п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  окумал

Аздек Намазбекова
Кайрадан ажырашуу
Сүйүндүк экөөбүз ушул жолугушуудан кийин да эки-үч курдай кезиктик. Ортобузда көзгө көрүнбөгөн пайдубал пайда болуп, келише-кечирише албай койдук. Акыры менин:
- Үй-бүлөң болгон соң ажырашалы. Сен да бир жаңсыл болуп жаша, мени да коё бер,- дегениме үн деген жок. Унчукпаганы -макул болгону дедим да, эртеси ажырашуу тууралуу арызыбызды тапшырдык. Бирок бизге ойлонгула деп үч ай убакыт берип коюшту. Бизде баары чечилген, ойлонуунун деле кажети жок экенин түшүндүрсөк деле мыйзам ушуну талап кылат деп узатып коюшту.
- Мен кайра Москвага кетип жатам. Тигил киши да "балдар менен кыйналып кеттим, качан келесиң?" - деп телефон чалып жатат. Жетисинде жолугабыз да,- дейт кош айтышып жатып. "Кетсең кете бер эми менин ишим канча?!" дедим ичимден.
"Тигил киши деп тим эле менин талуу жериме атайын тийип сүйлөп жатканын" деп ызаланып, андан алыстаганча шаштым. "Эми эч бир эркекке ишенбейм!" деп бараттым.
***
Курбум Кундузга кокусунан кезигип калдым. Майда-чүйдө алайын деп эжемдин үйүнүн жанындагы дүкөнгө кире калсам, маңдайымда турат. Мени көрүп эле элди көзүнө илбей бакырып ийип, кучактап калды.
- Эч нерсе билбейм, шылтоо издебей эле кой. Бүгүн мени менен үйгө барасың. Жүрү Чүрөк эжеге айтып коёлу?-деп көшөрүп ээрчип алды.
"Башка күнү эле шашпай жолугалы" дегениме көнөөр түрү жок. Бирок, бир чети буулугуп, көкүрөгүмдөгүнү кимге төгөөрүмдү билбей кыйналып жүргөндө жолугуп калган Кундузга кадимкидей кубанып турдум.
Экөөбүз түнү бою уктабай, ушакташтык.
- Үйдү деги билесиң, эмне өзүң келе калган жоксуң? Ушунча ай кантип жүрдүң? Келип үйдөгүлөргө дайыныңды билдирсең, мен учуп келбейт белем,-деп таарыныч кылды эле, чын оюмду айттым:
- "Кесилип чыккан неме менен байланыш түзүп эмне кылам. Мага тескери кедергиси тийбесин"- дейт го деп ойлогом.
- Ой, ой, ой, сен такыр өзүң жөнүндө антип ойлобой жүр. Ал күндөрүңдү унутуп кой, сенден кол үзүп кетсем курбулугум кайсы? Мен сени ойлоп эле жүрдүм. Бул жакта болсом сөзсүз бармакмын. Билесиң го, улуу абам Астанада жашайт да. Балалуу болушуп, каралашып бер деп эки жарым жылдай ал жакта жүрдүм. Жакында эле келгем. Жумушка телефон чалсам "орун бар, келе бер" дешкен. Сени да сүйлөшүп көрөм. Болбосо дүкөндө иштейсиңби? Туугандарыбыз сураштырып жатышкан, мен айтып орноштуруп коём. Эч кайгырба, баары жакшы болот, көрөсүң го. "Кыздын чырагы кырк" дейт эмеспи.
Кундуздун сөздөрү бир топ эле көңүлүмдү жайгарып, жубатып койду. Сүйлөшүп жатып таңга маал гана көзүбүз илинди.
Эки күндөн кийин Кундуздун үйүнө көчүп келмей болдум. Эжем унчукпай "өзүң бил" дегени менен жездем көшөрүп көнбөй "Үй кенен, эмне батпай жатасыңбы?!" деп араң кетирди. Курбум жалгыз жашайт экен деп эптеп эпке келтирдим.
Ошентип, азык-түлүк саткан дүкөндө сатуучу болуп иштеп калдым "Сенден көңүлүбүз тынды. Жакшы болду" деп айылдагы апамдар да кубанып калышты. Жашоом бир нукка түшкөнсүп калганы менен баары бир Сүйүндүктү унута албай, улам-улам эстеген сайын туталанып, жанымды коёорго жер таппай кетем. Кадимкидей кусаланып жүрдүм.
Бир күнү кызыктай түш көрдүм. Айылдагы кайнатамдардын үйүндө жүргөнсүйм. Мен нан бышырып, дасторкон даярдап эле ары-бери чуркап жүрөм. Үйдө менден башка жан киши жок. Бир убакта сырттан кайнатам кирип келди. Мени көрүп кубангандай, өңү жайдары. "Айланайын, келгениң жакшы болбодубу. Сени угуп кейип эле жүрдүм. Айлам эле жок…Мобул көз мончокту таап алып атайын сага сактап жүрдүм эле тагынып алчы. Бул жөн мончок эмес" деп алаканыма кичинекей бир көз мончок салды. Ойгонуп кетсем түн ортосунан ооп калыптыр. Толгон айдын терезеден түшкөн нуру бөлмө ичин бөтөнчө жарыкка бөлөп туруптур. Туруп барып көпкө терезеден сыртты үңүлө карап, эмеле көргөн түшүмдү кандай жоорурумду билбей көпкө турдум. "Бул эмнеси? Кайнатам күйөөм экөөбүздү ажыраштырбай, арачы түшүп калайын деп ойлоп жаткан го" деген алдамчы ойго жетелендим. Бул табышмак ой жараткан түшүмдү Кундуздан да жашырып айтканым жок. Эртеси кокусунан болдубу, же чын эле дал келүүбү биле албайм, автобус күтүп турсам бир жүдөгөн абышка көз мончок сатып жүрүптүр. Демейде мындайды лөлү аялдар сатчу эле го. Бул жөн эмес…деп ойлоп арасынан тандап, көзүмө жакшы көрүнгөнүн сураган баасына сатып алдым да, төйнөгүч менен көкүрөгүмө тагып койдум.
***
Сентябрдын жетисинде Сүйүндүк экөөбүз ЗАГСтан жолуктук. Эч сыр бербей, өзүмдү болушунча токтоо кармоого тырышып, ал-жай сураштык. Андан ары сөзүбүз уланбай ээрчише кирдик да, он мүнөткө жетпеген убакытта колубузга алакандай кагаз кармап чыктык. Жанымдан артыкча жакын санап, жакшы көргөн адамым менен ажырашуу ушунча оор болоорун билген эмес экенмин. Сүйүндүк болсо ыңгайсыз абалда калгандай, менден көзүн ала кача:
- Жүрү, бир жерге олтуруп тамактаналы. Кантсе да бири-бирибизге жат адамдардан эмеспиз го. Болду ушу менен Сүйүндүк караанын көрсөтпөй кетет дебе. Эгерде туура көрсөң кабар алышып, колумдан келген жардамымды берип турайын…-деген сыяктуу бир топ сөз айтты. Жумуштан суранып келдим эле деп болбогон шылтоону айтып көнгөнүм жок.
"Биз эми бири-бирибизге эч ким эмеспиз. Бөлөкпүз, чоочунбуз!"
***
Тирүүлүктүн күнү өтө берет экен,көзгө илинбей өтүп жатты. Айлыгымды алганда чай-чамек алып, торт көтөрүп Дарыяга "передача" киргизип койдум. Камактагы адам сырттагыларды көзү тешиле жол тиктеп күтөөрүн түшүнүп эле калбадымбы. "Эми бул жердин босогосун экинчи аттабайын" деп ниет кылдым эле деп "свиданкага" киргеним жок. Үйгө келсем "сени эжең кечке телефон чалып издеп жатат" деп Кундуз айтканынан дароо байланыштым:
- Ай, Аздек, үйгө тез келе калчы. Жумуштар болуп жатат, -деп трубканы ай-буйга келбей шак коюп койду. Үнүнөн толкунданууну байкадым. "Эмне болуп кетти?! Тынччылык болгой эле" деп кыжаалат болуп үйгө жеткиче шаштым. Босогону аттаганда эле кире бериштен чоочун бут кийимдерди көрүп "үйдө конок бар, жардамдаш" деп чакырган тура. Жүрөктү түшүрбөй ачык эле айтып койбойбу деп эжеме нааразы боло, жүзүмдү күзгүдөн карап буйдала түштүм.
Ашканадан Ардак жүгүрүп чыгып мойнума асылды.
- Үйгө кимдер келди? -дедим шыбырай.
- Билбейм, бир ата, дагы бир ата, анан апа келди.
Ошол маалда конок үйдөн эжем чыга калып:
- Ай, тигил үйгө кир, кайнатаң менен өкүл апаңдар келишиптир. Жакшы учурашып кой. "Жакшы кабарыбыз бар" деп мага айтпай сени күтүп отурушат,- деп ээрчитип кирди.
Ордуларынан тура калышкан кайнатамдарды көрүп жүгүнөөр-жүгүнбөсүмдү билбей кызыктай абалда туруп калдым… атам өзү келип бетимден өптү.
- Иий, дагы эле илмейген бойдон тура! Кичине толсоң боло. Бизди "өлүп калышкан го, тирүү болсо келет эле го" деп жүргөндүрсүң?- деген өкүл апам көзүнө жаш алып, өпкүлөп, кучагынан чыгарбай турду.
Кайнатамды көрүп эмнегедир түшүм эсиме түштү. Дасторкон үстүндө баарынын эле сурагандары мен болдум. "Эмнеге келишти болду экен?" деген суроого жооп издеп тамагымдан аш өтпөй, чийки май жегендей болуп отурдум.
Көптө-ө барып кайнатам сөз баштады:
- Сүйүндөн уктум, кызым. Эмне дейин, багың ачылсын дегенден башка аргам жок. Балам да "эми эмне кылайын, тияктагы балдарымды кантип кыям?!" деп түтөп турат. Жаштык кылып койдуңар да. Бирөөнүн көз жашына калган болбойт, бөөдө келиндин убалына калдың деп мен да убайым жеп жүргөм. Анан эле…






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"
2-бет
Ырыскелди
Осмонкулов:
"Неберем он жети, чөбөрөм он алты жашында үйлөнсө дейм"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
Врач-косметолог, стилист, Жаркын Атаканова: "

4-бет
Нурлан ШАКИЕВ, ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын жетекчиси:
"ЭлТРди спутникке чыгарыш оңойго турган жок"

5-бет
Билгибиз келип…
Рахман Разыков: "Менин бул жерде тиешем жок"

6-бет
"Жакын адамыма он беш жыл таарынгам"
7-бет
шарап шааниси
8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Бир собол
10-бет
Кафелер келген кардарлардын
машиналары үчүн жооп бербейби?..

11-бет
Байыркы уруулардын "төшөк" маданияты
12-бет
Аздек Намазбекова
Кайрадан ажырашуу

13-бет
"Балам экөөбүз "дай-дай"деп, акча сураган убагыбыз "
14-15-бет
Мүрөктүн суусу го...
16-бет
Лира Урманбетова:
"Кыска кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"











??.??