п»ї

Билгибиз келип…
Рахман Разыков: "Менин бул жерде тиешем жок"
- "Ар бир айдын алтысы - Аралаштан азил тамаша" долбоорунун сапатына айтылган сын-пикирлер көп. Бул менин беделиме шек келтирип жатат деп корккон жоксузбу?
- "Ар бир айдын алтысы - аралаштан азил тамаша" долбоору негизи менин долбоорум экени чын. Былтыр бир жыл бою "Ар бир айдын алтысы - аралаштан азил тамаша. Жүз пайыз күлкүлөр" деп коюлду. Толук бир жыл болгондо мен элдин астына чыгып "Мен бул долбоорду жаптым. Азыр "Беш абышка, беш кемпир" деген жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатам. Ошол долбоорду сиздерге сунуштаймын" дегем. Мен айткан экинчи долбоор кандайдыр бир себептер менен эфирге чыгарылган жок. Ал эми балдар "Ар бир айдын алтысы - Аралаштан азил тамаша" долбоорун улантып иштей берели" деп айтышканынан уруксат берген элем. Быйыл аны балдар өздөрү коюп жатышат. Мындайча айтканда менин бул жерде тиешем жок. Долбоорду башынан-аяк көзөмөлдөп, ага жооп берген адам жок болгондон кийин ар кандай сын-пикир айтылып жатса керек. Ойноп жаткан балдарды күнөөлөөнүн кереги жок. Сынчылар сын айткандан көрө сатира жазып, алып барып берсе, балдар мыкты ойноп беришмек.


Айпери Калыкова:
"Ак куу болуп Питерге учайын деп жатам"
- Акыркы күндөрү көрүнбөй кеттиң, "ак куу" болуп учуп кеткен жоксуңбу?
- Чыгармачылык менен эле жүрөм. Жакында эле бардык радиолорго "Кечки Бишкек" деген ырымды бердим. Ак куу болуп Питерге учуп барып эс алып келейин деп жатам.


Гүлнара Кахарова:
"Билингенде айтам"
- Сизди Ислам Акматов менен биртууган деп уктук. Ушул боюнча жакында өз ара сүйлөшкөнүңөр чынбы?
- Бул маалыматты силерге ким айтты? Мен азырынча эч нерсе деп айта албайм. Бул маалымат азыр такталып жатат. Он-он беш күндүн ичинде толук билинет, ошондо айтайынчы.


Экинчи жолу качан үйлөнөйүн деп жатасыңар?

Сапар Эркебаев:
"Жакшы кыз чыгаары менен үйлөнөм!"
- Качан мен каалагандай жакшы кыз чыкса, ошол замат үйлөнөм.


Гүлжигит: "Буюрса үйлөнөм"
- Мен да Шайырбекке окшоп "кастинг" жарыялайын деп жатам, тамаша.
Сүйлөшүп жүргөн кызым бар, бирок үйлөнүү тойдун так убактысын азырынча белгилей элекпиз. Буюрса, үйлөнөм.

Бегимай Бекбоева:
"Жалаң "гномиктерди" төрөп калам го"
- Өзүңдөн бою 40 сантиметр кыска балага турмушка чыкмак белең?
- Сүйүүнүн көзү сокур деп коюшат эмеспи. Эгер ал адамдын ички дүйнөсү аруу, мага кылган мамилеси жакшы болуп, мен аны сүйүп кала турган болсом, боюна карабастан эле турмушка чыга бермекмин. Турмушта боюна эмес, оюна караш керек. Менин боюмдан 40 сантиметр кыскараак болсо белимен ылдый болуп калат да туурабы? Болочоктогу күйөөм тиземен келет экен деп элестетип жатпаймынбы(күлүп). Белимен өйдөрөөк болсо, бир жактарга барганда жетелеп алмакмын. Ал эми белден ылдый болгондордон кудай сактасын. Өзүмдүн боюм деле өтө узун болбосо, тиземен келген адамга тийип алсам жалаң "гномиктерди" төрөп калам го.


Айгерим Расул кызы:
"Ал маалыматты сыр катары сактап турайын"
- Сени быйыл Москванын Мамлекеттик Университетине тапшырат деп угуп жатабыз?
- Ооба, тапшырганы жатам. Бирок, сиздер айткан университетке эмес. Азырынча ал маалыматты сыр катары сактап турайын деп чечип жатам. Бирок мага "Журналистика" бөлүмү көбүрөөк жаккандыктан, буюрса Россиянын университеттеринин бирине ошол бөлүм боюнча тапшырууну туура көрүп турам. Буюра, чет өлкөдөн билим алып келип, Кыргызстанга эмгек кылсам деген тилегим бар.


Бакыт Букаев: "Сулуулар конкурсун өткөрбөй эле коёюн дегем, Бирок…"
- Азыр "Сулуулар конкурсун"өткөрүп жаткандар көп. Сиз "токочуңузду" тарттырып ийгендей болгон жоксузбу?
- Азыр ар кимдин "Сулуулар конкурсун" өткөргөнгө укугу бар. Аттарын эле өзгөртүп койсо боло берет. Бизде "Дүйнө сулуусунун" (Мисс мира) официалдуу дистрибьютору деген жок да. "Бишкек сулуусу" ("Мисс Бишкек") "Кыргызстандын сулуусу" ("Мисс Кыргызстана") деген аттагы сулуулар конкурсу болуп эле жатат. Керек болсо "Дүйнө сулуусу" ("Мисс мира"), "Аалам сулуусу" ("Мисс вселенная") сынактарын деле миллионер шоумендер өткөрүп келишет. Бул жеке кызыкчылыкты козгогон сынак. Негизи өзүм "Сулуулар конкурсун" өткөрбөй эле коёюн дегем. Бирок, көчөдөн жолугуп калган адамдар, кабарчылар дембе-дем сурап жаткандыктан "Ала Тоо - Ажарын" май айларында өткөрүп, кудай буюрса кайрадан киришсемби деп турам.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"
2-бет
Ырыскелди
Осмонкулов:
"Неберем он жети, чөбөрөм он алты жашында үйлөнсө дейм"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
Врач-косметолог, стилист, Жаркын Атаканова: "

4-бет
Нурлан ШАКИЕВ, ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын жетекчиси:
"ЭлТРди спутникке чыгарыш оңойго турган жок"

5-бет
Билгибиз келип…
Рахман Разыков: "Менин бул жерде тиешем жок"

6-бет
"Жакын адамыма он беш жыл таарынгам"
7-бет
шарап шааниси
8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Бир собол
10-бет
Кафелер келген кардарлардын
машиналары үчүн жооп бербейби?..

11-бет
Байыркы уруулардын "төшөк" маданияты
12-бет
Аздек Намазбекова
Кайрадан ажырашуу

13-бет
"Балам экөөбүз "дай-дай"деп, акча сураган убагыбыз "
14-15-бет
Мүрөктүн суусу го...
16-бет
Лира Урманбетова:
"Кыска кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"











??.??