п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Шоу дүйнө

Арзыбек Бедияров:
"Арзыгүлгө жолуга албасам да сүрөтүн сактап жүрөм"
Ар бир акын обончулардын жараткан эмгегинин басып өткөн жолу, өзүнүн тарыхы болот эмеспи. Сөзү лирик, сатирик Биримкул Алыбаевге, обону белгилүү обончу Арзыбек Бедияровго таандык "Түшүмө кирдиң түндө сен" деген чыгарманы учурда ырчы Кундуз Таштаналиева аткарып жүргөн чагы. Бул ыр кантип жаралып калганы тууралуу Арзыбек Бедияров төмөнкүлөрдү айтып берди.

- Мындан бир төрт жыл мурда Кытайдын Үрүмчүсүнөн Ошко каттаган Жумалы деген кишиден белек келди. "Үрүмчүдө тууган, таанышым деле жок эле. Балким жаңылыш болуп калган жокпу" деп таң калып келген белекти ачтым. Ичинде видео магнитофон, компакт дискке жазылган видео клиптер, анан түстүү сүрөт, алакандай кагазга кытай тилинде жазылган каты бар экен. Кытай тилин билгендерге барып катты окуттум, "Саламатсызбы Арзыбек ага, мен Кытайдын Үрүмчү шаарында турам. Сиздин ырларыңызды, өзүңүздү урматтап сүйөм. Менден ушул белектерди кабыл алыңыз. Өзүм Үрүмчүнүн уйгур ыр-бий ансамблинде кыргыз ырчы болуп иштейм. Шеен-Ли-Лу деген көчөнүн 183-үйүндө турам, башым бош, той жасай элекмин. Арзыгүл" деп жазып коюптур. Үйгө барып өзү жөнөткөн видео магнитофондон ырдагандарын көрдүм, чынында таланттуу кыз экен. Сүрөтүн чөнтөгүмө салып алып, барган жерлерде мактанып: "Менин Кытайдагы күйөрманым, мага сүрөтүн салып жибериптир" деп жүрдүм. Күндөрдүн бир күнүндө Арзыгүл түшүмө кирди. Өзүнүн видео клиптеринде бийик жерлерде турган учурлары бар болчу, түшүмө дал ошол учурлар кирди. Экөөбүз чогуу жүрөбүз,түшүмдө бою менден узунураактай туюлду. Түшүмдө ар нерселерди сүйлөштүк, бирок эмнелер жөнүндө сөз болгону эсимде жок.
Анан Арзыгүлгө байланышкан ыр издеп жүргөн мезгилде Биримкул Алыбаев мага "Биримкулдун лирикасы" деген жаңы китебин белек кылды. Барактап карап отурсам, "Түшүмө кирдиң түндө сен" деген ыры көзүмө чалдыкты. Отуруп алып Арзыгүлгө арнап ушул обонду жараттым. "Күлгүн жаш" деген мен жетектеген элдик эстрадалык топ менен беш кишиге чакыруу келди. Жараткан обонумду 2004-жылы июнь айында Арзыгүлгө белек кылып Кытайдын Кызыл-Суусуна барып келдим. Тилекке каршы Арзыгүлгө жолуга алган жокмун, анткени ал биз барган жерден 1200 чакырым алыс аралыкта жашайт экен. Телефон менен сүйлөштүм, бирок өзүн көргөн жокмун. Чындап эле шарты болгон жокпу же кыз киши келгенден намыстандыбы, айтор келген жок. Сураштырсам Кызыл-Суулук кыргыздар Арзыгүлдү жакшы таанышат экен. Ушул мезгилге чейин жолуга албасак да сүрөтүн сактап жүрөм.


Кундуз Таштаналиева
"Түшүмө кирдиң түндө сен"
Сөзү: Б. Алыбаевдики
Обону: А. Бедияровдуку

Жыпар жыт каптап,
Дүйнөнүн жибек жел эзген.
Жүрөгүм чакмак,
Жүлүндөн бери "дүрт" эткен.
Сел болуп каптап,
Нур болуп аппак.
Түшүмө кирдиң түндө сен,
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Ак кайың бүрдөп,
Ажайып аалам тиктесем.
Толкуну түрмөк,
Айдың көл мына издесем.
Токтолбо жүр деп,
Толкунга мин деп.
Түшүмө кирдиң түндө сен,
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Ак куулар учуп,
Канатты күүлөп бийиктен.
Көңүлдү буруп,
Кайберен жүргөн бийик бел.
Көл болуп чалкып,
Жыт болуп аңкып.
Түшүмө кирдиң түндө сен,
Түшүмө кирдиң түндө сен.





Махабат майрамында түгөйлөр түштүк жергесинде
Жаңыдан түтүн булатып, турмуштун арабасын чогуу сүйрөп келе жаткан чыгармачыл үй-бүлө Айбек менен Гүланда 14-февралда Махабат майрамына карата Ош жергесинде "Бабур" театрынын залында "Ыйык сүйүү күнүндө, ырдайлы сүйүү жөнүндө" деген аталыштагы концертин койгону жөнөшөт. Концерттин коногу аккордеонду ыйлаткан Алтынай Нарбаева болмокчу. Кош бойлуу болсо да чыгармачылыктан четтеп үйдө отуруп калбай Гүланда жолдошунун жеңилин жерден, оорун колдон алып кошо жүргөн учуру.


Айянын үчүнчү альбому жарык көрөт
Турмушка чыгып, үй-бүлөнүн түйшүгүн тартып жаткан ырчы кыз Айя Садырова учурда чыгармачылыкка билек түрүп киришип жаткан кези. Үчүнчү альбомун жаздырып бүтүп, жакында жарыкка чыгат. Андан сырткары "Улица" тобу менен Бишкек шаары жөнүндө патриоттук темада ыр жаздырды. Ошол эле учурда Москвалык ди-джей Александр Брокер менен биргеликте иш алып барышууда. Эмил аттуу өнөктөшү менен "Ди-джей проджект" долбоорун ачышты. Бул долбоордун негизги максаты борбордогу түнкү клубдардын маданиятын, музыкага болгон табитин жакшыртуу. Ырчы айым өнөктөшү менен бул долбоорду ачууга эки жыл убакыт сарптаган. "Турмуш кургандан кийин колум байланып бошобойм го дегем, бирок бойдок кезимден айырмаланбай эле иштеп жатам, жолдошум да колунан келген жардамын аяган жок" дейт Айя.



  жаңы ысым

Элиза Орозова:
Демим сууп, ыйлаган күндөрүм көп болгон"
"Алтыным", "Жалгыздыкка кош айтуу" деген ырлары менен эл оозуна алынып келе жаткан жаш ырчы кыз Элиза Орозова бүгүн бизде конокто.


- Элиза,өзүң тууралуу окурмандарга бир аз маалымат бере кетсең?
- Жашым жыйырмада, жакында жыйырма бирге чыгам, өзүм Россиянын Красноярск областында төрөлгөм. Эки бир тууганмын, ата-энем карапайым эле адамдар. Өзүбүз учурда шаарда турабыз. Улуттук университетте окуйм, бир аз да болсо музыкалык билимим бар. Филармониянын алдында түзүлгөн эки жылдык студияда Улукмырза Полотовдон сабак алгам.
- Ата-энеңдин чыгармачылыкка байланышы барбы?
- Атам ыр жазат. Комузду жакшы чертет. Репертуарымдагы болгон ырларымдын сөзү атама таандык. "Алтыным" деген ырдын да сөзү атамдыкы болсо, обону өзүмдүкү.
- Сахнага чыгышыңа ким түрткү болду?
- Үч жашымда ырдайм деп чамынып тарактан микрофон жасай берчүмүн. Жан-дүйнөм ырдайм деп эле жүрчү. 2006-жылы курбу кызым: "Сенин үнүң жакшы, ырдашың керек" деп кастинг жүрүп жатканын айтты. Мухтар Атаналиев уюштурган "Эл ырчысын эл тандайт" деген сынактан 200 кишинин ичинен кастингден ийгиликтүү өтүп кеттим. Бирок ошол кезде түрк лицейинде окугандыктан ырдоого мүмкүн эмес болчу. Күн санап ырдайм деген кыялым болгон оюмду ээлеп лицейден чыгып, Улуттук университетке тапшырдым. Ыр жаздырып, радиолорго берсем, "жакшы ыр экен" деп коюшканы менен радиолордон өз ырларымды канчалык күтсөм да уга алган жокмун. Жакшы эле урунуп-беринип аракет кылдым, эч жыйынтык чыккан жок. Демим сууп ыйлаган күндөрүм көп болгон.
- Анан ким жардамга келди?
- Ата-энемдин түбү Токтогулдан болот. Айбек Карымов "Кылым Муза" деген продюсердик борбор ачышкан, андан мурда эле атам "Же Сыймык Бейшекеевге же Айбек Карымовго алып барам " деп жүрчү. Айбек байке ырымды угуп туруп дароо эле кабыл алды. Ошондон баштап "Ай Теңир" тобунда иштеп баштадым. "Жалгыздыкка кош айтуу" деген ырым радиодон жакшы кетип баштады. Айбек байке менен иштеген күндө деле өзүмдү элге жакшы тааныта алган жокмун. Ошол кезде шоу-бизнес жөнүндө өзүмдүн түшүнүгүм жок болчу. Ырдагым келбей, көңүлүм калып баштаган. Анан "Алтыным" деген ырды жаздырып көрөйүн дедим. Радиолор да дароо кабыл алышты. Элдин оозуна алына баштагандан кийин кайрадан үмүт оту тутанды.
- Популярдуу болуш үчүн сенин оюңча эмне керек. Эмгекпи, акчабы, байланышпы?
- Эң биринчи албетте эмгек керек, күч керек. Албетте, акча анан байланыш да чоң таасирин тийгизет экен.


Анара Дүйшөналиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Мүзүр алгач Гүлмиранын курбусун сүйгөн
2-бет
Мүзүр, Гүлмира:
"Биздин сүйүүбүзгө Алим Токторов себепкер болгон"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
4-бет
Нуркыз
Исакова:
"Уулум экөөбүз атабыздын бактылуу болушун каалайбыз"

5-бет
Батма Качкынова:
"Жалган айтып жаныма эмне күч келиптир"

6-бет
"Кызганганда көзүм төрт бурчтук болуп калат"
7-бет
Жигиттерди жиниктирген "Жигитовка"
8-бет
Арзыбек Бедияров:
"Арзыгүлгө жолуга албасам да сүрөтүн сактап жүрөм"

9-бет
Айтылуу айымдар арзуусу
10-бет
Жаман көргөн кызыма үйлөнтүп коюшту
11-бет
Атагы чыккан
12-бет
Көз мончок
13-бет
"Ачык айткан акын"
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Таалайбек Турдубаев:
"Аялың нервиңе тийсе чыдайсың да"











??.??