п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Ырым- менин сырым

Атактуулар арзуусу ыр саптарда
Алп акын Алыкулдун жашоосунда арзыганы Айдай менен алган жары Зейнеп аттуу эки айым болгонун адабиятка анча-мынча түшүнүгү жок эле адам билбей калбаса, баары билет. Бирок, Алыкул ырларында эки айымдын атын толук атабай З… менен А… деп же каймана мааниде гана жазган. "Акындардын бир сыры-сүйүү ырларында каармандын атын так атабоодо"-деп айткандардын мен акындардын өздөрүнөн көп эле уктум.
"Талантка тагдыр керек"-дегендей, таланттар тагдырдан, турмуштан алып жазбаса анда сонун-сонун чыгармалар кайдан жаралат эле. Ошон үчүн алардын арзуулары муундан-муунга аңыз, уламыш болуп айтылып келет эмеспи. Буга дагы бир мисал, чыгаан агабыз Чыңгыз Айтматов менен белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеваны алалы.
Менин айтайын дегеним, азыр биздин арабыздагы таланттар да тагдырын ыр сабына түшүргөн сыяктуу…


Белгилүү Берадор мырза бир жылдары "Эркинай" деген ыры менен "Аттиң неге жолуктуң, сени алам деп оолуктум, улуу кызым окуп калганда…"-деп элдин эсин оодарган. Андан кийинки ырларын уккан күйөрмандары көп нерсеге түшүнбөй да калышкан. Мисалы, "Уулуң мага окшогон, мен да ага окшогон. Кара аяр көзүңдү карай албай томсором. Аттиң көзгө жаш алам, аттиң кантип кече алам. Кантип эми экөөңдүн кадырыңа жете алам… " дегендей. Бек мырза "Ырларды турмуштан албаганда анан кайдан алабыз?" деп айтканы бар. Анын дагы бир "Ай кызым" аттуу ыры Кытайлык кыргыз кызы, Кыргызстанга бир учурларда келип ырдап жүргөн, бийчи кыз Айнура Турду кызына арналганын айтып жүрүшөт.
Бек Борбиев
"Ай кызым"
Ай кызым ай, ай кызым,
Ай кызым менин.
Жүрө бергин көңүлдө,
Жүрөгүмдө бийлей бергиниң.

Арбайт ар бир кыймылың,
Бийчи кызым, махабатым сен.
Махабатым сен.
Айдан түшкөн ай кызым,
Таазим кылам,
Чырайыңа мен,
Чырайыңа мен.
Жайкалган өрмөлүңдөн,
Көзүңдөн мөлтүрөгөн.
Кайырма:
Өткүр жаштык өмүргө,
Сүйүү берген.
Жүрө бергин көңүлдө,
Жүрөгүмдө бийлей бергин.
Ай кызым ай, ай кызым,
Ай кызым менин.
Жүрө бергин көңүлдө,
Жүрөгүмдө бийлей бергиниң.

Жомоктон келген ханышам,
Сулуулардын периси белең.
Мен издеген.
Байкатпай жүрөк уурдаган,
Бийчилердин сыйкыры белең.
Мен билбеген.
Алтын көкүл саамайыңдан,
Аппак жүзүң, маанайыңдан.





Бир кездеги депутат, азыркы ректор, таланттуу инсан Каныбек Иманалиев өзүнүн ыр саптарында "Аруу, арууке, аруузат, аруужан," деген сөздөрдү көп колдонот. Ошол сөздөр кошулган ыр саптары кадимки Раймалынын ("Махабат дастаны" фильминдеги башкы каарман, казак кызы Бегимайдын арзыганы) небереси, ырчы айым Каныкей Раймалиевага багыштаганын божомолдогондор бар.
Каныбек Иманалиев
"Аруузатым"
Арзуулашым, аяр жан, аруулашым,
Аруу чырай, аруу жүз, аруу жашың.
Эгиз өмүр сүргөнгө эмне жетсин,
Эмнеге кеч кезиктиң аруузатым.

Күндүз-ойдо, түндөсү- түшүмдөсүң,
Күндү уялтат күмүштөй күлүңдөшүң.
Уяласың, уялаш балапандай,
Ушу кантип билгендер түшүнбөсүн.

Жан оорутуп, жалооруп, жароокерсиң,
Жалгыздатпай жайнактап бар экенсиң.
Жашырбастан сезимди кездешели,
Асман көрсүн, ай көрсүн, баары көрсүн.

Сүйүнтөсүң ыр ырдап, үн катасың,
Сүйлөбөй да, сүйлөп да жыргатасың.
Унчукпай эле турсаң да ыр угулат,
Ушул бойдон калсак ээ, аруузатым.

Жаралган бир мен үчүн жан экенсиң,
Жарык берген жашоого таң экенсиң.
Жалган го деп ишенбей жүргөн элем,
Жараткан бар, махабат бар экен, чын.

Жашыл өрөөн жайкалган, жайдарымсың,
Жалгыз сага сырымды айтаарым чын.
Жашып кээде элжиреп эт жүрөгүм,
Жаш кылгырат көзүмдөн сен бар үчүн.

Жүрөктөш бир буюрган кереметсиң,
Жүрөгүмө ысмыңды чегелепмин.
Акыретке карыздар болсоң экен,
Арзуумду алып, кайтарып берелексиң.

Кеч жолугуп, азгырдың аяр, бачым,
Көрбөптүрмүн сендей мөл аялзатын.
Менсиз, сенсиз кең дүйнө кемип калаар,
Мен жокто да сен бар бол, аруузатым






"Үч Теректин" үч кызынын бири, ажарлуу айым Анапия Райымбекова ""Жүрөгүм ооруйт дебеңиз" аттуу ырын белгилүү устат, профессор Улукмырза Полотовго арнаган"-деп айтышат.
Анапия Райымбекова "Жүрөгүм ооруйт дебеңиз"
Айтпаңыз антип, жүрөгүм ооруйт дебеңиз
Таянган тоом, жөлөнгөн аскам элеңиз.
Кеменгер ишкер, керемет жолдор алдыда,
Кемибей турсун кебелбей өмүр кемеңиз.
Жүрөгүңүзгө жүк болдум бекен ашыкча,
Жүрчү элем шерик болсом деп ырыс-бакытка.
Тынчытып өзүм, тымызын тыйып алчу элем,
Көңүлдүн кунун көкөлөп сизге ашыккам.
Таянган тоом, жөлөнгөн аскам элеңиз.
Жөнөкөй жанмын жөн гана сиз деп жашаган,
Жүрөгүм кыйнап, жөнү жок азап жебеңиз.






Урмат мырза Неля менен арзышканга чейин белгилүү ырчы кызыбыз Бактыгүл Бадыева менен сырдаш болгону баарыбызга маалым болуп калган. Экөө эки тарапка кетип, "жаңылдык-жаздык" анан "кайра жараштык" болуп жүрүшкөндө "Урмат Бактыгүлгө ушул ырды арнап жазган" деп чыгышкан.
Урмат Үсөнов
"Болбой эле"
Билем сөз жок чүрөксүң,
Тынчын алба жүрөктүн.
Таштап кетчи, тандап жетчи,
Махабат мүрөгүн.
Билем сөз жок сулуусуң,
Сулуулугуң курусун.
Байкап көрчү, балдап өпчү,
Менден дурусун.
Кайырма:
Болбой эле кадаламын,
Баш айланып ыр жазамын.
Магдыраткан махабатка,
Өзүң болдуң жан мазагым.
Тоңбой эле жазыламын,
Тоголонуп ачыламын.
Тоо карагат көздөрүңө,
Чабак уруп чачыламын.
Кайырма:
Качпай эле жабышамын,
Карек издеп табышамын.
Каш, көз, чач, кирпиктериңе,
Чаң жугузбайм ханышамдын.
Соолбой эле чачырадым.
Соо койбодуң жан чырагым.
Жанчып, тепсеп-тебелеген,
Балким өзүң менин бактым.

Эльмира Мадиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-январь, 2010-ж.:
1-бет
"Сен кемпирге окшоп ырдайсың деп..."
2-бет
Каныкей:
"Келишим боюнча аларды атоого укугум жок"

3-бет
АЙЧүРөК МЕНЕН АНЖЕЛИКАНЫН ДАГЫ БИР ЫЗЫ-ЧУУСУ АЧЫККА ЧЫКМАЙ БОЛДУ ОКШОЙТ?...
4-бет
Ырларды санайлы, а теманычы?..
5-бет
"Бизнесмендерге өмүр бою акча жетпейт"
6-бет
Нурзат Орозалиева:
"Эркек" деп балдар сабап, кыздар сүйүп калган учурлар болгон"

7-бет
Динара
Эсенгулова: "Финансы жетишпей жатканы көрүнүп турат"

8-бет
Тата Улан түштүктү түрө кыдырат
9-бет
Атактуулар арзуусу ыр саптарда
10-бет
Эркектерди тамшандырган "стервалар"
11-бет
Гаити
12-бет
Көз мончок
13-бет
Оозду ачырган ачылыштар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Мирлан Сабыров:
"Мүмкүнчүлүк мага үч жолу келди"











??.??