п»ї

  Спорт-world

Ат спорту күндөн-күнгө актуалдуулугун арттырып келет. Ат спортунун бир түрүнө кирген "жигитовка" жана аттар менен байланышкан улуттук ырым-жырымдар, кызыктар тууралуу маалыматтарды сунуш кылабыз.


Жигиттерди жиниктирген "Жигитовка"
Атка тиешелүү ырым-жырымдар
Ат мүдүрүлсө - жакшылык күтпөш керек.
Үйдөн чыгаарыңыз менен боз ат көрүп калсаңыз, өзүңүздү жаман нерселерден алыс кылуу үчүн, ошол замат жерге үч жолу түкүрүп коюшуңуз керек.
Аттар бышкырганда - жакшылык болот.
Аттын тери менен сөөлдү сүртсө кетет.
Аттар аба-ырайы муздак болсо туруп, жылуу болсо жатып укташат.
Чакадагы ат ичип бүтпөй калган сууну баштан ылдый куюнса, оору айыгып кетет.
Бурганак, алай-дүлөй болоордо - аттар коңурук тартышат.

Жигитовканын жаралуу тарыхы
Жигитовка - түрк тилинен алынган. Мааниси: ар кандай гимнастикалык жана акробатикалык ыкмаларды (трюктарды) колдонуу менен ат үстүндө ойногон тайманбаган, күчтүү, ат үстүндө жүргөн жигитти түшүндүрөт. Алгач Кавказда ойноло баштаган. Жигитовканын жаралуу тарыхына кайрыла турган болсок, эң алгач б.з II кылымында Ибериянын падышасы Фарасман жана анын жан жөкөрлөрү Римдин императору Адрианга ат үстүндө өзгөчө бир оюн көргөзүшкөн. Рим императоруна Фарасман көрсөткөн ат оюну жагып калгандыктан, Фарасмандын атты минип турган скульптурасын жасаткан. Белгилүү Вильямс, эже-сиңди Лапиадолор, Т. Маншилина, Н. Никитин Д. Скоробогатова, В. Иванов жана башкалар "жигитовка" боюнча оор ыкмаларды эң мыкты аткарып келишкен. Наполеон Бонапарт дагы бул оюнду сүйүүчүлөрдүн катарына кирген.
Жигитовка спорттук жана цирктик болуп эки түргө бөлүнөт. Спорттук түрүнө төмөнкү аттар кирет:
Пони-класс. Мындай кичинекей аттар кичинекей балдарды жигитовкага үйрөтүү үчүн колдонулат. Бул аттардын боюнун узундугу 147 сантиметрден кем эмес болот.
Хобби класс. Мелдештерге чыгуу үчүн колдонула турган аттар. Мындай аттардын баасы жогору эмес, баарынын капчыгына туура келет десек болот.
Жогорку класстагы спорттук аттар. Жогорку класстагы аттар менен спортсмендер улуттук жана эл аралык мелдештерде чабышат.




Алмазбек Раимкулов:
Кыргыздын патриот жигити Алмазбек Раимкулов жакында эле Франция өлкөсүнө барып, цирк дүйнөсүндөгү жогорку деңгээлде өткөрүлгөн "Монте-Карло" фестивалында "Ат үстүндө оюнду" көрсөтүп, экинчи орунду алып, күмүш медалды жеңип келди. Алмаз мырзанын байкеси Эшимбеков Манап он жылдан бери Европада дал ушул "Ат үстүндө ойноо" жанры боюнча иштеп келет. Алмаз мырзанын айтымында, байкесинин тарбиялаган он жигити, он жылкысы бар. Алмазбек Кыргызстандан жалгыз барып катышып, башкача айтканда байкеси жетектеген команда Кыргызстандын атынан чыгып, жыйынтыгында 50 өлкөдөн келген атаандаштарды артка калтырып, күмүш медаль төшкө тагылды. 50 өлкө катышкан бул фестивалда жеңишке жетишкен чет жердеги жигиттерибиз жана Алмазбек Раимкулов менен биз да сыймыктанып азыноолак кепке тарттык.

"Эң негизги максатыма жеттим"
- Алмазбек мырза, жеңишиңиздер менен куттуктайбыз. Фестивалдын жүрүшү тууралуу кыскача айтсаңыз?
- Циркте иштеген ар бир артистин оюнда "Ушул фестивалга катышсам экен" деген максат болот. Мен да он жети жылдан бери циркте иштеп, ушундай максатты алдыма коюп келгем. Кудай буюруп быйыл катышып келдим. Фестиваль 14-январда башталып, 24-январда бүттү. Алтын медалды Кытайлар алса, экинчини Кыргызстан, үчүнчү орунду Канадалыктар ээлешти. Бул жерде акчалай сыйлык деген болбойт, эң негизгиси карьерадагы өсүш. Анткени, жана айткандай бул фестивалга катышкан артист "эң мыкты артист"деп саналып, наам алгандан кийин жумушка чакыруулар, келишимдер көп болот.
- Францияга барып келген чыгымды ким көтөрдү?
- "Монте-Карло" фестивалын дайыма уюштуруп жүрүшкөн "Принц" менен "Принцесса" бардык чыгымды өз моюндарына алышты. Баргандан кеткенге чейин бизди отелге жаткырышып, баскан-турганыбызды, ичкен тамак-ашыбызды өздөрү каржылашты. Он күндүн ичинде шаарды да көрүп, таза абада эс алып, канчалаган кесиптештерибиз менен таанышып, кызыктуу күндөрдү өткөрдүк.
- Сиздин оюңузча кайсы өлкөнүн командасы күчтүү болду?
- Баардык команда тең жогорку даярдыкта барышканы байкалып турду. Ошентсе да алтынды алган Кытайлыктар бизди таң калтырбай койгон жок. Ошондуктан биринчиликти туура эле алышты деп ойлойм.
- "Фестивалга катышсам экен" деген максатыңызга жетиптирсиз. Эми Европага барып иштесем деп жаткандырсыз?
- Европада тогуз жыл иштеп келгем. Азыр бул жакта төрт бала, эки кызды тарбиялап жатам. Менин эң негизги максатым, шакирттерим да мендей болуп эл-жер көрүп, кыргыздын намысын коргогон мыкты "жигиттерден" болсо экен деп, колумдан келишинче аракет кылуудамын.
- Азыр сиздин колуңузда канча жылкы бар?
- Менде төрт жылкы бар. Аларды өзүм багып, өзүм үйрөтөм. Жылкыларымдын негизги тамак-ашы жем, чөп. Кээде сабиз болуп калса, сабиз жешет. Күнүмдүн көбү ушул жылкыларды кароо менен өтөт.
- Ат үстүндө мыкты ойнош үчүн канча убакыт керектелет?
- Ат үстүндө ойноп, өзүн жигитмин деп сезген адамга жок эле дегенде эки жыл талап кылынат. Адамдын каалоосу күчтүү болуп, тынымсыз аракеттин үстүндө болсо, үйрөнүп кете алат.
Акыл Карачач





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Мүзүр алгач Гүлмиранын курбусун сүйгөн
2-бет
Мүзүр, Гүлмира:
"Биздин сүйүүбүзгө Алим Токторов себепкер болгон"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
4-бет
Нуркыз
Исакова:
"Уулум экөөбүз атабыздын бактылуу болушун каалайбыз"

5-бет
Батма Качкынова:
"Жалган айтып жаныма эмне күч келиптир"

6-бет
"Кызганганда көзүм төрт бурчтук болуп калат"
7-бет
Жигиттерди жиниктирген "Жигитовка"
8-бет
Арзыбек Бедияров:
"Арзыгүлгө жолуга албасам да сүрөтүн сактап жүрөм"

9-бет
Айтылуу айымдар арзуусу
10-бет
Жаман көргөн кызыма үйлөнтүп коюшту
11-бет
Атагы чыккан
12-бет
Көз мончок
13-бет
"Ачык айткан акын"
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Таалайбек Турдубаев:
"Аялың нервиңе тийсе чыдайсың да"











??.??