Жакын туруп алыспыз…бы?

Лира Медетбек кызы:
"Туура эмес кылса бетине эле айтам"
Турмуштун оош-кыйышын бирдей татып, ачуу-таттуусуна чогуу чыдап келген белгилүү түгөйлөрдү "Түгөй тор" аттуу рубрикабызга чыгарып, тесттеги суроолор аркылуу жубайлардын бирин-бири канчалык деңгээлде биле тургандыгын текшерип беребиз. Бүгүнкү саныбызга ырчы жигит Замир Арыкбаев менен жубайы Лира Медетбек кызын тесттен өткөргөн элек.


Байке бир жумада канча байпак жыртат?
Л.М. - Замирдин бир жумада байпакты жыртканын көрө элекмин.
З.А. - Бир жумада байпак жыртпайм деле. Кеч жыртам
Кандай өңгө басым жасайт?
Л.М. - Көбүнчө ак жана кара өңдөргө жакын.
З.А. - Кийимдеримдин көбүнчөсүнүн өңү кара жана ак.
Кайсы тамагыңызды жактырат?
Л.М. - Мантыны аябай жакшы көрөт. Менин мантымды калтырбай жейт.
З.А. - Мантысын тим эле тамшанып жейм.
Башынын өлчөмү канча?
Л.М. - Точно билбейт экенмин. Башына шапкени дайыма өзү сатып алат да.
З.А. - Унутуп калдым 54 же болбосо 50 болуш керек.
Жолдошуңуздун эң жаман көргөн сөзү?
Л.М. - Билбейм кайсы сөз жакпаарын.
З.А. - Мага жакпаган сөз деле жок болуш керек.
Кайсы жакка барганды жактырат?
Л.М. - Көл жээгине барганда абдан рахат алат. Көбүнчө Ысык-Көлгө барат.
З.А. - Жайкысын Ысык-Көлгө барганды жактырам.
Сиз менен үйлөнгөндөн бери канча китеп окуду?
Л.М. - Мага үйлөнгөндөн бери китеп окуганын көргөн жокмун. Китепти ачып кичине окуйт да аягына толук чыкпайт.
З.А. - Чынын айтсам, үйлөнгөндөн бери китеп окуганга колум тие элек.
Замир байке өзү кайсы ырын жакшы көрөт?
Л.М. - Бардык ырларын жактырат.
З.А. - Өзүмдүн репертуарымдагы "Таластык кызга ашыкмын" жана "Акмаржан" деген ырларымды жакшы көрүп ырдайм.
Көп колдонгон сөзү?
Л.М. - Кайсы сөздү көп колдоноорун билбейт экенмин.
З.А. - Өзүмдүн көп колдонгон сөзүмдү ушул убакка чейин байкабаптырмын.
Бою канча см?
Л.М. - Бою 170 см.
З.А. - 169-170 см.





"Туура эмес болсо унчукпай коет"
Лира эже кандай кийимдерди кийгенди жактырат?
З.А. - Кийимдерди көбүнчө өзү тандайт. Ачык кийимдерди кийбейт. Жөнөкөй кийимдерди гана кийгенди жактырат.
Л.М. - Спорттук кийимдерди кээде гана кийгеним болбосо, көбүнчө классикалык кийимдерге басым жасайм.
Фигурасынын параметри канча?
З.А. - Билбейт экенмин. Фигурасын өлчөп көрбөптүрмүн. (күлүп)
Л.М. - Фигурамды ченеп көргөн эмесмин. Нормальный эле фигурам бар.
Көзүн кандай өң менен боёйт?
З.А . - Билбейм. Өзүнө жарашыктуу кылып боёнуп алат.
Л.М. - Көзүмө дайыма ачык күрөң түстөгү көлөкө түшүрүп алам.
Кайсы мезгилди жактырат?
З.А. - Жылуу мезгилдерди жактырат. Жай жана жаз сүйгөн мезгилинин катарына кирет. Ал эми кышында кардын аппак болуп турганын да жакшы көрөт.
Л.М. - Бардык жылуу мезгилдерди жактырам.
Кыргыздын аялдарынын үй оокаттарынан кайсыны жакшы жасайт?
З.А. - Биз айылда жашабагандыктан кыргыздын шырдак, кийиздери сыяктуу буюмдарын жасай элек.
Л.М. - Кыз кезимде куракты жакшы курачумун. Азыр курабай жүрсөм да унута элекмин.
Кайсы актрисаны жактырат?
З.А. - Женнифер Лопести жакшы көрөт. Ал катышкан кинонун бардыгын көрүп чыккан.
Л.М. - Женнифер Лопестин аткаруу чеберчилиги абдан жагат.
Телесериалдардан кайсыны жактырып көрөт?
З.А. - Казактардын КТКдан түрктөрдүн сериалы болгон учурда бардыгын таштап коюп көрөт.
Л.М. - КТКдан түрктөрдүн "Аси" телесериалын кызыгып көрүп жатам.
Сизге кайсы сапаты жакпайт?
З.А. - Лиранын мага жакпаган сапаты жок. Бардык сапатын жактырам.
Л.М. - Билбейм, өзүмө жакпаган сапатым деле жок болуш керек.
Жиниңизди кантип билдиресиз?
З.А. - Бир нерсе туура эмес болуп калса унчукпай коёт.
Л.М. - Эгер туура эмес иш болуп калса бетине эле айтам.
Төркүнүңүзгө канча убакытта бир барып турасыз?
З.А. - Ар кандай, анда-санда баланы таштаганы эле барып калат. Бир айда бир же эки жолу барат.
Л.М. - Атамдардын үйлөрү биздикине жакын эле. Ошого карабастан көп деле барбайм. Кээде эле баланы таштаганы барып калам.
Төлөбүбү Касымалиева