п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  жылдыздуу үй-бүлө

Мурат Мамбетов:
Карапайым элге "Кампос" деген ат менен кеңири таанылган актёр Мурат Мамбетов жубайы ырчы, актриса Венера Сатылганова менен маек куруп берди. Ортолорунда он алты жаш айырма бар түгөйлөр эриш-аркак турмуш кечирип, бир уулду тарбиялап жаткан кездери.


"Кызганганда көзүм төрт бурчтук болуп калат"

- Мурат байке, чыгармачылыкта, жашооңузда эмне жаңылыктар болуп жатат?
- Акыркы төрт айдан бери жумушу жок отурам. Күзүндө Болот Шамшиев бир чоң кино тартып баштаган, ошондо экинчи режиссер болуп иштеп жатып токтоп калды.
- Венера эже сизди кайсы сапаты менен арбап алды эле?
- Эң негизгиси Венера шайыр, кыйынчылыкты көтөрө билет, оптимист. Дагы бир артыкчылыгы башыңа оор мүшкүл түшүп, кабагыңа кар жаап турганда кошул-ташыл болбой, тескерисинче колдоо көрсөткөнгө аракет кылат.
- Жакпаган сапаты да барбы?
- Таарынчаак, тултуйуп сүйлөбөй калат. Өзүнөн кеттиби же менден кеттиби баары бир да, кечирим суроо деген жок. Өзүнөн кетип жатса да мен кечирим сурап таарынычын жазам.
- Көк бетпи?
- Эми бул адат бала кезинен канынан бүткөн да, күрөшкөндө деле жыйынтык бербейт.
- Ашканада кандай кожейке?
- Кандай эркек болбосун, үй таза болсун, балаңдын кийими тыкан болсун, анан албетте ашканага киргенде тамактын даамдуу жыты мурдуңа келип турса дейт. Мына ушундай болсо эркек үйүнө жеткиче шашат. Эркек деген жумуш убактысы бүткөндө деле үйгө баргандан заарканып, башка жакка ыктап үйгө келгиси келбей калганга чейин жетсе анда жашоо болбойт, ажырашып кеткени эле оң. Ыраматылык апам "Балам, жумуштан кийин үйгө шашасыңбы?" деп сураса таң кала берчүмүн. Венера үйдө жок болсо жиним келе берет. Бул жокто баары даяр болуп турса да тамак ичпей күтүп отура берем.
- Актер эмессизби, кызганганда кебетеңиз кандай болуп калат?
- Көзүм тегерек эмес, төрт бурчтук болуп калат (күлүп), кызганычтын айынан үйүбүздө чоң уруш чыгып кеткен учур кудайга шүгүр боло элек. Ал эми майда-барат талаштар болуп эле турат. Мисалы, мен убакытка такмын, Венера болсо убакытты өлчөбөйт. Бир жакка чыгаарда бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө кирип чыгып, ары-бери басып жинге тиет. Ушундан улам уруша кетебиз. А негизи бири-бириңдин көңүлүңдү көтөрүп жашаганга эмне жетин. Мисалы, мобу терезеден ары-бери дайыма бир тыйын чычкан чуркап жүрөт, жубайыма тийишип "Карасаң, тетиги тыйын чычкан мени эмес, сени карап турганын. Ушул экөөң соо эмессиң" деп күлүп калам.
- Анда ортодогу жаш айырма да тоскоол эмес турбайбы?
- Эми Венера экөөбүздүн ортобузда болгону он алты жаш айырма бар. Кээ бирөө отуз жыл, кырк жыл айырма менен жашап жатышат. Бактылуу жашоого жаштагы айырма тоскоол болбойт, болгону айланадагы адамдар шыбырашып "и-ий, өзүнөн картаң экен" дешкени эле болбосо. Кээде "илгери биз жаш кезде" деп сүйлөп калам (күлүп). Венера экөөбүз бир эле муундагы адамдарбыз да, бул жакшы көргөн музыканы мен деле жакшы көрөм дегендей…
- "Балам ооруп жатат" дедиңиз эле, акыбалы кандай?
- Эки жылдан бери муундары ооруп, азыр үйдө. Доктурларга алып барып, дарылатып азыр буюрса жакшы. Венера дайыма бала менен үйдө отурат.
Венера- Эне баары бир күчтүү болот экен. Мурат да таң калып: "сен күчтүү экенсиң" дейт. Балаңдын жаны кыйналып турса, доктурлардын колунан эч нерсе келбей жатса ошондон өткөн азап жок экен. Кээде Мурат экөөбүз бири-бирибизге көрүнбөй ыйлап алабыз. Алты жашка чейин жакшынакай эле жүрдү, анан эле ооруп баштады. Азыр болгон күчүбүздү, мүмкүнчүлүгүбүздү жумшап уулубуздун ден соолугуна кам көрүп жатабыз.
- Балага кимиңер жакынырааксыңар?
- Уулум Нурдан менен Венера бири-бирине аябай жакын. Албетте мени менен деле айрым нерселерди талкуулайт, менден бирдеме сурагысы келсе апасынын кулагына шыбырап айтат. Мен деле баланы көп эзе бербей сөз менен тарбиялаганды туура көрөм. Менин атам да бир да жолу мага кол көтөргөн эмес.
- Бактылуусузбу?
- Бакыт дегенди биз өзүбүз деле түшүнө бербейт экенбиз. Ата- эне үчүн баланын оорубай, ден соолугу чың, жаныңда ойноп турганы бакыт экен. Анан балаң ооруп ыйлап турса эч нерсеге көңүлүң чаппай, жаман болосуң. Уулумдун эки жылдан бери муундары ооруп, Венеранын башы бейтапканалардан чыккан жок. Москвага дарылатканы алып бардык, баланын азабын тартып жубайым көптөгөн долбоорлорго, концерттерге катышпай, чыгармачылыкка көбүрөөк убакыт жумшай албай жатат. Бирок, мен дайыма Венерага: "Өзүңдү таштабай формаңды кармап жүрүшүң керек, бул кыйынчылык убактылуу гана көрүнүш, кыйынчылыктын артында сөзсүз жакшылык турат" деп айтып келем.
- Жубайыңыз концерттерге барганда бала менен ким калат?
- Венера өзүнүн формасын жоготпош үчүн дайыма ырдап туруш керек. Театр менен чогуу барып кел деп өзүм калып Венераны жиберем. Үч күн болсо да мен бала менен калганга макулмун. Нурданга үйгө келип атайын сабак бере турган мугалимдер бар.
- Отуруштарга барганда кимиңиздер көңүлдүү отурасыздар?
- Мен отуруштарга барганды көп жактыра бербейм, Венера болбой алып барат. Барсам да көп сүйлөбөй бир калыпта отура берем. Анын үстүнө барсаң эле "Мурат Мамбетов келиптир, күлдүрөт экен" дегендерге түшүнбөйм, мен эмне клоунмунбу? Бир жолу Токтогулда жүрсөм бир жигит жаныма басып келип учурашып, ал-ахыбалымды сурап: "Биякта досторум отурду эле кирип бир күлдүрүп койбойсузбу" дейт. Жиним келди, сыр бербей басып кеттим. Мен отуруштарга барганда күлдүрүп, элдин көңүлүн көтөрсөм ал менин клоундугуман эмес, өзүмдүн көңүлүмө жаккан адамдар менен отурганда шайыр отурам.
- Ичимдик ичесизби?
- Эки жылдан бери оозума ичимдик албай калдым. Ичкиликтин зыянынан башка пайдасы жок экенине көзүм жетти. Айрымдар жүз элүү грамм ичип койсоң жакшы отурасың, көңүлүң көтөрүлөт дешет го. Бул калп, өзүн-өзү алдоо деп түшүнөм. Азыр балам ооруп жатса, жубайым экөөбүз тең жумушу жок отурсак анан анын үстүнө мен ичсем кандай жашоо болот?
- Чылымды көп чегет окшойсуз?
- Бир күндө эки пачка тамеки чегем. (Ушул жерден жубайы сөзгө аралашты)
- Биз үйлөнөөрдө: "тамекини таштайм, күнүгө эртең менен эрте туруп чуркайм" деген, убадасына турган жок. Андан кийин балалуу болгондо таштайм деди,анда да алдап койду.
- Тамекини таштайм дегенден башка убада берип аткара албай калган учурлар болду беле?
- Венеранын көзү турат го, биз баш кошоордо асмандагы айды убада кылып, муну алып берем, тигини алып берем деген эмесмин. Тескерисинче "Венера, экөөбүз үйлөнсөк баарын нөлдөн баштайбыз. Жыйырма беш жылдык жашоом артта калат" дегем. Көңүлүңдү оорутпайм, таарынтпайм деген убадалар болгон. Жаңы үйлөнгөндө кийимибизден башка эч нерсебиз жок болчу. Көп түйшүктөрдү тартып, ушул деңгээлге жеттик.
- Мурунку үй-бүлөңүз менен кандай мамиледесиз?
- Биринчи аялым менен ажырашканда эч кандай ызы-чуусу жок, интеллигенттүү түрдө ажырашканбыз. Бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутпай азыр деле сый мамиледе калдык. Көргөн жерден учурашып, жардам керек болсо кайрылышып турабыз. Уулум Нурлан 33 жашта, азыр Москвада иштейт. Андан кийинки кызым Мээрим Медакадемияны бүтүп ошол жерде сабак берет, андан сырткары аспирантурада окуйт. Балдарым менен да бат-баттан кабарлашып, сүйлөшүп турам.
- Венера эже, Мурат байкеге баш кошоордо туугандарыңыз тараптан каршылыктар болбой койбосо керек?
- "Турмушка чыга элек кыз болсо" дешип каршы болгондор болду. Апам мага келип "бактылуу болооруңа көзүң жетеби?" деди, "ооба" десем ыйлап батасын берген. Мурат экөөбүздүн турмуш курганыбызга он жыл болду. Кудайга шүгүр, жакшы күйөө, жакшы ата. Бири-бирибиздин жетишпеген жактарыбызды толуктап турабыз. Азыркы кыздар эркектердин байлыгына кызыгып келечегин ойлоп жатышпайбы. Мен болсо эч нерсесин ойлобой туруп "Мен ушул адамды сүйөм, турмуш курам" деген ойдо болгом. Мурат да мага: "Эң негизгиси сен мени сүй, калганынын баарын мен өз мойнума алам" деген. Азыр баары жакшы, бир гана балабыздын ден соолугу жакшы болбой турат. "Балам балалуу болгондо билээрсиң" дегендей эненин түйшүгүн балалуу болгондо сезет экенсиң. Азыр тойлорго, концерттерге барганда эси-дартымдын баары Нурданда болуп кайра-кайра үйгө телефон чала берем.
- Эжеңиз Гүлнур менен сырдашсызбы?
- Менден үч жаш улуу болгону менен эжеме Гүлнур деп эле кайрылам. Аябай тың, туугандарды бириктирип, талапты да катуу коёт. Мурда турмушка чыга электе тартынып, сырымды айта албай кыйнала берчүмүн. Азыр кеңеш сурап кайрылам. Кичинекей кезимде жасаган жумуштарымды жактырбай уруша кеткен күндөр көп болду. Жана мени көк бетпи деп туура байкадың, анткени Гүлнур мени чапса ошол турган ордумда ийиним уюп, буттарым ооруп жатса да катып, көгөрүп тура берчүмүн. Кийин турмуш кургандан кийин мүнөзүң токтолуп, чыдамкай болуп калат экенсиң.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Мүзүр алгач Гүлмиранын курбусун сүйгөн
2-бет
Мүзүр, Гүлмира:
"Биздин сүйүүбүзгө Алим Токторов себепкер болгон"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
4-бет
Нуркыз
Исакова:
"Уулум экөөбүз атабыздын бактылуу болушун каалайбыз"

5-бет
Батма Качкынова:
"Жалган айтып жаныма эмне күч келиптир"

6-бет
"Кызганганда көзүм төрт бурчтук болуп калат"
7-бет
Жигиттерди жиниктирген "Жигитовка"
8-бет
Арзыбек Бедияров:
"Арзыгүлгө жолуга албасам да сүрөтүн сактап жүрөм"

9-бет
Айтылуу айымдар арзуусу
10-бет
Жаман көргөн кызыма үйлөнтүп коюшту
11-бет
Атагы чыккан
12-бет
Көз мончок
13-бет
"Ачык айткан акын"
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Таалайбек Турдубаев:
"Аялың нервиңе тийсе чыдайсың да"











??.??