п»ї
 Таанышуу жарыясы


  күнсүрөт

Кафелер келген кардарлардын
машиналары үчүн жооп бербейби?..
Азыр заманга жараша тойлорду кафелерге өткөргөнгө көнүп да калбадыкпы. "Той болот, тойдун эртеси да болот" дегендей, тойдо күтүлбөгөн окуялар көп болот. Биздин редакциябызга кафеге "тойго" барып, машинасынан кымбат баалуу буюмун уурдаткан Тажибаев Салайдин аттуу жигит баш багыптыр…

- Мен өзүм Ош базарында сүрөт тартып иштейм. 24-январь күнү бажамдын баласы үйлөнүп, Беловодское шаарчасындагы "Көк-Дөбө" деген кафеге тойго чакырган эле. Тойго Абылкасым аттуу бажам жана кызым менен баргам. Анан бир күнү тойго барабыз деп тоноочулардын курмандыгы болуп, кайра үйгө кайтып жатпайбызбы…
- Машинаңыздын тонолгонун кандайча билип калдыңыз?
- Той жаңы эле башталгандай болгон. Эки жаш келип, бардыгыбыздын маанайларыбыз сонун эле. Тойдун биринчи "антрагында" туугандар түгөйлөргө берели деген белектерин машинеден алып келели деп эшикке чыгышса эле, бардык машиналардын эшиктери ачык, ичинде баалуу буюмдар жок болуп чыгып жатпайбы. Ызы-чуу болуп калганынан, мен да машинамды карасам, жаңы эле алган 35 000 (отуз беш миң) сомдук фотоаппаратым, кичинекей кызымдын жана бажамдын курткасын алып кетиптир. Ошол жактагы токтогон бардык машиналардын эшиктери бузулуп, бирден "замогу" иштебей калыптыр
- Бул окуя канча убакыттын тегерегинде болду?
- Эч ким ишенбейт. Сегиз машинаны 20 мүнөттүн ичинде тоноп кетишиптир.
- Баш-аягы канча сомго жабыр тарттыңыз?
- Жалпысынан 50 000-55 000 сомго жабыр тарттык. Берки машиналардын ээлери канча сомго жабыр тартканын билбейм, бирөө капчыгым жок десе, экинчиси автомагнитофонум жок деп жүрүшкөн.
- Коопсуздугун көзөмөлдөөчү балдар машиналарды карашпайт бекен?
- Машиналардын "сигнализациясы" бар болчу. Ал иштеп жатса деле кафенин коопсуздугун көзөмөлдөшкөн жигиттер карабай коюшуптур. Кафенин деле машина токтотуучу жайы бар экен. Бирок, негедир ал жерге токтотууга болбойт деп коюшканынан маңдайына токтотконбуз. Тоногондордун аталган кафе менен байланышы бар болуш керек, антпесе кантип сегиз машинаны катары менен эч нерседен коркпой туруп тоноп кетишет ?.. Ошончолук чоң кафе кардарлардын коопсуздугун камсыз кылыш керек эле да.
- Кафенин администрациясы эмне деп жатат?
- Башында кафенин администратору: "Биз эшиктеги машиналарга жооп бербейбиз, келишимде андай айтылган эмес" деген жоопту узаткан. Андай боло турган болсо, тамададан "Машинаңарга сак болгула! Кафе жооп бербейт!" деп айттырып койбойбу. "Гезитке берсеңер бере бергиле! Биз баары бир жооп бербейбиз да" - деген жоопту берип жатышат.
- Укук коргоо органдарына кайрылып көрдүңүзбү?
- Ооба, укук коргоо кызматкерлерине да кайрылганбыз. Машинадан тоногон адамдардын кол басымдарын (отпечатки) алышкан. Москва райондук ИИБдө ишти карамыш болуп жатышат. Тоноочуларды табабы-таппайбы али белгисиз. "Иштеп жатабыз" дегендери менен эч кандай натыйжа боло элек.
- Мурда ошол кафеге барып, машинаңызды коюп көрдүңүз беле?
- Жок, ал кафеге мен биринчи жолу барган элем. Угушума караганда, дайыма эле ал кафеден машиналардын ичинен баалуу буюмдар уурдалып кетет экен. Негизи биз машиналарыбызды кафенин өзүнө тиешелүү маңдайындагы унаа токтотуучу жайына эле токтотконбуз.


Борборубуздагы кафелердин администраторлоруна байланышка чыгып, жогорудагы болуп жаткан маселе боюнча суроо узаттык:

- Силердин ресторанга келген кардардын сырттагы машинасынын коопсуздугу үчүн жооп бересиңерби?
"Sky Bar" ресторанынын администратору Саня:
- Жок, биз кардарларыбыздын машиналарынын коопсуздугуна эч кандай жоопкерчиликти ала албайбыз! Биз болгону ресторандын ичиндеги баалуу (мобилдик телефон, капчык, сумка ж.б.) буюмдарына гана жооп бере алабыз. Ал эми кээ бир кафе-ресторандар аларга да жооп беришпейт. Ресторандын атайын унаа токтотуучу жайы болгону менен, ал жерди биздин коопсуздук кызматкерлерибиз карабайт.
"Азия ордо" кафесинин администратору Мээрим:
- Бизге келген кардарлардын ичтеги буюмдарын гана көзөмөлгө ала алабыз. Ал эми сырттагы машинасына эч кандай жооп бере албайбыз.
"Ак суу" кафесинин
администратору Гүлмира:
- Биз машинанын ичиндеги буюмдардын коопсуздугуна жооп бере албайбыз. Болгону ичиндеги гана буюмдарга жооп беребиз.
"Дасмия" ресторанынын администратору Сейит:
- Эгерде бизге келген коноктордун машинасын кимдир бирөө тоноп кете турган болсо, ошол замат эле укук коргоо органдары аркылуу чечебиз.
P.S. Мындан башка борбор шаарыбыздагы бир нече кафелердин жетекчилиги машиналардын коопсуздугуна жооп беришпегендигин баса белгилеп жатышты. Демек, кафенин коопсуздук кызматкерлери сырттагы машинанын ичиндеги баалуу буюмдарга жооп бербейт экен.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"
2-бет
Ырыскелди
Осмонкулов:
"Неберем он жети, чөбөрөм он алты жашында үйлөнсө дейм"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
Врач-косметолог, стилист, Жаркын Атаканова: "

4-бет
Нурлан ШАКИЕВ, ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын жетекчиси:
"ЭлТРди спутникке чыгарыш оңойго турган жок"

5-бет
Билгибиз келип…
Рахман Разыков: "Менин бул жерде тиешем жок"

6-бет
"Жакын адамыма он беш жыл таарынгам"
7-бет
шарап шааниси
8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Бир собол
10-бет
Кафелер келген кардарлардын
машиналары үчүн жооп бербейби?..

11-бет
Байыркы уруулардын "төшөк" маданияты
12-бет
Аздек Намазбекова
Кайрадан ажырашуу

13-бет
"Балам экөөбүз "дай-дай"деп, акча сураган убагыбыз "
14-15-бет
Мүрөктүн суусу го...
16-бет
Лира Урманбетова:
"Кыска кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"











??.??