Атагы чыккан
Маньяк - бир нерсеге ашыкча кызыккан адам. Француз тилинен которгондо - "жиндилик", "өзүн-өзү кармана албагандык" деген маанини берет. Бул термин көбүнчө адам өлтүргүчтөргө жана адам зордуктаган кишилерге колдонулат. Маньяктар - белгилүү бир убакыт аралыгында бир нече адамдардын өмүрүн мыкаачылык менен кыйган адамдар. Кээ бир адамдар жашоосунда адамдардан көңүлү калып калгандан кийин аларды аябай жырткычтык менен өлтүрүшөт. Кээ бирлер маньяктарды "медициналык кызыктуу феномен" катары кабылдашат. Эмнеси болсо да "Маньяк" деген сөздүн өзү эле "коркунуч", "өлүм" жана "канды" элестетет.


Геноцид жана массалык адам өлтүрүүлөр кандай гана өкүнүчтүү нерсе. Күнөөсүз адамдарды өлтүргөндөн тойбогон канчалаган маньяктар арабызда жашап жүрүшөт. Мындай маньяктардын мыкаачылыгын сөз менен айтып жеткире албайсың дечи, ошентсе да окурмандарга ар кайсы доордун атагы чыккан маньяктары тууралуу айтмакчыбыз.


Муздак денени да зордуктап…
1946-жылы туулган Теодор Роберт Банди деген маньяк үйүнөн 29 адамдын өлүгү чыгып жатса да камырабай "Мен дагы жүзгө жакын адамды өлтүргөм, дагы далай кылмыштарды кылгам" деп оозу-мурду кыйшайбай туруп сурак берген. Колуна түшүп калган адамдарды зордуктап, муунтуп, уруп өлтүргөндөн абдан рахат алып, жеңилдеп калат экен. Эң кызыгы кыздарды өлтүргөндөн кийин деле муздап калган денени зордуктаган.

Маньяк-иликтөөчү
1952-жылы туулган Сергей Ткач жергиликтүү укук коргоо органдарында иликтөөчү болуп 20 жыл иштеген. Ушул убакыт аралыгында кыз-баласы биригип, жалпысынан 29 ун зордуктап өлтүргөн. Ткачтын маньяк болуп кетүүсүнө ал өзүнүн мурунку аялдарын күнөөлөйт. Эгер алган аялдары жакшы жубай болуп берсе, аялзатына мындай жырткычтык мамиле кылбаарын айткан. Сергей Ткач азыр 58 жашта.

Ички органдарды ийинине коюп алып…
1952-жылы туулган Дональд Харви ооруканада иштеп, өзүн "Өлүмдүн периштеси" атап келген. Өзү ушул убакка чейин 36 же 57 адамды өлтүргөм деп так санын айта албайт. Өзү адам өлтүргөнү менен доктур болгондуктан 87 оорулууну өлүмдөн сактап калган. Бул маньяктын бирден бир куралы болуп мышьяк, цианид, инсулин сыяктуу уулуу дарылар болгон. Кээ бир оорулууларды өлтүргөн соң алардын ички органдарын кийиминин ийиндерине коюп алмай адаты бар болчу. Азыр арабызда эле кармалбай жашап келет.

Аялдарга асылган Ахмад
Индонезиялык малчы Ахмад Сураджи (1951ж -2008ж) 11 жылдын ичинде 42 аялды өлтүрүүгө жетишкен. Бул маньяк башкалардан айырмаланып, аялдарды кекиртектен алып, калың кабель менен муунтуп өлтүрүп турган. Ахмаддын үч аялы болгон. Алар да Ахмаддын курмандыгы болуп, жарык дүйнө менен кош айтышкан боюнча кете беришкен. Анын айтымында бир жолу өлгөн атасы түшүнө кирип, "70 аялды өлтүрсөң сенден күчтүү табып чыгат" - деп айткандан тартып, аял өлтүрүүнү адатка айлантып алган.

СПИДдин айынан маньякка айланган Моисей
Бир жылдын ичинде 40 аялды зордуктагандан сырткары, 38 адамдын өмүрүн кыйган 1964-жылкы Моисей Ситхоул азыр дагы тирүү. Ага мынчалык эмне болгон? -десек, көрсө анын да өзүнчө себептери бар экен. Ситхоул учурда СПИД оорусуна чалдыгып алган неме жашоодон үмүтүн үзүп, мыкаачылык ишке баргандыгын айткан.

Жаман көргөн адамын мууздап салган Ян Синьхай
Төрт жыл аралыгында Кытайлык Ян Синьхай (1968ж -2004ж) 67 адамдын өмүрүн алган. Ал өзүнүн криминалдык карьерасын чөнтөкчүлүктөн баштап, бара-бара кыздарды зордуктаганга өтүп, ага да тойбой адамдарды өлтүрө да баштаган. Маньяк өзү жек көргөн адамдардын үйүнө кирип барып эле бир үй-бүлөнү бүт бойдон мууздап сала баштаган. Ал эле эмес, боюнда бар аялдарды зордуктап, курсагын кескилегенге чейин барган.
Кыздардын канына жуунган Батори
Маньяк эркектердин арасында Элизабет Батори (1560ж -1614ж) да болгон. Өзүнүн төрт-беш жан -жөкөрлөрү менен бирге 600дөй аялды өлтүрүшкөн. Алардын көпчүлүгү күйөөгө тие элек кыздар болуп чыккан. Элизабет ваннаны кыздардын канына толтуруп алып кирингенден абдан рахат алып, муну жашаргандын бирден-бир ыкмасы катары кабылдаган. Адамзаттын тарыхында аялдардан биринчи болуп "аял-өлтүрүүчү" атка конгон.




Окуя
Маньякты алдап…
Анда мен түнкү клубдардын биринде иштечүмүн. Эртең мененки саат 5тер чамасында шаардагы көп кабаттуу батирлердеги үйүмө келе жаткам. Лифтке кирсем эле бир жигит мени менен кошо кирип калды. Өзүм чарчап келе жатканда ал жигиттин маньяк экендигин кайдан байкамак элем? Артымды карай калсам эле мени зордуктаганы жаткандай түр көргөзүп, шымымдын сыдырмасына асылып кирди. Мен аны алдап: "Байке, ушул кир жерден кантип иш болсун? Жүрүңүз менин үйүмдө эч ким жок. Ваннага түшүп алып бир жыргайлы!" - десем эле макул болгондой мени менен 7-кабатка көтөрүлдү. Көтөрүлгөнүбүздө менин үйүмдөн чыккан кишилердин үнүн уккан тиги маньяк мени "Дура-аа!!!..." деп кыйкырган бойдон ылдыйды карай чуркап жөнөдү… Ошондон бери маньякка кабыла элекмин. Кабылсам дагы алдайм го...




Дагы бир кызык, белгилүү актёрлордун жаап-жашырып келген кылмыштары да ушул саныбызда.

Игорь
Петренко
"Водитель для
Веры"
кинотасмасында

o Адам өлтүрүү
Адам өлтүргөн актёр Юматов
"Офицерлер" аттуу кинонун башкы ролун ойногон Георгий Юматов да бир адамды өлтүргөн. Тактап айтканда, өзүнүн жакшы көргөн Фросю аттуу күчүгү өлүп калып, күчүктү көмүүгө өзүнүн эшик шыпыргычы жардам берип жатканда мылтыгы менен аны атып салган. Аткандыгы үчүн Кылмыш Кодексинин 103-беренеси боюнча 3 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу чечими чыккан. Бирок, Юматовдун адвокаты күчтүү болгон үчүн, "эшик шыпыргыч биринчи болуп Юматовго бычак урууга аракет кылган" - деген күнөөнү өлгөн кишинин мойнуна коюу менен 2 айдын ичинде түрмөдөн бошотуп алган.

Күйөөсүнүн түбүнө жеткен Валентина
Орустардын "Кавказская пленница" киносунда Шурик сүйүп калган Нинанын ролун аткарган актриса Валентина Малявинаны өзүнүн эле күйөөсү Стас Жданьконун өлүмүнө шектүү дешип кармашкан. 1978-жылы бактылуу жашап жаткан түгөйлөрдүн үйүндө кашайып уруш чыга калат. Экөө үйүндө олтурушуп алкоголдук ичимдикти ичип мас болуп калышат. Стастын абалына кыжыры кайнаган Малявина колундагы бычагы менен Стасты уруп алып, күйөөсү каза болот. Актриса 9 жылга эркинен ажыраган. Жүрүм-туруму дурус болгондуктан беш жылдан кийин эркиндикке чыгарышкан.

Акчанын айынан адам аткан актёр
Актёр Игорь Петренко 15 жашынан баштап адам өлтүрүүгө катышкан. Өзүнөн бир топ жашка улуу досу бейтааныш адамдан 100 миң рубль карызга алып бербей жүргөн болот. Бир күнү Игорду карызга акча алган адамдын көзүн тазалоого жардамдашуусун суранат. Экөө баягы кишинин батирине барып, мылтык менен атып салышкан. Петренконун жашы жете электигин эске алуу менен сот 8 жылга эркинен ажыраткан.

o УурулукУурулукту кесип кылган Петруха
"Белые солнце пустыни" легендарлуу фильминдеги башкы ролду аткарган Петруха (Николай Годовиков) ууру болгон. Тасма тартылып жаткан учурда да тасма аянтчасынан буюмдар жоголо баштаган. Андай майда жумушка алымсынбай калганбы, иши кылып кийин байлардын батирлерин тоногонго өткөн. Годовиков уурулук боюнча түрмөгө үч жолу олтуруп чыккан.

Колу туткак Гомиашвили
Орустардын комедия жанрындагы "Двенадцать стульев" аттуу киносундагы башкы каармандын ролун аткарган Арчил Гомиашвилинин дагы колу туткак болгон. "Мен абдан тентек бала болчумун. Тентектигимдин айынан бир нече жолу түрмөгө олтуруп чыккам" - дейт Гомиашвили. 1943-жылы Тбилисидеги Грибоедов атындагы Орус Драма театрына жумушка кирген. Иштеп жүргөн күндөрдүн биринде досу экөө үстөлдөрдүн булгаарысын сыйрышып, жанындагы эле өтүкчүгө сатышкан. Ошонун айынан Арчил эки жыл абактын артында олтуруп чыккан.

Элес Турар