п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Эстрада ветераны

Батма Качкынова:
"Жалган айтып жаныма эмне күч келиптир"
1982-жылдан баштап 1992-жылга чейин белгилүү обончу жана аткаруучу Марат Алыбаев түзгөн "Таазим" эстрадалык тобунда "Жашоо-керемет", "Шаардык жигит, "Алма сунсам колуңа" ж.б. ырлары менен оозго алынган ал кездеги жапшаш, чачы ошол кездеги мода (карэ) менен кыркылган (эженин чачы азыр да ошондой) кара көз Батма Качкынованы тааныбаган киши жок эле. "Таазим" таркаганы Батма эжени таппай калганбыз. Көрсө эже турмуштун агымы менен соода-сатык иштери менен алектенет экен. Сахнага 33 жыл өмүрүн арнаган эже 52 жашка чыгыптыр. Кезигип калып, кеп козгошуп отурдук…


- Менин атам молдо киши болгондуктан, менин ырдайм дегениме таптакыр каршы болчу. Болбой эле Токмоктогу маданий-агартуу окуу жайынын хор-дирижерлук факультетине тапшырып алганымды билип калып, китепканачы бөлүмүнө котортуп койгон. Ал жерден окуп жүрүп болочок жолдошум Мээркул менен таанышып калдым. Ал музыка жаатында окучу.
Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Анын окуусу бүткөндө Сокулукка багыт берип, ошол жакка иштегени жөнөтүштү. Ал кезде Өкмөт кайда бар десе ошол жакка жөнөчүбүз. Ошентип, Сокулуктагы "Мээрим" деген ансамблде иштеп калдык. Мен солист болуп ишке кирдим. Ырдаба деген ата-энем унчукпай эле калды, а менин кыялым орундалды. "Мээримден" кийин Нарын драма-театрында 10 жылдай иштедим. Андан соң борбордун Филармониясынын астында түзүлгөн "Азем" орус группасында ырдап жүргөнүмдө, Таластан "Таазим" деген эстрадалык топ келип калды. Жетекчиси Марат Алыбаев экен. Алар келгенден кийин кыргыз филармониясына орус группанын кереги жок деп "Аземди" таратып жиберишти. Бирок, Роза Заитова экөөбүздү кетирбей "Таазимге" алып калышты. 8 жылга контракт түзүп, биз барып ырдабаган жер калган жок.
"Таазим" койгон концерттер жалаң аншлаг менен өтүп, 22 күн катар ырдаган күндөрүбүз болгон. Бирок, биз тапкан-ташыганыбыздын баарын Өкмөткө төгүп берчүбүз. 3 ай мурун план берип койчу "Мынча күндө, мынча акча бересиңер" деп. Ошондо биз Өкмөткө иштебей өз чөнтөгүбүзгө иштегенде оо-о анда такыр башкача болмок.
Азыр өзүмө суроо берем: кышы-жайы менен гастролдо жүрүп эмне пайда таптык? Суукта сахнада калтырап-титиреп ырдайсың, сахнанын артына өтүп, кагаздарды күйгүзүп жылынымыш этип алып, кийимиңди которуп кайра чуркап чыгасың… Биз мамлекет үчүн иштедик, а мамлекет бизге көңүл буруп да койгон жок. Мына ошондогу эстраданын карлыгачтары четинен каза болуп жатат. Роза Заитова, Нүргүл Абылмажинова деген эки кызыбыздан айрылдык. Өпкөсүнө, бутуна суук тийип, өтүшүп кетип каза болушту. Ошо оорунун баары тытынып сахнада иштеп жүрүп, андан алган белектери. Менин да бутум ооруйт, убагында ооруганыбызды сезбей, концерт коюш керек, ырдаш керек деп жүрө берген экенбиз да…
- Андагы эстрада менен азыркы эстраданын айырмасы сиз үчүн асман менен жердей болсо керек…?
- Анда азыркыдай быжыраган артистер жок. Биз саналуу эле болгондуктанбы кайсы жерге барсак да барктуу болчубуз. Эл залга батпай, концерттен кийин "Меникине конок болуп кет" деп сүйрөп кетишчү. Эки жыл мурун Мерген Турган экөөбүз Таласка гастролго барып калдык. Айыл тып-тынч. Бирок, бизди укканда келишти дечи, элдин айтымында азыр жаш ырчы балдар-кыздар экиден ээрчишип алып барып атып элди тажатып алышыптыр. Артистер эле артистердин баркын кетирип салышыптыр. Азыр эмне көбү эле "шабашниктер" болуп калбадыбы.
- Кайрадан эл алдына чыгып атканыңызга аз эле убакыт болду окшойт?
- Ар нерсенин өз убагы болот. Убагында келген, убагында кеткенди да билиш керек деп ойлогом. Сахна менен 10 жыл убакыт көрүшкөн жокмун. Бирок, эл деген сени унутпайт экен. Тааныштарым аркылуу таап алышып тойго чакыргандар көп. Барып ырдап коем. Эл эски ырларды сагынат экен, кээде тойлордон туруп алып кол чаап кетиришпейт. Эки жыл мурун ЭлТР "Ырдайлы достор, ырдайлы" көрсөтүүсүнө, КТР "21-кылымдын жылдыздары" гала-концертине чакырышкан. Быйыл дагы "Жаңы жылдык көрсөтүүлөргө" УТРКнын жаңы жетекчилиги чакыртып ырдатып, тарттырышты. Аларга рахмат. Ушундай жылуу мамиле кылышып, көңүл буруп турушса "экинчи демиң" ачылат экен. Мени "Ырыңыз даярбы, костюмдарыңыз эмне болду?" деп такылдатып турган Роза Табериковага да рахмат. Бир нерсе эсиме түшүп кетти.
"21-кылымдын жылдыздары" концертинде бир медаль беришкен. Алганын алып, жазуусун деле байкабаптырмын. Турусбек Жумалиев "Батма эже, улуулардан сиз алдыңыз" десе деле маани берген эмесмин. Анан Роза Таберикова "Эже, сиз 21-кылымдын жылдызысыз, окудуңузбу?" дегенде, араң карап жатпаймынбы. Көрсө, мурунку замандын ырчылары эчтеке менен ишибиз жок болуп көнүптүрбүз. Досторум да "33 жыл иштедиң. Качан эмгек сиңирген артист наамын аласың?" деп сурап калышат. Мен эмне үчүн аларга жалдырап барышым керек? "Эмгек сиңиргенди"алыш үчүн бир топ документтерди толтургандан сырткары, Акүйгө, Көкүйгө барып кол койдуруш керек экен. Мага ал жактан ким кол коюп берет, бул ким? - дебейби.
- Кыздарыңыздын сизди тартып ырчы болуусун каалачу белеңиз?
- Алар өздөрү каалашкан жок. Өзүлөрү ырдамак турсун менин ырдаганымды да каалашпайт. Азыр деле "Ырдаганы тойго кеттим" десем, "Дагы кеттиңби, эми уят эмеспи" деп калышат. Кыздарым жаш кезимде деле көп колдошкон жок. Башка ырчылардын бир туугандары, балдары чогулуп, концертке гүл көтөрүп барышат го. А булар барышчу эмес, же шаарда тарбияланып калышкангабы. Азыркы ырчыларды көрүп алып дагы "И-иий, ушинтип ырдабай эле коюшпайбы" деп ардана беришет. Экөөнүн тең кесиби юрист. Экиден балдары бар. А күйөө балдарым тескерисинче сыймыктанышат. "Апам ырдап берсинчи" дешип, кыздарым аркылуу суранып калышат.
- Кыздарыңыз өз атасын эмес, Марат Алыбаевди "ата" деп чоңоюшканы чынбы?
- Чын. Бирок мен "Марат жөнүндө мындан ары журналисттерге интервью бербейм" дегем. Өгүнү "Агым" гезитинин журналисти интервьюга чакырганынан баргам. Марат жөнүндө сураганынан ага да ушуну түшүндүрүп айткам. Бирок, ал менин айткандарымды жазыптыр. Андан кийинки санында Мараттын аялы Майрамдын эскерүүсү жарык көрүптүр. "Батманын айткандары жалган"-деп айтыптыр. "Батма өзү гезиттен-гезитти кыдырып маек берет экен" деп айтат экен. Мен ушул убакка чейин "Менден интервью алып койгулачы" деп биринчи өзүм барган жан эмесмин. Журналисттер менден Марат жөнүндө сурап жатышса, демек алар да билген үчүн сурап жатышат да. А мен оюмдан чыгарып, жалган айтып жаныма эмне күч келиптир.
- Ушунча болду эми Марат байке жөнүндө айтпасаңыз болбой калды. Бул сиздердин сүйүү тарыхыңыздар да? А тарыхтан эч ким качып кутула алган эмес…
- Маратты мен Филармониядан кезиктирип, экөөбүз бири-бирибизди сүйүп калдык. Бирок, анын аялы бар болчу. Экөөбүз 9 жыл бирге жашадык. Ал өзүнүн үй-бүлөсүн да таштаган жок. Мен да "Кыздарың жетим калбасын, баары бир балага ата тарбиясы керек, мен сени менен ушинтип жашаганыма да ыраазымын" деп мага биротоло келишин каалаган жокмун. Экөөбүздү тең таарынтпай жашады. Менин Мээркулдан көргөн эки кызымды өзүнүн эки кызына кошуп, ата мээримин төгүп, тарбия берип чоңойтту. Биринчи үй-бүлөсүнө барышып-келишип, чогуу эле тамактанып дегендей, жашап жүрдүк… Аялы экөөбүз да сен-мен дешкен жок элек. Анан арадан 15 жыл өткөндө эч нерсени билбеген, көрбөгөн киши болуп чыга келгени таң калтырат. Гезитке барып маек берээрден мурда ойлонсо болмок экен. Же бирөөнүн тилине кирип айтканы болуп жүрбөсүн. Жакында эле бир тойдон ырчылардын көбүнө жолуктум, алар да окушупутур, "Ал эмне "билгендер окубай калат" деп берген маегиби, же эмне Кыргызстандан башка жерде жашап жатыптырбы? Сиз Марат байкенин музасы болчусуз" дешип, мага кайра кайрат берип коюшту. Марат экөөбүздүн сүйүүбүздү артистердин баары, Мараттын ата-эне, ага-туугандары, элдин баары билишчү. Майрам "Мараттын арбагына шек келтирбе" деп айтыптыр, мага. Эгерде мен болгон окуяны жашырып "Жок Маратты тааныбайм. Сүйгөн эмесмин, бирге жашаган эмесмин" деп айтсам, ошондо Мараттын арбагына шек келмек, керек болсо арбагы урмак. А мен болгон чындыкты эмне үчүн "болгон эмес" дешим керек. Мени эч ким Мараттай, мен да Маратты сүйгөндөй эч кимди сүйгөн жокмун. Болбосо мен деле бирөөнүн колун кармап оокат кылып кетсем болмок. Марат тирүү кезинде досторуна "Эркектер өлбөш керек. Өлсөк аялдарыбыз башка эрге тийип кеткени жаман" деп, анан тамашалап "Кокус тирилтип кайра жиберип койсо, аялыбыз тийип алган күйөөсүн каякка катаарын билбей кайсалайт болсо керек ээ?"деп калаар эле. А мен Мараттын өзүн сүйгөн, арбагын сыйлаганым үчүн Марат деп гана жашап келем.
- Экөөңүздөр чогуу ырдап жүргөн кездеги сүрөттөр, кассеталар сизде барбы?
- Ооба. Ырчылар өздөрүн эски кассетадан көрүп, кээ бири сыймыктанып, кээси жашарып, кээ бири өкүнүп… ар кандай абалда калат экен. А мен өзүмдү көргөндө эч кандай сезим болбойт. Маратты көрүп алып эле ичим туз куйгандай ачышат да турат. Кээде мен ооруп же кыйналганда түшүмө кирет. Күнүгө түшүмө кирсе экен деп тилейм, бирок, мен ооруган сайын эле кирет, сезгендей. "Коштошуу" деген ырын кудум экөөбүзгө арнап жазып койгондой. "Мен жакында баары бир өлөм, сен келесиң мүрзөмө гүл көтөрүп" деген саптары бар. Маратты эскерүү кечесинде ушул ырды ырдасам, мен эмес, отурган эл кошо ыйлады. Ырындагыдай коштошуп кеткенине 15 жыл өтүп кетиптир. Турмуш менен алышып жүрүп, ушунча көп убакыт өткөнүн деле байкабай калат экенсиң. Марат каза болгон жылдары мен катуу стресске түшүп, андан чыга албай 3-4 жыл жүрдүм. Ошол учурда жаныма жөлөк болушкан Роза Заитова, Мерген Турган, Алинага Жетигеновага ыраазы болом.
- Марат Алыбаевден балалуу болгон жоксузбу?
- Балалуу боло алган жокпуз. Мунун да бир өзүнүн сыры бар, эми аны айтканда не.
- А жолдошуңуз Мээркул экөөңөрдүн мамилеге унчуккан жок беле?
- Мен Мээркул менен Маратка чейин эле ажырашып кеткем. Марат экөө Таластан, бир айылдан болушчу. Анын да көзү өтүп кеткенине 4 жылдын жүзү болуп калды.
- Айтууңузга караганда ошол кездеги бир сахнага чыккан артистер абдан ынтымактуу окшойсуңар?
- Ошол кездеги сахнанын жылдыздары азыр, Нуркан Калназарова Ветеринардык департаменте, Айгүл Ырысалиева филармонияда хордо ырдайт. Нүргүл Абылмажинова, Роза Заитова, Алтынбек Сапаралиев болуп башыбыздан кандай гана күндөр өтпөдү. Мерген, Алина, Айчүрөктөр да биз көргөндү көрүп калышты. Илгертен бирге жүрүп сиңишип калган окшойбуз. Бири-бирибизди кыя албайбыз. Алина, Айчүрөктөр шоу-бизнестеги рейтингин жоготпой, жылдыз болуп келишет, бирок ошол эле учурда баягы биз көргөндө кандай болсо, ошондой жөнөкөй боюнча калышты.
- Базарда соода менен алектенет экенсиз, таанып калгандар болобу?
- Ооба, бири-бирин түрткүлөшүп, шыбырашып калышат. Ал эми артистердин көбү мага барып соода кылышат. Базарга чыкканыма 4-5 жыл болду. Термечиков атындагы Чүй театрында да иштейм. Театрдын айлыгы 1,5 миң сом. Азыркы заманда бул акча эмнеге жетмек эле, анан оокат кылыш керек болду.
- Кыздарыңыз менен бирге турасызбы?
- Жок, алар үй-бүлөсү, балдары менен өзүнчө. Мен сиңдимдин баласы менен жашайм.
Эльмира Мадиева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Мүзүр алгач Гүлмиранын курбусун сүйгөн
2-бет
Мүзүр, Гүлмира:
"Биздин сүйүүбүзгө Алим Токторов себепкер болгон"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
4-бет
Нуркыз
Исакова:
"Уулум экөөбүз атабыздын бактылуу болушун каалайбыз"

5-бет
Батма Качкынова:
"Жалган айтып жаныма эмне күч келиптир"

6-бет
"Кызганганда көзүм төрт бурчтук болуп калат"
7-бет
Жигиттерди жиниктирген "Жигитовка"
8-бет
Арзыбек Бедияров:
"Арзыгүлгө жолуга албасам да сүрөтүн сактап жүрөм"

9-бет
Айтылуу айымдар арзуусу
10-бет
Жаман көргөн кызыма үйлөнтүп коюшту
11-бет
Атагы чыккан
12-бет
Көз мончок
13-бет
"Ачык айткан акын"
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Таалайбек Турдубаев:
"Аялың нервиңе тийсе чыдайсың да"











??.??