п»ї

Көз
мончок
көп күттүргөн кездешүү
Түрмө түшүмө көп кирчү болду. Андай түндөрү чочуп ойгонуп, уйкум качып ойго батам. "Бул эмнеси? Абак, ал жактагы аялдар эмнеге түшүмө көп кирет? Кандайдыр бир белгиби, же?.." деген жүрөк түпөйүл кылган ойлорго оңгулуктуу жооп таба албай убара тартам. Күндүзү да жадымдан чыкпай жанымды кыйнайт. Айлам кеткенде өзүмдү-өзүм сооротуп, "Түшкө нелер гана кирбейт…Түшүң түлкүнүн богу…" деп түшүмдү сууга айтып төгөм.
Кесилип чыккан аялдардын баарында эле меникиндей абал болобу айта албайм, айтор, жан дүйнөм жалгыздыкты көксөп, жалтаң, жашык, коркок, шекчил болуп өзгөргөндөймүн. "Эртең эмне күн болот, кантип кайра баарын башынан баштайм, орун алып, кайда иштейм?" деген суроолорго жооп таппай калчудай ал ойлордон качып, күн өткөрүп жүрүп үч ай өттү. Ал ортодо учурашабыз деп улуу байкем үй-бүлөсү менен, жана атамдар да кайра келип кетишти. Аларга алаксып бир аз күн болсо да ойдон арылгансып калдым. "Кийим-кечек алып, баскан-турганыңа керекте" деп үйдөгүлөр таштап кетишкен акчамды эки жолу тең эжеме карматтым. Базар кыдырып көйнөк киймек тургай, үйдүн жанындагы дүкөндөн нан алгандан корунуп, Ардакты жиберем. Эч жакка чыккым келбейт. Бул абалым канчага созулаары белгисиз эле. Бир күнү эжем сөз баштап калды:
- Кошуна келин базарда байпак-кече сатат, сүйлөшүп көрүп сени жанына кошуп коёюнбу? Менимче жакшы табат көрүнөт, үйүн оңдоп-түзөштү, машиналуу болушту. Болбосо жаш эле келин, көп болсо сенден эки-үч жаш улуудур. Иштей бер, бара-бара көнүп кетээрсиң, ыя? - дегенине муюбадым. Деле эч бир жандын көзүнө чалдыккым келбей жүргөнүмдө эл аягы тыйылбаган базарда байпак сатууга азыр даяр эмес элем.
- Мен башка эле өзүмө ылайыктуу жумуш караштырып көрөйүн, балким мурунку жумушума да барып көрөттүрмүн.- Эжем жактырбагандай мени шылдың көз караш менен карап алып:
- Ойлонуп көр, сага эле түрмөдөн чыга калдың деп офистеги орун даяр туруптурбу?! Азыр "судимости бар" деп сени оңой менен жумушка деле алышпайт. Кичине көктө учпай, жер менен бассаң боло!-деп алып бөлмөсүнө кирип кетти. Акыр бир күн кимден болбосо да ушул сөздү угаарымды билгем. Мурунку жумушума канчалык баргым келгени менен мени кайра кабыл алышаары күмөн эле. Кабыл алган күндө да ал жердеги кыздардын башы бириге калганда мени сөз кылышып, күбүр-шыбыр түшүп калышкандарын элестетип алып эле ичиркенип кеттим. Ошон үчүн ал жакка барчу жолду унутуп эле койгонум оң болоор деп ойлоп үйдөгү гезиттерди барактап, жарыя боюнча телефон чалып баштадым. Деле бир ылайыктуу жумуш чыкпай жатты. Туристтик агенттиктин кабылдама бөлмөсүнө кыздар керек экенин окуп телефон чалсам сүйлөшүүгө чакырышты. Оолугуп калдым. "Мени көп деле киши көрбөйт, телефондон гана жооп берип иштей берем да" деген ойго жетелендим. Болжошкон күнү айтылган дарекке издеп бардым да даап кире албай сыртта көпкө турдум. Чечкинсиздигиме ызаланып, өзүмө-өзүм жиним келип, жемелегеним менен эч кире албай койдум. Ошол күнү биринчи жолу жалгыз шаар аралап жүрүп автобуста көңүл кирдеткен кездешүү болуп кайнежеме жолуккам. Андан кийинки күндөрүм сиздерге белгилүү эмеспи…
ххх
Өткөн-кеткен күндөрүмдү баштан-аяк тизмектеп өткөрүп, ой топтоп, ата-энемдин төрүндө эки жума эс алдым.
- Эми өңүңө кызыл жүгүрүп, өзүңө келбедиңби. Чыгаарың менен эле Чүрөктүн тилине кирбей сени алып келе берсек болмок экен. Аарчылган чийдей болуп арыктап, түйтөйүп жүдөп келдиң эле эми кадимкидей оңолуп калдың. Жанагы балакет баскан жерден тамакты тартып ичип жүрүп, жедеп бир ичеги болуп бүткөн окшойсуң. Ичсең-жесең - деген эне кургурум безеленип бар тамагын оозума кармайт. Жылуу сөздөрүн угуп, төгүлгөн мээримге канып, көңүлүм, ой-сезимим тазарды. Чыйралып, баягы коркоктук өзүмө-өзүм ишенбөөчүлүк сезим жоголгонсуду. Кайра баарын нөлдөн баштоого туура келет. Ал үчүн тырышып иштеп, эч кимге көз каранды болбой жашап кетейин, ата-энемди ойго салбайын деген жакшы тилек менен шаарга сапар тарттым. Мени менен калган Ардак да "Атамдарды сагындым" деп эки жума араң чыдады.
ххх
- Сени издеп күйөөкең келип тажатты. "Айылга кеткен, жок" дегенибизге ишенбей, мен үйгө катып жаткандай ойлойт окшойт. Экинчи келгис кылайын десем жездең болбой койду. "Чыкпа, сөз сүйлөбө, өздөрү чечишсин" деп. Ал да өзүнчө биларман боло берет эмеспи. Өзүңөр чечсеңер чечип, деги эмне айтаарың бар деп ары жакка кетирчи. Өзүң ойлосоң, эми кайра кантип жашамак элеңер?! Самсаалап эле күндө келген немеге ошону түшүндүрүп айт. Мен да кошуналардан уялып бүттүм. Чоң эле кишини уруша да албайт экенсиң, болбосо…-деген эжем ары-бери басып айылдан алып келген тамак-ашыбызды орду-ордуна коюп да, сүйлөп да жатты. Сырттан мурдунун үстүн тердетип, эдиреңдеп чуркап келген Ардак:
- Сизди жездем чакырып жатат, -дебеспи. Мен катып калдым.
- Ий! Жездеге жарыган экенсиң! Эмне жездең болом дедиби?- эжемдин кер-какшыгын бала кайдан түшүнсүн, күлмүңдөп баш ийкеп алып жүгүрүп кетти. Эмне дээримди билбей эжеме тигилсем унчукпай мени тиктеп карап койду. Көздөрүнөн көп нерсени окууга болот эле. Сыртка жөнөдүм. Жүрөгүм туйлап, муун-жүүнүм бошоп…Сагынып, караанына зар, үнүн угууга куштар болуп, ошол эле мүнөттө кайра жектеп өз жашоомдон чийип салгым келген адамыма шашыла бараттым. Дарбазадан чыкканда эле мени утурлай кадам таштады. Бир эле учурда эң жакын жана жек көрүндү болгон эркегим эч өзгөрбөптүр. Бир аз толуп алганы эле болбосо. Дароо эле кучагына кысып, бетимден өптү. Мен да өзүмдү андан оолактатпай ыктадым. Көз жашым чууруду.
- Кандайсың? Жакшысыңбы? Ден соолугуң кандай? Ыйлаба, ыйлабачы, кечирип койчу мени, Аздеш кечирчи?-деп суу болгон көздөрүмдөн алмак-салмак өпкүлөй, бооруна бекем кысып алды. Жүрөгүнүн дүкүлдөй какканын угуп, башымды үнсүз жөлөп турдум. Ошол маалда терезеден баш баккан эжем:
- Ай, Ардак, балам, кир үйгө -деп кыйкырган үнүнөн гана артка кетенчиктей көздөрүм менен Ардакты издедим. Биздин жаныбызда эле ойноп жаткан балдардан оолак туруп алып мени жалдырап тиктеп калган Ардакты көрүп аргасыз күлүп жибердим.
- Ардакты машинага салам деп койдум эле, жүр, бир жерге барып тамактанып сүйлөшүп отуруп келбейлиби? Ардак биз менен жүрө берет да,- деген Сүйүндүк эжем угуп калчудай шыбырай сүйлөдү. Эжем да ансайын күчөп кайра-кайра чакыра бергенинен Ардакты үйгө кирүүгө эптеп көндүрдүм. Бала эмеспи эртең эртерээк келип шаар кыдыртам дегенине алданып калды.
Мени болсо шаардын четиндеги кафелердин бирине алып барды. Оюмда бул биздин алгачкы жана акыркы сүйлөшүүбүз деп бараттым. Жолду катар экөөбүз тең унчугушпай келдик. Бир маалда "мобул ырды уксаң" деп музыкасын чоңойтуп койду.
Таалайымдын татынакай гүлү деп
Ар убакта атың атап күбүрөп.
Келчи жаным кучагыма кысайын,
Ээ-эй көздөрүңдү сүйөм дайым миң ирет.
Ойлоду элем болду сенден айрылгам.
Кайра кайдан чыга калдың алдымдан.
Көңүлдөгү кыштын сүрүп бороонун,
Сен жазымсың кайра мага жаралган…- деген ыр радиодо жаңырып жатты. Ыр бүткөндө мени муңдуу тиктеп:
- Ушул ырды угуп калып сен экөөбүз жөнүндө жазылгандай жаздырып алгам. Кандай экен?-деди. Жооп бербедим. Эмне дээримди деле билбедим.
Кафеде отурганыбызда мени тамактанып алсын дедиби жөн гана аркы беркини сүйлөп, ага-тууганды сурап ойлуу отурду. А бирок тынчсызданган көздөрүнөн айтаарга сөзүн камдап жатканын байкадым. Маңдайында араң эле карманып отурам. Мурунку учурум болсо мойнуна асылып эркелеп, бирин-серин чыгып калган ак чачтарын кармалап "Мобул үч ак чачың мен үчүн агарган. А калган үчөөнү ким агартканын билбейм" деп жымыңдасам, жылмайып күлүп: "Канча ак чачым болсо ошонун баары кантип сага жетем деп жүрүп сен агарттың" демек эле. Кулак түбүнөн жыттап-жыттап, өпкүлөй "Ах, жытыңдан сенин! Толтура эле эркек жыттап көрдүм, бирок сеникиндей эч кимде жок! Сенин жытың жаңы төрөлгөн наристеникиндей" десем каткырып, көпкө күлүп "Кана, кана ошол толтуралар жөнүндө айтчы" деп шап кучактап боюна кысып аймалап өпкүлөп, кытыгылап "Тамаша, тамаша" дедирмейинче бошотмок эмес. Ушуларды эстеп, ал каалоомду күч менен тыйып, чоочун бирөө менен отургандай тартынып отурам. Бактылуу ошол көз ирмемдер карегиме жаш кылгыртты.
- Аздек! - деди анымды байкагандай жүзүн олуттуу тарта, колун сунуп колдорумду кармалай ысык эрдин тийгизип өөп,- Мындай болбошу керек эле… Ишенээр-ишенбесимди билбей, укканда дел болуп калдым. Дароо сага бардым, өз оозуңдан угайын деп. Сен чыкпай койдуң. Анан кыйнабайын убакыт өтсүн деп ойлодум. Мага деген ачууң тараар, менин сөзүмдү укчу учур келээр деп күтүп кийинчирээк барам деп жүрсөм … Көрсө чыгып калган турбайсыңбы.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Сүйгөнүмдүн жанынан кетким келбейт"
2-бет
Азамат Эркинбаев:
"Сүйгөнүмдүн жанынан кетким келбейт"

3-бет
Лира Медетбек кызы:
"Туура эмес кылса бетине эле айтам"

4-бет
Жылдыздар наамга татышты
5-бет
КРнын Эл артисти.
Ч. Айтматов атындагы сыйлыктын ээси Дүйшөн Байдөбөтов:
"Менде да кайнап турган кан, согуп турган жүрөк бар"

6-бет
Айнагүл Атакулова, жеке ишмер:
Агайын сүйдүрткөн Алтынай Нарбаева

7-бет
Ильяз Агыбай уулу:
"Жыйырма жылдан бери көрүнгөн орусту багып жүрдүм"

8-бет
Бир ырдын тарыхы
Ырыскелди Осмонкулов
"Сулууга"

9-бет
Шефиңизге каяша айттыңыз беле?
10-бет
ар собол
11-бет
атактуулар ааламы
12-бет
Көз
мончок

13-бет
Капчыкты кагып алган чөнтөкчүлө
14-15-бет
Обон почта
16-бет
НБТ биринчи шаардык телеканалдын "Музканал" телекөрсөтүүсүнүн жаш алыпбаруучулары Ниязбек жана Зуля бизде мейманда.
Ниязбек Ысманбеков:
"Жүрөккө операция жасагым келчү"











??.??