п»ї

Тата Улан түштүктү түрө кыдырат
Өзүнүн чыгармалары үчүн күйүп-бышып, жүрөгү менен берилип ырдаган Тата Улан "Карындаш" аттуу ырынан кийин дагы бир оригиналдуу ыр жазды. Ал ырдын аталышы кандай дебейсизби, "Айдаганың беш эчки, ышкырыгың таш жарат" деген тамашалуу ыр экен. "Эмне болгон ыр?" деп таң калбай эле коюңуз. Кыргыз элинин кулк-мүнөзүн, жашоо-турмушун чагылдырып, өзүнүн стилине салган. Мындай өзгөчө чыгармалары менен репертуарын жаңылап баштаган Улан мырза, февраль айынан баштап, эң алгачкы гастролун, концерттик программаларын "быссымылда" деп, түштүк жергесинен баштаарын бизге кабарлады.

Гүлшайыр эже Рыспайды эскерип...
Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы Филармониянын директору, КРнын Эмгек сиңирген артисти Гүлшайыр Садыбакасова 12-13-январда заманыбыздын белгилүү обончусу, композитору Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгына карата "Рыспайга миң таазим"деген аталыштагы чоң программадагы эскерүү кечесин өткөргөн эле. А жакында эле Рыспай Абдыкадыровдун "Сагынуу" аттуу ырын Америкалык композитор Антонио Фараш оркестрга салып, партитурасын интернет аркылуу салып жиберген. Ал партитуранын бирөөсүн Гүлшайыр айым "Маданият" агенттигинин жетекчиси Султан Раевге тапшырганын билдирди. Бул симфония Американын сахналарында жаңыра баштаган. Ал эми биздин өлкөдө эмки жылы Рыспай аганын 70 жылдыгына карата уюшулган чоң мааракеде жаңырмакчы.

Кезекте дагы кимдер?
Жакында эле ырчы Кумар Асанов менен анын продюсери Ислам Сатаровду кимдир бирөөлөр сабап кетишкен. Медиа-эксперт Назира Раимкулованын айтымына караганда эки мырзаны сабашкандар акчанын же көралбастыктын айынан эмес, өчөшкөндүктөн улам болушу мүмкүн деп божомолдогон. Азыр бул божомолдун чын-төгүнү тактала элек. Кол салгандардын кимдер экенин ырчы менен продюсер өздөрү билет имиш. А бирок, эмнеге ачык айтпай жаткандары кызык?..

"Жыйырманчы жазда" жааган кар
Ак кардын калың түшүшү режиссёр, Алим Токторовду ордуна жөн отургузган жок. "Жыйырманчы жаз"фильминдеги башкы каарман Таланттын Германияга барып, үч жыл окуп келген убакытын режиссёр, сценарийде жок болсо дагы алмашкан мезгилдерди кошууну туура көрүп, быйылкы жааган аппак карда башкы каарман Жазгүлдүн жаңы сюжетин тартып алууга үлгүрдү. Демек, режиссёрдун айтканына караганда фильмдин мыктылыгын арттырууда көрүүчүлөр тараптан келген сын-пикир, жакшы ойлордун кабыл алынаарын билдирди. Жаңы сюжет кошулган "Жыйырманчы жаз" фильмин киносүйүүчүлөр эми
1-6-февралда Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында көрө алышса, 14-23-февралга чейин Бишкек шаарындагы Тарых музейинин кино залынан күбө болушат.

Бакыт жаңы ансамбль түздү
Ырчы Бакыт Мамаев көрүнбөй эмне эле кылып жүрөт десе, жаш таланттардын келечегин ойлоп, жакшы иш менен алектенип жүрүптүр. Нарын шаарынын губернаторунун демилгеси менен Нарын шаарына "Эстрадалык-фольклордук" ансамбль түздү. Атайын келишимдин негизинде иш алып барып жаткан Бакыт мырза бир ай убакыт ичинде улан-кыздарга кастинг жарыялап, жыйынтыгында ансамблге он адамды тандап алган. Башынан эле "Кыргыз" деп күйгөн патриот ырчынын бул ишине ийгиликтерди каалап, таланттарга дагы да болсо колдоо көрсөтүп жүрө берсин демекчибиз.




  шырмаек

Айнура Кыдыралиева:
"Кичинекей боюма таң калгандар көп"
"Береке" бий ансамблинин жетекчиси, Айнура Кыдыралиева биз менен маек куруп, өзүнүн бий ансамбли тууралуу буларды айтып берди.


- Айнура, бийлегенден тажаган учуруң болобу?
- Үч жашымдан бери бийлеп келатсам да, тажай элекмин. Балким, дагы бир топ жылдан кийин бийлебей каламбы, ким билет? Апам да "Кызым, бийиңди токтотосуңбу же, ушул бойдон улантып кетесиңби?"деп сурап калат. Азыр мен жетектеген "Береке" бий ансамблинде 300 адам бийден сабак алат. Эң кичинекейлери 2 жашта болсо, негизги группадагылар 20 жашка чейинки кыздар. Ансамбль боюнча алсам, менден улуу эжелер да бар. Анан ушунча жоопкерчиликти мойнума алып, аларды кантип таштап кетем.
- Бийден сырткары эмне менен алектенесиң?
- Учурда №1 искусство мектебинде балдарга бийден сабак берем. Өзүм кесибим боюнча мугалиммин. Азыр билимимди дагы жогорулатып, кошумча менеджердин окуусун окуп жатам.
- Силердин ансамблге кимдер колдоо көрсөтөт?
- Бизге мен иштеген мектептин директору анан ата-энем колдоо көрсөтөт. Калган иштерди өзүмдүн күчүм менен гана аткарам. Кыздар ансамблге жаңы кабыл алынганда бир жолу костьюмдарга акча беришет. "Аракет кылсаң берекет" дегендей, өзүбүз ырчылар менен иштешип, той-топурларга барып финансы жагын каржылап алабыз.
- Атаандаштарыңардан кантип алдыга оозунасыңар?
- Атаандашуу болуп турса, алдыга жылыш болот да. Биз баардык улуттун бийлерин бийлегенге аракет жасайбыз. Көп учурда өзүм интернетке олтуруп изденем, телевизор көп көрүп, бийге тиешелүү фестивалдарга ансамбль менен барбасак да, өзүм барганга аракет кылам.
- Бийчи кыздарыңдын арасында кандай кызыктуу окуялар болот?
- Кыздар көп жерде уруш-талаш көп болот эмеспи. Андайда чогулуш жасап, ынтымактуу түрдө чечишип алабыз. Ал эми кызыктуу окуялар көп эле болот. Бир жолу Спорт ордосуна кыздарымды алып келип, киргизейин деп жатсам, эшик тоскон бала "Тизмеде жазылган жетекчиңер Айнура кана? Ал келбесе киргизбейм" деп болбойт. "Ой мына, мен Айнура"-десем, "Сен эмессиң, кип-кичинекей болуп алып жетекчисимин деп коёт"десе, баарыбыз каткырып жибергенбиз. Көп учурда боюмду көрүп алышып эле, "Канчанчы классың?"деп сурай беришет.
- Өзүң айтмакчы, кип-кичинекей болуп алып, алдыга кандай пландарды коюп жатасың?
- "Береке" бий ансамбли быйыл үч жашка чыгат. Кудай буюрса, 5-майда үч жылдыгыбызды белгилеп чоң программадагы концертибизди берген жатабыз. Азыртадан концертке даярдык көрүп чуркап жүргөн учурубуз.
- Маегиңе чоң рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-январь, 2010-ж.:
1-бет
"Сен кемпирге окшоп ырдайсың деп..."
2-бет
Каныкей:
"Келишим боюнча аларды атоого укугум жок"

3-бет
АЙЧүРөК МЕНЕН АНЖЕЛИКАНЫН ДАГЫ БИР ЫЗЫ-ЧУУСУ АЧЫККА ЧЫКМАЙ БОЛДУ ОКШОЙТ?...
4-бет
Ырларды санайлы, а теманычы?..
5-бет
"Бизнесмендерге өмүр бою акча жетпейт"
6-бет
Нурзат Орозалиева:
"Эркек" деп балдар сабап, кыздар сүйүп калган учурлар болгон"

7-бет
Динара
Эсенгулова: "Финансы жетишпей жатканы көрүнүп турат"

8-бет
Тата Улан түштүктү түрө кыдырат
9-бет
Атактуулар арзуусу ыр саптарда
10-бет
Эркектерди тамшандырган "стервалар"
11-бет
Гаити
12-бет
Көз мончок
13-бет
Оозду ачырган ачылыштар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мирлан Сабыров:
"Мүмкүнчүлүк мага үч жолу келди"











??.??