п»ї

  кумир менен баарлашуу

Мүзүр, Гүлмира:
"Биздин сүйүүбүзгө Алим Токторов себепкер болгон"
"Кумир менен баарлашуу" рубрикасынын меймандары "Кеңеш"тобунун ырчылары Мүзүр мырза менен Гүлмира айым болду. Эки сааттан ашык убакыт күйөрмандары менен бетме-бет олтуруп баарлашкан ырчыларыбыз, эсте кала турган бактылуу көз ирмемдердин ээси болушту.

Нуржан:
- Мүзүр байке, эмнеге тобуңуздардын атын "Кеңеш"деп койгонсуздар?
- Мен жети бир туугандын кичүүсү болом. Аскер кызматынан келгенден кийин атам мага "Балам, аял аласыңбы же ямаха сатып берейинби?"деп сурап калды. Чынында мага үйлөнгөн кызык болгон эмес. Анткени, болгону жыйырма жашта элем. Дароо "ямаха алып бериңиз, шашпай эле үйлөнөм"дедим. Атам мага ямаха сатып берип, жыйырма күндөн кийин көзү өтүп кетти. Азыр ойлосом, менин каалаганыма көнүп, өзүнүн акыркы парызынан кутулган экен да. Андан бери арадан он жыл өттү. Атамдын Кеңешбек деген атынан улам, жаңы ачкан тобумду "Кеңеш"тобу деп атагам.
- Ошол ямахаңыз азыр деле барбы?
- Ооба. Ямаха атамдан калган белек болуп калды. Атамдын көзү өткөндөн кийин ата-энемдин ишеничин актайын, элге уят кылбайын деп, жалгыз бир уйду сатып, ямаханын толук аппаратурасын алып, жаңы топ ачтым. Топту жаңы ачканда жети-сегиз бала бар эле, азыр иргелип олтуруп үй-бүлөлүк топ болуп калдык.
Айзирек:
- Сиздерди элге тааныткан "Нике кайып" ырыңыздар болдубу?
- Буга чейин бир топ ырларды аткарып чыктык. Башка ырчыларга да өзүмдүн ырларымды бердим дегендей. Бирок, чындыгында 2008-жылы 11-январь күнү чыккан "Нике кайып" ырыбыз эл оозуна бат алынып, клиби да ийгиликтүү болду.
- Ал ырыңыз кандайча жаралып калды эле?
- Жаралышы өтө кызык. Беш мүнөттүн ичинде эле жараткам десем болот.
Гүлмира: - Мен айтып берейин да, мага минтип түшүндүрүп жатпайбы. "Гүлмира, мен "Ардагым"деген жаңы ыр жаздым. Экөөбүз ырдайбыз. Мен минтип сүйлөп турам, сен болсо ардагым, тандадым деп созуп турасың" дейт. Элестет, ошондой кантип ыр болсун, элдин баары бизди карап күлбөйбү десем, "Көрөсүң, жакшы ыр болот" деп өзүнө аябай ишенип алды. Үч жолу үн жаздырып, үчөөндө тең ырдай албай койгом. Башында мен элге жагып кетээрине ишенген эмесмин.
Тина:
- Клипке катышкан каармандарды кастинг менен табасыздарбы же тааныш аркылуубу?
- Көбүнчө бизге айттырбай эле клипти тартып жүргөн режиссёрлор өздөрү таап коюшат. Кантсе дагы алар профессионал болуп калышкан да. Биздин клиптерибиз дайыма эле режиссёрлорго таандык болчу, өткөндө "Арман" деген жаңы ырыбызга сценарийди өзүм айттым. Буюрса сиздер да жакында ал клипке күбө болосуздар. Клип дүкөндүн ичинде тартылып, кыз менен эркек маникендердин сүйүүсү чагылдырылат. Өзүңүздөр билгендей маникендер улам ар түрдүү жаңы кийимдерди кийишет эмеспи. Маңдай-тескей туруп калган бала менен кыз бири-бирин көз караш аркылуу жактырып калышат. Бир күнү сатуучу товарларын ташып жатып, бала маникенди кулатып алат. Жыйынтыгында сынып калган маникен баланы таштандыга салып жатканда кыздын көзүнөн жаш тамып, армандуу сүйүүсү көрсөтүлөт.
- Ал эми өзүңүздөрдүн сүйүүңүздөр кандай болду эле?
Гүлмира:- Мүзүр экөөбүздүн таанышканыбызга режиссёр Алим Токторов себепкер болгон. 2001-жылы күз айларында Алим байкеге барып, "Мага жардам бербейсизби, ырдап чыгайын" деп кайрылып калдым. Алим байке, "Кечинде "Чынгыз" деген кафеге кел, "Таалай элеси"тобундагы балдар иштейт. Мен сени алар менен тааныштырам, анан сүйлөшөбүз"деди. Кечинде кафеге барсам, Алим байке жок экен. Бир кабинага кирсем, ичинде толтура балдар тамеки чегип отурушуптур. Аларга Алим байкеге келгенимди айтсам, аппак кепка, аппак спортивка кийген арык бала мага келип, "Алим байкенин үйү бул эле жерде, жүрү алып барып келем"деп тамекисин бат-баттан чегип коёт. Көрсө ал Мүзүр экен. Ошентип таанышып калдык. Мүзүр мени ырдатып көрүп, "Ырдай албайт экенсиң, мага сендей кыздар толтура келет"деп койду. Аны курбу кызыма айтсам, жини келип алыптыр. Эртеси күнү курбумду ээрчитип келип, Мүзүрдү көрсөтсөм, "Сен Тотомидинди, мен Мүзүрдү чаап алайын, анан ырдатпаганын көрөбүз"деп жатпайбы. Айткандай эле курбум менен Мүзүр кыз-жигит болуп жүрүштү. Экөө тең тамекини өкүртө чегишет. (Күлүп) Кийин эле мага арнап ыр ырдап, колумду кармап сүйүүсүн билдирип калды.
Гүлзар:
- Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө болгон кызыктуу окуялардан айтып берсеңиздер?
Гүлмира: - Сүйүү тууралуу суроо болсо эле Мүзүр мага түртө салат. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөн кезибиз. Кафеде чогуу ырдайбыз, кечинде Мүзүр мени үйгө чейин узатып барат. Бир күнү мас болуп калды. Үйгө жеткенде "Кичине тура турчу"деп мени үйгө киргизбейт. Мас немеге теңелбей жанында туруп турайын десем, суукка тоңуп калдым, үйгө кирип кетейин десем, "Анда мен кетпейм, ушул жерге жатам"деп кардын үстүнө жатып алат. Ошентип жатып бир топ убакыт өтүп кетти. Болбой эле үйгө кирип кеттим. Бир аз өткөндөн кийин эмне болду экен деп сыртка чыксам, ошол жаткан жеринде уктап калыптыр. Эки бөйрөгүнө суук тийип, кийин үйлөнгөндө дарылап жүрбөдүкпү.
- Мүзүр байке, үйдө кандай кожоюнсуз?
- Эркек киши сыртта кожоюн, аял киши үйдө кожойке деп коёт го. Мен дагы үйгө киргенде келинчегиме багынып берем. Эмне тамак жасаса жеп, майда-чүйдө казан аягына аралашпайм. Олуттуу маселелерге гана кийлигишем. Албетте, үй-бүлөмдү багуу, шарт түзүп берүү менин милдетим.
- Уулуңуздарды көбүнчө кимге окшоштурасыңар?
- Уулубуз Медер азыр үч жарым жашта. Кебетеси мага окшош, кыялы апасыныкы дебейинби. Ий, баса, мен бир нерсени ойлонуп калганда бир чекитти карап, эсим ооп калмайым бар. Бир күнү уулум да ошентип калса болобу. Уулумду карап алып өзүмдү көргөндөй болуп, таң калып калдым. Мурда апасы ушинтип айтса көп маани берчү эмес экенмин.
Гүлмира: - Мага болсо күлгөндөрүн окшоштурам. Анан башынын түзүлүшү да меники десем болот.
Ренат:
- Өспүрүм кезде ата-энеңиздерге каяша айттыңыздар беле?
Мүзүр: - Өзүмдүн атама, апама каяша айталбайт элем. Ага караганда чоң энеме каяша айтып калганымды билем. Чоң энем өтө таза, тыкан киши эле. Мени эки күндүн биринде таштекке салып алып киринте берчү. Казанга сууну ысыта баштаганда эле качып кетчүмүн. "Ай, бала кел бери жуунтайын"деп чакырса, "Барбайм, жуунбайм" деп кыйкырган бойдон качып жөнөчүмүн.
Гүлмира: - Үйдө эрке чоңойгом. Бир эжем, бир иним бар. Үйдөгүлөрдүн баары мени назик деп бөпөлөшчү. Ата-энеме караганда эжеме көп каяша айттым. Анткени экөөбүздүн ортобуз бир жаш болгондуктан урушуп-талашып жатып калчубуз. Азыр деле каяша айтып калам. Бизди биринчи көргөндөр, "Гүлмира, сен эжеси болосуңбу?"деп сурашат.
- Азыр ырчылардын көбү чет мамлекеттерге барып эс алып жатышпайбы. Сиздер кайсы мамлекетти көргүңүздөр келет?
Мүзүр: - Дүйнөнүн кооз жерлерине барып эс алганды ким эле каалабасын. Биз чет мамлекетке барып эс алып көрө элекпиз. Алматыда чакан бизнес кылабыз. Ошол жакка бат-баттан барып турабыз. Былтыр Россияда 22 күн болуп, 8 концерт бергенбиз. Эми кудай буюрса, Меккеге барып келели деген жакшы ниетибиз бар.
- Алдыда келаткан сүйүү күнүн кантип белгилейсиздер?
Гүлмира: - Биз сүйүү күнүн атайын деле майрам катары белгилебейбиз. Бул күндү эле эмес, Жаңы жыл, 8-март ж.б майрамдарды деле майрамдагыбыз келбейт. Мусулмандардын майрамдарын чын ниетибиз менен күтүп, жакшы даярдыкта тосуп алабыз.
- Качан концерт коёлу деген пландарыңар бар?
- Кудай буюрса, жеке концертибизди май айына пландап жатабыз. Даярдыктарды азыртадан көрүп, чуркап жүргөн убагыбыз. Окшош эмес, шоу концерт койгубуз келет. Ошондуктан залда отурган эл ар бир ырдап чыккан ырыбызга кол чаап, көңүлдүү маанайда болушса экен деген жакшы тилегибиз бар. Азыр репертуарга өзгөчө маани берип, аны менен бирге жаңы клиптерди тартып жатабыз.

Айнура Касымова
Бакыт ТАКИРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Мүзүр алгач Гүлмиранын курбусун сүйгөн
2-бет
Мүзүр, Гүлмира:
"Биздин сүйүүбүзгө Алим Токторов себепкер болгон"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
4-бет
Нуркыз
Исакова:
"Уулум экөөбүз атабыздын бактылуу болушун каалайбыз"

5-бет
Батма Качкынова:
"Жалган айтып жаныма эмне күч келиптир"

6-бет
"Кызганганда көзүм төрт бурчтук болуп калат"
7-бет
Жигиттерди жиниктирген "Жигитовка"
8-бет
Арзыбек Бедияров:
"Арзыгүлгө жолуга албасам да сүрөтүн сактап жүрөм"

9-бет
Айтылуу айымдар арзуусу
10-бет
Жаман көргөн кызыма үйлөнтүп коюшту
11-бет
Атагы чыккан
12-бет
Көз мончок
13-бет
"Ачык айткан акын"
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Таалайбек Турдубаев:
"Аялың нервиңе тийсе чыдайсың да"











??.??