п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  атактуулар ааламы

Маанайың чөгүп турганда күлкү тартуулап, кээде көрөрмандарды тажатып да жиберишкен орустардын юмор жанрындагы "Шаарча" ("Городок") телекөрсөтүүсүн башынан бери алып барышып, аны менен гана тим болбостон ар кимдин образын да өздөрү жараткан Илья Олейников жана Юрий Стояновдун жеке жашоосу көпчүлүк көрүүчүлөрдү кызыктырса керек. Бул эки адамдын жеке турмушу жана "Шаарча" телекөрсөтүүсү тууралуу маалымат сиздер үчүн.

"Шаарча" - юморлоштурулган телевизиондук көрсөтүү. 2002-жылдын 8-сентябрынан тарта ошол эле көрсөтүүнүн кыскартылган түрү "Шаарчада" ("В городке") чыга баштаган. "Шаарча" "Кино", "Жомок", "Реклама" сыяктуу рубрикаларды дайыма чагылдырып келет. Телекөрсөтүү ачылгандан бери Илья Олейников жана Юрий Стояновдор 6000ден ашуун ар кандай персонаждардын ролун чагылдырышты. Иван Сусанин, Владимир Ленин, Альберт Энштейн, Владимир Жириновский, Мао Цзэдун жана аялдардан Александра Пахмутова, Алла Пугачёвалардын персонаждарын мыкты деңгээлде чагылдырышкан.
Юра Стоянов
Бейбаш бала
Юра Стоянов 1957-жылы 10-июлда Одессада жарык дүйнөгө келген. Апасы Ирина кесиби боюнча мугалим, атасы болсо гинекологдун ишин аркалаган. Үй-бүлөсүндө актёрлук кесипке жакын адамдар жок болгонуна карабастан, Юра актёрлук чеберчилигин 2-классынан баштаган. Ошондо эле окуткан мугалиминин сүйлөгөн сөзүн, басканын туурап, классташтарын күлдүрүп жүрчү. Анын мындай терс кылыгын билип калган мектептин директору апасын чакырып даттанат. Жини келген апасы Юрийди чакырып алып: "Экинчи мындай жоругуңду укчу болсом, бешинчи кабаттан жерге ыргытып жиберем!" - дегенинен корккон бейбаш бала "Апа, мени ыргытпаңызчы! Сиз мени менен сөзсүз сыймыктанасыз!" деп ыйлаган экен. Ошентип, 1978-жылы Мамлекеттик Театр жана Сахна (Сцена) институтун бүтүрүп актер болуп калган.

"Күлкү" дүйнөсүнө
алгачкы кадам
Юрий Стоянов кинодогу чеберчилигин алгач "Анекдоттор" деген аталыштагы кинокартинкага тартылуу менен көрсөтө алган. Театрда иштеп жүргөн кезинде 1989-жылы болочоктогу кесиптеши Илья Олейников менен таанышып калат. Экөө ошо таптан баштап ири ролдорду ойной башташкан. Мисалы: "Ландыше Серебристом", "Заяц над бездной" деген кинолорго тартылышкан.

Телекөрсөтүүнүн айдоочусу
1990-жылдан тарта Юра телеэкрандан көрүнгөндөн баштап ал жактан чыкпай келет. 1993-жылы "Шаарча" телекөрсөтүүсүн Илья менен бирге ачып, ошондон баштап көрсөтүүнүн режиссёру, актёру, сценарийдин автору, монтажёру, айдоочусу, тартуу тобунун бир эле учурда периштеси жана эң жаман адамы болуп эмгектенип келет.
Тагдырынын эң күлкүлүү белеги деп кесиптеши Илья Олейников экөөнүн туулган күндөрүнүн туш келгендигин айтат. Ал он жылдан кийин Илья төрөлгөн 10-июль күнү жарык дүйнөгө келген.

Сөгүнгөн сөздөр менен кооз сүйлөгөн Юра
Юрий өзүнүн жашоосундагы жардамчысы, сүйүктүүсү болгон жубайы Еленаны жана жарпын жазаары кенжетайы Катяны биринчи орунга коёт. Кыздары Петербург шаарында, балдары Москвада өздөрүнчө турушат. Өзү жубайы Лена менен гана жашайт. Ленанын ар бир жасаган тамагын тамшануу менен жейт. Жайында суу үстүндө мотоциклин айдаганды баарынан жакшы көрөт. Чылымга же алкоголдук ичимдиктерге аялынан катып акча кыстарып алган эркектерди жек көрөт. Өзү канча акча тапса баарын сүйүктүүсү Еленага чыпчыргасын коротпостон алып келет. Юрий Стоянов болгар үй-бүлөсүнөн болгондуктан апасы терезедеги чыныларга чейин вино куюп койчу. Үй-бүлөсү суу, компот же болбосо ширенин ордуна вино ичишчү экен. Ошондуктанбы азыр алкоголду көргөндө эле жүрөгү айланып, жанына жакын жолобойт. Сөз "сөгүнүүгө" келип калганда "Мен сөгүнбөйм. Ошол сөгүнгөн сөздөр менен абдан кооз сүйлөгөнгө аракеттенем!" - деп жооп берет.

Илья Олейников
Төрөлгөндө эле артист болуп чыккан Илья
Олейников (Клявер) Илья Львович 1947-жылы 10-июлда Кишинев шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ымыркай кезинен эле Ильянын ата-энеси баласынан мыкты аткаруучу чыгаарына көздөрү жеткен. Эс кирип баштагандан тарта Ильяга атайын музыка сабагынан берген мугалим жалдап окутушкан. Андан сырткары аккордеон жана кыякты өздөрү үйрөтүшкөн.

Чыгармачылыгы
1970-жылдары тарта ВИА-66 Саулдук оркестринде иштеген. 1980-жылдардын башталышында биринчи болуп юмордук номери менен телеэкрандан чыга баштайт. Юрий Стоянов менен 1991-жылы "Адамово яблоко" телекөрсөтүүсүн алып бара башташат. 1993-жылы ойлонуп олтуруп "Шаарча" деген жаңы телекөрсөтүүнүн үстүндө иштеп башташат.

Концерттин аркасынан
жубайлуу болгон
Молдавиянын мектебинде, андан соң Цирк орто окуу жайында билим алган Ильяны ал жактагы мыкты мугалимдер ага көп нерсеге үйрөтүшкөн. Концерттер биринин артынан бири башталып, алгач "Москонцерт" кийин "Ленконцертте" катышат. Ошондой күндөрдүн биринде Ирина деген кыз ага жан тартып, кийимдерин үтүктөп бере калып жатканын байкаган Илья ал кыздын жасаган мамилесин жактырат. Андан соң Иринанын өзүн… Арадан көп убакыт өтпөй экөө чогуу түтүн булатып калышат. Ошондон бери сүйгөн жары Ильяны бардык жактан кош колдоп, түшүнүп, колунан келген жардамын берип келет.
Жашоо аны кайсы нукка жибербесин, мейли самолётто, вертолётто же поезддин купесинде болобу өзүнүн сүйүктүү роялын жанына алып алат. Жана ошол жерден эле музыка чыгара салат.

Ушу тапта…
Учурда Илья Олейников Россиянын Санкт-Петербург шаарында жашап, иштейт. Жубайы Ирина Викторовна - химия илимдеринин кандидаты. Баласы Денис - музыкант жана "Чай вдвоем" тобунун солисти.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Сүйгөнүмдүн жанынан кетким келбейт"
2-бет
Азамат Эркинбаев:
"Сүйгөнүмдүн жанынан кетким келбейт"

3-бет
Лира Медетбек кызы:
"Туура эмес кылса бетине эле айтам"

4-бет
Жылдыздар наамга татышты
5-бет
КРнын Эл артисти.
Ч. Айтматов атындагы сыйлыктын ээси Дүйшөн Байдөбөтов:
"Менде да кайнап турган кан, согуп турган жүрөк бар"

6-бет
Айнагүл Атакулова, жеке ишмер:
Агайын сүйдүрткөн Алтынай Нарбаева

7-бет
Ильяз Агыбай уулу:
"Жыйырма жылдан бери көрүнгөн орусту багып жүрдүм"

8-бет
Бир ырдын тарыхы
Ырыскелди Осмонкулов
"Сулууга"

9-бет
Шефиңизге каяша айттыңыз беле?
10-бет
ар собол
11-бет
атактуулар ааламы
12-бет
Көз
мончок

13-бет
Капчыкты кагып алган чөнтөкчүлө
14-15-бет
Обон почта
16-бет
НБТ биринчи шаардык телеканалдын "Музканал" телекөрсөтүүсүнүн жаш алыпбаруучулары Ниязбек жана Зуля бизде мейманда.
Ниязбек Ысманбеков:
"Жүрөккө операция жасагым келчү"











??.??