п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жылдыздар кеңеш беришет

Жаман көргөн кызыма үйлөнтүп коюшту
Турмуш бирде уу берет деп коёт эмеспи. Кудайым бардыгыбыздын эле бешенебизге бакытты балчайта жазбаса керек. Биздин "Жылдыздар кеңеш беришет" рубрикабызга Мирлан аттуу жигит да өз көйгөйү менен кайрылып олтурат.


Атым Мирлан. Өзүм Кыргызстандын түштүгүнөн болом. Ата-энем мен кичине кезимден эле ажырашып кетишкендиктен чоң ата, чоң энемдин колунда өстүм. Мектепти бүткөндөн үч жылдан кийин эле чоң атам малга карап айылдын аркы бетиндеги Жумабай деген кишинин кызына үйлөнтүп койду. Ал кыз мага башынан эле жакчу эмес. Күндөр өтүп жатты. Апам менен Кундуздун (келинчегимдин аты) пикири келишпей койду. Аялым апам айткандай жасабай, бардыгын эле тетири кылып жатты. Анысына мен деле көз жуумп, атамдар өздөрү алып беришкенден кийин деп, алардын да көңүлүн оорутпайын деген ойдо Кундузга унчукпай жүрдүм. Экөөбүз бир балалуу болуп, баламдын атын Давлет койдук.

Аялым менен ажырашып…
Бардыгы Давлет төрөлгөндөн кийин башталды… Ооруканадан чыгаары менен эле "Экөөбүз өзүнчө бөлүнөбүз! Айт, апаң менен атаң биздин жашообузга кийлигишпесин! Эми дагы канча жыл аларга малай болмок элем?! Мен эми өзүнчө жашагым келет!" - деп туруп алды. Кундуздун сөзүн угайын дейм, мени кичинекей кезимден бери чоңойткон чоң ата, чоң энемди кыйбайм. Алар карып, алдан тайып калганда кантип таштап кетмек элем. Байкуш чоң энемдин да акыркы күндөрү буту ооруп баспай калган. Экөөнү карап отуруп бооруң ооруйт. Аягында келинчегим "же балаңды танда, же болбосо карыган кемпир-чалыңды танда!" - деп туруп алды. Баарынан эки ортодо калган азап экен. Ошентип чоң ата, чоң энем менен кала бердим.

Алгачкы сүйүүмө үйлөндүм
Күндөр айга, айлар жылга алмашып жатып мен деле жалгыздыктан абдан тажап жүрдүм. Давлетти айына бир барып көрүп турам. Бирок аялымдан абдан эле көңүлүм калып калгангабы, эч жылый албай койдум. Экөөбүздүн ажырашканыбызга туура эки жыл болгондон кийин өзүмдүн алгачкы сүйүүмө үйлөнүп алдым. Аты Салкынай. Мектепти бүтөөрү менен аны ата-энеси бай болгондуктан Москвага окууга жөнөтүп жиберишкен. Ал жерден окуусун улантпай келе бериптир. Салкынай экөөбүздүн мамилебиз абдан сонун, апам-атама ысык чайын белендеп, даяр тамагын астына коё калып, жакшы келин болду. Буту баспай калган апамды киринтип, кийимин жума сайын алмаштырып, сыркоолой калса дары-дармектерин бере калат. Чоң атам менен чоң апамдын кубанычтары койнуна батпай, Салкынайды алкап бүтүшпөйт. Башында кайнатам "Кызымды малчыга берем деп Москвадан окуткан эмесмин! Колун сурап келгендер толтура. Ошолордун бирөөнө эле берем!" - деп кайненемдин мээсин жеп жүрдү. Кайненем биздин жашообузду жакшы билгендиктенби, биз тарапта гана болуп жүрүп, акыры кайнатамды көндүрдү.

Аялым төрөбөйт экен!..
Биздин жашаганыбызга деле үч жылдын жүзү болуп калды. Бирок, Салкынайдын боюна таптакыр бүтпөй жатат. Мен болсо Сакишимден балалуу болгум келип, кылгырып араң жүрөм. Ооруканага барсак, доктур: "Сиздер балалуу боло албай калдыңыздар. Колдон келген бардык жардамыбызды көрсөткөндө деле болбойт. Аялыңыздын жатынына (маткасына) катуу суук тийген экен" - деди. Эмне кылаарымды билбей башым маң болуп жатат. Салкынай менен ажырашсам мага андай аял бул жашоодо табылбайт да...




Бактияр Токторов:
"Салкынайың менен эле жашай бер"
- Бардык нерсени, ооруну, жакшылыкты, жамандыкты кудурети күчтүү Кудай сынап туруп берет. Мирлан иним, апаң менен атаңды сыйлап жаткандан кийин, азыркы жашап жаткан Салкынайың менен эле жашай бер. Ата-эне ыраазы болсо Кудай ыраазы болот. Доктурлардын айткан сөзүнө, койгон диагнозуна ишенүүгө болбойт. Анткени, боюнда бар учурда деле "кыз төрөйт" десе эркек төрөгөндөр толтура. Менин бир досум 15 жыл балалуу болбой жүрүп, анан балалуу болгон. Ошондуктан Кудайга ишенип, апаң менен атаңды ыраазы кылсаң мүмкүн балалуу болуп калгың бардыр. Кыргыздар көп жылдар бою балалуу болбой жүргөндө туугандарынын балдарын багып алып, анан ал багып алган наристенин артынан бала келген тагдырлар да толтура. Сен дагы жакын туугандарыңдын балдарын багып алып көр. Кудайым буюрса балалуу болосуң.

Жанара Атабекова:
"Үчүнчү аял алуунун кажети деле жок"
- "Бала баланы чакырат" деп коёт го, ошондуктан Мирлан бала багып алып көргүлө, мүмкүн анын аркасынан бала келээр. Кудайым дартты бергенден кийин дабасын кошо берет. Аялыңдын оорусу тубаса болбогондон кийин дарылануунун ар кандай жолдору менен айыктырууга болот. Менин оюмча үчүнчү аял алуунун кажети деле жок


Шахрезада Аскарова:
"Өтө деле чоң көйгөй эмес"
- Мирлан иним, сен жаш экенсиң. Кээ бир адамдар он жылдап деле балалуу болбой жүрүшпөйбү. Силердин жашооңор али алдыда. Азыр техниканын өнүккөн заманында эч кабатыр болбой, экөөңөр тең медициналык текшерүүдөн өтүп, жакшылап дарыланып көргүлө. Балалуу болбогон азыркы учурда өтө деле чоң көйгөй эмес. Андан көрө бири-бириңерди сыйлап жашагыла.


Дилшат Кангелдиева: "Мындай келинди колдон чыгарбаш керек"
Экөөңөрдүн мамилеңер ысык болсо, бири-бириңерди урматтап сыйласаңар ажырашуунун кереги жок. Биринчи аялың оорукчан апаңды баккандан качып кетип калган болсо, Салкынай чоң энеңди жакшы карайт турбайбы. Бири кем дүйнө деп ушуну айтат. Бардык жагы төп келишкен адам болгон эмес. Мындай келиндерди мүмкүн болушунча колдон чыгарбоо керек. 9-10 жыл балалуу болбой жүрүп деле балалуу болгондор бар. Карынын батасын алган жакшы болот. Чоң апаңдын батасы тийип, балким балалуу болуп кетесиңер. Медицина деле кээде жаңылышат. Бирок, бул жашоодо биз күтпөгөн кереметтер болуп кетип жүрбөйбү. Ошондуктан Сулайман тоого, Ысык-Көлдөгү Манжыл-Атадагы ыйык мазарларга барып сыйынсаңар, Кудайым тилегиңерди кабыл кылат.




P.S.Эгерде сиздин да айта турган сөзүңүз болсо obonkg@mail.ru электрондук дарегине кат жазып, же болбосо (0700) 423272; (0312) 449821 телефондоруна байланышсаңыз болот. Биз сизге кыргыздын белгилүү жылдыздарынан кеп-кеңеш алып берүүгө дайым даярбыз.

Төлөбүбү Касымалиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Мүзүр алгач Гүлмиранын курбусун сүйгөн
2-бет
Мүзүр, Гүлмира:
"Биздин сүйүүбүзгө Алим Токторов себепкер болгон"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
4-бет
Нуркыз
Исакова:
"Уулум экөөбүз атабыздын бактылуу болушун каалайбыз"

5-бет
Батма Качкынова:
"Жалган айтып жаныма эмне күч келиптир"

6-бет
"Кызганганда көзүм төрт бурчтук болуп калат"
7-бет
Жигиттерди жиниктирген "Жигитовка"
8-бет
Арзыбек Бедияров:
"Арзыгүлгө жолуга албасам да сүрөтүн сактап жүрөм"

9-бет
Айтылуу айымдар арзуусу
10-бет
Жаман көргөн кызыма үйлөнтүп коюшту
11-бет
Атагы чыккан
12-бет
Көз мончок
13-бет
"Ачык айткан акын"
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Таалайбек Турдубаев:
"Аялың нервиңе тийсе чыдайсың да"











??.??