п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Динара
Эсенгулова: "Финансы жетишпей жатканы көрүнүп турат"
- Негизи мен Добр менен өтө жакшы деле мамиледе эмесмин. Абдан тырышчаактыгы патриоттук сезимди козгогон ырларынан көрүнүп жатат. Рэп Кыргызстанда мындан 3-4 жыл мурда абдан популярдуу болуп келип, азыр бул багыттагы ырлар өнүгө албай жатпайбы. Ушул учурда болгону Добр жана Тата Улан рэп айтып жатышат. Кийими жөнүндө сөз кыла турган болсок, финансылык жактан кичине жетишпестиктер болуп жатканы көрүнүп турат. Бирок, ошого карабастан, өзүнүн формаларында кыргыздын оймолорун чагылдырып жүргөнү адамды сүйүнтөт. Ийгилик!

Майрамбек Осмонов:
"Добр дегенди тааныбайм"
- Мен Добр дегенди тааныбайм. Аны көргөн да эмесмин. Кандай ырларды да ырдаарын билбейм.
Эльмира Кайып кызы: "Стилин алмаштырса жакшы болот эле"
- Мен Добрдун чыгармачылыгына жана анын ырларына жакшы көз караштамын. Бул бала абдан аракетчил. Азыркы жашоонун агымына жараша ырлары да жакшы. Өткөндө бир концертте "рэперлерче" кийинип алыптыр. Анысы деле жакшы дечи, бирок, жигиттер мурун кыз куумайда же болбосо улак тартыш оюндарында баштарына кызыл жоолуктарды байлап алып чыгышчу эмес беле.
Добр да стилин ошондой стилге алмаштырса мындан да жакшы болмок. Ал эми чыгармачылыгынын үстүндө мындан да жакшы эмгектенсе, келечекте чоң-чоң ийгиликтерди багынтууга мүмкүнчүлүгү бар.

Сайра Момунбаева: "Ырлары куюлушпайт"
- Добр азыркы "заманбап" ат менен жүрүп жатпайбы. Биз улуу муун андай-мындай деп сын коё бергенибиз менен азыркы жаштарга андай нерсе майдай жагат эмеспи. Ырларындагы айтайын деген ою абдан мыкты. Бир кемчилиги, ырларынын кээ бир саптарында сөздөрү куюлушпай кеткен жерлери бар.

Айчүрөк
Султанова:
"Маска кийген балабы?.."
- Добр деген бетине маска кийип алган балабы?.. Аа, беркисиби… Анда түшүнүктүү. Эми, Добрдун ырлары азыркы жаштарга берген таалим-тарбиялык мааниси жакшы. Ийгилик каалайм! Өсө берсин!


Талант
Анарбаев:
"Добр таң кала турган эч нерсе жасай элек"
- Менимче Добр мен таң кала турган эч нерсе деле жасай элек. Мен ушундай кыскача гана жооп бере алам.

Жаныш
Момунов:
"Тата Уланга окшошуп кетет"
- Добрдун ырлары Тата Уландын ырларынын стилине окшошуп кетет. Башында бизде жалаң гана обондуу ырлар ырдалчу эмес беле. Азыр болсо орустардын Тимоти, Серёгаларына окшоп рэп ырдагандар көбөйүп баратпайбы. Ушундай темп менен кете берсе жакшы ийгиликтерге жетишет. Эл да рэпке көнүп калат болуш керек. Ийгилик каалайм!

Жолдош
Жанжигит уулу:
"Толук аты
ким экен?"
- Добр? Билбейт экенмин. Толук аты ким экен? Азыр жаш ырчылар жамгырдан кийинки козу карындай болуп жайнап кетпедиби. Тата Уланды тааныйм. Ал боюнча болсо айтып бермекмин.


Икая
Ырчы жигит
Падыша ай десе - айдай, күн десе - күндөй сулуу, акылдуу кызын күйөөгө бериш үчүн, төгөрөктүн төрт бурчунан "Падышанын кызына мен гана татыктуумун!" деген жигиттерди алдына чакырып, алардан бирден өнөрлөрүн көрсөтүүсүн буюрат. Падыша кызы экөө жигиттерди чекесинен сындаганга өтүшөт. Биринчи бай киши келип "Мен сиздин кызыңызды өзү каалагандай "Особняк" үйгө жашатам. Алдына алтындан кийиз төшөйм. Эмне кааласа, аткарам. Мага тийсе өкүнбөйт" деп чыгып кетет. Андан кийин окумуштуу кирип: "Мен кызыңызды "Кызыл китепке" киргизем. "Кызыл китеп" аркылуу кызыңыздын аты бүт ааламга белгилүү болот" дейт. Ошентип, келгендердин баары өздөрүнүн колдорунан келгенин падышанын кызына айтып жатышты. Сыноо бүтүп бараткан кезде падышанын кызы ары жакта бүжүрөйүп турган ырчы мырзаны көзү чалып калат. Анан өзү жакка чакырып алып: "Сиздин колуңуздан эмне келет? Өзүңүздүн жаныңызды бага албай жатып, мага кантип үйлөнгөнү жатасыз?" десе. Ырчы мырза: "Ооба, туура айтасыз! Менин колуман көп нерсе келе бербейт. Бирок мен өзүмө 100 пайыз ишенем. Анткени мен ырдайм" деп абдан шаңдуу ырды ырдап баштаса, ал жерде тургандардын баарынын көңүлдөрү куунак, жайдары боло түшөт. Ал ырдап бүтөөрү менен эле муңдуу ырды созолонтуп кирет. Ошондо падышанын кызынын көзүнөн мөлт-мөлт тамчы жерге тамат. Аны көргөн ырчы: "Көрдүңүзбү сиз өзүңүзгө ишенбейсиз. А мен ишенем. Ырларым менен айтайын деген оюмду, сүйүүмдү, сезимимди билдире алам. Мени эч ким тааныбаса да ырларымды дайыма ырдап жүрүшөт. Мен ырларымдан гана күч-кубат алып, ырым менен жашайм. Менин "особнягым" да, "Кызыл китебим" да ырларым жана жан дүйнөм" - деп кетип баратса, падышанын кызы ырчынын артынан чуркап чыгып: "Токтоңуз мырза, мен сиз менен кетем. Мен да өз "ырларымды" дүйнө жүзүнө сиз менен кошо таратам" деп ээрчип кетиптир.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-январь, 2010-ж.:
1-бет
"Сен кемпирге окшоп ырдайсың деп..."
2-бет
Каныкей:
"Келишим боюнча аларды атоого укугум жок"

3-бет
АЙЧүРөК МЕНЕН АНЖЕЛИКАНЫН ДАГЫ БИР ЫЗЫ-ЧУУСУ АЧЫККА ЧЫКМАЙ БОЛДУ ОКШОЙТ?...
4-бет
Ырларды санайлы, а теманычы?..
5-бет
"Бизнесмендерге өмүр бою акча жетпейт"
6-бет
Нурзат Орозалиева:
"Эркек" деп балдар сабап, кыздар сүйүп калган учурлар болгон"

7-бет
Динара
Эсенгулова: "Финансы жетишпей жатканы көрүнүп турат"

8-бет
Тата Улан түштүктү түрө кыдырат
9-бет
Атактуулар арзуусу ыр саптарда
10-бет
Эркектерди тамшандырган "стервалар"
11-бет
Гаити
12-бет
Көз мончок
13-бет
Оозду ачырган ачылыштар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мирлан Сабыров:
"Мүмкүнчүлүк мага үч жолу келди"











??.??