"Ачык айткан акын"
Бурул Карагулова поэзияга калп айтпаган ачык акын. Анын ырлары Омар Хаямдыкындай болуп төрт саптан туруп, койгон темасы деле жок. Бирок, ошол төрт саптан эле көп маалымат алсаң болот. Акындын ырлары турмуштун өзүндөгүдөй нукуралуулугу, чынчылдыгы жөнөкөй катаалдыгы менен айырмаланып турат. Айрымдарын алдыңарга коебуз.

Менин сүйүүм деңиз беле чалкыган,
Сүйүүмө тең бирөө чыкпай калкыман.
Арман-ырын ырдап өтүп баратсам,
Узун тилдер ушак төгөт артыман.
***
Алтымышың алты миң күн болсо да,
Мен жашаган алты күнгө теңелбес.
Айланып кет аргымактай изимен,
Айтышаарга менин теңим сен эмес.
***
Өткүр көзүң тикен сайып денеме,
Жүз көрүшүп кетсем деле эмеле.
Арак ичип темселеген немедей,
Улам эле келе берем эмнеге!?
***
Жүз граммды согуп алып соомун деп,
Тамтуң басып үйгө келет сүйгөнүм.
Соосун, масын айтып салат көздөрү,
Сүйгөнүмдүн чынчыл көзүн сүйөмүн.
***
Менби? Менби, баягы эле Бурулмун,
Бар болгону ак сүйүүнүн кулумун.
Сүйбөй койсом кемпир болуп кешпирим,
Сүйүп калсам аркы жоктой сулуумун.
***
Чачым байкуш саксайса да жарашчу,
Анча-мынча айтар сөздөн адашчу.
Асты жыртык батинкенин ичинде,
Майтак бутум күлүк минип баратчу.
Байкуш бетим не кылсам да жарашчу,
Жигиттер жаш, каректерин кадашчу.
Алар менин көйнөгүмдөн көзү өтсө,
Душмандарым батинкемди карашчу.
***
Кийимдин түрүн тандап кийип албай,
Артынан бир шүмшүктү сүйүп калбай.
Алыста шорум катып жүргүчөктү,
Кошунанын уулуна эле тийип албай.
Таманым так-тук этет така менен,
Көйнөгүм көркү чыгат жака менен.
Көкүрүк көктү тилеп баратса да,
Ээрчишип баратамын бака менен.
***
Ар кандай басынтуудан ташып кеттим,
Ыйлаган жокмун, бирок жашып кеттим.
Эркекмин деген эркек кошунамды,
Эркекче сабап туруп басып кеттим.
***
Сезим менен алыштым,
Семиз эмес арыкмын.
Билбегенге караңгы,
Билгендерге жарыкмын.
Калың элден суурулган,
Кичинекей тарыхмын.
Жата-жата зарыктым,
Жамбаш уюп талыктым.
Убакытка уттурдум.
Уйкучумун аным чын.
Уктай берип, унутуп
Уул төрөбөй калыпмын.
***
Жер үстүнө бир жарылып келген соң,
Шарап ичип, жигит сүйүп өтөлү.
Келечектүү даңгыр жолдо эртеси,
Ырдап-ырдап ырга айланып кетели.




Акын
"Саяковский"
Керимбаев Кадырбек убагында "Асаба", "Күлкү", "Республика" гезиттерине куйкум сөзү менен андагы саясатты тууроо менен жазып жүргөн жазмакер. "А.Акаевдин туура эмес жоруктарын ыр менен элге жеткирген Шайлообек Дүйшеев экөөбүз болдук" дейт өзү. Ошол кезде Барчынбек Бугубаев "Кыргыз-Туусу" гезитине "Акындар ата дейли Аскарды" деген ода жазат. Кадырбек ага акынга жооп катары жазган "Мама деп алгын Майрамды" деген ыры "Ордо" гезитине чыгат. "Ордо" гезитинин жабылышынын көп себептеринин бир себеби да ошол ыр болгон. Азыркы учурда Кадырбек Керимбаев Сокулуктун Асылбаш айылында кой багып жүрүп да калемин түшүрбөй жазып келет. Жакында Барчынбек Бугубаевге, "Кат жазды бала атага" деген ырдын чоркоктугун кошо жазган ырын ж.б. ыр-пародия, достук азилдерин көтөрүп келиптир. Анча-мынчасына орун бердик.


Тааныбасаң
таанып ал
(Өзүм жөнүндө)

Чоң окуу бүткөн эмесмин,
Чоң тебетайымын элеттин.
Чоңдоруң менен ойнобойм,
Чокойчон элге керекмин.

Түркүн түс, сүрткөн боегум,
Түгөнгүс ырым, жомогум.
Токтогулдун кулуну
Керимбаев Кадырбек
"Саяковский" боломун.

Чор болгон колдор
Кайран гана менин колум чор болгон,
Көр түбүнө кетерсиңер чор бойдон.
Элжиретип комуздан күү чертесиң,
Эпсиз, сынсыз болуп туруп колжойгон.

Ушул колдор кыз саамайын сылаган,
Ушул колдор кышты тиксиз кынаган.
Абийириме кепил болуп ушул кол
Анттай, шерттей убадалар бекилди.

Убаралуу уста колум, шок колум
Узанганда кармайт көмүр чокторун.
Ушул колдон уятсыздар жалтанып,
Ушул колду бек кысышат досторум.

Кең мейкиндей сезип аппак кагазды,
Кээде кыял керет учкул канатты.
Көзүмдөн нур көңүлдөн ыр чыкканда
Чор колума жорго калем жарашты.

Эл кубанса кубанычын ырдаймын,
Эл ыйласа мен кошулуп ыйлаймын
Отко салган, чокко салган кыргызды
Чоңдоруңа чор колумду сунбаймын.
Барчынбек Бугубаевге
"Кат жазды бала атага"
- деген сөз эмес шакаба.
Боору таш кандай немесиң,
Кат жазсаң боло "атаңа"!

"Атаңда" ... пачка… пачкалар,
"Мамаңда" алтын…башкалар…
Тезек терип калдым деп,
Тезирээк сурап акчаны ал.

Андан да сонун жолу бар,
"Атакең" менен жолугаар.
"Болоюн ата колуңа"
- деп, барып эле "болуп" ал.

Балалык милдет өзүңдө,
Барчынбек келгин чечимге.
"Зар болдум ата батаңа"
- деп, жигит кийин өкүнбө.

Ибрагим Жунусовго
(Жогорку Кеңештин "Ак жол" партиясынын депутаты Ибрагим Жунусовдун "Элеман" деген ыры бар. Анда "бактына" деген баш катырма сөз бар)
Эсинен элдин кетеби,
"Элеман" элең кечээги.
Элеман эми эр жетип,
Депутат болгон кезеги.
"Ак Жолго" түшкөн жигиттин,
Айга үрүп турат күчүгү,
Айкырып турат эшеги.

Айланайын Элеман,
Элиң аман сен Аман.
"Бактына"-деп бакырсаң,
Баш катырчу көп адам.
Чала жазчу мыйзамга,
Ала качма сөз кошуп,
Чалап кылба сен анан!




Селсаяк
Бурулкан Карагулова "Селсаяк" китебинде жарык көргөн кара сөздөн турган чыгармалары да жашоодон алынганын, "Селсаяк" чыгармасында ал азыркы күйөөсүнүн башынан өткөргөн тагдырын жазганын айтканы бар. Биз билгенден Бурулкан Карагулованын күйөөсү белгилүү жазуучу Көчкөн Сактановдун уулу. Демек, биз окурмандарга сунуш кыла турган "Селсаяк" чыгармасы жазуучунун уулунун тагдыры экен да.


Нургазынын жүргөн жүрүшү, сүйлөгөн сөзү, мамилеси баары табышмак боло берди. Мага эле эмес, аны тааныган жана анын атасын тааныгандарга табышмак болчу. Ушундай аттын кашкасындай таанымал, белгилүү адамдын баласы көчөдө жашап, көчөдө жүргөнү чыны менен эле табышмак эмей эмне? Ал менин адабий ийримиме дайыма келет. Ар дайым үстүндөгү эскилиги жеткен костюм менен жүрөт. Жүдөө, бирок көздөрү жандуу, жандуу бирок муңдуу. Колуна бир алма ала келет, же бир шоколад, же пирожное.
- Ай бала, катышсаң толук кел-дедим бир күнү-келбесең такыр келбе.
Ал такай келе баштады.
- Документиңди алмайынча келбе кийинкиде -дедим. Ал паспортунун жоголуп кеткенин айтты.
- Ырды кыргызча жаз, менин тишим өтпөйт орусчага, же болбосо орус кружокторуна бар-дедим.
Күндө жумушка келатсам жолумда турат. Адегенде:
- Жолумду тоспо, аңдыба мени-дедим. Бара-бара көнүп калдым. Көнмөк тургай ал жок болсо көчөнү карап элеңдеп, анын караанын издей баштадым. Көнүшүп калган күндөрдүн биринде ал Профтехти бүткөн дипломун алып келди.
- Койчу-дедим таңкалып, анын ата-тегин окуган соң-сен эмне ал кишинин никесиз туулган уулусуңбу?
- Жок, никелүү эле уулумун-деди кебелбей. Эгер башка бирөөнү ушинтсем, тикиреңдеп урушуп кетмек.
- Анын балдарын билем да. Мурдунун учуна көз айнек илип, "Мерседес" айдап жүрүшөт. Алар аппак, сендей капкара эмес. Бирок, анткени менен окшош экенсиңер-дегем. Биз көпкө чейин жолугуп жүрдүк. Ээрчишип келип,ээрчишип кетебиз. Ошондой күндөрдүн биринде Нургазынын өзүнөн уккандарым төмөнкүлөр болду. Анын ушул сырын укпаганымда баары башкача болмок, эч качан кол кармашып турмуштун узак-узак жолдорун чогуу басмак эмеспиз…
(Уландысы бар)