окумал

Аздек Намазбекова

Көз мончок
көп күттүргөн кездешүү
Маңдайга эмне жазса, андан качып кутула албайсың деп коюшат эмеспи. Ушундай болуп өтүшү керек беле, эмнеге бизге мындай күндү буюрдуң деп тагдырыма таарыныч айта албайм. Анткени, баарына өзүм күнөөлүүмүн. Өзүм кылдым, өзүм буздум. Эми сен минтип…колуңдан келсе кечир мени?.. Сага оор эле болсо керек. Апам деле инсульт болуп жарым ыптасы кыймылдабай, ага чейин тепкичтен жыгылып колу да сынып, айтор больницалап эле жүрөбүз. "Сенин аялыңдын айынан апам оорукчан болуп отурат" деп эжем кулак мээмди жеп, көрүшкөн жерден көр жемеге алат. Үйдө ушундай, бири- бирибизге иттей ырылдашкан көрүнүш. Ух!.. (оор үшкүрүнүп) Ортоңордо эмне болуп өткөнүн өз оозуңдан угуп- билип анан аларга сөз кайрыбасам, эч нерсе дей албадым. Чынын айтсам эмне дээримди, эмне кылышымды деле билбей калдым. Кандай сонун кыялдарыбыз бар эле ээ?
Күйөөмдүн карегине кадимкидей жаш толуп, эки тамчы жаак ылдый кулаганын көрүп чыдабай кеттим. Эмне деп жубатаарымды билбей, колумду сунуп чачтарынан сылап, жашын аарчыдым. Көздөрүн жумуп башын мага эңкейтип тосуп бергенине ого бетер ичим элжиреп эзилип кеттим. Бирок мени кандайдыр бир күч тыйып, токтотуп тургансып, ордуман туруп жанына бара албадым. Ачыла, жазыла албай акырын гана:
- Анан кайдыгер кишидей каякка жоголуп кеттиң? Кантип ичиң түтүп жашадың?-дедим.
Көңүлүмдү өйүгөн суроомо акыры жооп алышым керек эле.
Ортону оор жымжырттык ээлеп, күйөөм башын төмөн салып бир топко ойлуу отурду. Улам- улам үшкүрүнүп, тамекисин күйгүздү. Кере-кере соруп, түтүнүн үйлөй, үнсүз мени көпкө тигиле тиктеди. Менин болсо, оюм уйгу-туйгу. "Жоголгонунун жүйөөлүү себеби болсо, кечирип кой" -деген Дарыянын сөзү эсиме түштү. "Жок" -"ооба" деп жүрөк менен акылымдын ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп жатты. Кимиси жеңээри угар жообумдан көз каранды.
- Аздек, мен ушул күн, ушул саатты көп күттүм. Балким ишенбестирсиң, бирок, сага деген сезимим ошол бойдон, сагынычым күч. Бирок…Турмушта биз болжогондой болбой, бурулуш жолдордон адашып калган учурлар кездешет тура. Мына менде ошондой болуп калды. Бул эмне табышмактантып башымды оорутуп жатат деп отурсаң керек. Кечир, кызыбыз чарчап калганын уккан күнү чынында аябай жаман болдум. Сенден жашырганда эмне, ичтим. Өзүмдү билбей калгыча ичип, жумушта чаң салып, баарын талкалаптырмын. "Кой" деп тыйган экен биздин бригаданын башчысын түртүп жиберсем, ал экинчи кабаттан учуп буту сыныптыр. Мен суракта жүрүп калдым. Дагы жакшы, иштеги биздин балдар чогулуп келип, тигил киши да доом жок деп жазып, чогулткан акчамды төлөп берип чыгарып кетишти. Тиги кишинин ооруканада жаткан акчасын бүт төлөп бердим. Иштейм-ичем. Кызыгы жок күндөр өтө берди. Далай жолу сага чалайын, сүйлөшөйүн деп ойлойм да кайра айныйм. Анткени, эжемдин сен тууралуу айткан сөзү кулагыма жаңырып туруп алды. "Аның сен кетээриң менен үйгө токтобой жүрүп, кимден бүткөнү белгисиз, анысы да өлүү төрөлдү. Ага эмне анча кейип- кепчийсиң. Бул жакка келем дебей, ишиңди иштей бер!" Мына телефондон ушул сөздү уктум. Унута албадым, бар күйүтүмдү арактан чыгардым. Акыры жумуштан айдалдым. Ишсиз, андай чоң шаарда кишилердин тебелендисинде эле калат экенсиң. Бомжго айланып кетет белем, ким билет?! Мени кайра киши катарына кошуп, баткакта оонап калган жеримден кол сунуп, тургузуп кеткен бир адам болбогондо… М…мм… Аздек, эми түшүнөөрсүң, ачык эле айтайын. Ойдо жок жерден ушундай болуп калды. Жана айтпадымбы, мага жардам көрсөткөн адам менен кокустан таанышып, жашап калдым. Анын башынан да бир турмуш өткөн экен. Түшүнүктүү жан. Былтыр кышта эгиз уул-кыз төрөп берди. Москванын четиндеги чоң шаарчанын биринде менчик кийим тиккен чакан цехи, үйү бар дегендей. Ал кишинин аркасы менен бутума турдум. Жеке турмушум ойдогудай, баары жетиштүү болгону менен… Жыл өткөн сайын сага деген таарыныч, кектөөм тарап, бир нерсе эле жетишпей тургансып, кусалана баштадым. Апамдын абалы катуу дешкендерин угуп, араң турган жаным учуп жөнөдүм. Камалып кеткениңди келгенде уктум. Буга чейин сени төркүнүнө кетип калды дешкен. Ишен!.. Эми колумдан келген жардамымды бүт берейин. Эмне керек болсо эч тартынбай сура, таштабайм!
Ушул сөздөрдү угуп, жан дүйнөм эңшерилип, кызганычтан ичим от болуп күйүп, эчкирип ыйлап ийе албай өзүмдү араң эле карманып, дел болуп отуруп бердим. Экөөбүздүн үй -бүлөлүк турмушубуз кайра уланаарына, бир болоорубузга чоң деле үмүт кылган жок элем. Эс -акылым менен эми биздин жолубуз эки ача кеткенин түшүнүп эле турчумун. Бир гана жүрөк кургур ишенгиси келбей… Түпкүрдө купуя сырдай жашырынып катылуу жашаган "акыры бир болобуз" деген жакшы үмүт-тилектин оту күйүп тураар эле. Жүрөктөгү бул ишеним гана мага күч кубат берип, көп нерсеге шыктандырып, башыма түшкөн оорчулукту көтөрүп, күтүү менен күн кечирип келбедим беле. Азыр болсо, ошол үмүт үзүлөйүн деп, үшүп, чыйрыгып, аңырайган бир капкараңгы оюкка түшүп кеткенсиген абалда калдым. Укпай, сезбей, ойлобой деле… Көкүрөгүмдү бир боштук ээлеп турду. Мен ушуну күттүм беле?!
"Аздек, өткөн иш өттү. Мени да, мен үчүн үйдөгүлөрдү да кечир! Сенден кеткен болсо, мен ортоңорго көпүрө болуп берейин, мен үчүн алар "жок" дебес. Элдешели, жарашалы, турмушта баары болот тура. Ошол учурда алыста силерсиз жүрүп, ушундай болуп калды. (Эмнегедир мен, өзүмөн өзүм эле, анын айтаар жообун ичимден эчен ирээт камдап, ал ооруп калды, же дагы ушу сыяктуу жүйөөлүү себептерди даярдап койгом). Эми мына астыңа келдим. "Сени эч кимге бербейм дечү элең го- бербе. А мен сенсиз жашай албайм, деген сөзүмө турам. Биздин жашоого эч кимди кийлигиштирбей өзүбүз гана чечебиз, сүйлөшүп эки жакты эпке келтирип, өткөн кеткенди унуткарып, кайра бир бололу" деген жооп уксам деген ойго алданып, кыял менен жашаган элем. Мени чанып кетет, башка аялга алмаштырып кетет деген ой келсе келген чыгаар, бирок жүрөгүм кабыл алчу эмес. Көрсө… оппоңой эле...
- Эмне унчукпай калдың? -Селт этип чочуп кеттим. Баятан бери өз оюм менен алпурушуп отурганымды эми сездим,- Ичиңе сактабай сыртка чыгарсаң өзүңө эле жеңил болот. Кандай болгон күндө да мен сени түшүнөм го! Сүйлөсөң, бир деме десең?- деди Сүйүндүк, үнү жалооругандай жүзүмө үңүлө карап.
Кызык… Тилден калгыдай сөз айтканын өзү түшүнгөн жок окшойт. Өксүп ыйлап жибербей, же аялдык албууттугума салып айкырбай чымырканып бүт эркимди муштумума уучтап туруп:
- Эмне дейин? Баары өттү, кетти. Өткөн ишке өкүнбөш керек экен. Апабыз экөөбүздүн ортобузда эмне болгонун өз оозумдан укканда эле эмне өзгөрмөк эле?! Болоору болду. Андан көрө ал кишиге катуу айтпай, көңүлүн алып, көмөгүңдү мага эмес, апаңа эле көрсөтө бер. Сөз кайрыйм деп ойлобо, өзүңдү эле күнөөлөп кыйналбай деле гой. Балким менде деле бар чыгаар, жаштык, курчтук кылдым окшойт. Ошол күндөрү сени аябай күттүм. Сенин ордуңду ошондо жоктодум. Кызыбызды мен көрбөй калдым. Эч болбосо бир эле жолу көрсөм эмне. Жада калса, атын коюп көмө да албадым. Мен эсиме келе албай жатканда, мен үчүн башкалар чечип коюшуптур. Чүрпөмдү жоктоп, ыйлап бараар жерим да жок азыр. Ошондо сен эле болсоң гана. Эми эмне дейин, бешенебизге жазылган, жолубуздун бир болбосун көрө билген көзү ачык кеткен периштебиз, эки ортодо чайналбайын деп эрте эле учуп кетсе керек да. А мен болсо "эмне үчүн?" дей берчүмүн. Эми жообу табылбадыбы. Акырында сага айтаарым: Бактылуу бол!-дедим да аба жетпей бараткансып, демим кысылып шашыла тура жөнөдүм. Бет келди жакка безип кетким келди.




  Ырыскүл Кадырова

Шайтандын торундагы
сүйүү

(Мистикалык баян)
(Башы өткөн сандарда)
Рустамды таң калтырган бир нерсе - Эмне үчүн акыркы күндөрү Жазираны көп эстей берчү болду. Өзүнө-өзү таң калат. "Эмнеге эле бул кыз эсине көп түшө берет? Кээде кадимкидей анын жанында туруп, аны менен сүйлөшкүм келет тобоо! Жөн эле Айымдын жакын курбусу болгону үчүн ушинттиби же?.. Тфу! Андай нерсенин жүзүн ары кылсын, ал кыз Айымдын баскан изине да тең келе албайт, бүттү, ойлобоюнчу ал жөнүндө"
Бирок, кайра эле баары бир ошол Жазира жөнүндө ойлонуп атканын сезчү эмес. Кээде бир укмуш түштөрдү көрүп калчу болду, анткен менен ага жигиттик кылып көңүл деле бурган жок.
Жазира болсо Айым менен Рустамдын мүнөздөрү, жүрүш-туруштары күн санап өзгөрүп баратканын ачыктан-ачык байкап, өз ичинен кудуңдап, кубанып жүрдү. А түгүл кээде Рустам өзүн телмире тиктеп турганын көрүп, бүткөн боюн чымыратып өткөн жылуулукту сезет. Бирок… Жөн гана тиктеп тургансыйт. Кандай болгон күндө да анын тиктегени Жазира үчүн чоң демөөр эле. Бир гана Жазирага жакпаган нерсе - Айым менен Рустамдын мамилелери өзгөргөн жок. Баягыдай эле, бири-бирин чексиз сүйүү, мээрим толгон көз караштары менен карашат…
***
Айым күн санап өзгөрүп баратты. Баягы бажырайган ойноок көздөрү муңайым тартып, өзү да бир топ арыктап кетти. Ойлогону эле артынан калбаган "ошол караан", анан коркунучтуу түштөр. Ооба, "ошол караан" кыздын артынан калбай койду. Үйдө да… Көчөдө да… Мектепте да… Бейкапар эле келе жатса "шуу" эте маңдайынан өтүп жок болуп кетет же артынан дабышы угулат. Арасы канча, өзүнүн бул абалына деле көңүл бурбагансыйт. Бирок, көңүлү такыр ачылбай койду, ар күнү түнкүсүн кирген табышмактуу түштөрүнүн жандырмагын таба албай, эмнеге жорушту билбей кыйнала берет. Кызынын мүнөзүнүн өзгөрүп баратканын көргөн Гүлжан эже да өзүнчө санааркап, түркүн ойду божомолдочу болду.
- Эмне, бирөөгө таарынып жүрөсүңбү кызым?
- Жок.
- Ким капа кылды?
- Эч ким.
- Анан эмне болду айтпайсыңбы?
- Апа! Болдучу, башым ооруп кетти.
- Ай кызым… Кызым…
Өз ичинен: "Балким жигити менен таарынышып жүрөбү, анан менден жашырып, айткысы келбей атабы. Эх, жашчылык ай! Кимдин гана башынан өтпөгөн дейсиң? Ошо баланы көрүп, сүйлөшсөм бейм. Бирок эл эмне дейт кокуй! Мейли өзүлөрү чечишип алышаар, кызым акылдуу эмеспи…" деген ойлорго бекийт.
Бирок ал күткөндөй Айым оңолбоду. А түгүл Рустамга жолукканда да эч сүйлөгүсү келбей, бир чекитти тиктеп, телмирип тура берчү болду. Сүйгөн кызынын минтип өз көз алдында чөгүп, кичирейип баратканын көрүш жашоо Рустамдай жигит үчүн оңойго турган жок. Акыркы болгон күчүн жыйнап, Айым жоктон пайдаланып Рустам алардын үйүнө кирип барды да, Гүлжан эже менен бир топко сүйлөшүп отурду. Бул саам өңүнө кызыл жүгүрүп, жакшы үмүт менен чыкты Рустам Айымдын үйүнөн.
***
- Эх! Ушул сенден кутулбас болдум го! - Айымдын үнү бул саам кыжырлуу чыкты негедир. Анан ордунан тура калып, колуна эмне тийсе ошонун баарын бөлмөнүн ичине туш келди ыргытып, кыйкырынып кимдир бирөөнү тилдеп жатты. Аныгыраагы ал ошол буюмдарды, чыныны, саатты, шыпыргыны, терезеде турган бөтөлкөнү жана башка ушул сыяктуу буюмдарды ыргытпай эле, жанагы көзүнө көрүнгөн "караанды" атып уруп аткан эле. А түрү суук капкара көлөкө болсо кызды шылдыңдагансып бирде тиги бурчтан көрүнсө, бирде бул бурчтан көрүнөт, бирок, "аны" Айымдан башка эч ким байкай алчу да, көрө алчу да эмес. Биротоло жаны кашайып, жашоосунан тажаган кыз кыйкырынып, өкүрүнүп үй ичиндеги буюмдарды бүт талкалап жатты:
"Ме сага! Ме! Эмне калбайсың менин артымдан?!Эмне, өчүң барбы же?! Айт! Айт! Өчүң болсо айт! Кимсиң дейм? Ким? Адамсыңбы? Шайтансыңбы? Же… Же мени аңдыган жан алгычсыңбы? Мен эч кимге жамандык кылган эмесмин… Эмне ээрчийсиң мени?!!"
Кызынын эч кимге, эч нерсеге ээ бербей тажаалданып жатканын көрүп апасынын жүрөгү оозуна тыгылды. Бирок, бара-бара көнүп калды. Анткени, Айым күн алыс ушинтип апасы көрбөгөн "кимдир бирөө" менен аябай уруша турган адат таап алды.
Аргасы кеткен эне эмне кылсын, кызын жетелеп алып борборго келди. Түз эле психиатрга киришти. Ошентип доктурдан доктур издеп жүрүшүп, акыр аягы Айымды кабыл алган жер Чымкоргондун жиндиканасы болду… Периштедей болгон аруу, ары өзүнө жакын сүймөнчүк кызын атагы алыска угулган ушу "Чымкоргондун" жиндиканасына таштаганды элестетип, бул жердеги жиндилердин арасында айдай болгон Айымдын да эки көзүн жалдыратып жүрөөрүн ойлогондо байкуш эне жүрөгү сыздап, көзүнөн сала-салаа жаш кетти:
- Жок! Айнектей болгон алтын кызымды бул жерге кантип ыраа көрөйүн? Жок, кокуй! Таштабай калайын, алып эле кетем. Эл укса кантебиз? Эмне болсо да өзүмдүн жанымда болот, алып кетем!
- Кызык экенсиз эже, бул жердин "жиндикана" деген аты эле болбосо, кадимки эле оорукана да! Айыктырууга аракет кылабыз, сиз элди эмес, кызыңыздын келечегин ойлоңуз, айыгып кетээри бардыр.
- Кантип таштайм… Ушул кызымды ушундай абалга жетет деп ким ойлоптур? Эч жеринде кемтиги жок чырактай болгон кызым эле да!
Мүңкүрөй башын жерге салып турган апасын көргөндө Айымдын жаны кейип кетти:
- Апа, апакебай! Кайгырбачы… Эч ойлонбой, санаа тартпай мени мында калтырып кете бер, мен үйгө кетким келген жок! Айыгып кетким келет ушул жерден…
Үчөө ары тартышып, бери тартышып атып акыры Айымды калтырып кетти апасы, жолду ката түркүн санаага батса да, тээ жүрөгүнүн түпкүрүндө "кызым айыгат" деген жакшы үмүттү медер кылды эне. Антпесе таштап кете албайт эле Айымды.
***
(Уландысы бар)