п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  бала жыты

Айымдар турмушка чыкканга чейин, чыккандан кийин деп өздөрүн сынап калышат эмеспи. Биз дагы эне болуп, бала жытын жыттаган Асеманы маекке тартып, анын бактылуу жашоосу менен тааныштык.

"Балам экөөбүз "дай-дай"деп, акча сураган убагыбыз "
- Асема, уулуң торолуп калгандан кийин чыгармачылыкка кайрадан киришипсиң да?
- Ооба. Азыр уулубузга жети ай болду. Менин боюмда бар кезде деле ичимди челкейтип алып сахнага чыккан күндөр болгон. Азыр эми баш отум менен чыгармачылыкка киришип, Азат Дөөткулов менен иштешип жатам. "Уурунун махабаты" фильмине саундтрек кылганга жаңы ыр жаздыруудабыз. Андан сырткары Сайра Момунбаева эже экөөбүз "Жигиттер үчүн Ромео" аттуу түрк тилинен которулган дуэт ырды жаздырып бүттүк. Жаңы костюмдарды тиктирип, репертуарымды толуктоодомун. Кудай буюрса, быйыл жеке концертимди берем.
- Сен студияга кеткенде балаңды ким карап жатат?
- Мен ишке кеткенде кайын энем келип карап турат. Көбүнчө студияларга алтынчы, дем алыш күндөрү барам. Анткени, ал күндөрү Акжол үйдө болот. Бала багуучу жалдайлы дегенбиз, бирок, аларга жүрөгүм жылыбай жатат. Анын үстүнө бирөөнүн баласын башка бирөө өзүнүн баласындай карабайт да.
- Адахандын кылык-жоругун айтып түгөтө албай жаткандырсыңар?
- Айтпаңыз. Күндө башка кылыгы чыгып, жүрөктү элжиретет. Биз менен тамакка олтурганда каалаган тамагын жеп, өзүнүн быламыгын, сүтүн тоготпойт. Чоң кишилердин тамагын жеп калды. Үнүмдү катуу чыгарып урушуп койсом, төшүмө жата калмай адаты мага аябай жагат. Эркелеткен менен урушканды ажыратып билет. Бир ойногон оюнчуктары менен экинчи ирээт кайра ойнобойт.
- Атасына жакынбы же сагабы?
- Эртеден кечке мени менен болгонгобу мага жакын. Бала менен кантип күн өткөнү билинбейт. Кээде эртең менен майкачан туруп, балага, оокатка алаксып, ошол бойдон жүрө берем. Кечинде үйгө Акжол келгенде "Ай, сен дагы эле майкачан жүрөсүңбү? Кийинип албайсыңбы?" деп таң калат. Үч бөлмөлүү үйдө балам экөөбүз ээрчишип жүрө беребиз.
- Төрөгөндөн кийин ичиң чыгып, салмагыңа салмак кошулдубу?
- Боюнда бар аялдардын баары эле толот го. Мен да төрөгөндөн кийин бат эле арыктайм деп ойлогом. Бирок, төрөгөнгө чейин кандай болсом, кайра эле ошондой болуп калдым. Кичинекей кезимде толук адамдарды көрүп шылдыңдачумун. "Сынчынын сыңар өтүгү майрык" дегендей, кийин анын баары өзүмдүн башыма келди. Ичимди киргизем деп эртең менен эрте чуркаган күндөрүм да болду. Анан белиме массаж алдым. "Ушул бойдон толук болуп каламбы?"деп жүрөгүм түшүп жатты эле, (күлүп) эми, эми өзүмдүн фигурама келип калдым окшойт...
- Балалуу болгондон кийин жолдошуңдун мүнөзүндө кандай өзгөрүүлөр байкалды?
- Менин оюмча адамдын мүнөзү өзгөрбөйт болуш керек. Ата болгондон кийин жолдошум мээримдүү болуп калды. Эртең мененки 9 дан кечки 6га чейин жумушта болот. (Күлүп) Бирөөлөр айткандай "Үйгө барсам, бери жактан балам "Дай-дай" дейт, ары жактан аялым "Дай-дай" дейт дегендей, биз дагы азыр "дай-дайлап" турган чагыбыз. (Күлүп) Балабыз чоңойгончо акча таап иштей берсин да.
Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"
2-бет
Ырыскелди
Осмонкулов:
"Неберем он жети, чөбөрөм он алты жашында үйлөнсө дейм"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
Врач-косметолог, стилист, Жаркын Атаканова: "

4-бет
Нурлан ШАКИЕВ, ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын жетекчиси:
"ЭлТРди спутникке чыгарыш оңойго турган жок"

5-бет
Билгибиз келип…
Рахман Разыков: "Менин бул жерде тиешем жок"

6-бет
"Жакын адамыма он беш жыл таарынгам"
7-бет
шарап шааниси
8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Бир собол
10-бет
Кафелер келген кардарлардын
машиналары үчүн жооп бербейби?..

11-бет
Байыркы уруулардын "төшөк" маданияты
12-бет
Аздек Намазбекова
Кайрадан ажырашуу

13-бет
"Балам экөөбүз "дай-дай"деп, акча сураган убагыбыз "
14-15-бет
Мүрөктүн суусу го...
16-бет
Лира Урманбетова:
"Кыска кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"











??.??