Кызыктар дүйнөсү

Байыркы уруулардын "төшөк" маданияты
Заманбап жашоого ыкташпай, жашоого болгон көз карашы өз мыйзамдары менен калыптанган байыркы уруулардын кызыктарын айта берсең сөз түгөнбөйт. Анда алардын "төшөк жашоосунан" бир үзүм.

"Алигисин" тийгизип алып айланып чыгат
Маланезияда этнографтар уруулардын эки бөлөк салттарын көрө алышкан. Бирөө аялдарга катуу мамиле кылса, экинчиси жумшак мамиле кылат. Окумуштуулар ал жерге барып укмуштуудай ачылыштарды ачышкан. Үйлөнө турган жигит крокодилди же каманды өлтүргөн болсо юбканы кийип, ала турган келинчегине "алигисин" тийгизип алып бир топ жерди айланып чыгат. Андан кийин тийе турган кыздар болочоктогу күйөөлөрүнө "аналдык сексти" туурап беришет. Аялга эркек жакпай кала турган болсо, унчукпай туруп басып кетишет.

Чоң энелери "секске" үйрөтүшөт
Тынч океандын жээгиндеги уруулар "төшөк" темасына абдан олуттуу көз караш менен карашат. Тамак-аш же болбосо чарбалык иштерге үйрөткөн сыяктуу эле "төшөккө" да атайын кичинекей кезинен тартып үйрөтө башташат. Жашы жетип калган секелектерди атайын салынган сарайга бекитип алышып, чоң энелери "секс" жаатында көп нерсени үйрөтөт. Мисалы, күйөөсүн канКантип жуунтушту, жолдошун сыйпалап дүүлүктүрүштү, деги эле жан кумар жашоосунун техникасына баштан-аяк үйрөтүшөт. Эң кызыгы, ар кандай жыпар жыттанган чөптөрдү отко жагып, оттун чекесине жан жерин тосуп олтуруп алышып, чөптөрдүн жыттары денеге сиңгичекти оттун ысыгына чыдашат.

Үй ээси коногуна аялын берет
Ал эми кар көп жаап, дайыма бурганак болуп турган жерлерде сүйүүнүн мыйзамдары мындай эмес. Бул жакта жашагандар май сыйпанышып, кайра ал майды заарасы менен жуушат. 1933-жылы "Дат" элинин жазуучусу Кай Биркет-Смит Аляскада жашаган "Чугач" элинде бир үй-бүлөнүн кыздарына эле бир үй-бүлөнүн балдары үйлөнүп, аялдарын алмашып жашай беришсе болот экендигин жазган. Үйдө уруш-талаш болуп калса, күйөөсү аялын жөн эле таштап кетет. Ал эми үйүнө киши келип калса, үй ээси ошол түнү коногуна аялын берет.

Эркектерди "аялдыкка" алышкан
Кээ бир урууларда аялдар аз болуп калган учурларда коргоочу аскерлер эркек балдарды "аялдыкка" алышкан. "Аялдары" үй жумуштарын жана эркек менен аялдын ортосундагы төшөк мамилелерин аткарып турушкан. Качан акчасы көп болуп, чыныгы аял алгандан кийин гана тиги коргоочунун "экс-жубайы" аскердин жолун жолдоп, башка аял алып кетет.

Сылап-сыйпап төшөккө даярдашат
Сүннөткө отургузуудан "Бенин" уруусунун аялдары сексуалдык жактан ырахат ала алышпай калат. Жашы жете элек кыздардын чекесинин сол жагын тегерек формада кесип коюшат. Кыз абдан ойлуу болуп турганда, кесилген тегерек бозомук тартып калат. Бул болсо "мени өпчү!" деген сигналды билдирет. Ал жакта кыздардын денесинин интимдик бөлүгүн массаж кылып, сылап-сыйпалоо менен төшөккө даярдашат.

Эркектин ийинине бир бутун асып…
"Нуба" элинде болсо жыл сайын "сүйүү бийлери" болуп турат. Мындай бийлердин соңунда кыз баланын ийинине бир бутун асып, ал жигит менен кумарга баткысы келип тургандыгын билдирет. Жигит кызды алаардан мурун, денесинин жытын жакшы жыттап алат. Бий болоордо кыздардын денелерине май сүйкөп коюшат. Интимдик жашоосун кыздар турмушка чыга электе эле баштап алышат. Бирок, тандап алган төшөк өнөгү дайыма эле жолдошу боло бербейт. Эгерде ата-энеси билип калса, кыз менен баланы үйлөнгүчөктү бөлүп коюшат. Мындай учурларда бала кызга түнкүсүн гана келе алат. Баланын үйү салынып бүтүп, кыз менен баш кошсо да бир жылдай экөө бөлүнүп тамак ичишет. Берилген убакыт өткөндөн кийин гана бир казандан тамак жей башташат.

Түнкүсүн "сырдуу конок" келип турат
Кытайдын Юньнань тоосунда жашаган "На" элинде аялдар өмүр бою турмушка чыгуу эмне экенин билишпейт. Балдары өз аталарын таптакыр тааныбагандыктан, аялдар балдарын туугандарынын жардамы менен багып, чоңойтушат. "На" эли сексуалдык жактан өздөрүн абдан эркин алып жүрүшөт. Эгерде жигитке кыз жагып кала турган болсо суу алган чакасын уурдап кетет. Кыз чакасына абдан ичи күйүп калган болсо, жигитти каалабай тургандыгынын белгисин түшүндүрөт. Тескерисинче, кыз сүйүнсө ал жигитти каалап жаткандыгынын белгиси. Ал кызга чакасын уурдап кеткен бала түнкүсүн "сырдуу конок" болуп келип турат.