п»ї
 Таанышуу жарыясы


  сүйүү күнүн утурлай...

Айтылуу айымдар арзуусу
Ишинде ийгиликтүү карьера жасай алган акылдуу, бирөөгө көз каранды болгусу келбеген айымдар жеке жашоосун жөнгө сала албай калышат. Баары эле бар сыяктуу: ата-эне, бир тууган, дос, бийлик, акча, кызмат, атак, сый-урмат. Бир гана нерсе жетишпейт - бул сүйүү! Айтылуу айымдардын архивин аңтарсак көбү бул дүйнөдөн жалгыздыктын кучагында көз жумуп кетишкендер… Эркектер таланттуу, ийгиликтүү жана тың аялдарга күйөө болгондон коркушабы дейсиң. Антейин десең айрым атак-даңкы бар айымдар үй-бүлө менен карьеранын тизгинин бирдей кармап келгени да ырас. 14-февраль сүйүү күнүн утурлай ооздон түшпөй айтылып жүргөн айрым айымдардын сүйүүгө кылган мамилелерин аздыр-көптүр сөз кылмакчыбыз.


Күйөөсүнө дайым жаккысы келген Тимошенко
Украинанын президенттик тактысына талапкерлигин коюп жаткан премьер- министр айым Юлия Тимошенкону "Газ принцессасы", "Украинанын Жанна д'Аркы", "Кызгылтым революциясынын принцессасы", "Леди Ю" деп ар кандай тергеме ат менен атап келишет. Көптөгөн мырзалардын көзүн күйгүзгөнү аз келгенсип, кыжырын кайнаткан, маңдайындагы өрүм чачы бүтпөс темага айланган, иштегенди да, сүйлөгөндү да, жасанганды да билген Юля айым сүйүүгө абдан туруктуу экенин ушундан билиңиз, азыркы жолдошун мектеп партасында окуганда эле сүйчү экен. Сүйүүсүн далилдеп, өзүнүн Григян фамилиясын жолдошу Тимошенко Андрей Борисенконун фамилиясына өткөн. Бир мектепте окушкан эки жаш муз тээп жүрүп таанышышыптыр. 18 жашка толоор замат турмушка чыккан Юлия көп өтпөй сүйгөнүнө кыз төрөп берет. Азыр зоболосу бийик Тимошенко "Мен күйөөмө жана элиме жаккым келет" деп айткандан тажабайт.


Сүйүүгө туруктуу София
"Лаванда", "Ночной мотылек", "Хуторянка", "Жизнь моя, моя любовь" деген ырлары менен миллиондогон күйөрмандарын кубантып, 60 жаштан ашса дагы популярдуулугун жоготпой, сахнанын көркү болуп келаткан украин кызы, РФ Эл артисти София Ратаруну өз жериндегилер гана эмес өзгөлөр да сүйөт. София өзү бир гана адамды сүйгөн жана сүйүп келет. Ал мындан тогуз жыл мурун каза болгон күйөөсү Анатолий Евдокименко. Артисттер арасында узакка созулган нике чанда кездешет эмеспи. Ал эми София менен Анатолий 34 жыл бирге жашашкан, күйөөсүнө өмүр бергенде жашай беришмек беле... Күйөөсүнүн рак экенин уккан София жанынан карыш жылган эмес. Бирок, акчанын айынан гастролго чыгышка туура келген. Тапканынын баарын врачтарга карматса дагы, сүйгөнүн сактап кала алган эмес. Жоготууга учураган София эки жыл өзүнө келе албай кыйналган. "Эмнеге турмушка чыкпай жүрөсүз?" деген журналисттердин суроосуна, "Менин жападан жалгыз жана чыныгы сүйүүм- менин жолдошум Толик. Ал менин кеңешчим, жардамчым, досум, режиссерум, продюсерим жада калса костюмдарымды көтөргүчүм болчу. Тагдырдын мага берген белеги Толигимди эч ким менен алмаштырбайм" деген. "Бир курдай гастролдо жүргөндө, храмга кирип, Толиктин элесине шам жаккым келди. Бирок, жоолугумдун жоктугунан кире албай калып, абдан өкүнгөм. Бир убакта ырдап жатсам сахнага бир эркек чыгып келатат. Колунда кооз жоолук… Көзүмөн жашым мөлт этти. Өзүмдү кармана албай калдым…". Ушундан эле София күйөөсүн канчалык сүйгөнүн билсе болот.


Екатеринанын күйөөсү анын идеалы
Канча жылдан бери өлкөсүндө жана өлкөлөрдө болуп жаткан жаңылыктарды эл менен тааныштырган телеалыпбаруучу Екатерина Андреевага эч ким 50 жаш бербесе керек. Анын сырын дайыма сүйүктүүсүнө жана сүйүктүү ишине анан спортко байланыштырат. Эфирден көрүп эси оогуча сүйүп калган чет өлкөлүк Душан ага таанышууга бел байлайт. Ири бизнесмен бир шылтоо таап эптеп жолугат. "Биринчи көргөндө такыр эле жаккан эмес. Анысы аз келгенсип орусча "акцент" менен сүйлөчү. А азыр менин күйөөм- менин идеалым" деп Душанды айга-күнгө теңеп келет. Катя Душан менен жаңы таанышканда никелүү аял эле. Бирок, үч жыл катары менен аркасынан чуркаган мырзаны кантип сүйүп калганын өзү да билбей калган. Ал сүйүүнүн айынан биринчи күйөөсүнөн кол үзгөн. Душан менен Катянын ортосунда бир кызы бар. 20 жаштан ашып, бойго жеткен кызы качан турмушка чыгып, бизди таята-таяне кылат деп күтүп жүрүшкөн убагы.


Сүйүү жөнүндө сүйлөгүсү келбеген Батурина
Эң бай адамдардын биринчи сабынан түшпөгөн, кең Москванын мэри Юрий Лужковдун жубайы Елена Батурина жолдошу менен 1991-жылы таанышкан. Елена Мосгорисполкомдун (Московского городского агропромышленного комитета ) жетекчиси Юрий Лужковдун кол алдында иштеп жүрүп, аны өзүнө багынтып алат. Ал кезде Лужковдун аялы каза болуп азап тартып жүргөн кези эле. Баш кошкондон кийин Елена бизнеске оойт, ал эми күйөөсү кызматынан жогорулап мэр болот. Азыр Елена Батурина эң ири курулуш компания "Интеконун " президенти. Миллиардер айым акчасы көп болгону менен ак сөөктөр барчу майрамдарга барбайт. Ошондой эле сүйүүсү жана үй-бүлөсү жөнүндө прессага айткандан качып турат. …Сүйүүсү бекем үчүн жолдошуна эки кыз төрөп берсе керек. "Дүйнөдө эң бекем үй-бүлө- Батурина-Лужков. Экөөнүн тең акчага болгон сүйүүсү бирдей болгондуктан, аларды акча да огобетер жакындатып, сүйүүсүн бекемдеп турат" деп тамашакөйлөр анекдот да чыгарып алышкан.


Төрт жолу төшөк жаңырткан Хакамада
Самурайдын кызы аталган, атасы япон, энеси орус Ирина Хакамада РФнын Госдумасынын үч жолку депутаты. 2004-жылы президенттикке талапкерлигин да койгон лидер айым. Ирина 2008-жылдын март айында саясий ишмердүүлүгүн токтотконун жарыя кылган. "Секс в большой политике", "Любовь. Вне игры" китептеринин автору. Ира жалаң эркектер окуган экономикалык факультетке тапшырган. Айланасындагы эркектер менен тил табышканга данакер болгонго бирөө керек болуп эле 18 жашында Валера менен чогуу жашаганга өтөт. "Жаш никесинен" ысыгы таркап, сегиз жыл сүйүү эмне экенин ойлонбой эле жашап жүрүп, акыры ажырашып тынышат. Ал эми экинчи күйөөсүн Хакамада "Гений" деп атаган. Анткени ал Иринага сүйүүнү эмес, "Илимдин энергиясын" берген. Илим дүйнөсүнө кеңири жол ачканга көмөктөшкөнү үчүн Ирина ыраазычылыгын анын фамилиясына өтүп билдирген. 12 жыл бир болушуп ажырашкан соң, кайра эле өзүнүн харизмалуу Хакамада фамилиясына өтүп алган. Андан кийин бизнеси гүлдөгөн жалгыз бой Иринанын жанында дагы бир эркек пайда болот. "Ал эркек мени сүйбөөрүн билчүмүн. Бирок меники экенин билчүмүн" дейт. Минтип жашагандан жадаган Ирина өзү сүйгөн, өзүн сүйгөн, экөө биригип гармонияда жашай турган адамын тымызын күтүп жүргөн күндөрдүн биринде азыркы жолдошу Владимир Сиротинскийге жолугат. Биринчи нике "студенттик", экинчи-үчүнчүсү оор болгонун, ал эми азыркысы өзү ойлогондой 100% гармониялуу болбосо да, күйөөсүнүн жанында өзүн алсыз да, күчтүү да сезип, ага эркелеп, жөнөкөй кожейке болуп тамагын даярдап берип өзүн бактылуу сезип жашап жатканын айтат. Иринанын биринчи күйөөсүнөн бир уулу, азыркысынан бир кызы бар.


Орейро Күйөөсүн сүйөт, бирок балалуу болгусу келбейт
"Дикий ангел" көп сериялуу фильми менен көпчүлүктүн көңүлүн буруп, жүрөгүн туйлаткан аргентиналык жаш актриса Наталья Орейро 2000-жылы 6 жыл жакын мамиледе жүргөн жигити Пабло Эчарри менен эки башка жолго түшөт. Жүрөгүнө дары таппай, аны гастролдук концерттер менен алаксытууну айлоп, жер шарын кыдырганга өтөт. Венгрия, Болгария, США, Испания, Польша, Украина, Түркия, Чили… " Балким, бактымды башка жерден табам" деп жүргөн ырчы, айланып жүрүп кайра эле аргентинецке жолугат. 44 жаштагы рок-группанын лидери Риккардо Мольо аны сүйүү депрессиясынан алып чыгып, кайра эле сүйүүгө малынтат. 2001-жылы баш кошкон жаш жубайлар бири-бирин түбөлүк сүйүүгө ант беришкен. "Мен чыныгы сүйүүмдү тапканыма бактылуумун. Үлпөт тоюбуз өзүм кыялдангандай ачык деңиз жанында өттү. Аппак көйнөк кийдим, бирок жөнөкөй… Күйөөм мага чыдаган, мага кам көргөн абдан жакшы адам. Бирок, наристелүү болууга али даяр эмесмин" деген бир маегинде. Демек…





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
9-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Мүзүр алгач Гүлмиранын курбусун сүйгөн
2-бет
Мүзүр, Гүлмира:
"Биздин сүйүүбүзгө Алим Токторов себепкер болгон"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
4-бет
Нуркыз
Исакова:
"Уулум экөөбүз атабыздын бактылуу болушун каалайбыз"

5-бет
Батма Качкынова:
"Жалган айтып жаныма эмне күч келиптир"

6-бет
"Кызганганда көзүм төрт бурчтук болуп калат"
7-бет
Жигиттерди жиниктирген "Жигитовка"
8-бет
Арзыбек Бедияров:
"Арзыгүлгө жолуга албасам да сүрөтүн сактап жүрөм"

9-бет
Айтылуу айымдар арзуусу
10-бет
Жаман көргөн кызыма үйлөнтүп коюшту
11-бет
Атагы чыккан
12-бет
Көз мончок
13-бет
"Ачык айткан акын"
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Таалайбек Турдубаев:
"Аялың нервиңе тийсе чыдайсың да"











??.??