п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Жылдыздар деле сиздей жан
Врач-косметолог, стилист, Жаркын Атаканова: ""
Жылдыздар жылдан-жылга...
Жарк этип жанган жылдыздардын турмушуна дагы бир ирээт кайрылып, алардын баскан-турганы эмес, кийген кийимдерине, чач жасалгасына, жүзүндөгү боёкторуна көз жүгүртүп, кечээгиси менен бүгүнкүсүн салыштырдык. Албетте, өзүбүз отуруп алып сындабастан, шаарыбыздагы "Алима" сулуулук салонунун врач-косметологу, стилисти Жаркын Атакановага кайрылдык. Анын айтымында жылдыздар жыл өткөн сайын жашарып, жарашыктуу кийинип калышыптыр. Биздин минтип жазганыбызга жылдыздарыбыз чычалабастан, тескерисинче кемчиликтерин моюндарына алып, сынды туура кабыл алышат деген ойдобуз.


- Жаркын эже, ырчылар менен иштешип келатканыңызга канча жыл болду?
- Быйыл беш жыл болду. Мен ырчыларды салонго ана чакырбастан, алардын концерттерине барып, сахнанын артынан макияж жасап берем. Андан сырткары театр, кино үчүн да атайын косметикаларды пайдаланам. Канчалык кымбат баадагы сапаттуу косметикаларды колдонсок, ошончолук натыйжалуураак болот.
- Көпчүлүк ырчылар өздөрү макияж жасап калышпадыбы. Буга сиздин оюңуз?
- Мен ойлойм, ырчыбы, актёрбу, баары бир стилисттердей боёй алышпайт. Болгону алар, косметиканын түрүн, түстөрдү тандоону билип калышат. Ошондуктан, бир айда бир жолу косметологго кайрылып, каштарын тердиртип, беттерин тазалатып турушса өздөрүнө эле жакшы.
- Бир косметолог менен иштешкен жакшыбы же?..
- Негизи бир эле стилист менен иштешкен жакшы деп айтаар элем. Себеби, ал стилист өзүнүн кардарынын мүнөзүн толук билип калат да, өз ыкмасы менен иштейт. Ошондуктан, бир косметологдон, экинчи, үчүнчү косметологго секире берген болбойт. Эл тааныган адам болгондон кийин өзүн жакшы карап, стилдүү кийинип жүрсө, эл да аны жакшы кабыл алат да.


Султан Садыралиев
Үстүндөгү кийими өзүнө чоңураак болуп калган. Бетинде эч кандай макияж жок. Өзүнүн болгон сулуулугу менен түшкөн.

Мында стилистин жардамы менен кийингени байкалып турат. Көйнөгү, үстүндөгү жакети, галстугу бири-бирине шайкеш келет. Чач жасалгасы да жакшы жарашкан.





Фарида Карбосова
Мында же кашы терилген эмес, же чачы жарашыктуу жасалган эмес. Өзү каалагандай боёнуп алган.
Азыр кашы жакшы терилген, чачынын өңү өзүнө жарашкан. Француз маникюру да жакшы болгон. Өзүңүздөр көргөндөй стилиндеги айырмасы абдан чоң.




Алина Жетигенова
Кийген кийими өзүнө анча жарашкан эмес. Чач жасалгасы да жөнөкөй кыркылган. Боёнгону да адамды өзүнө тартпайт, кашы терилген эмес.


Чачы заманбапташтырылган ыкма менен кыркылган. Боёнгону абдан жарашыктуу, жакшы макияж жасаткан. Кийинген стили да жакшы. Бирок, костюмдун ичинен кийген пух кофтасы туура келбей калган. Кичине жукараак кофта кийиш керек болчу, ошондо мойнуна тагынган жемчугуна туура келмек.





Саламат Садыкова
Саламат Садыковага кыргыз кийим абдан жакшы жарашат. Бирок, бул кийими жөнөкөй, эч кандай фантазия жок. Эски ыкма менен тигилген. Бетинде дагы өзгөчө макияж жок. Кашын өзү терип алганы байкалып турат.

Мында профессионал визажистке барганы жана кымбат косметика колдонгону көрүнүп турат. Кыргыз кийими да мурункусуна караганда сапаттуу, кызыктуу тигилген.




Нуриса Абасова
Кийген кийими Индиянын киносундагы актёрлордун көйнөгүнө окшош экен. Ал эми бетиндеги макияжы анча эмес. Кашы терилбептир, чачы да өзүнө жарашкан эмес.

Азыр костюму жакшы тигилген. Кашынын формасы да өзүнө жарашыктуу формада экен. Болгону көзүн боёгону бир аз туура эмес. Макияжы бир аз башкачараак болуш керек, визажистин кеңешин алыш керек экен.




Элмира Кайып кызы
Классикалык көйнөк кийип, үстүнө спорт кийимин кийип алган. Улуттук колориттеги сөйкөсү бул кийимге туура келбейт. Кийимине ылайыктап чачын байлап алса болмок, же артка коё бериш керек болчу. Бетиндеги боёктору да тыкан эмес.


Мында бетиндеги макияжы абдан жакшы. Визажист, стилист менен иштегени байкалып турат. Кийимине чач жасалгасы окшошкон. Кыскасын айтканда боёнгон жагы дагы, кийингени дагы абдан жакшы.




Гүлнур Сатылганова
"Деловой стилде" кийинген. Негизи кийими өзүнө жарашат. Кийим тандоодогу табити туура эле экен. Бирок, кашы калыңыраак анан көзүн карандаш менен ашыкча чийип алган.

Боёнушу эми жарашкан. Бирок, чачынын кыркылышын бир аз оңдош керек болчу. Кийим жагынан сөз жок. Сөйкөсү да көйнөгүнө жарашкан.




Замир Арыкбаев
Замирдин айылдан жаңы келгени байкалып турат. Үстүндөгү калың кийими (толстовка) бир аз чоңураак. Чачы да жөнөкөй тегизделген.


Бул жерде көйнөгү, галстугу, чач жасалгасы бири-бирине жарашкан. Мурдагысына салыштырганда бир топ айырма бар. Өзүм деле бир жолу бетине агартуучу бет май сатып алганын көрдүм эле.

(Уландысы бар)

Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"
2-бет
Ырыскелди
Осмонкулов:
"Неберем он жети, чөбөрөм он алты жашында үйлөнсө дейм"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
Врач-косметолог, стилист, Жаркын Атаканова: "

4-бет
Нурлан ШАКИЕВ, ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын жетекчиси:
"ЭлТРди спутникке чыгарыш оңойго турган жок"

5-бет
Билгибиз келип…
Рахман Разыков: "Менин бул жерде тиешем жок"

6-бет
"Жакын адамыма он беш жыл таарынгам"
7-бет
шарап шааниси
8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Бир собол
10-бет
Кафелер келген кардарлардын
машиналары үчүн жооп бербейби?..

11-бет
Байыркы уруулардын "төшөк" маданияты
12-бет
Аздек Намазбекова
Кайрадан ажырашуу

13-бет
"Балам экөөбүз "дай-дай"деп, акча сураган убагыбыз "
14-15-бет
Мүрөктүн суусу го...
16-бет
Лира Урманбетова:
"Кыска кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"











??.??