап айтсам, ырларымдын 40 пайызы сүйүү болсо, 60 пайызы патриоттук тема десем болот"-деп, баса белгилеп айтты. Балким, Нурзат айым да, турмуш жолуна аттанса, махабат темасындагы ырлары көбөйөөр.


Асаналиевдин арзуу ырлары
"Арманым аттын башындай"-деп сыздаган Токтобек Асаналиев "Репертуарымда өзүм ырдап жүргөндөрдөн 50-60тай болот. Эл-жер жөнүндө патриоттук темадагы ырларым бар. Бирок, көбүнчөсү сүйүү го дейм"-деген жоопту берди. Токтобек Мырза, дагы деле сүйүү, махабат тууралуу ырлардын бүтпөстүгүн айгинелегендей. "Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет"-дегендей, алоолонгон сүйүүдөн жаралган ырларды элге жеткире ырдаган бул ырчынын репертуары чынында башкаларга камчы салдыртпайт.


Сапардын сүйүүсү көппү?
Атасына кат жазып, "Ооруба,ата, ооруба"-деп канча адамды ыйлаткан Сапар Эркебаев, андан бери мындай ырларды ырдабай эле жалаң сүйүү темасына жүрөгүн арнады окшойт. "Менин 20 чакты ырым бар. Сема менен дуэт аткарган "Кыргызстан" аттуу патриоттук темадагы ырдан башкасы, жай темптеги жалаң сүйүү ырлары болот"-деп, болгон сырын төктү. Эми чыгармачылыгына чындап киришкен Сапардын репертуарындагы кийинки сапары башка темаларды өзүнө камтыйт деп ишенели.


Бегимай сүйүү деп сыздап калабы же?..
Өзү жаш болсо да ар кайсы темада ырдаганга аракет жасаган Бегимай Эсенгулова, "Репертуарымда 16-17дей ыр бар. "Апакемден айрыба", "Мектебим", "Атаке" деген аталыштагы ырларым ата-энеге, балалыкка болгон сүйүүмдү билдирет. Ал эми кыз-жигиттин ортосундагы сүйүү... Азыр мен эми жашмын да. Алдыда дагы көп ырларды жаратабыз"-деп, жылуу жылмайган Бегимайдын репертуарында патриоттук жана сүйүү темасы азырынча тең салмакта эле экен. Ким билет, "Сүйүүнүн көзү сокур" эмеспи, бош турган жүрөктүн ээси табылып, ой-бай, "Сүйүү, сүйүү"деп эле сыздап калбаса болду.


Темирдин темасы кайсы?
"Темир Назаров" деген ысым жаңы сахнага чыкканда ооу-уу, кандай гана болду эле? Сахнада кандай бийлешти башка жаш ырчыларга мына ушул Темир үйрөттү го, чиркин. Эми минтип кичинекей мамлекеттин ээси болуп, жүрөгүндөгү сүйүүсүн келинчегине, баласына арнап, а түгүл ыйман жолуна да ыктап жаткан кези. "Менин репертуарымда 16-18дей ыр бар го. Өзүңүздөр билгендей, 2009-жылдан баштап, ыйман тууралуу анан балама арналган ырларды жаздырдым. Жаңы ырларым патриоттук темада болууда. А сүйүү темасындагылар жалаң эски, мурунку ырларым болуп калат"-деген Темирдин сөзүнөн улам, токтолуп калган, көп нерсени түшүнгөн мырзаны көз алдыга элестеттик.


Мындан сырткары "Мен ырчы" деген сахна адамдарынын ырларын айта берсек, түгөнбөйт. Ошентсе да, "Сүйүүнүн рыцары" аталган Асылбек Өзүбековдун репертуары чынында сүйүү темасына ыктайт. Бек Борбиевди кимдер сүйүп укпайт?.. Бул мырзанын 600-700дөй ырынын ичинен бардык теманы тапсак болот. Бирок, сүйүү деген айтып бүткүс темасы биринчиликти бербейт го.
Асел Турдалиева, Алина Жетигенова, Салима Балтаева, Айбек Карымов, Сыймык Бейшекеев ж.б эл назарындагы ырчыларыбыздын бирден-экиден атага, апага, эл-жерге арналган ырлары болгону менен баарыбир сүйүү, сүйүү темасы алдыда тураары бышык.

Айнура Касымова