п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Миң түркүн…

ар собол
Уулуңуздун "подкаблучник"
болушун каалайсызбы?
Алина Жетигенова:
- Негизи ал тарбиядан деле болот. Мен уулума "мындай кыл, тигиндей кыл, кийин аялыңдын сөзүн укпа" деп айтуудан алысмын. Эгерде ошол аялынын айткан сөзү акылдуураак болуп жатса эмне үчүн укканга болбосун? Үй-бүлөдө эркек менен аял кеңешип иш кылса жакшы эмеспи. Ошентсе деле лидерликти талашкан аялдарды анча колдой бербейм, ошол эле учурда аялына биротоло көз каранды болуп өз пикирин айтпаган эркектерди да анча жактыра бербейм.


"Подкаблучник"
дегенди кандай түшүнөсүз?
Алексей Филатов:
- Подкаблучник дегендер өз алдынча боло албаган, аялга көз каранды, табиятынан алсыз эркектер. Эркектин мындай жолду тандашына түрдүү себептер бар, мисалы бирөө аял кишиге финансы жагынан көз каранды болот. Бирөөсү башы айланып сүйүп калып сүйгөн айымын жоготуп алуудан коркуп көзүн карайт. Кандай жагдайга кабылган күндө эркек өзүнүн кадырын, көз карандысыздыгын жоготпошу керек. Мен подкаблучниктерди күнөөлөп же тескерисинче колдой абайм. Анткени ар бир эркек өзүнө жаккан жашоону тандайт.

"Подкаблучник"
эркектерге кандай көз караштасыз?
Роза Шакирова:
- Подкаблучник…мм…а жанагы лох эркектерби (каткырып), ушундай эркектерди аябай жаман көрөм. Ата-эненин кадырын билбеген, бир тууганды сыйлай албаган эркектер аялынын көзүн карап, айтканынан чыкпайт. Мен негизи эркек башкарып турушун каалайм, подкаблучник күйөөгө тийбейт болчумун. Тизгинди аялдын колуна карматып, айдаган жагына басып, айтканын кылган эркектер тилекке каршы арабызда көп эле.


"Подкаблучник" болдуңуз беле?
Самат Дөөлөтбаков:
- Аялын ашыгы менен эркелетип, оюндагысын кылган эркектерди подкаблучник дешет эмеспи. Өзгөчө үй-бүлөдө, кыз-жигиттин мамилесинин арасында кеңири тараган түшүнүк. Подкаблучниктерди сынга ала албайм, бирок өзүм эч качан подкаблучник болбойм. Биздин үй-бүлөдө аялым менен кеңешишим мүмкүн, баары бир акыркы чечимди мен кабыл алам.


Подкаблучник

Күнүмдүк тиричиликте маанисин түшүнүп-түшүнбөй "подкаблучник" деген сөздү кеңири пайдаланып келебиз. Чынында бул сөздүн мааниси "аялынын сөзүнөн чыкпаган, айтканын кылган эркек" деген түшүнүктү бергени менен подкаблучниктердин түрү көп. Бул сөз англис тилинде wife-dominated (аялына баш ийген эркек) дегенди түшүндүрөт. Подкаблучниктерди дайым аялдар башкарып, катуу тартипке кармап жүрүшөт. Мындай эркектер үй-бүлөдө чечим чыгарууга, бийликти колго алууга жөндөмү жок болушат. Кайым айтышуудан, ызы-чуудан качып, жанынын тынчтыгын көздөп көп маселелерди чечүүдө четке чыга беришет. Көпчүлүк эркектер өздөрү жоопкерчиликти колго ала алышпай аялын ажаан, "жезкемпир" кылып койгон "подкаблучниктер" да бар.

"Карапайым"
подкаблучник
Алсыз адам, көрүнгөнгө көз каранды болуп жашоо мындай эркектер үчүн кадимки көрүнүш. Өзүн дайыма күнөөлүү сезип, болгон милдетти, жоопкерчиликти өз мойнуна ала беришет. Сүйүктүүсүнүн айтканын кылып, айдаган жагына басуу ал үчүн намыс эмес. Кир жууганды, тамак жасаганды, үй жыйнаганды кадимки жумуш катары эсептешет.

"Жалкоо"
подкаблучник
Аял киши менен тиричилик маселелерди талкуулоодон качат. Талашып-тартышкандан көрө бир нерсе көңүлүнө жакпай турса да баш ийкеп тим болот. Өз кесибине, ишине берилген эркектер баш-оту менен жумушуна чөмүлүп, аялынын ачуу тилин кулагынын сыртынан кетиргенге маш болушат. Иши кылып балдары ыйлабай, үйдө пикир келишпестиктер болбосо-булар үчүн чыныгы бакыт ошол.

"Үй шартындагы"
подкаблучник
Моралдык жактан аялына түздөн-түз көз каранды. Бирок, айланадагыларына бул нерсе көп билине бербейт. Аялдар мындай эркектерди баласынан да артык асырашат. Мындай эркектердин калыптанышына кандайдыр бир деңгээлде айымдардын да күнөөсү бар. Анткени, алар эркектерди өтө бапестеп, алсыз кылып көндүрүшөт.

"Укмуш"
подкаблучник
Сүйүктүүсүн жакшы көрөт, айтканын аткарат бирок "подкаблучник" экенин мойнуна алгысы келбейт. Сүйгөн айымын жанынан чыгарбаш үчүн баарын даяр, эринбей айымынын айтканын айткандай, дегенин дегендей кыла берет. Кээ бир аялдар көбүнчө мындай эркекти пайдаланып таштап кетсе, кээси көз каранды болуп жүргөнүнө корстон болуп жүрө берет.

"Подкаблучникти" кантип тарбиялоо керек?
Подкаблучниктердин көбү стервалар менен табышып, өмүр бою аларга баш ийип жашашат деген имиштер айтылып келет. Эгерде сизге баш ийген эркектер жакпаса анда төмөнкү ыкмалар менен өзүңүзгө жаккыдай кылып тарбиялап алсаңыз болот.
- Маселелерди талкууга алганда аны менен макулдашып, "алтыным, туура айтасың, сен айткандай кылалы" деген фразалар менен жылуу сүйлөп, жыланды ийинден чыгарганга аракет кылыңыз.
- Аны менен чогуу кийим алганды үйрөнүңүз. Анткени сиз сатып берген шым же костюм кыска же тескерисинче чоң болуп калса ал өзүн ого бетер табити начар, жашоодон артка калган адам катары сезиши мүмкүн.
- Бирөөлөрдүн көзүнчө буйрук берип сүйлөгөндү, тыңсынып кыр көрсөткөндү токтотуңуз. Себеби, бул учурда ал ого бетер чүнчүп, басынат. Курбуларыңыздын арасында отурганда: "бул үчүн мен кылам, маселелердин баарын мен чечем" деген мактаныч сөзүңүз да орунсуз.
- Кайра-кайра ден соолугун сурап, тынчсызданып ашыкча көзүн караганды токтотуңуз. Өз алдынча болуп, сыркоолосо да өз түйшүгүн өзү көтөргөнү оң. Эркелеткен сөздөрдү азыраак айткан да пайдалуу.
- Жумуштарына жөнү жок кийлигишпей, керектүү жерден кеңешиңизди айтуу менен чектелиңиз. Анткени, үйдүн түйшүгүн тартканыңыз аз келгенсип, жеке жумушуна да кошо кийлигишсеңиз сүйүктүүңүз ого бетер боюн таштап, өзүн алсыз сезет.
- Маал-маалы менен өзүңүгө жардам сурап кайрылып, ал тургай өзүңүздүн жумушуңуздун жоопкерчилигин ага жүктөп койгон учурлар да жакшы жыйынтык берет. Анткени алсыз аялды кандай эркек болсо да аяп, мээримге бөлөгүсү келет.

А. Сабырова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Сүйгөнүмдүн жанынан кетким келбейт"
2-бет
Азамат Эркинбаев:
"Сүйгөнүмдүн жанынан кетким келбейт"

3-бет
Лира Медетбек кызы:
"Туура эмес кылса бетине эле айтам"

4-бет
Жылдыздар наамга татышты
5-бет
КРнын Эл артисти.
Ч. Айтматов атындагы сыйлыктын ээси Дүйшөн Байдөбөтов:
"Менде да кайнап турган кан, согуп турган жүрөк бар"

6-бет
Айнагүл Атакулова, жеке ишмер:
Агайын сүйдүрткөн Алтынай Нарбаева

7-бет
Ильяз Агыбай уулу:
"Жыйырма жылдан бери көрүнгөн орусту багып жүрдүм"

8-бет
Бир ырдын тарыхы
Ырыскелди Осмонкулов
"Сулууга"

9-бет
Шефиңизге каяша айттыңыз беле?
10-бет
ар собол
11-бет
атактуулар ааламы
12-бет
Көз
мончок

13-бет
Капчыкты кагып алган чөнтөкчүлө
14-15-бет
Обон почта
16-бет
НБТ биринчи шаардык телеканалдын "Музканал" телекөрсөтүүсүнүн жаш алыпбаруучулары Ниязбек жана Зуля бизде мейманда.
Ниязбек Ысманбеков:
"Жүрөккө операция жасагым келчү"











??.??