п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Сырмаек

Нурзат Орозалиева:
"Эркек" деп балдар сабап, кыздар сүйүп калган учурлар болгон"
21-кылымдын жылдызы. Атай Огонбаев, Ыбырай Туманов атындагы сыйлыктардын ээси. Президенттик "Алтын шатынын" стипендиянты. Кыргызга атын таанытып, "Менмин" деп төштү какпаган, комуздун кылын сыздатып, эл-жерин дайым даңктаган, учурда мыкты устат катары далай шакирттерин таптаган, анча-мынча жумуштарды шартылдап "эркекче" өзү эле бүтүрүп таштаган, шар сүйлөп, шар жүргөн кызыбыз Нурзат Орозалиева менен кызыктуу маек.


- Нурзат, сени тааныбаган адам болбосо керек. Андыктан көнүмүш суроолордон деле тажагандырсың. Мен бир аз башкачараак кайрылсам. Сен бойго жеткичекти, тагыраак айтканда турмушка чыгып, кыздуу болгуча, эркекче кийинип, эркекче жүрсөң кызбы же эркекпи?-деп бир топтор айырмалай алышчу эмес экен…
- Баягы, "Айтпай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле"-дегендей, маселени кабыргасынан коюп, элдин бүйүрүн кызытып калган соң узун кулак ушакчылардын көзү алайып, кулагы тыңшап калган соң, түшүнүктүү болуш үчүн башынан айтып берейин. Өзүм Ат-Башынын Терек-Суу айылынан болом. Он бир туугандын эң кичүүсүмүн. Ошол себептен болсо керек, аябай эрке өстүм. Байкелерим менен кошулуп чүкө ойноп, топ ойноп, ат чаптырып, кыз-куумайга түшүп… Балдар менен да көп мушташтым. Мени "эркекче" сабап кеткен да күндөр болду. Азыр ойлосом, ата-энем деле "Кыздай бол, андай бол, мындай бол" деп деле тескешпептир. Мен деле өзүмдү эркектей сезчүмүн. Мени жакшы тааныбаган башка айылдын кыздары эркек деп ойлоп, кээ бирлери сүйүп да калышчу. Бир күнү торпок жоголуп кетип, Алымбай экөөбүз издеп жөнөдүк. Ал го эркек. Мен деле болбойм,эркекче кийинип, бутумда өтүк. Ат минип алганбыз. Айылдын сыртындагы алты кызы бар бир койчунукуна аттан секирип түшүп үйүнө кирип бардык. Баягы алты кызы тизилип отурушуптур. Апасы кимдин баласысың? деди эле, Сүйөркулдун-деп койдум. Улуураак кызын чай даярда деди окшойт, чыгып кеткен. Бир маалда жаңы байпак кийип, чачы-башын оңдонуп келип, чай сунуп калса болобу. Болду-болбоду мени жактырып калды деп ойлодум. Алымбай экөөбүз эшикке чыгып алып бир каткырыгыбыз тыйылбайт. Андан бир аз өтпөй ошол кыздын апасы менин жеңеме жолугуп калган го.- Кайниңе кыздарымдын бирин алып бербейсиңби-дептир. Жеңем да шек алдырбай, айтып көрөйүн деп коюптур.
- "Кыздын сыры төркүнгө маалым"-дегендей айылдын эли кийин билгендир. А мектепти бүткөндөн кийин "студент болдум"-деп кыз каадасы кылып кызча кийине баштадыңбы?
- Жо-ок. Ага көп бар. Чекесинен айтып келатпайынбы. Мектепти бүткөндөн кийин Караколго эже-жездемдердин колуна келип, Ыбырай Туманов атындагы музыкалык орто окуу жайда окуй баштадым. Кошуна, группалаштарым мага тез эле көнүп кетишти. Мен баягыдай эле жүрөм. Бир күнү үйдүн көчө жак бетинде шымаланып, картошка түптөп жатсам, бир кыз өтүп баратат. Ышкырып койдум. Токтоп жаныма келсе болобу. Тааныштык. Мен атымды Замир деп койдум. Анын аты Айжан экен. Сыр билгизбей сүйлөшүп жаттым. Бир-эки сааттан кийин кайра келиптир, "Стадионго барып келели"-деп. Барып келдик. Эртеси күнү курбуларын ээрчитип дагы келиптир. Бирок, мен башка күнү таанышайын, азыр уялып атам, колум да кир деп койдум. Анын эртеси өзү дагы келди. Отурган калыбымда сыр билгизбей сүйлөшүп жатам. Кыз бир маалда мени көздөй эңкейип келатат. Кулагыма бир нерсе шыбырайт го десем, бетимден өөп туруп басып кетти. Бир аз күн өткөндөн кийин Айжан дагы келди. Мектептин жанына барып отурдук. Айжан отура калып, чыбыктын учу менен "клетка" чийип, "поле чудес" ойното баштады. "Тамгаларды айтсаң"-деп, жаза баштады, мен айта баштадым. Бир убакта "клетканын" ичине "Нурзат" деп атым жазылып калса болобу. Жүрөгүм шуу дей түштү. Айжандын мени караган көздөрү жашка толгон, жек көрүү сезими күчөп турду, - Эркек болсоң жаакка бир чапмакмын-деди муштумун кесеп. Анан ыйлаган бойдон кетип калды. Менин жүрөгүмдүн ооруганын айтпа. Ошол кыздын биринчи сүйүүсү болдум го деп ойлой берем. Анткени ошондогу абалын сүрөттөп бере албайм. Азыркыга чейин ойлой берем.
- Кийин жолуктуңбу?
- Жок. Ошон үчүн айтып жатпайынбы, ойлой берем деп. Эми "Обондон" окуп калса келээр. (Ха-ха-ха) Тамаша. Бирок чындап эле көргүм келет. Караколдо Некрасов атындагы мектепте окучу..
- Кээде эркек деп сабап кетишчү дебедиңби, алар эмне сенден кыз талашып сабашчу беле?
- Ой, андай учур көп эле болгон. Анын баарын жазсаң гезитиңер чак келбей калат. Бир күнү училищага кирип баратсам, эки бала турган, бири - "Эй дос, 2-этаждан "баланча" деген кызды чакырып койчу" -деди. - Өзүң чакырып ал-деп кирип кеттим. Сабак бүтүп эшикке чыксам, баягы эки бала шап колумдан кармап, бурчка такашты. Мен коркконумдан үнүмдү ичкертип, жанагы мультфильмдеги коендун эле үнүндөй болуп, чыйкылдап болбойм. " Мен кызмын, мен кызмын"-деп ийдим. Тиги балдардын өңдөрү өзгөрө түштү. "Анан жөн эле жооп берип койбойсуңбу" -дешти. Алардан кутулганыма сүйүнүп кетип баратсам, жолдо лөкүйгөн эки бала "Эй братишка, тамеки барбы?"деп алдымдан тороп калышты. "Эмне, көзүңө братишка көрүнүп турамбы?" деп оозумду жыйгыча, ай-буйга келбей сабап киришти. Элестет, килейген немелер. Оозум калдайган, мурдум канаган. Эптеп үйгө бардым. Ызаланганыман ыйлайын десем, жанымда эч ким жок. Эжем-жездем үйгө келип таң калып калышты. Эжем "Кайсы балдар" деп жинденип алган.
- Анда сен училищаны деле "эркекче" жүрүп бүтүрүп койгон турбайсыңбы?
- Ооба. Анан Бишкекке Консерваторияга келип окуп калдым. Анда деле ошондоймун. Активисткамын, бардык чогулуш-салтанаттарга калбай катышам. Эркектей болуп аңды-дөңдү байкабай, эч нерсени эрөөн-терөөн албайм. Ошол убакта эле "Бул кызбы же эркекпи"-деген ич ара күбүң-шыбыңдар болчу экен. Кээ бирлери "Кыз да экен, эркек да экен" деп чыгарып ийишиптир. Менин бетиме эч ким келип айта алышпайт да. Бир курдай Консерваторияга "Ревизор келди" деп калышты. Мен да "Ак тамак, көк тамакты" шартылдап ойноп алып чыгып кеттим. Эртеси "Ревизор чакырып жатат" дегенинен бардым. Картаңыраак киши болчу.
- "Ай кызым, бери келчи бир нерсе сурайын"-дейт, жанына барсам, "Кызсыңбы же эркексиңби?" деди. "Кызмын агай" дедим уялып. "Кана көрөйүнчү" деп эле жамбашымдан кармап калды. Мындайды күтпөгөн жаным, коркуп кеттим. "Кызым, жаман ойлобо. Атаңдын оозун урайындар, капкайдагы кепти айтышат. Кыз эле турбайсыңбы" деди. Көрсө, илгеркилер аялдын куйругунан эле билишчү экен. Анан тиги агай "Ай кызым, кыз болгондон кийин кызча кийинип жүрбөйсүңбү" деди. Аябай ойлонуп калдым. Бир чети намыстанып, бир чети ызаланып, "кызмын" деген сезим ошондо пайда болду. Анан кудай бетин салбасын, көйнөктөрдү көйкөлтүп түрлөп тиктиртип кие баштадым.
- Мурда сахнага да көйнөк кийчү эмес белең?
- Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Костюм-шым кийип чыкчумун, бирок "женский". Ошондуктан жанагы ревизор "Кызча кийинип жүр" деп жатпайбы.
- Азыр Консерваторияда өзүң мугалимсиң. Өткөндү эстеп күлөсүңбү?
- Айтпа, Менин кылыктарымды айтып алып күлөбүз. Анын үстүнө мен студент кездеги мугалимдер азыр да иштешет. Ошол агай-эжелердин көз алдында өсүп келе жатам да. Турмушка чыктым, кыздуу болдум дегендей.
- Кызың жөнүндө айтсаң?
- Кызым жакында 3 жашка чыгат. Аты Сезим. Бала-бакчага барат. Комузду бутуна коюп алып мени туурап аракет кыла берет.
- Менин билишимче сен күү дагы жаратып жүрөсүң. Бир күүңдүн аты "Сезим толгоосу". Аны кызыңа арнап чыгардың беле?
- Кызыма, көзү өтүп кеткен апама, жашоого… Бардык өмүр-баянымды камтыган күү. Күүнүн атын раматылык элибиздин таланттуу төкмө-акыны Майра Керим кызы атап берген.
- Айтмакчы, Майра эженин акыркы концертинде сен ушул күүнү чертип, анан эжеге бир жылкы айттың эле. Көзү өткүчө бердиңби?
- Эже ооруп жатканда күнүгө барып, жанында болуп аттым да. Эже операцияга киргени жатканда "Эже акча-тыйындан кыйналган жоксузбу. Баягы жылкыны алып келип берейин" дедим. "Жок, Нурзат кийин уулум Акжолтой үйлөнгөндө бер" деди. Азыр жылкыны байлатып, бактырып жаткан кезим.
- Азыр эки-үч ырдын башын бириктирип концерт койгон артистер көп. Сен эмнеге жараткан обондоруңду, күүлөрүңдү чогултуп өнөрүңдү элге тартуулабай жүрөсүң. Же чет-өлкөдө эле жүргөндү жактырасыңбы?
- Мен деле мезгил сайын ойлонуп коём. Анан баары бир колдоо керек экен. Тапкан акчам бат эле жок болуп кетет. Өзүм мугалим болсом, кызымды жалгыз тарбиялап чоңойтуп жатсам. Маданият жактан колдоо болбосо анан кантем?Буюрса ушул жылы сөзсүз концерт берем деп өзүмдү-өзүм алдап коем. Эми аракет жасабасам болбой калды.
Аида Киберекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-январь, 2010-ж.:
1-бет
"Сен кемпирге окшоп ырдайсың деп..."
2-бет
Каныкей:
"Келишим боюнча аларды атоого укугум жок"

3-бет
АЙЧүРөК МЕНЕН АНЖЕЛИКАНЫН ДАГЫ БИР ЫЗЫ-ЧУУСУ АЧЫККА ЧЫКМАЙ БОЛДУ ОКШОЙТ?...
4-бет
Ырларды санайлы, а теманычы?..
5-бет
"Бизнесмендерге өмүр бою акча жетпейт"
6-бет
Нурзат Орозалиева:
"Эркек" деп балдар сабап, кыздар сүйүп калган учурлар болгон"

7-бет
Динара
Эсенгулова: "Финансы жетишпей жатканы көрүнүп турат"

8-бет
Тата Улан түштүктү түрө кыдырат
9-бет
Атактуулар арзуусу ыр саптарда
10-бет
Эркектерди тамшандырган "стервалар"
11-бет
Гаити
12-бет
Көз мончок
13-бет
Оозду ачырган ачылыштар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мирлан Сабыров:
"Мүмкүнчүлүк мага үч жолу келди"











??.??