п»ї
 Таанышуу жарыясы


  көрүнбөй кайда кеттиңиз?..


Ильяз Агыбай уулу:
"Жыйырма жылдан бери көрүнгөн орусту багып жүрдүм"
Акыркы күндөрү сахнадан көп көрүнбөй күйөрмандарын сагындырган куудул
Ильяз Агыбай уулун маекке тартып, жаңылыктары менен тааныштык.

- Акыркы күндөрү көрүнбөй кеттиңиз, эмне менен алек болуп жүрдүңүз?
- Кудай маңдайыбызга жазгандан кийин элди күлдүрүп маймыл болуп жүрөт экенсиң. Чоң сахнадан көрүнбөй калсаң эле элдер чыгармачылыктан биротоло кетти деп түшүнүшөт экен. Жок андай деле эмес, сахнага көп чыкпай калганым менен гастролдоп, жаштар, орто, улуу муундун өкүлдөрү менен эки жакка чыгып, концерт коюп жакшы эле жүрөм, бир сөз менен айтканда чыгармачылыктан үзүлгөн жокмун. Жай ичи Эрнис Бөрүбаев, дагы бир топ куудулдар менен биригип "Кычкыл тамаша" деген программадагы тамаша тартканбыз, дискке чыгып, буюрса өз жемишин берип жатат. Жаштардын табитине ылайыкталып тартылды десем жаңылышпайм. Анткени биз тарткан тамашалар ар бир жаштардын уюлдук телефонунда жүктөлүп жүрөт. Жеке жашоомдогу жаңылыктардан айта турган болсом, Сокулукка өзүм үй салып жыргап калдым. Буга чейин жыйырма жыл бою батирлеп, ар кайсы бурчта жүрүп, көрүнгөн орусту багып жүрдүм. Эми буюрса өз үйүм, өлөң төшөгүмдө жашап жатам.
- Жубайыңыз эмне менен алектенет?
- Жубайым үйдө, балдарым жаш. Улуу уулум Эрзат төрткө чыкты, кызым Элиза эки жашта. Келинчегим Кенже мурда сахнада ырдачу, азыр үйдө ырдап жатат. Той- топурдан колуңа конфет-печенье, тойчук көтөрүп барсаң эч качан "ырдабайт", куру кол барып, биртке "сеп" этип алсаң тынбай "ырдайт". Кечинде эки саат концерт анан антракт, эртең менен дагы эки саат концерт деп койбойунбу. Бирок, жашың өткөн сайын бири-бириңе ынак болуп, жакшылыгыңды чыгарып, жамандыгыңды жашырып калат экенсиң. Кээ бир учурларды эске албаганда жакшы эле, мындан артык ынтымактуу турмушту элестете албайм.
- Жубайым ырдайт деп жатпайсызбы, качан кайрадан сахнага чыгарайын деп жатасыз?
- Юморлорумду, сатираларымды биринчи келинчегим угуп, сындайт. Өзү да абдан тамашакөй, үнү да укмуш бийик. Быйыл буюрса жыйырма жылдыкта туулган жериме, Чаткалга барып келем. Жөн гана барып тим болбостон досторду алып эсте калаарлык концерт коем, ошондо ырдайт. Менин жыйырма жылдыгым болуп атса эмне үчүн менин келинчегим ырдабаш керек? Кенженин үнү менменсиген айрым ырчылардыкына караганда жакшы.
- Балдарды тарбиялоодо кимиңер басымдуурак роль ойнойсуздар?
- Мен бала-бакыраны багайын деп талаа-түздө көп жүрөм. Балдар көбүнчө жубайымдын карамагында. Бирок, үйдө болгон кезде сөзсүз уул-кызым менен ойноп аларды алаксытам. Менин оюмча баланы өтө деле эркелетпеш керек. Азыркы балдардын аң-сезими башкача өнүккөн. Уулум Эрзатты эмчектен чыгарып жатканда апасынан алыстатайын деп эки жакка көтөрүп жүрүп гезит-журнал саткан киосканын жанына келип калыппыз, сыртында жылаңач кыздын сүрөтү тартылган журналды көрсөтүп, "ата, ана мама" деп жатпайбы. Азыркы балдардын аң-сезими ушундай.
- Пародия жаратыш кыйынга турса керек?
- Чынында эле жанрлардын арасынан пародия жанры эң татаал. Анткени сахнага чыкканда Күмөндөр агабыз өзү менен өзү болсо, пародия жаратуучулар сахнадан бир эле учурда беш-алты адамдын үнүн, мимикасын, мүнөзүн айкалыштырып залда отурган элге жеткирет. Элдерди күлдүрүш кыйын, кээде тердеп, жан-алакетке түшүп бирөөнү туурап жатсаң мостоюп отурушат. "Ай, ушул жакпай калды го" деп бушайман жеп отурсаң, сахнанын артына келип, "эзип койдуңар, мен мынча күлгөн эмесмин" дешет. Кээ бирөөлөр столдон жыгылгыча каткырып күлүп отуруп концерттин аягында "Өткөндөгүнү эле кайталап койдуңар" дешет, айтор элдерге жагыш, купулуна толуш өтө кыйын.
- Биздин элдин концерт көрүү маданиятын кандай баалайсыз?
- "Бир карын майды бир кумалак чиритет" деген сөз бар го, азыр бир концертте жок дегенде эле жыйырма кумалак чогулат. Сөзсүз бирөөнү туураш керек, артынан кайталап шылдыңдаш керек. Бир жолу Сыймык Бейшекеев, Айбек Карымов, Таалай Турдубаевдер концерт коюп жатышса, концерттин бүтөөрүнө он мүнөт калганда залдын ортосунан бир "братан" туруп алып: "Эй, бириңерден-бириңер жакшы ырдайт экенсиңер, бирок кулагы керең, бир буту чолок болсо да сахнага алып чыкканга кызыңар жокпу" дептир. Кудайга шүгүр, кээ бири жакшы эле колдойт, кол чабат. Кээ бири "Дисктерден көрө берип тажадым" дегендер да жок эмес.
- Келечекке койгон пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?
- Чет өлкөгө чакыруулар болуп жатат, чет өлкө десе эле оозумду чоюп Американы айтпайм. Россия, Казакстандан кызыктыраарлык сунуштар болуп жатат. Кыргызстандын туз-насибин эле Кудай мага кут кылсын.




Талант сахнага кайра келем дейт
Мындан бир жыл мурун Талант Анарбаев күйөрмандары менен коштошуу концертин берген эле. "Сахна менен биротоло коштошуп жатасызбы" деген сурообузга "Эгерде менин күйөрмандарым "Талант сахнага кайрылып келсин" деген смстен 20 миң киши айтса эле кайра сахнага кайтып келем" деген. Ушундан улам биз "Обон" гезитине "Талант Анарбаевди колдогула" деп жарыя жазганбыз. Арадан бир жылга жакын убакыт өтүп, биздин дарекке 20 миң смс болбосо да 10 000ге жакын смс келди. Биз Талантка байланышка чыктык. "Менин канча күйөрманым болсо, ошончосун жүрөгүмдүн тереңинен сыйлайм, алар үчүн кызмат кылууга даярмын" деген жообун берип, төмөндөгүдөй кыскача маек курдук.
- Талант байке, бир жыл ичинде эмне эле кылып жүрдүңүз?
- "Аралаш" тобуна Рысбек менен Тынарды кошуп бердим да, өзүм быйыл чакан бизнес баштагам. Башында "Бейиш суусундугун" ачсам элдер таң калып, "Эмне Талант бейишти көрүп келди беле" дешкенинен, атын "Ак ниет" деп өзгөрттүм. Эл жакшы кабыл алып, азыр Оштун отуз чакты жеринде сатылып жатат. Андан сырткары Үрүмчүгө барып келдим. Эми чыгармачылыкка киришип жакшылап иштейин деп жатам.
- Сахнага чыгаар-чыкпасыңызды элдин таразасына коюуңузга эмне түрткү болду эле?
- Ойлоп көрсөм 2000-жылдан бери эс ала элек экенмин. Күн сайын концерт коё берип чарчаганыман эс алууну туура көргөм. Анын үстүнө өзүмдү сынап, элдин таразасына коюп көрүүнү кааладым. Эгерде элдер чындап эле мени сахнадан көргүсү келсе чындап добуш беришет деген ойго келдим. Кудайга шүгүр, жакшы эле баркым бар экен,күйөрмандарым мени унутпай жакшы колдошуптур.
- Учурда Ошто элесиз да?
- Азыр келинчегим менен Ошто жашап жатам, борборго барганда же үйүң жок болсо…Биякта бизнесим менен алектенип, жемишин көрүп жатам. Келинчегим бизнесиме жардам берет, өз кесиби юрист. Азырынча иштетпей эле үйгө отургузуп койдум. Колунда диплому бар, каалаган убагында ишке орношуп алат да.
Жаңы күч, жаңы дем менен сахнага кайтып келген турасыз, кандай идеялар, пландар бар?
- Мен негизи элди тажатып, эптеп концерт бергенди, бир программаны беш-алты жолу кайталаганды жаман көрөм. Жалаң жаңы программадагы концертимди 8-9-февралда Жалал-Абадда, 10-13-февралда Ошто коём. Алдыга койгон башка да чоң пландарым бар, аларды эми ишке киришкенден кийин айтайын, болбой калса уят болуп калам.




Экөө жөнүндө
Талант Анарбаев достору менен саунада эс алып отурат. Жаңыдан колдоруна стакан алып тост сүйлөйүн деп жатса жанында турган телефон шыңгырап, Талант трубканы көтөрөт:
- Да алтыным, эмне…Бриллианты менен шакек жакты? Бир жарым миң доллар экен дейсиңби? Ал, ала бер алтыным…
Колго стакандарды алса кайрадан телефон шыңгырайт, баягы эле үн:
- Кандай дейсиң, ий жаным ошол пальто жактыбы? Жыйырма миң доллар бекен? Ошол элеби? Ал, алагой жаным…
Жаңыдан стаканды колго алса, кайрадан телефон шыңгырап, Талант:
- Оу…жаным, Мерседес?..Шакегимдин өңүнө түспөлдөш экен дейсиңби? 100 миң доллар бекен? Ошол да кеппи, каалаганыңды ал…
Телефонду коёру менен жанындагы досторуна кайрылып:
- Ушул телефонду ары алып барып ыргытып салайынбы, каяктагы бир келесоо унутуп кетип калса анын ордуна мен жооп берип жатып тажадым!..
ххх
Ильяз Агыбай уулу психиатрга келип:
- Доктор, менин уйкум тынч болбой, жакшы эс ала албай жүрөм. Көзүм илинээр менен бир боо жаңы долларларды санап чыгам да аягында бир купюра жетпей чочуп ойгонуп, муздак тер басып жатат.
Доктор:
- Бүгүн түшүңүздө акча эмес, кичине көзгө көрүнөөрлүк нерсе санап көрбөйсүзбү? Мисалы кой…
Эртеси Ильяз кайрадан доктурга келип:
- Доктур, баары бир жеңилдеген жокмун. Түндө кой санап жатсам токсон тогузга чейин санагычакты баары жайында. Анан жүзүнчүсү келип: "Баары бир бир купюра жетишпей жатат" дейт.
ххх
Талант Анарбаев менен Ильяз Агыбай уулу кафеге официант болуп жаңыдан орношушат. Жумуш күнү бүткөндөн кийин экөө сүйлөшүп отуруп Ильяз:
- Кечээ күнү мага бир белгилүү ырчы келип бир чыны кофе ичти да, 100 долларды үстөлдүн үстүнө ыргытып чыгып кетти.
Анда Талант:
- Кечээ мага да бир кардар келди. Кофе ичти, 100 долларды үстөлдүн үстүнө ыргытып чыгып кетти. Мен акчаны жаңы эле алып, мындай кайрылганымда артыман бир топ көпкөн балдар менен кирип келип, 100 долларын алганым үчүн 500 доллар өндүрүп кетти.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Сүйгөнүмдүн жанынан кетким келбейт"
2-бет
Азамат Эркинбаев:
"Сүйгөнүмдүн жанынан кетким келбейт"

3-бет
Лира Медетбек кызы:
"Туура эмес кылса бетине эле айтам"

4-бет
Жылдыздар наамга татышты
5-бет
КРнын Эл артисти.
Ч. Айтматов атындагы сыйлыктын ээси Дүйшөн Байдөбөтов:
"Менде да кайнап турган кан, согуп турган жүрөк бар"

6-бет
Айнагүл Атакулова, жеке ишмер:
Агайын сүйдүрткөн Алтынай Нарбаева

7-бет
Ильяз Агыбай уулу:
"Жыйырма жылдан бери көрүнгөн орусту багып жүрдүм"

8-бет
Бир ырдын тарыхы
Ырыскелди Осмонкулов
"Сулууга"

9-бет
Шефиңизге каяша айттыңыз беле?
10-бет
ар собол
11-бет
атактуулар ааламы
12-бет
Көз
мончок

13-бет
Капчыкты кагып алган чөнтөкчүлө
14-15-бет
Обон почта
16-бет
НБТ биринчи шаардык телеканалдын "Музканал" телекөрсөтүүсүнүн жаш алыпбаруучулары Ниязбек жана Зуля бизде мейманда.
Ниязбек Ысманбеков:
"Жүрөккө операция жасагым келчү"











??.??