п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жылдыздар турмушунда

Шефиңизге каяша айттыңыз беле?
Жашоодо көпчүлүгүбүз жетекчиге баш ийип, анын берген багыты менен иш жүргүзүп келебиз. Ал эми белгилүү адамдар өздөрүнүн "Шефтерине" каяша айтып көрдү бекен? Өздөрүнөн сурайлычы.


Куудул, Жаныбек Алыкулов: "Тилимдин айынан
кызматтан кеткем"
- (Күлүп) Мен каяшаны сыртыман караганда ичимден көп айтам. Бир жолу ичимдеги каяшам сыртыма чыгып кетип, тилимдин айынан мени кызматтан түшүрүп коюшкан. Кайсы кызмат экенин айтпай эле коёюн. Аны да жөн түшүрбөй, каадалануу, сый жолу менен түшүрүшкөн. Кабинетиме келип, "Жаныбек, эми "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт"деп алдап, ордума менин алдымда иштеген жигитти койгондо, "Макул, "Бирде жигит төө минсин, бирде жигит жөө жүрсүн. А бирок, жигиттин үстүнө төө минбей эле койсунчу, рахмат кызматыңарга"деп кетип калгам.

Ырчы, куудул, Жеңишбек Айтиев: "Эшикти "тарс" жаап чыгып кеткем"
- (Күлүп) Каяша кайтаргам. Мен анда Оштогу шаардык стадиондо администратор болчумун. Бир күнү шефтин кабинетине уруксааты жок кирип, бир нерселерди карап жатсам, келип калган. Шефтин атын айтпай эле коёюн. "Сен эмне менин кабинетиме киресиң? Баалуу документтер жоголуп кетсе эмне болот?"дегенде, менин да ачуум келип,"Сиз мага ишенбейсизби, башка бирөө кирип жатты беле?" деп эшикти "тарс" жаап чыгып кеткем.


Асел Турдалиева:
"Шеф менен айтышкан күндөр болгон"
- Эгерде шефтин айтканы туура эмес болуп жатса, мен бетке айткандан коркпойм. Качан, эмне деп каяша айтканымды эстештин азыр кажети деле жок. Бирок, буга чейин бири-бирибизди түшүнбөй калып, же болбосо иш боюнча айтышып кеткен күндөр болгон. Эгер аныкы туура болуп жатса, "Меники мындай, жок андай болчу" деп талашпай, кечирим гана сурап коём.


Канат Култаев:
"Каяшабы,
каяша эмеспи билбейм..."
- Эми чыгармачылыкта пикир келишпестиктер боло берет да. Көбүнчө "Бравого" чакырылган коноктордон улам продюсерим менен айтыша кеткен учурларым болот. Бул каяшабы же, каяша эмеспи, билбейм. Бир жолу түз эфирге Айгүл Чалованы чакырып койсом, продюсерим "Ал кызды эмнеге чакырдың? Клиптери бар, таанылып калган ырчыларды чакырбайсыңбы?"деп урушканда, "Азыр Айгүл популярдуу болуп жатпайбы, анын эфирге келиши телекөрүүчүлөр үчүн кызык"деп айтыша кеткем.


Назира Айтбекова: "Шефиме көк беттенчүмүн"
- Акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү, чындыкты талашып бетке айткан күндөр болгон. Университетте иштеп жүргөндө концерттик программалардын көбүн мен даярдачумун. Дароо эле шефтин өзүнө кирип, "Мага сценарий боюнча бул керек, тиги керек" деп сурачумун. Шефим, "Ай, азыр бизде акча жок, аны жөн эле коёлу"десе, "Кылам дедимби кылам, акча менен менин ишим жок, таап бериңиз"деп өзүмдүкүн бербей көк беттенген учурларды эстеп, күлүп калам.


Ырчы, Айпери Сыдыкова:
"Айып үчүн айтышкам"
- Москвада ресторандын барында иштеп жүргөндө, иш убактысында телефон менен сүйлөшсөң 50 доллар айып салчу. А менин колумдан телефон түшчү эмес. Бир жолу сүйлөшүп жаткан жеримден башкы менеджер кармап калып, "Сага айып салам" деп эскертти. "Салсаңыз сала бериңиз, төлөсө төлөйм да"деп каяша айткам. Мага өчөшүп калса керек, эми айлыгымдан кыркат го дегем. Бирок, айлык алганда акчамды санасам толук эле бериптир. Кийин үчүнчү жолу дагы телефон менен сүйлөшүп жатып, директордун өзүнө кабылгам. Ал дагы "Айып төлөйсүң!"деп эскерткени менен айдын аягында акчамды толук эле алгам. Көрсө жөн эле коркутуп коюшчу окшойт...


Ырчы, Мирлан Жетигенов: "Алина эжемден табак
талашкам"
- Мындан он жыл мурун болуш керек. Анда биздин жетекчибиз Алина Жетигенованын жолдошу, Эржан Муктаров болчу. Бир күнү Эржан байке экөөбүз, болоор-болбос иш үчүн уруша кеттик. Ошол күнү Алина эжемдин үйүнө өз колум менен "пирог" жасап, табактарга салып алып баргам. Эржан байке менен урушкан жинимди Алина эжемден чыгарып, кечинде үйүнө кирээрим менен "Алып кел, табактарымды" деп кыйкыргам. Алина эжем эч нерсе түшүнбөй, "Сага эмне болду? Берем табактарыңды, ме алып кет"деп мага таң калган. Ошол кылыгымды эстеп азыркыга чейин "прикол" кылышып, "Алып кел, табактарымды деп койчу"деп тамашалап, күлүп калышат.


Телеалыпаруучу, Айбек Асанбек уулу:
"Бейшенбек Бекешовго каяша айткам"
- Каяша айткам. Андай нерселер жумуш үстүндө болот да. Кээде өзүңдүкү туура болуп турса дагы, жогору жактагыларга жакпайт. Чындыкты айтып, жетекчим Бейшенбек Бекешовдон тил укканым эсимден кетпейт. Бир күнү түз эфирге чакырган коногубуз жыйырма мүнөт кечигип келди. Конок келгенче кайра-кайра клиптерди берип жатсак, жетекчибиз Бейшенбек агай "Сен эмне ал конокту алып келбейсиң?"деп урушкан. Мен да жөн турбай, "Мен эмне үйүнө барып жаткан жеринен сүйрөп келейинби?" деп айтыша кеткем. Кайтарган жообума өзү күлүп, кайра унчукпай калган


Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Сүйгөнүмдүн жанынан кетким келбейт"
2-бет
Азамат Эркинбаев:
"Сүйгөнүмдүн жанынан кетким келбейт"

3-бет
Лира Медетбек кызы:
"Туура эмес кылса бетине эле айтам"

4-бет
Жылдыздар наамга татышты
5-бет
КРнын Эл артисти.
Ч. Айтматов атындагы сыйлыктын ээси Дүйшөн Байдөбөтов:
"Менде да кайнап турган кан, согуп турган жүрөк бар"

6-бет
Айнагүл Атакулова, жеке ишмер:
Агайын сүйдүрткөн Алтынай Нарбаева

7-бет
Ильяз Агыбай уулу:
"Жыйырма жылдан бери көрүнгөн орусту багып жүрдүм"

8-бет
Бир ырдын тарыхы
Ырыскелди Осмонкулов
"Сулууга"

9-бет
Шефиңизге каяша айттыңыз беле?
10-бет
ар собол
11-бет
атактуулар ааламы
12-бет
Көз
мончок

13-бет
Капчыкты кагып алган чөнтөкчүлө
14-15-бет
Обон почта
16-бет
НБТ биринчи шаардык телеканалдын "Музканал" телекөрсөтүүсүнүн жаш алыпбаруучулары Ниязбек жана Зуля бизде мейманда.
Ниязбек Ысманбеков:
"Жүрөккө операция жасагым келчү"











??.??