п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..

ОП-103-01. Султанчик, санаамда санап бүтпөй күндөрдү,/Сизге арнап сүйүү жыттуу гүлдөрдү./Сагындым, сездиң бекен асылым,/Саргайып сиз деп жашап жүргөнүмдү./ Гүлкайыр.
ОП-103-02. Султан Садыралиев мен сени сүйөм. Саамайымдан сылап турган жел менен,/ Сезимге жалын курам сен менен./ Өткөрсөм дейм ар бир күнүмдү жалгыз сен менен./ 05501748хх
ОП-103-03. Жараланды жалгыз менин жүрөгүм,/Бул жашоодо сенсиз күндөр өтөбү./ Канат байлап учуп чыгып асманга,/ Сагынганда баргым келет жаныңа./ Айчүрөк 93
ОП-103-04. Мирбек, жашоодо сенин бар экениңди унутпасам,/ Каның болуп жүрөгүңдө чуркасам./ Сени менен ой максатым ишке ашса,/ Арманым жок андан кийин уктасам./ Жаңылай.
ОП-103-05. Бекжандагы Журкундук Кубат, "Бир кызым бар, аялым менен ажырашып кеткем"-деп дагы кимди алдап жүргөнүң жалгыз Жаратканга маалым. Калптын казаны кайнабайт. Эсиңде болсун! Гулпаш
ОП-103-06. Мага Султандын акыркы ырлары жакпады, эмне деп жатканын билбейт. Нурбек .
ОП-103-07. Бекжандагы Журкундук Кубат, тынч жашап жаткан бейкүнөө адамдын жашоосуна бүлүк салып коюп, кантип жыргап кыз сүйүп жүрөсүң? Адам болгондон кийин жок дегенде бир тамчы сезим же ой болуш керек! Башында менин балымды татыш үчүн эмнелерди гана жасабадың. Мүмкүн ойлоносуң! Гулпаш
ОП-103-08. Атанын кадырын билбегендер/ Эненин мээримин сезбегендер/ Өз энесин таштап койгон жандар барбы?/ Баланын өмүрү салат кайгы/ Эненин ак сүтүн актайлы биз/ Атанын айткан сөзүн угалы тез/ Ырысбек 91
ОП-103-09. Мен кыргыз деп Бобков жүрөт мекенде,/ Кандай жакшы кыргыз тилде сүйлөгөн./Келгиле достор кыргыз тилин унутпай./ Биз мактайлы кыргыз тилин чет элге./ Ырысбек 91.
ОП-103-10. Салам Өпкөбек, жолукканда калтыраба, айткан сөзүн үчүн отчетко даярдана бер! Муштум.
ОП-103-11 . Садага болоюн "кыргыз кызы", кыргыз тилинин баркын түшүрбө! Сөздөрүңө карасам сабатсыз көрүнөсүң, Улуу Кыргыз атыбызга доо кетирбе! 05552599хх
ОП-103-12. Казак кызы Амангүл, "Обондун" көркүн бузуп жатасың! Жаман көрбөсөң "Обон-почтадан" пенсияга кетесиңби? Зоя.
ОП-103-13. Бишкекте окуган Мирлан акага салам. Нури
ОП-103-14. Адамда жаралат экен бир гана жүрөк. Ал жүрөк тандайт экен бир гана адамды, ошол адамды мен таптым, бирок, сүйүүмдү ачык айта албадым. Эгерде Мирлан ака, сиз ушул катты окуп калсаңыз, мен сизди сүйөм! Мырзакеден Нури.
ОП-103-15. Мен жакшы, жакын курбу күткүм келет. Жашым 19да, кыздар чалгыла. 0556079083
ОП-103-16. Мен сиңдим Бүркүтбаева Саадатты 13-февраль туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ага кааларым чын ден соолук, узун өмүр жана окууларына ийгилик! Сакуля, Жүзүңдөн күлкү кетпесин,/ Жылдызың жанып өчпөсүн./ Жадырап жайнап жүрө бер,/ Бактылуу өмүр сүрө бер!/ Эжең Макуся.
ОП-103-17. Султанчик ийгилик сага, алга жаным! Гүлкайыр
ОП-103-18. "Обондун" супер СМСчилери Табигат сырдуу Алтынай, Зуля, Сырдуу кыз, Сабира 92, Замана 93, Мээрим 29, Амангүл, Тунук, Эркин КБШ, Билал козу, Айзирек, Жанусь, Роза, Айгөлөк, ЭМГУ-Пери, Арзу, Ангел Асем, Аська, Макуся, Бегимай 92, Эржан, Элиза 92, Кака, Айганыш, "ЗАМ" командасына ийгилик! Дайыма сүйгөнүңүздөр менен бактылуу болуңуздар. Жүзүңүздөрдөн эч качан жылмаюу кетпесин! Сиздерди терең урматтап Айчүрөк 93.
ОП-103-19. Менин атым Нурадил. 19 жаштамын, кыздар менен таанышам. 0773069456
ОП-103-20. Салам достор! Силер менен таанышкым келет. Мека 0773330545
ОП-103-21. Ата-энеме, байкелериме, жеңеме, сиңдиме, укама чо-оң салам!
ОП-103-22. Салам менин сүйүктүүм Бактияр! Сен мени сүйөсүңбү? Периштең
ОП-103-23. Эшмат менен ойнойм деп Ташматка найза сайылды, Ах ичим деп ыйлап Ташмат жерге оонап жыгылды.Үй ишин кылбоого мына эми шылтоо табылды. Гулиза 91.
ОП-103-24. Ильяз Абдразаков, сенин ар бир ырың уккулуктуу, элдин жүрөгүндө "Жылдын ырчы мырзасына" сен гана татыктуусуң! Атабеков сенин чаңыңда калат. Күйөрманың.
ОП-103-25. Бактияр, мен сени сүйөөрүмдү билсең боло! Мен сени гана сүйөм. Периштең.
ОП-103-26. Жактырганым жашыра албай кенедей,/ Мээримимди төгүп келем ченебей./ Канча көздөр кадалса да телмирип,/ Өчпөс сүйүү жүрөгүмдү жаралап,/ Сени көрсөм сагынычым таралат,/ Мен өзүмчө кыялданып жашаймын,/ А сен жаным, жүргүн дайым саламат!/ Билесиңби, байкуш жүрөк сени гана сагынат,/ Жазгандарым жаным менин жалгыз сага арналат./ Зуля.
ОП-103-27. Султан Садыралиев, мен сизди сүйөм! Алдыдагы концертиңизге ийгилик каалайм. Гүлкайыр.
ОП-103-28. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына ийгиликтерди каалайм!
ОП-103-29. Салам "Обонушка". СМСчи досторум мага байланышкыла 0553965244. Макуся
ОП-103-30. Султанчик мукам үнүң жан эргите ырдаган,/ Укса жүрөк жай албастан сыздаган./ Ушунчалык маанисинде ырыңдын,/ Арман менен кайгы кошо жазылган./ Жүрөгүм мен сени башкалардан башкача, өзгөлөрдөн өзгөчө сүйөт жаным! Гүлкайыр
ОП-103-31. Бишкек шаары бар болсун,/ Бишкектиктер тынч болсун./ Баарыңарды унутпайм,/ Бомбастирди ыргытпайм./ Мен силерди сыйлаймын,/ "Обон" ырын тыңдаймын./ Ырысбек 91.
ОП-103-32. Супер СМСчилер дайым бирге бололу! Караханид лицейине салам. Айчүрөк 94.
ОП-103-33. Азыр мен ойлонуп ойго баттым, жүрөктөгү кайгыларым эзип жатты. Атамды сагындым, ал кайгымды ыр менен да, сөз менен да жеткире албайм. Дайым түшүмдө келген болот, ойгонсом эле жок, аябай кыйналып кеттим. Уулжан.
ОП-103-34. Гулшан 8-февраль туулган күнүң менен! Бактылуу келин болуп жүрө бер, эч качан ооруба! 07778989хх
Кыздарсыз жашоо болбойт, шерик болууга кыздар менен таанышам. 0777159945
ОП-103-36. Алматыдагы барахолкада иштеген досум Ырыска салам жолдойм. Мунарбек.
ОП-103-37. Мен Ананайын деген жаңы ырчы айымга салам жолдойм. Мага үнүң аябай жакты. Нурбек
ОП-103-38. Менин саламым алтушка деп эркелеткен казак кызы Амангүл эжеге жолдонот. Ишиңизге ийгилик! Алина 93.
ОП-103-39. Ош облусунун Кара-Суу районунун Эшме айылына келин болуп барган эжем Гулшандын 8-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз! Жездем экөөң түбөлүк бир болгула, дуйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайбыз. Гулзада.
ОП-103-40. Бактылуумун мен,/ Бакытымсың сен./ Бир келген сезим өчпөсө экен,/ Дүйнө сен менен кол жеткис кенен./Нурия сен үчүн жашагым келет. Мени сүйүп аячы, сени күтөм. Максат.
ОП-103-41. 91-92-93-жылкы кыздар менен таанышам. Кыздар чалгыла. 0778749979
ОП-103-42. Саламым "Обондун" жалпы жамаатына, окурмандарына жана СМСчилерине! Ош Тех. колледжинин Гс.09. А группасына чоң салам. Окууларына ийилик! Жануля 9
ОП-103-43. Аскар Жоробеков орто мектебинин мугалимдерине ден соолук, узун өмүр каалайбыз. 2009-жылы бүтүп кеткенИИ
ОП-103-44. Баткен районуна караштуу Апкан айылында жашаган 1991-жылкыларга салам. Айпери.
ОП-103-45. ОП-102-142 абоненти, сен кайсы тешиктен чыктың? Зулянын алакачканы сага кызык болуп жатабы? Миң укканча бир көргөн артык эмеспи. Ринат
ОП-103-46. Ош медициналык колледжинде окуган студенттерге, өзгөчө 2СД.Д тайпасына, кураторубуз Айгүл Алымбекова эжеге салам. Биз сизди жакшы көрөбүз! Айпери, Наргиза.
ОП-103-47. Казак кызы Амангүл, менден алты жаш улуу болсоң өзүңө. Казакстанда сен жазганга газета жокпу? Наргиза
ОП-103-48. Кеңеш" тобу ырларыңыздарга көз тийбесин! Нуржан.
ОП-103-49. Сүйүү деген бала эмес алдай турган,/ Сүйүү деген товар эмес тандай турган./ Сүйүү деген адамзаттын ак жылдызы,/ Бири-бирин эч убакта чанбай турган./ Уулжан.
ОП-103-50. Арманым болбо, ардагым бол,/ Жалганым болбо, жакыным бол./ Жүргөнүм болбо, жүрөгүм бол./ Түбөлүк менин сүйгөнүм бол!/ Уулжан.
ОП-103-51. Жанусь Куба, сагынычтан мен эмес жүрөгүм ыйлайт. Сенсиз жашоо жоктой сезилет. Кызганам сени, анткени сүйөм. Сени менен түбөлүккө бир болгум келет. Ишенчи, сени эч кимге бербейм. Таарынтсам, жиниңе тийсем, кыйнасам кечирчи деп сени сүйүп жүргөн Бактыгүл
ОП-103-52. Салам ОП-101-04 абоненти, билесизби сүйүү айттырбай келээрин? Бирок, сүйүүнү сиз толук түшүнө элексиз. Анткени сиз азыр болгону 14 жаштасыз, 14 жаштагы бала сүйүүгө кабылышы мүмкүн эмес. Мен ойлойм, сиз ал адамды балалык сезимдер менен гана жактырып жүрөсүз. Келечекте сүйүүгө туруктуу болушуңузду каалайм. Бегимай 92.
ОП-103-53. Оюмдагы аткарылса,/ Жолума балта чабылбаса./ Жашыл багым куурабаса,/ Мен ошондо бактылуумун./ Ринат.
ОП-103-54. Махабат отун жандырдың,/ Жүрөккө от калтырдың./ Сүйөмүн деген сөзүмдү,/ Кай жерде жаным калтырдың?/ Жүрөгүм дагы деле сен дейт,/ Арабыз узап кетсе да, коштошкум сени менен келбейт!/ Мээрим 29
ОП-103-55. Сүйүү деген атмосфера агымы,/ Сүйүү деген океандын балыгы./ Сүйүү деген эки жашка тең келген,/ Сүйүү деген эки жаштын тагдыры./ Уулжан.
ОП-103-56. Бардык "Обондун" СМСчилерине салам. Бактылуу болгула! Элнура 92
ОП-103-57. Супер СМСчи Таирбекке салам! Сүйүү каалайм сага досум. Наргиза
ОП-103-58. Бирин-бири сүйүштү,/ Кызыл чокко күйүштү./ Чын сүйүүнү билбестен,/ Ахалактап күлүштү./ Эки жаш биригип,/Кыргыз наамын үзүштү./ 07704147хх
ОП-103-59. Жаштар баратат,/ Бири-бирине кар атат./ Сүйүү гүлүн сунганда,/ Кандай сонун ырахат./ Ырысбек 91.
ОП-103-60. Бактылуумун адамым бар тандаган,/ Сүйүү гүлүн, сүйүү сөзүн арнаган./ Дүйнөдөгү эң сүйүктүү адамым,/ Эң өзгөчө мээримин жайнаткан./ Зуля
ОП-103-61. Өзгөн районуна караштуу Чымбай айылындагы атам Салимаматка, апам Мадинага, сиңдим Гүлсарага салам жолдойм. Силерди абдан жакшы көрөм. Аксана.
ОП-103-62. Шоро-Башаттыктарга салам. Айчүрөк 93 номериңди жазчы. Айчүрөк 94.
ОП-103-63. Алтындай болгон курбум Ботоканова Мунарага ысык салам. Элнура 92
ОП-103-64. Алтындай апам Айнагүл, мен сизди жакшы көрөм. Эч качан оорубаңыз, сизди аябай сагындым! 07775844хх
ОП-103-64. А.Садырбаев атындагы орто мектебинин 11-классына салам! Элнура 92.
ОП-103-65. Кудайбердиге салам. Окууңа ийгилик, сүйүүдө туруктуулук каалайм. Дайыма көңүлүң шат болсун. Наргиза
ОП-103-67. Бекжан базарында иштеген досум Дамиранын 11-февраль туулган күнү менен куттуктайм! Тоо башындагы аппак кар сенин көңүлүң болсун, Тоо этегиндеги арчалар сенин адал досторуң болсун. Тоодон өткөн мөлтүр булак, сенин мөлтүр таза махабатың болсун. Тоодон өткөн узак жол, сенин өмүрүң болсун. Досуң Мээрим29
ОП-103-68. Ай жарык деп таш булактан суу алба,/ Сүйгөн жаным алыста деп башка жанга көз салба!/ Арнасаң жүрөгүңдү бир жанга арна,/ Алаңдап ар бир жанга кол салба./ Арыңды каякта жүрсөң да таза сактап,/ Адал бол ар качан да сүйгөн жанга./ Мээрим29.
ОП-103-69. "Обонду" обон кылган обончулар,/ "Обон" деп биз жүрөбүз обончулап./Дайым болоор беле "Обон" гезит,/ Обондуу ойлуу кылган кимдер чыгаар./ Ырысбек 91.
ОП-103-70. Анекдот: Атасы: -Балам, очкимди ыргытып жиберчи? -Баласы: Азыр ата,-деп терезеден ыргытып жиберет. Бир маалда атасы: -Болбойсуңбу-десе: - Терезеден ыргытып жибердим го деген экен. Ырысбек 91.
ОП-103-71. Айбек, мен сени чын жүрөктөн сүйөм. 05536464хх
ОП-103-72. "Обондон" обондуу ырлар чыксын,/ Жаштарга ырлар суудай аксын./ СМСтин акыры болбосун,/ СМСчилер баары тынч болсун./ 07704147хх
ОП-103-73. СМСчи бар болгун,/ Ырларга сен бай болгун./ "Обонду" сен унутпай,/Кыргыз менен бир болгун!/ Ырысбек 91
ОП-103-74. Айка эжемди, Мээримди 14-февраль майрамы менен куттуктайм! 07705980хх
ОП-103-75. Канча балдар менен сүйлөшсөм да Алмаз бир сендей болгон жок. Мен сага айтпай Россияга кетип жатканым үчүн кечир. 07705980хх
ОП-103-76. Сүйүү-бул ыйык, улуу,баа жеткис сезим. Сүйсөң сүйгөн адамың үчүн жан дүйнөңдү садага чаап, бирде сагынып, бирде сабылып, бирде сүйүнүп, бирде күйүнүп, бирде таарынып жашап калат экенсиң. Сүйүү күчтүүнү алсыз, таш боорду мээримдүүгө айлантат экен. Негизи эле арманга айланбаса эле сүйгөн, сүйүлгөн эң жакшы. Жалпы сүйүшкөндөрдү14-февраль сүйүү күнү менен куттуктайм! 07782967хх
ОП-103-77. "Обондун" супер СМСчилери менен таанышам. 0552928893. Айчүрөк 93.
ОП-103-78. "Обондун" ойчул, сөзгө чечен СМСчилери Гулшан, Барби, Аминага салам.+770135292хх
ОП-103-79. Карындашым Асанбек кызы Гулизанын туулган күнү менен куттуктайм! Сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Бактылуу бол! Арапбай.
ОП-103-80. Билгин жаным, артыңан эч ээрчибеймин, айтсаң эгер кош болгун, баары бүттү. Ичимден сүйгөн менен жалбарып жалынбаймын, анткени сүйүүдөн да намыс күчтүү. Билесизби, сизге болгон сагынычым күн сайын күчөп барат. Чынын айтсам ушул убакка чейин бир да жигитти сизчелик сүйүп, ал жөнүндө ойлонуп, толгонуп көргөн эмесмин. Сизди күндө ойлоном, сиз жөнүндө кыялданам. Бирок, аны сезесизби, билбейм. Сиздин айткан сөздөрүңүздү эстеп, бир аз бактылуу болуп алам. 07774188хх
ОП-103-81. Сүйүктүү кудачам Анара, келе жаткан сүйүү майрамың менен! Өз сүйүктүүңө жолугуп, сүйүүнүн даамын татып бактылуу бол! Жаңылай, сен да түбөлүктүү жолдошуңа кезигип, дайыма сүйүүнү сыйлап жүр! Жаңылай, мынчалык жалкоо болбочу! Каныкей.
ОП-103-82. Кыргыз жерим, далайларды суктандырган жер экен, айтып бүтпөс ыр экен. Дүйнөдөгү кездешпеген гүл да кыргыз жеринде экен.+770260341хх
ОП-103-83. Сагындым Кыргызстан өзүңдү, сагынычтан салам айтам элиме, Кетким келет өзүңө, кара топурактуу жериме. Шаркырап аккан сууларыңды, таза абаңды, меймандостугуңду сагындым. Бар бол кыргыз элим, жерим! Кыргыз кызы.
ОП-103-84. 18 миң ааламдын энеси-Жер, атасы- Күн, ардагы-суу! Баарынан семиз Жер. Кара сууда каймак жок, уудан ачуу жокчулук. Сөздүн атасы-кулак, жол атасы-туяк. Кыргыз кызы
ОП-103-85. Менин биринчи саламым сүйүктүүмө жылуу, экинчи "Обондун" бетин толтуруп көңүлдүү салам жолдогон Амангүлгө ысык, үчүнчү кыргыз эли, жери үчүн күйүп бышкан Э.Дима досума жамгырдай, төртүнчү сүйүүсү үчүн күрөшүп көп азап чеккен Зуляга балдай, бешинчи махабатты даңазалаган Мээрим аттуу кызга жылуу салам. О.э досторума, СМСчилерге, окурмандарга, азыр ушул СМСти окуп жаткан адамга айтаарым Кудайым сени колдосун, өмүрүң узун болсун. Таалай Ж.
ОП-103-86. Алтындан ардактуу, үйүбүздүн куту, жашообуздун жарыгы, дүйнөдөгү эң кымбат асылым апам Рахманова Сонунбүбүгө салам жолдойм.
ОП-103-87. Өзгөн районуна караштуу Кароол айылындагы атам Маматкадыр, апам Айсалкын, акам Эген, жеңем Салкынайга салам жолдойм. Укам Бабырдын келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм! Бекиш.
ОП-103-88. Силер үчүн даярмын,/ Алдыга кадам таштаймын./ Мен силерге кошулам,/ "Обон" үчүн оолугам./ Бир бололу "Обондо",/ "Обончуларга" жолугам./ Ырысбек 91.
ОП-103-89. Аксы районунун Пачата айылындагы атам Кабыл, апам Турсунканга салам жолдойм. 07706980хх
ОП-103-90. Табигат сырдуу Алтынай эжеме ысык салам!. Айчүрөк 93.
ОП-103-91. Гүлшан туулган күнүң менен! Бактылуу бол! Россиядан досторуң.
ОП-103-92. Салтка айланган "Обон" алуу аптада,/ Бири-бирин сагынышкан, сындашкан./Кызык экен чынында эле "Обонум",/ Апта сайын сени менен сырдашкан./ Капаланба аз экен деп ыр сабы,/ Дамиранын алгачкы ирет кадамы./ Барагыңа тизилет го шурудай,/ Сен жөнүндө жаза берсем чарчабай./ Дамира 93.
ОП-103-93. Мага кеңеш бергилечи достор! Мен бир бала менен эки жылдан бери сүйлөшүп жүрчүмүн, аны аябай жакшы көрчүмүн. Кийин эжесинен ал үйлөндү, аялы төрөйүн деп калды деп уктум. Андан бери бир жыл өттү. Мына эми кайра пайда болуп калыптыр, аялым менен ажыраштым, балам жок, кечирип кой, мен сени сүйөм деп жалдырайт. Анын сөзүнө ишенээримди билбейм. Өзүмдүн жүрөгүм муздап калыптыр. Аська
ОП-103-94. Сүйүү, эх чиркин сүйүү! Айткылачы достор, эмне үчүн сүйүү деп аталат болду экен? Эмне үчүн жүрөктү жаралайт болду экен? Баарына багынбаган жүрөктү эмне үчүн сүйүүгө багындырды экен? Мунун баарын сезим деп коёт экен. Сезимдин эң чоң падышасы-ыйык сүйүү экен. Достор силерге тилегеним кудайым бакыт берсин, бакыт берсе байлык берсин! Таалай.Ж.
ОП-103-95. Кудайым сүйүү берсин, сүйдүрүп да берсин. Сүйүү бар жерде Кудай болот экен, эгер сүйүүң чың болсо. Чын сүйүү өмүрдү да өлүм кылат экен. Сүйүү адамга бир келет экен, эки келбейт экен, Кудайым сүйүүнү бардык адамдарга бербейт экен, ал да сүйө билген адамзатка берет экен. Сүйүү баарынан өзгөчөлөнүп жүрөгүңө гүл болуп өнүп чыгат экен. Таалай.Ж.
ОП-103-96. Саламат 93. мени менен байланыш, суранам. 0773846457.
ОП-103-97. Алыста иштеп жүргөн Амангүл эже амансызбы, Кантта окуп жаткан Макуся, талыкпай иштеп жаткан Айгөлөк, Жанусь Роза, Элиза, Зуля, Аэлита, Айчүрөккө салам. Мен силерди сагындым. Табигат сырдуу Алтынай.
ОП-103-98. Кусалыктан тажадым,/ Жалгыздыктан чарчадым./ Жан дүйнөмө өтө жакын,/ Махабат кайрыктары./ Табигат сырдуу Алтынай.
ОП-103-99. Жашоодо чыныгы дос көп болсо деймин, ошондой дос бар болсо мени менен байланыш. 0773846457
ОП-103-100. Байлыкка көз артпагын, суктанбагын,/ Байлык колдун кири сен аны унутпагын./ Байлар дагы бир кезде ыйлаарын унутпагын урматтуу менин замандашым. Бул ырга көз карашыңар кандай? Табигат сырдуу Алтынай
ОП-103-101. Эх, балалык кез, сени кимдер гана эскербесин. Урматтуу СМСчилер балалык, окуучулук, жаштык кез жөнүндө көбүрөөк ырларды жазгылачы. Кыргыз кызы
ОП-103-102. Бишкекте окуп жаткан классташым Даниярдын сүйүү майрамы менен куттуктайм! Дайыма сүйүктүүң менен бирге бол! Наргиза.
ОП-103-103. Талант кандайсың, ден соолуктарың жакшыбы? Мен сени чындап сүйөөрүмдү кеч түшүндүм. Бактылуу бол! 07714782хх
ОП-103-104. Бөлөм Мирбекти абдан сагындым. Бегимай.
ОП-103-105. Мен жашоодон тажадым, мени кечиргиле, баарыңарды капа кылып койгон болсом. Бул жашоо аябай татаал экен, чыдай албадым. Мени эч качан унутпагыла деген экен бир таракан мас болуп. Тунук.
ОП-103-106. Наргиза сага Ильяз өзү сүйөм дедиби?Бир Ильяз деп намысыңарды газетага төгөсүңөрбү? Бардык кыздын сүйүүгө акысы бар, жалгыз сен эмес. Ильяздын фанаткалары алга! +770136556хх
ОП-103-107. Наргиза Билал козунун атасы жок, ал жетимдер үйүндө чоңойгон мыкты патриот жигит. Ага асылба! Кичине ойлонуп жазсаң боло, көңүлүнө оор тиет деп ойлогон жоксуңбу? Казак кызы Амангүл.
ОП-103-108. Ангел-Асем ден соолук, окууларың кандай? Эмне "Обондон" алыстап кеттиң? Окуп калсаң ушул номерге СМС жазып койчу, суранам. +77013529221
ОП-103-109. Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Дыйкан айылындагы 89ж.классташтарыма салам жолдойм. Мен силерди сагындым. Алиса.
ОП-103-110. Кербен Куба, Бакай кандайсыңар? Кайсы жерде болсо да аман болуп, тилеген тилегиңерге жеткиле! Ийгилик каалап Алматыдан досуңар.
ОП-103-111. Ыймандуу кыздар менен таанышам. Маякка жооп жок. 0552717157
ОП-103-112. Салам "Обон" менин саламым Султан Садыралиевге жолдонот. 05570340хх
ОП-103-113. Канат Култаевдин балдарына супер салам. 05574479хх
ОП-103-114. Менин саламым бардык газета окурмандарына жолдонот. Оштон Наргиза
ОП-103-115. Табам Иван Цареевич бактысын, олтуруп алган окшойт Царевич бактысын, Олтуруп алган окшойт келечектеги аялын. 05522787хх
ОП-103-116. Даниель биз сени колдойбуз, бар бол! 05540567хх
ОП-103-117. Ала-Бука районундагы Актам айылынын тургуну Жапашова Бегимайга салам. 05542092хх
ОП-103-118. Т.Тынымбаев мектебинин бардык мугалимдерине жана окуучуларына салам. Бар болгула! 07774415хх
ОП-103-119. Т.Тынымбаев мектебинин 11-классынын кыздарына салам. Жакшы окугула, ыймандуу, бактылуу болгула! Эркайым
ОП-103-120. 1-Майда жашаган досторум Айганыш, Гүлзатка ысык салам. 07774415хх
ОП-103-121. Т.Тынымбаев мектебинин 11-классына салам. Окууларыңарга ийгилик! Мен силерди жакшы көрөм. 07774415хх
ОП-103-122. Атым Айдана, билимдүү, интеллигент жашы 25-30га чейинки балдар менен үй-бүлө куруу максатында таанышам. Мүмкүн болсо Көлдүк, Нарындык, Чүйлүк балдар чалгыла. 0772720370
ОП-103-123. Жалпы СМС жазган балдар-кыздарга салам жолдойм. Зуля
ОП-103-124. Салам Билал козу, эмнеге бөлөлөр баш кошсо болбойт экен. Албетте болот, эгерде сүйгөнүңүз жети атадан болсо анда мүмкүн эмес. Айнаш.
ОП-103-125. Султашка мен жактырам карагаттай көздөрүңдү,/Мен жактырам сенин шыңгыр күлкүңдү./Мен жактырам кубулжуган үнүңдү,/ Мен жактырам таттуу сенин сөзүңдү./ Гүлкайыр
ОП-103-126. Досум Таңсулууга арналат. Сенин атың Таңсулуу,/Атыңа затың жарашкан./ Төрт тарабың төп келип,/Бүткүл мектеп карашкан./Сабактан болсо дайыма, "5ти"алып жүрөсүң,/ Бирөөгө жаман сүйлөбөй, /Дайыма таза жүрөсүң./ Жанаша басып экөөбүз,/Дос болуп бирге жүрөбүз./ Айчүрөк93
ОП-103-127. Апаке ак сүтүңдү аябадың,/ Биз чоңоюп жетилдик картайбадың./Ылайым ушинтип жүрө бергин,/Эки уул, бир кыздын көрүп урматын./ Аксана
ОП-103-128. Бишкекте окуп жаткан сиңдилерим Назик, Аселге сагынычтуу салам. Ойлогон оюңар орундалып, бактылуу болгула алтындарым. Нузбира 09.
ОП-103-129. Бекжан базарындагы Беканы сүйүшкөндөр күнү менен куттуктайбыз! Сага бакыт тилейбиз деп досторуң Мээрим,Мээрим жана Мээрим 29.
ОП-103-130. Жаңы-Талаптык Долдоева Сьездгүл мага чал. Дамира 0557615556
ОП-103-131. Казарманда жашап жаткан атам Токтобай, апам Илка жана биртуугандарыма алыстан ысык салам жолдойм. Бар болуңуздар. Чымкенттен кызы Нузбира
ОП-103-132. Атым Мелис, жыйырма жаштамын. Кыздар менен таанышам. +77023325893
ОП-103-133. Салам туугандар, келгиле таанышып байке-карындаш, эже-ини, дос болобуз. 0770414769
ОП-103-134. Биз жаралдык жарык жашоого, ал жашоо биз үчүн эмнеси менен кызык? Кыргыз кызы.
ОП-103-135. Келе жаткан "Махабат күнү" менен бардык окурмандарды куттуктайм! Ушул күнү кол кармашкан түбөлүктүү түгөйүңөр менен сүйүү дайрасын махабат кемесинин үстүндө өткөргүлө. +770260341хх
ОП-103-136. Бекжан базарында иштеген курбу кыздарымды, досторумду 14-февраль "Ыйык Валентин" күнү менен куттуктайм! Сүйгөнүңөргө жеткиле! Мээрим29.
ОП-103-137. Сезим деген караңгыда чырагын,/Таза кармайт махабаттын булагын./Түшүп кетсем колуңан шыңгыр этип,/ Хрустальдай сынамын./ Мээрим 29.
ОП-103-138. 90ж. Муратты сүйүшкөндөр күнү менен куттуктайм.+770144606хх
ОП-103-139. Бир кезде Медер байкенин цехинде иштеген Бурул, Гуля чалгыла, күтөм Дамира 0557615556
ОП-103-140. Менин жакын досум Мээрим 29ду сүйүшкөндөр күнү менен куттуктайм! Мурат менен бактылуу бол! Ак жол силерге! Досуң Мека93
ОП-103-141. Наргиза, Алиса эжелеримди Сүйүү күнү менен куттуктайм! Бактылуу болуңуздар, эртерээк жезделүү кылыңыздар! Н09
ОП-103-142. Досум Дамиранын туулган күнү менен, Мээрим, Айжамалды "Ыйык Валентин" күнү менен куттуктайм! Мекка 93
ОП-103-143. Бекжан базарында иштеген акам Нурпаиз, жеңем Самаранын сүйүшкөндөр күнү менен куттуктайм! Бактылуу болуңуздар! Мекка 93
ОП-103-144. Өзгөндөгү досум Гүлшайыр, куш бооңор бек болсун! Мени унуттуңбу, эмнеге тойго чакырган жоксуң? Аяш менен бактылуу бол! Мекка 93
ОП-103-145. Миң-Булак айылынын Бөжөн сарайында жашап жаткан атам Сүйүндүккө, апам Керезге чоң салам жолдойм! Дайыма маңдайыбызда бар болуңуздар! Балдарыңыздар.
ОП-103-146. Нарын шаарынын тургуну Нурлан байкем жана Зинат жеңемди келе жаткан сүйүшкөндөр күнү менен куттуктайм! Бакыт кушу үйүңөргө жылоолосун! Эч жамандык көрбөй, Нурчик менен Маликанын жакшылыктарын көрүңүздөр! Карындашыңар.
ОП-103-147 . Куйбышев айылынын тургуну күйөө балам Өмүрбек менен сиңдим Айнураны келе жаткан сүйүшкөндөр күнү менен куттуктайм! Дайым эле бири-бириңерге болгон сүйүүңөр муздабасын! Айнурка аман-эсен көз жарып ал! Эжең.
ОП-103-148. Бишкектеги Айгүл эжеме жана Токтосун жездеме ысык салам! Кайда болбосун аман болгула! Сүйүшкөндөр күнү менен куттуктайм! Сиңдиңиз.
ОП-103-149. Менин эң жакшы көргөн иним Нурсултанга салам! Окууларыңа ийгилик иним! Бактылуу бол! Сүйүшкөндөр күнүндө сен сүйгөн кызга жолук! Эң башкысы элиңди, жериңди урматтап сыйлаган кыргыздын чыгаан уулу бол! Эжекең.
ОП-103-150. Ивановкада жашаган Жылдыз эжеме жана Салим жездеме салам! Балдарыңыздардын урмат-сыйын бирге көрүңүздөр! Сиңдиңиз.
ОП-103-151. Жумгалдагы сүйүктүү досум Динарага ысык салам! Сүйүшкөндөр күнү менен куттуктайм досум! Жолдошуңдун жанында Бакыт менен эсен жүр! Сени сыйлап, урматтаган досуң.
ОП-103-152. Мекка энд Рус майрамыңар менен! Кармашкан колуңар үзүлбөсүн алтындарым! Мен силерди сүйөм! Кара короз.
ОП-103-153. Куйбышевдеги бир туугандарым Айтбек байкем, Кундуз жеңем жана Кумаркүл, Чыңгыз, Илгиз, Жылдыздарга ысык салам! Аман болгула! Карындашыңыз.
ОП-103-154. Сүйүктүү курбум Эльзанага салам! Сүйүшкөндөр күнү менен куттуктайм! Сүйгөнүң менен бактылуу өмүр сүр! 0700423ххх.
ОП-103-155. Балыкчыда жашаган чоң атам Бекболотко, чоң апам Ажарга жана супер бабушкам Анипага сагынычтуу, жалындуу ысык салам! Баарыңыздарды сүйөм! Анипа апа, маңдайыбызда бар болуңуз! Чөбөрөлөрүңүздүн неберелерин көрүңүз! Кызыңыз.
ОП-103-156. Руслан байкеме ысык салам! Байке, мага таарынбаңыз. Баары бир мен сизди жакшы көрөм! Карындашыңыз.
ОП-103-157. Ийри-Суудагы ата-энеме, бир туугандарыма, досторума сагынычтуу ысык салам жолдойм. Мека 93.
ОП-103-158. Манап Динараны сабап кордобо, анын да убалы бар. Келечегиңди ойлон! 07721675хх
ОП-103-159. Марс, Айчүрөк 14- февраль сүйүшкөндөр күнү менен куттуктайм! Ар дайым элдин асты болуп жүрө бергиле! 07728410хх
ОП-103-160. Алишер элдин керегине жараган намыстуу жигттерден бол! Биз сени менен сыймыктанабыз! Ата-энең.
ОП-103-161. Азыркы заманда жөн кишини кой, адвокаттарга ишенип болбойт. Эгерде Мирлан ушинтип жүрсөң, көп кишинин убалына каласың. Арты жакшы болбойт, эсиңе кел! Бурма
ОП-103-162. Каражаным, мен сени сагындым. Качан келип мени сүйүнтүп, кучагыңа бек кысасың? Мен сендик гана болгум келет. Жаның
ОП-103-163. Билал козуга салам. Бөлө менен үйлөнсө болот. Мисалы, менин бөлөлөрүм үйлөнүшүп, балалуу да болушту. Айпери.
ОП-103-164. Билем, сен мени жакшы көрөсүң, бирок билдирбейсиң. Анткени менин жигитим бар дегенге ишенип, жолумду тоскуң келбейт. Мен сени эмне кылар экен деп ошентип айткам. Жаным сагындым сени. Айзада.
ОП-103-165. Астана калаасындагы бөлөлөрүм Азиз, Мирлан ж.б. ишиңерге ийгилик, сүйгөнүңөргө жеткиле! Айко.
ОП-103-166. Аймира дипломуң куттуу болсун. Ойлогон ой максатың орундалып, келечегиң кең болсун! Досуң.
ОП-103-167. Мен аябай чарчадым, жакшы китеп окуп эс алгым келип жатат. Бирок, китеп кымбат, акчам жок, жаман кыйналып кеттим. Аида
ОП-103-168. Нурлан мен сени сүйөм. Айка
ОП-103-169. Алмакан эжеге салам. 0554763ххх
ОП-103-170. Айнура кайда жүрөсүң? Бека.
ОП-103-171. "Обон" гезитинин бойдокторун Сүйүү күнү менен куттуктайм! Быйыл башыңарга баш кошулуп, жаздыгыңар экөө болсун! Динара
ОП-103-172. Байтур байкенин үй-бүлөсүнө салам. 0555204ххх
ОП-103-173. Мен түштүктөн куда күткүм келбейт. Анткени алардын салты оор. 07724452хх
ОП-103-174. Улан мен сени сагындым. Качан келесиң? Айдай
ОП-103-175. Карыздан кутулсам жети токоч бабээдин жасайт элем. Мага бирөө карыз, мен бирөөгө карыз болуп чарчадым. Доочулар келсе жүрөгүм дүкүлдөп, кан басымым көтөрүлүп кетчү болду. М….
ОП-103-176. Кудай менин тилегим аткарылып, ишим оңолсо экен.Үй-бүлөм тынч болуп, бала-бакырам алга жетсе экен! Үйүм үстүмдө, казаным астымда болуп, небере, чөбөрө эркелетсем экен! Пендең
ОП-103-178. Мен сенин кучагыңда эркелегим келип жатат. Бирок, сен алыстасың. Качан мен күткөн күн келет? Айдай.
ОП-103-179. Мен сага түшүнбөйм. Эмне мынча мерезсиң? 07721675хх
ОП-103-180. Ушул жашоомо да каниет кылам. Кудай жараткандан кийин берээрин унутпайт. Ал мээримдүү, боорукер, ырайымдуу! Дастан
ОП-103-181. Сүйгүм да келет, сүйдүрткүм да келет. 0772494хх
ОП-103-182. Менин алдыга койгон максатым чексиз. Анын түбүнө жетүү үчүн көп жол басыш керек. Узак жолдо мен талбайм, чарчабайм, анткени кыялымдагы нерселер кичинеден аткарылып келатканына сүйүнөм, кубанам! Айдай.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Мүзүр алгач Гүлмиранын курбусун сүйгөн
2-бет
Мүзүр, Гүлмира:
"Биздин сүйүүбүзгө Алим Токторов себепкер болгон"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
4-бет
Нуркыз
Исакова:
"Уулум экөөбүз атабыздын бактылуу болушун каалайбыз"

5-бет
Батма Качкынова:
"Жалган айтып жаныма эмне күч келиптир"

6-бет
"Кызганганда көзүм төрт бурчтук болуп калат"
7-бет
Жигиттерди жиниктирген "Жигитовка"
8-бет
Арзыбек Бедияров:
"Арзыгүлгө жолуга албасам да сүрөтүн сактап жүрөм"

9-бет
Айтылуу айымдар арзуусу
10-бет
Жаман көргөн кызыма үйлөнтүп коюшту
11-бет
Атагы чыккан
12-бет
Көз мончок
13-бет
"Ачык айткан акын"
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Таалайбек Турдубаев:
"Аялың нервиңе тийсе чыдайсың да"











??.??