п»ї

  ийгилик формуласы

"Бизнесмендерге өмүр бою акча жетпейт"

Ийгиликке, байлыкка бири акылы менен жетсе, бири башкача жол менен жетип, жемишин көрөт. Кыргыздар айтмакчы "таман акы, маңдай тер" менен байлыкка жеткен "Шоро" фирмасынын жетекчиси Табалды Эгембердиев ийгиликтин сырлары менен бөлүшүп берди.

- Азыр "Шоро" десе сизди, Табалды Эгембердиев десе "Шоро" суусундугу көз алдыбызга тартылат. Ушул өзгөчө бизнести эмнеден баштадыңыз эле?
- Эми бул үй-бүлөлүк бизнес десем болот, иним экөөбүз 1987-жылы алма сатып соода кылчубуз, "баягылар алма сатып калыптыр" деп айтышат деп элден уялып, колхоздун чирип жаткан алмасын түнү менен терип, жаман жигулибизге салып, борборго келчүбүз. Бир жолку саткан алмабыз төрт айлык акынын акчасын берип турчу. 1992-жылы максым сатсак кандай болот дедим, идея меники болду, иним колдоду. Максым жакшы ийгилик жаратаарына көзүм жетти. Анткени үйгө келген коноктордун алдына кола, лимонад койсоң ичпейт, максымды болсо талап кетишет. Башында апам баштап берди. Биздин үйдө нан жебей, эт жебей калган күндөр көп болгон, бирок максым ичпей калган күн болгон эмес. Максым жасабай калыш апам менен чоң апам үчүн трагедия болчу. 1968-жылы шаарга окууга келген кезим. Бир курдай Орто-Сай базарына барсам, эки келин максымын чакага куюп алып, базардын артындагы даараткананын артында милиция кызматкерлеринен жашынып сатып жүрүшөт. Ошондо "Максымды эмнеге уурданып сатышат" деп намыстанып, кыргыздын улуттук суусундугун кеңири жайылтам деп намыс үчүн баштадым. Үй -бүлөбүз менен биригип устав жаздык, кийин ошонун баары аткарылды. Тартпаган азабыбыз калган жок, башында апабыздын малын сатканбыз. Кийин иним үйүн сатты, он жыл батирлеп жүрдүк, жылаңач калган күндөрүбүз болду. Эми кудайга шүгүр, өжөрлүктүн аркасы менен ушул ийгиликке жетип отурабыз.
- "Шорону" Кытайга кеңири таркатабыз деген максатыңар канчалык деңгээлде ишке ашты?
- Ал жердин менталитети башкача экен, анан да кыргыздардын саны аз. Анын үстүнө заводду эл аз жерге куруп алыптырбыз. Кийин Үрүмчүгө курсак болмок экен деп ойлонуп калдык. Кытайдагы бизнесибиз көп машакатты, убакытты алгандыктан токтотуп койдук.
- Бир курдай "Шорону" бир жолу куюла турган стакандарды арыктагы сууга чайкап куюп берип жатканына өзүм күбө болуп калдым эле…
- Андай акмактар да бар, бирок стакандар эсептелип берилет. Андай болушу мүмкүн, аны мен тана албайм. Кээ бири шорону бөксө куюп акча тапкандар да бар. Анын баарын текши көзөмөлгө ала албайм. Ал үчүн ар бир кызга бир кароолчу коюшум керек. Анда да кашайып, ал кыз кароолчу менен сүйлөшүп алат, анан экөөнүн үстүнө дагы бирөөсүн коюшум керек дегендей…Пейли бузулгандар толтура.
- Адамдын ушундай деңгээлге жетишине өжөрлүк менен акчадан башка дагы эмне керек?
- Башты иштетиш керек, ар бир адам өз мүмкүнчүлүгүнө жараша иш кылганы туура. Биз эмне үчүн максымдан баштадык, ошол кезде бизде жер, техника жок болчу. Мамлекеттен эч нерсе менчиктештирген жокпуз. Биринчи максымды жасаш үчүн апамдын Арашандагы үйүнөн баштадык. Үч жыл ошол жерде болуп, анан Бишкекке көчүп келдик. "Колуман эмне келет" деп биринчи ойлонуп алып, жашаган шартына, адамдарга эмне керек деп ой жүгүртүп туруп бизнес баштаган оң. Кыргыздар жалкоо калк эмеспизби, бир жумушту баштаары менен эртеси эле байып кеткиси келет. Илгери бир уруунун жылкысын экинчиси чаап келип ошону менен элин багып баатыр аталышкан. Мал багып, койдун артынан ээрчип жүрө берген деле жалкоонун жумушу. Ал эми иш кылып, там салыш бир азап да. Кытайга барып таң калдым. Уйгурлар буудай айдаганы менен чалгы чапканды билишпейт экен. Кыргыздарды жалдап чаптырышат. Там сал десең кыргыздын жаны чыгат, буудай, чөп чапса жумуштун майын чыгарышат. Менин айылымда деле баарына бирдей жер, бирдей шарт, бирөө миң кой айдап жүрөт, бирөөнүн бир кою жок. Буга ким күнөөлү? Чыдамкайлык, сарамжалдуулук керек. Кыргыздын чөнтөгүнө акча түшсө той бергенге шашат. Бири-бирине кошумча берип жатып, арак ичишип болгон акчасын жок кылышат. Жакшы жашайын деген максат керек, жөнү жок чыгымдарды токтотуш керек. Мен туугандарыма барганда: "Үшүсөң сен үшү, малың үшүбөсүн, биринчи там салбай, сарай сал. Малың жылуу жерге жатып көбөйгөндө байлык өзүнөн-өзү келет" деп көп айтам. Илгери кыргыз учурашканда "мал-жан аманбы?" дешчү, биринчи малды анан жанды сурашат. Чынында эле мал болбосо кыргыз кырылып калмак да. Ал эми Кытайда болсо мындан жыйырма-отуз жыл мурун "сен тамак жедиңби?" деп учурашчу экен. Ачарчылыктын азабын, кыйынчылыктарды көп тарткан калк да. Анан убакыт эң негизги байлык экенин көпчүлүгү билбейт.
- Шаан-шөкөт демекчи, сизге да тойлорго чакыруу көп келсе керек?
- Бир күндө үч-төрт жерден келет. Шартың, убактың барбы аны менен иштери жок. Илгери тойго чакырылбай калсаң "Мени киши катары санабайт" деп таарынышчу, азыр болсо көпчүлүгүнүн жумушу бар. Анан да барган жерине он сааттан ашык отурушат. "Таарынсаң Таласка кет" деп көпчүлүк учурда барбай коём. Анткени менин убактым тар, ишим көп. Бай деген Европа өлкөлөрүндө да акчаны бизчелик ысырап кылышпайт. Ал сараңдыктан эмес, принциптен. Курсагы 200 грамм этке тоюп турса, эки килограмм этти бышырышпайт. Бизчилеп килтейтип устакан тартып, үйүнө салып бербейт. Бирөө каза болсо беш-алты бээ союшуп өзүнчө эле тойго айландырышат. Биз деле ошол тирүү жүргөн бээни байлык катары кабыл алсак, кийин бир керекке жарамак. Аны көпчүлүгү түшүнүшө бербейт.
- Принцип деп калдыңыз, өзүңүз акчаны кандай принцип менен коротосуз?
- Мен акчаны эсептебеген кишимин. Чөнтөгүмө көп деле акча салбайм. Болгон каражатты өндүрүшкө салганга аракет кылам. Өзүмө бут кийим алсам да заарканып турам, "ушул акчаны өндүрүшкө салайынчы" деп. Көп той бербейм, элүү жылдыгымды да берген эмесмин. Бала-бакырага той берсем да элүүдөн ашык киши чакырбайм, чакырсам да эки-үч саатка чакырам. Конокторго көп барбайм, өзүм да көп конок чакырбайм. Керектүү кишилер менен бизнес тууралуу сүйлөшөм. Бир ооз сөз менен айтканда коноктордун санын болушунча кыскартканга аракет кылам. Мен жасаган ишимден гана рахат алган кишимин. Бизнес бул карта сыяктуу адамды азгырат. Алдыга койгон чоң пландарым бар. Кычырап кийингенди, галстук тагынганды аябай жаман көрөм. Мынабу "Супараны" бир жарым жылда курдум, өзүм кошо өтүк кийип баткак кечип иштеп жүрдүм. "Супараны" курганымдын негизги максаты-кыргыздын илгерки маданиятын, каада-салтын китептен эмес көз менен көрсүн деген ой. Келген элдердин баары ыраазы болуп жатышат. Чет мамлекеттен келгендер жарым саат сүрөткө тартып жүрүшөт. Алар жалтырак-жултурактан тажап, кыргыздын илгерки турмушун, тарыхын көргөнгө кызыгып келишет да. Булактын суусуна, очокко бышкан тамакка кызыгышат, чайды самоордон ичишет. "Супараны" курганга көп деле каражат кеткен жок, өзүнүн ташы, топурагы менен курулду. Мен үчүн акча көп мааниге ээ эмес десем көпчүлүгү ишенишпейт. Акча мен үчүн алдыга койгон максатыма жетүүгө жардам бере турган каражат.
- Кайырчыларды көргөндө кандай ойго жетеленесиз?
- Адамдын тагдыры өзүнүн эле колунда болот. Биздин өлкөдө укмуш байып кетпесең да кара жаныңды тыңыраак багып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Көчөдөн лөлү, цыгандарды көрсөм бир тыйын да карматпайм, өлөрчө жек көрөм. Кайырчылык алардын кесиби. Мастарга да бербейм. Бирок ушунчалык таптаза кийинип алып турган орустун кемпирлерин көргөндө суратпай эле машинеден өзүм түшүп барып, чоң суммадагы акча берем. Алардын көпчүлүгү мурда мугалим, доктур болуп иштеп жүргөн интеллигент адамдар болушат. Айла жок кайыр сурап чыкканы көрүнүп турат. Андайларды көргөндө боорум ооруйт.
- Карызга көп акча бересизби же карызга көп аласызбы?
- Бизнесимди карызга алып жүрүп бүтүрдүм. Кредитим да бар, карызым да, аласам да бар. Анан карызга берген акчамдын кайтканын көргөн жокмун. Жаман көргөн кишиңе, тууганыңа карызга эле акча берип коюш керек экен. Ошондон нары жоголот. Мен көп иштейм, аз уктайм. Толтура пландарым бар, бир эле проблема- акча жетпейт. Биз бизнесмендер өлөөр-өлгөнчө акча жетпей, акча издеп жүрүп өлөбүз. Жеп-ичиш үчүн эмес, бир иш кылыш үчүн акча издейбиз. Бирок, акчаны кредитке алганда деле ченеп алабыз, башыңдын баарын салбай кесип алса да калганы калат деп чыканакка чейин эле салабыз.

2009-жылдын эң бай адамдары
Дүйнө жүзүндөгү эң бай адамдардын тизмесин 53 жаштагы бизнесмен Билл Гейтс ачат, анын бир жылдык кирешеси 40 миллиард долларды түзөт. Гейтстин атаандашы 78 жаштагы Уоррен Баффет экинчи орунду ээлеп, 2009-жылга болгон кирешеси 37 миллиард долларга жетти. 69 жаштагы Карлос Слимм Латын Америка боюнча эң бай адам. Анын бир жылдык кирешеси 35 миллиард долларга жетет. Лоуренс Эллисон тизмеден төртүнчү орунду ээлейт, "Oracle" компаниясынын жетекчиси бир жылда бюджетин 22,5 миллиард долларга толуктайт. Швецияда үй эмеректерин сата турган "IKEA" компаниясынын директору 83 жаштагы Ингвар Кампрад бир жылда 22 миллард доллар таап, эң бай адамдардын бешинчиси болуп табылды.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-январь, 2010-ж.:
1-бет
"Сен кемпирге окшоп ырдайсың деп..."
2-бет
Каныкей:
"Келишим боюнча аларды атоого укугум жок"

3-бет
АЙЧүРөК МЕНЕН АНЖЕЛИКАНЫН ДАГЫ БИР ЫЗЫ-ЧУУСУ АЧЫККА ЧЫКМАЙ БОЛДУ ОКШОЙТ?...
4-бет
Ырларды санайлы, а теманычы?..
5-бет
"Бизнесмендерге өмүр бою акча жетпейт"
6-бет
Нурзат Орозалиева:
"Эркек" деп балдар сабап, кыздар сүйүп калган учурлар болгон"

7-бет
Динара
Эсенгулова: "Финансы жетишпей жатканы көрүнүп турат"

8-бет
Тата Улан түштүктү түрө кыдырат
9-бет
Атактуулар арзуусу ыр саптарда
10-бет
Эркектерди тамшандырган "стервалар"
11-бет
Гаити
12-бет
Көз мончок
13-бет
Оозду ачырган ачылыштар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мирлан Сабыров:
"Мүмкүнчүлүк мага үч жолу келди"











??.??