п»ї

  дилмаек

Таалайбек Турдубаев:
"Аялың нервиңе тийсе чыдайсың да"
Элдин купулуна толгон ырлары менен таанылган обончу, аткаруучу Таалайбек Турдубаев көптөн бери сахнадан көрүнбөй кетти эле. "Ырчыдан кайда жүрүп, кимдин колун кармаганын сурайлы" деп, аны маекке тарттык.

- Таалайбек мырза, булуттан чыккан айга окшоп келип калыпсыз, сыягы башка кызматта да иштеп жаткансыз го?
- Ошондой десем да болот. Учурда Ош Мамлекеттик Университетинде студенттерге музыкадан сабак берип ага окутуучу болуп иштеп жатам. Мамлекеттик кызматка кирип алгандан соң алыска чыга албай, жипсиз байланып калат экенсиң.
- Жипсиз байланып, чыгармачылыкка катуу кирише албай жүрөм деңиз?
- Антип байланып жүргөнүм менен өзүм үчүн чыгармачылыктан алыстабай иштеп жаткандай эле болом. Балким, шаардагы концерттерге көп катышпай, теледен көрүнбөй калганымдан улам ошондой сезилип жатса керек. Өзүм аккордеончу болгондуктан жакында эле мурунку эски ырларымды, ошондой эле Рыспай, Асанкалый, Жолдошбек өңдүү залкар агаларыбыздын ырларын аккордеон менен ырдап, жаңы альбомумду чыгардым.
- Мугалим болгон кандай экен, сессия убагында студенттерден акча алып жатасызбы?
- (Күлүп) Акча алганга кызыкпайм. Сабак билген студенттерге жакшы бааларды өзүм эле коюп берем. Эгерде менин сабагым окуп келип, ооз эки айтып бере турган сабак болсо, анда башкача болмок. А музыкадан ким кандай даярданып келгени билинип, көрүнүп эле турат.
- Университеттен го көп студенттерди тарбиялап жатыпсыз, а үйдө канча балага тарбия берип жатасыз?
- Үйдөн Залкарбек, Аскарали аттуу уулдарымды жана Айсезим аттуу кызымды келинчегим Чынара экөөбүз тарбиялап жатабыз. Келинчегимдин кесиби тикмечи, бирок, азырынча бала багып үйдө эле. Кыргызда "Аял жакшы, эр жакшы" дегендей, келинчегим тың, жакшы үчүн менин үй-бүлөмдө баары жакшы болуп жатат.
- Жакшы, жакшы деп айткан күндө деле, казак-аяк кагышат эмеспи?
- Бизде таптакыр казан-аяк кагышпайт деп айтпайм. Андайлар деле болот дечи. Бирок, аялга кол көтөрүп, көк-ала кылып сабап калган болбойт. Андай нерсе шариятка да туура келбейт. Аял киши менен жаш балага кол көтөрүштүн кереги жок деп ойлойм.(Күлүп) Ал эми кээде нервге тийген кезде чыдайсың да.
- Аялыңыз нервиңизге тийген кезде сиз чыдайт экенсиз, а сиз ичип келгенде аялыңыз чыдайт болду бекен?
- (Күлүп) Мен аялым чыдабагыдай ичпейм да. Такыр эле ичпейм деп койсом, досторум "Ай-ай-ай"деп баштарын чайкап калышпасын. Анча-мынча майрамдарда жакшы ниет менен тост көтөрүп коёбуз.
- Келинчегиңиз үйдө жок болуп калганда өзүңүз тамак жасап иче бересизби?
- Ачыгын айтсам, мен ашканага кирип, өзүмдү ашпозчу сезе албайм. Мурда чай демдешти гана билчүмүн. Жайында досторум менен жаратылышка чыгып калганда, баары эле колунан келген тамактарды сонун кылып жасап жатышат. Анан мен да "Тамак жасаганды үйрөнүп алсам өзүмө эле жакшы экен да" деп, классташтарымдан анча-мынча тамак жасаганды үйрөнүп калдым.
- Ал эми акча жагынан колуңуз ачыкпы же?..
- Сараңмын. Акчаны эби жок корото бергенди жактырбайм. Бирок, канча үнөмдөсөм дагы аягын таппай калам.
- Суроомду сиздин эргүүңүзгө бургум келип жатат. Кандай учурда сизге эргүү келет?
- Досторум, классташтарым менен олтуруп калганда тамашалуу пародияларды жакшы жазам. Ал эми чыгармачылыкка олуттуу мамиле жасап, "Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун" деген ураанды колдоном. Башкача айтканда дайыма акындар менен иштешип келем. Өзүмө ырдын сөзү жагып калса, ага сөзсүз обон жаратам.
- Капкара чачыңыздын арасында Муратбек Бегалиев аганыкындай ак көкүл чачыңыз бар экен. Мындай белгилер таланттуу адамдарда гана болот деп коюшат. Буга кандай ойдосуз?
- Ооба, менин маңдайымдагы ак чачымды туура байкаптырсың. Өзүм Муратбек аганы абдан сыйлайм. Ал киши менен да бир-эки жолу чай ичкен мага насип эткен эле. Кыргыздын дагы бир таланты Жолдошбек Мамажановдун да ушундай ак чачы бар экен. А кишинин "Иним мага окшоп белгилүү киши бол" деп айткан сөзү бар. Бул эми кудайдан болгон пешене экен да. Кээде досторум менден, "Эмне сенин чачыңдын бул жери агарып кеткен?" деп сурап калышканда, "Аялым чачымдын ошол жеринин нервине тийген. Анан агарат да" деп, күлүп калам.
Айнура Касымова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Мүзүр алгач Гүлмиранын курбусун сүйгөн
2-бет
Мүзүр, Гүлмира:
"Биздин сүйүүбүзгө Алим Токторов себепкер болгон"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
4-бет
Нуркыз
Исакова:
"Уулум экөөбүз атабыздын бактылуу болушун каалайбыз"

5-бет
Батма Качкынова:
"Жалган айтып жаныма эмне күч келиптир"

6-бет
"Кызганганда көзүм төрт бурчтук болуп калат"
7-бет
Жигиттерди жиниктирген "Жигитовка"
8-бет
Арзыбек Бедияров:
"Арзыгүлгө жолуга албасам да сүрөтүн сактап жүрөм"

9-бет
Айтылуу айымдар арзуусу
10-бет
Жаман көргөн кызыма үйлөнтүп коюшту
11-бет
Атагы чыккан
12-бет
Көз мончок
13-бет
"Ачык айткан акын"
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Таалайбек Турдубаев:
"Аялың нервиңе тийсе чыдайсың да"











??.??