Ийгилик формуласы

Нурлан ШАКИЕВ, ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын жетекчиси:
"ЭлТРди спутникке чыгарыш оңойго турган жок"
- Нурлан Тургунбекович, ЭлТР каналынын спутникке чыгышы менен куттуктайбыз. Бул жөрөлгөнү ишке ашыруу оңойго турбаса керек?
- Рахмат. Мен былтыр 20-февралда президенттин жарлыгы менен ЭлТРге башкы директордун милдетин аткаруучу болуп ишке киргенимди билсеңиз керек. Мага ага чейин эле бул элдик каналдын материалдык-техникалык абалы, мүмкүнчүлүктөрү дайын болчу. ЭлТРдин элдик деген статусу болгону менен элдин 60% гана көрүшчү экен. ЭлТРдин толкун таратуучулары (телепередатчиктер) бардык райондорго коюлбагандыктан, коңшу өлкөлөр менен чектеш жайгашкан түштүк аймагынын маалымат маселеси курч бойдон кала берген. Ушул сыяктуу маселелерди көрүп, кыска аралыкта толкун таратуучу каражаттарды алалы деп Президентибиздин кабылдамасында болдум. Президент жагдайды түшүнүп, Финансы министрлигине акча каражатын бөлүп берүүсүнө тапшырма берди. Ошентип, Украинадан толкун таратуучу каражаттарды алып келип түштүк аймагына орнотсок, түндүк аймактарынын толкун таратуу кубаттуулугун күчөттүк.
Буларды камсыздоонун үстүндө иштеп жатып, ошону менен катар биздин Россия , Казакстан, Түркия ж.б. бир топ чет мамлекеттерде жашап, иштеп жүргөн миллиондогон жердештерибиздин "Биз Кыргызстандын телеканалын көрө албайбыз. Кыргыз каналдарын спутникке чыгарсаңар жакшы болот эле" деген суроо-талабын аткарууну көздөдүк. Анкарада түрктөрдүн "ТРТ" деген чоң компаниясы бар. Жетекчилиги менен сүйлөшүп, алар аркылуу "Түрксат" деген эки спутник байланышын камсыздамай болдук. "Кембагал баштык тапса, аштык жок"-дегендей, сүйлөшүп бүткөндөн кийин спутникке сигналды берип, кайра кабыл ала турган "Апринт" деген техникалык каражатты алыш үчүн 5 миллион сомдон ашык каражат керек болду. Бизде андай мүмкүнчүлүк болбогондон кийин Түрк эл аралык кызматташтык "Тика" деген уюм аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, түрк өкмөтү тарабынан гранттык негизде ошол техниканы ала алдык. Ошентип, Евразия континентине чыга баштадык, өзүңүз айткандай оңойго турган жок. Азыр бизди 50дөн ашык өлкө көрүп жатат. Телевизорду сая салсаң эле ЭлТР көрүнө калбайт экен. Атайын жөнгө салуучу коддорун интернетке жайгаштырып, теле, гезит аркылуу тааныштырып жатабыз. Дагы бир орчундуу маселе Европада саат 8 болгондо, бизде 12 болот экен. Мындайча айтканда алар жаңы эле жумуштан келип, телевизорду сайса, биздин каналдын көрсөтүүлөрү аягына чыгып жаткан болот. Ошондон улам "Көрсөтүүнүн саатын узартпайсыңарбы" деген да сунуштар түшүп жатат. Мунун баары кайра эле каражатка барып такалат экен. Бирок, ошого карабай ушул жумадан баштап бир саат кошкону жатабыз. Ал эми март айынан тартып түнкү саат 2ге чейин узарталы деген пландар бар. А бул нерсе кошумча көрсөтүүлөрдү даярдоону талап кылат
- Кошумча көрсөтүүлөр даярдалыш үчүн журналисттердин да кошумча күчү талап кылынат да?...
- Бизде мамлекеттик бюджеттен каралган 166 гана штатыбыз бар. 18 сааттык көрсөтүүлөрдү жабыш үчүн бул өтө аз. Мурда кадрлар жетишпегендиктен ЭлТР компаниясы 4,5 сааттык гана өздүк көрсөтүүлөрдү даярдашчу. А калган сааттарды кино, концерттер менен жабышчу. Азыр эмгек келишимдин негизинде 30дан ашык журналисттерди иштетип жатабыз. Кошумча штат да сурап жатабыз. Эми мына спутникке чыкканыбызга байланыштуу 20 сааттык эфирди толтурушубуз керек дегендей. Иштеткенге жараша ар бир журналистке маяна акысын бериш керек. Анүчүн рекламалык-коммерциялык иштерибизди жолго салып, күчөтүүнүн үстүндөмүн. Биздин жамаат теңи Ошто, теңи борбордо иш алпаргандыктан, башында 7-8 ай катары менен бир жума Ошто, бир жума Бишкекте болуп аттым. Мурда көрсөтүүлөрдүн 10 пайызы Бишкектен чыгып, 90 пайызы Оштон чыкчу. Антип биз башка телеканалдарга атаандаш боло албайт болчубуз. Азыр эми көрсөтүүлөрдүн 60 % Бишкектен, 40 % Оштон чыгып бир нукка салынып калды.
- Кайсы канал болбосун эң башкы тепкичте жаңылыктар берүүсү турат эмеспи. А эфирдин жүзү алыпбаруучулар. Силер бул жаатта алыпбаруучуларды кандай критерийлер менен жумушка аласыңар?
- Бизде кароо-сынактар болуп турат. Аны публикага жарыялап дагы, жарыялабай да өткөрөбүз. Сиз айткандай, ар бир теленин өзүнүн жүзү болуш керек. Биз да атайын мурда башка каналдарда иштебеген, эфирге чыкпаган 5 кадрды ЭлТРдин жүзү кылып даярдап жатабыз.
Андан сырткары көңүл ачуучу, маданий көрсөтүүлөр бар. Нургазы Жаныбеков деген жаш журналисттин "Дүбүрт" көрсөтүүсүн элдер кызыгып көрүп жатышат. "60 мүнөт", "Билерман ордо", "Добуш", "Доор аяны", "Эл наркы", деген көрсөтүүлөрүбүздүн көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынып жатканы, демек ЭлТР башка каналдар менен атаандаштыкты жаратып, тепкичтен-тепкичке көтөрүлүп жатканынан кабар берет.
- Өзүңүз дагы автордук көрсөтүү ачып, эфирге чыгайын деген оюңуз жокпу? Кезегинде М. Эшимканов деле анда-санда көрүнө калып жүрбөдүбү.
- Чынында бизде чын эле экономикалык жана аналитикалык көрсөтүүлөр аз болуп жатат. Мен өзүм экономикалык көрсөтүүлөрдү даярдап алып чыксам деле болот. Себеби, менин кесибим экономист-менеджер. Бирок, бир көрсөтүү даярдап, эфирге алып чыгыш үчүн бир жума бою аны менен алектениш керек болот. Анда бул жерди көзөмөлдөгөнгө жетишпей калам. Себеби, телевидение деген тегирмен да. Күнүгө жаңы көрсөтүүлөр, жаңылыктар менен чыгышы керек. Чыгармачылыктын токтобогону аз келгенсип, материалдык- техникалык бир топ маселелер бар. Толгон-токой маселелердин айынан эртеден-кечке чейин менин кабылдамамдан киши үзүлбөйт. Ичтен киргени бир тең, сырттан келгени бир тең.
- Жаш болсоңуз дагы ушундай чоң жамаат менен иш алып барып келесиз. Арасында улуусу бар, чыры бар, кыйыны бар дегендей…
- Мен 19 жашымда силердин "Обон" гезитиңерге редактор болгом. Ошондо он чакты адам иштечүбүз. Ал кезде бирин-экин эле гезиттер чыкчу. Ошондо эле жамаат менен иштөө технологиясын өздөштүргөм десем болот. Андан кийин 20 жашымда "Учкун" деген саясий гезит чыгардым. 22 жашымда "Эркин Тоо" деген мамлекеттик гезитте редактордун биринчи орун басары болуп иштедим. 27 жашымда ошол эле гезиттин башкы редактору болдум. 29 жашымда президенттин басма сөз катчысы болуп, мына азыр 32 жашымда ЭлТРди жетектеп отурам. Мен үчүн 200 адам эмес, 2000 адам болсо да аларды башкаруу, тилин табуу кыйынчылык деле жаратпайт.
- Сизге кайда иштегениңиз жеңил болду? Гезиттеби, теледеби же же жетинчи кабаттабы?
- Эми мындай да. Ар бир иштин өзүнүн жоопкерчилиги, оорчулугу болот. Гезиттин, теленин иши тегирмен сыяктуу. Гезиттин бир саны чыкса, кайра эле ошол замат эмки санын толтурууну ойлонуу керек. Анан ошончо бетти окуп, редакциялап чыгуу да чоң түйшүктү талап кылат. Теленики деле ошо. Бир айырмачылыгы, теленики бири-бирине байланыштуу, журналист, оператор, монтажер бири-бирин толуктамайын иштеше албайт. Ал эми Ак үйдө бирөөнө кошоматтанбай, интригага аралашпай, ушак айтпай болушунча Президентке ак анан так иштегенге аракет кылдым.
- Жаңы журналистикага аралашкандагы Нурлан менен азыркы Нурландын эмнеси өзгөрдү?
- Ортодон ошол мезгилден бери 13 жыл убакыт өтүптүр. Тажрыйба жагынан ал кездеги Нурлан менен азыркы Нурланда бир топ айырмачылыктар бар. Ал эми мүнөзүм ошол эле бойдон калды. Көк бетмин. Айтканымдан кайтпайм, бирөөгө кошомат кылганды билбейм. Муну журналистика чөйрөсү да, саясатчылар деле жакшы билип калды. Бир жолу мага белгилүү саясатчылардын бири "Нурлан, мүнөзүң аябай чукул, кичине ийилчээк болуп, кырдаалга жараша мүнөзүңдү өзгөртпөйсүңбү"- деп жатпайбы. Муну ал жакшы ой менен эле айтты деңизчи. Бирок, мен "Төрөлгөндөгү мүнөзүм ушул, ушул мүнөзүм менен өлөм"-деп айттым.
- Бул мүнөзүңүз кимди тарткан, атаңыздыбы же апаңыздыбы?
- (күлүп) Атам менен апамдын ортосундагы дебейинби.
- А жетекчи катары кандайсыз?
- Мүмкүн болушунча калыс, акыйкат жетектегенди жакшы көрөм.
- Журналисттин ар бир күнү кызык эмеспи. Эсте калган окуялардан айтып бербейсизби?
- Мен президенттин басма -сөз катчысы болуп иштеп турганда Казакстандын президенти иш сапары менен Кыргызстанга келип калды. Протокол боюнча официалдуу бөлүгү бүтүп, сый тамакта отурушкан. Бир маалда Адахан Мадумаров: "Азыр Нурсултан Абишович иш сапардын жыйынтыгы боюнча интервью бере турган болуп жатат. Эмне кылабыз?" деп калды. Анда Адахан Мадумаров Мамлекеттик катчы болуп иштеп турган учуру эле. Журналисттердин баары кетип, Президенттин жеке оператору менен сүрөтчүсү эле калган. Пландалбаган нерсе болуп калды. А кечинде кайсы журналистти чакырмак элек. Адахан мырзанын да чукул чечим чыгарып жибермейи бар "Өзүң эле отуруп ала бер"- деди. Кырдаал ошондой болуп калгандыктан, ойдо жок жерден Н. Назарбаевден интервью алышка туура келип калды. Кийин монтаждаганда эфирден өзүмдү алып таштагам. Бирок, ал жерде эч кандай деле мүчүлүш жок болчу. Президенттин айткандарын түздөп-оңдогон да эмеспиз. Бир айдан кийин "Агым" гезити "Нурлан Шакиев Президенттин пресс-катчысыбы же КТРдин кабарчысыбы?" деп жазып чыгышыптыр. Ушу сыяктуу ойдо жок нерселер көп эле боло берет эмеспи.
- Сизди коомчулук президенттин жакын адамы катары билишет. Бул жакындыктын тамыры кайда жатат?
- "Учкун" гезитинде иштеп жүргөнүмдө, бу кишини тааныбай туруп,бир сын макала жазгам. Анда Курманбек Салиевич Чүй облусунда губернатор болчу. Макаланы окуп, мени чакырыптыр. Барсам "Мен сени чоң киши элестетсем"-деп аябай таң калган. Анда мен 20 жаштагы бала элем да. "Сенин жазгандарың боюнча мен тактап жооп берейин, менден интервью ал" деп калды. Интервью оюндагыдай болгон экен. "Ага ини болуп жүрөлү"- деп кол алыштык. Ошондон баштап ага-инилик мамилебиз уланып келет. Сын макала жазбаганымда бири-бирибизди билбейт белек, ким билет?
- Бир күндүн канча саатын жумушта, канча саатын үйдө өткөрөсүз?
- Мына мен азыр эс алуудамын. Эки жума болду. Жумушка бир-эки саат гана кеч келгеним болбосо, эртеден кечке ушул жердемин. (күлүп) Эс алууда экенимди билгизип, сакал-мурутумду албай турайын деп чечтим.