Сен ишенбейсиң

Жылдыздар наамга татышты
Эл арасында "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы"деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, карап олтурсак, сахна адамдарынын арасынан дайыма бир нерсени адат кылып, аны жасамайынча тура албагандары да жок эмес. Биз аларга чын-тамаша аралаш төмөндөгүдөй наамдарды ыйгарсак болчудай экен деп анализ жүргүзүп, мындай чечимге келдик.


"Смсчи куудул"
Сыймык Бейшекеев
Бир караган адамга олуттуу, сүрдүү көрүнгөн Сыймык Бейшекеев чынында өтө эле тамашакөй адамдарга кирет. Ажыкыстанып олтуруп, Сыймык мырза бир күндө бир нече досуна ыр менен тамашалуу смстерди жөнөтүп, алардын боорлорун эзет экен. Мындай жорукту жасамайынча туралбаган ырчыга "Смсчи куудул" деген наам ыйгарсак куп жарашып калчудай.


"Китепкөй"
Элмара Турсуналиева
Элмара айымга дароо эле "Китепкөй"деген наамды тапшырмакпыз. Себеби, өзүнө жагып калган китепти көрүп калса, же ал китеп кимде бар экенин укса, артынан сая түшүп, издеп, сураштырып олтуруп окумайынча жаны тынбаганы тынбаган. Балким, тыпылдап сүйлөгөн тапкычтыгы, сөз байлыгынын кенендиги да ушундан уламдыр.


"Жыттуу айым" Назгүл Насиева
Ал эми дайыма жыттуу болууну каалаган Назгүл Насиева атырды аябай эле ашыкча колдонот экен. Косметика салынган сумкасынын ичинде эң аз дегенде жети атырдын болушу абзел. Андыктан, Назгүл айымга "Жыттуу айым" деген наамды берсек, жарашпай анан...


"Суу үнөмдөгүч" Асема
Асеманын мындай адаты бар экенин билгендер таң калбайт болушу керек. Анткени, ал басса-турса дагы колунан "Нымдуу салфетканы" түшүрбөй, улам-улам эки колун аарчый берет экен. Ушундан улам колун суу менен жуубастан "Нымдуу салфетканы"көп колдонгон Асемага "Суу үнөмдөгүч"деген наам берсекпи деп ойлонуп калдык.


Ынак "Тамекинин кардары"
Ынактын өчү тамекиде экенин жакын достору билет чыгаар. Анткени, ырчы бир гана сахнада ырдап жатып тамеки тартпайт окшойт. Өзүнүн айтканына караганда машина айдап баратса дагы, адамдар менен сүйлөшүп жатса дагы кыскасы, улам-улам тамеки чегип турмайынча туралбаганы, тамекичи соодагерлердин соодасын жүргүзөт имиш. Ошондуктан, "Тамекинин кардары" десек туура болоор.


"Музыканын фанаты" Гүлнара Калдарова
Гүлнара Калдарова башкасынан да музыка, ыр жок туралбасын билдирди. Эртең менен болобу, түнкүсүнбү, кайда жүрбөсүн ырсыз, музыкасыз жашоосун элестете албайт экен. Анан да ичинен кыңылдап, ырдамайынча туралбайт. Гүлнара айымды "Музыканын фанаты" десек, ашыкча болбосо керек.


Нурдөөлөт "Гелдин душманы"
Нурдөөлөт өзүнүн чачын башкалардан өзгөчө кылып жасатып алганды жактырып, бир күндө 25мл грамм гелди жөн эле түгөтүп койгонун карабайсызбы. Элдер гелге эмес андан да керектүү буюмдарга акча таппай жүрсө, өчү бардай күн сайын чачын гелдеп, кайра жууган актёрго "Гелдин душманы" деген наам берсек жарашабы деп калдык.


Айылчы "Баатыр кол"
Эр болсоң Айылчынын адатын туурап көр. Айылчы, дайыма колунун манжаларын күчтүү кыла турган "Эспандер" буюмун чөнтөгүнө салып жүрөөрүн эч ким байкабаса керек. Алдымдан душмандарым чыкса күчтүү колум менен бир урам дейби, кыскасы, алдын ала сактанып, эч кимге билинбей күч топтоп алмайы бар экен. Демек, ага "Баатыр кол" наамын берсек таарынбайт чыгаар.


Эгерде окурман, сиз дагы өзүңүз каалаган өнөр ээсине наам ыйгаргыңыз келсе, анда бизге байланышка чыгыңыз же болбосо электрондук почтага, смс жөнөтүүчү номерге кат жазыңыз. Биздин дарек, гезиттин экинчи бетинде көрсөтүлгөн.

Айнура Касымова