п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  дилмаек

"Жакын адамыма он беш жыл таарынгам"
Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы Бегимай Карабаеванын турмушка чыкканын жарыялаган элек. А жакында эле продюсер Асыл Апасова менен ырчы Мирбек Иманбековдун ортосунда түзүлгөн келишим да бүткөн экен. Булар туурасында кененирээк маалымат алыш үчүн Асыл эжени маекке тарттык.


- Асыл эже, кызыңызды күйөөгө берип, ичиңиз ачышып жаткан учур экен да?
- Азыр ичим ачышкан убак өтүп кетти. "Буудайдын бараар жери тегирмен, кыздын бараар жери күйөө" дегендей, кыз бала убагында турмушка чыгыш керек экен. Анын түштүккө турмушка чыкканына апасы аябай сүйүнүп жатат. Азыр апасы Чынара эже менен гана телефон аркылуу сүйлөшүп, Бегимай менен байланыша элекмин. Биринчи жолу "Асыл кандай, кызыңды күйөөгө бердим"деген смс келгенде,"кантип, кандайча?! 21-кылымда да алакачуу деген бар бекен?"-деп, таң калдым. Күтүүсүздөн гана ала качып кеткенине жаман болдум. Анткени, Бегимай Ошко сессиясын тапшырганга кеткен да.
- Эми ортодогу келишимди улантасыздарбы?
- Бул жерде келишим болсо, болбосо дагы эч нерсе кыла албайсың. Болгону Бегимайдын Жалал-Абад, Ош шаарында боло турган концерттерине күндөр алынып калган. Азыр ал жактагыларга туура түшүндүрүп, убактылуу токтотуп койдук. Апасынан үйлөнүү тою мартта болоорун уктум. Анан калганын көрө жатаарбыз.
- Ал эми Мирбек балаңыз менен келишимиңиз толук бүттүбү?
- Мирбек менен башында келишимди 2006-2010-жылдын 1-январына чейин түзгөнбүз. Мына ошол күнгө чейин иштедик. Акыркы концертти Мирбектин туулган күнүндө 24 жашка чыкканда бердик. Келишимди урушпай-талашпай, бири-бирибизге жардам беришип турабыз деген жакшы ниетте бүтүргөнүбүзгө сүйүнүп турам. Анткени, баары бир ортодо сый мамиле керек экен.
- Кантсе да Мирбек өзүңүздүн балаңыздай болуп калбадыбы. Ага көнүп калсаңыз керек?
- Мирбекти кетирип жатып ичим ачышкан жок. Ар ким өзүнчө иштеп көрүш керек. Буга чейин деле башка ырчыларды чыгардым. Мирбек экөөбүз иштеп жүргөн аралыкта жакшы-жаман, талаш-тартыш, уруштар менен бирге майрамдар дагы болду. Мындан кийин Мирбек өзүнчө ырчы болуп ырдай берет. Эми бир ырчы кетсе, башкасы келет эмеспи.
- Мирбек менен келишимиңиздер бүтүптүр, а Ирлан Таалайбеков менен эмнеге иштешпей калдыңыз эле?
- Иканы мага негизи Мирбек алып келген. Мен аны Мирбектин кадыры үчүн алып, эки жылга келишим түзгөнбүз. Орто жерде Мирбек экөөбүз урушуп кеткенде Икага "Сени мага Мирбек алып келген. Бар, сен дагы аны менен кет"-деп таптакыр иштешпей койсом, Ирлан: "Асыл эже, мен эл алдына чыгышым керек. Кетпей эле коёюнчу, сиз менен эле иштеше берейинчи? Мирбек мени бийик денгээлге чыгараарына көзүм жетпейт"деп күнүгө телеге келе берди. Ошентип кайра иштеше баштадык. Кээ бир адамдар атын таанытыш үчүн баарына даяр дегенге мен ошондо ишендим. Анткени, Мирбек менден кеткенден кийин Ика аны менен таптакыр байланышпай коюптур. Мирбек экөөбүз кайра элдешкенде Иканын келишими бүтүп калса да Мирбек: "Асыл эже, Иканы алып келип иштеше бербейлиби?"деп жатпайбы. Мирбектин ошол сөзүн угуп ага аябай ыраазы болгом. Мирбектин таш ыргытканга аш ыргытып, улуулук кылган жакшы мүнөзү бар болчу. Ушул жерден кимдин ким экенин билсеңер болот.
- Кечиресиз эже, 2008-жылы күзүндө кайсы бир сайттан, Ирлан Таалайбековдун жаныбарлар менен кылган жоругун көрүп таң калдык эле?
- Эми аны Ирландын өз абийирине коелу.
- Эскини козгоп, жүрөгүңүздү оорутуп алдым окшойт. Суроомду өзүңүздүн жеке жашооңузга бургуп келип жатат. УТРКдагы ишиңизде кандай жаңылыктар бар. Теледе канча жыл иштедиңиз?
- Он төрт жыл. Ушунча жыл аралыгында бир топ жетекчилер менен иштештим. Алардын арасынан Карыпкулов Аманбек Карыпкулович агайдын, (Агайдын көзү өтүп кеткен) Айтикеева Токтош Жекшеновна эженин ошондой эле Кыяс Молдокасымов агайдын кылган эмгектерин абдан баалайм. Жаңылыктарым жөнүндө айтсам, дагы да болсо Жаңы жылдан кийин жаңы долбоорлор, жаңы ырчылар менен иштешип жатам.
- Кыштын суугун сезип, тоого чыгып муз тээп, эс алып келгенге жетиштиңизби?
- Рахмат. Жакында эле айдын башында жээнимдин туулган күнү болуп, тоого барып болушунча муз тээп, жакшы эс алып келдик.
- Чарчаганда жаратылышка чыкканды жакшы көрөсүз го?
- Жок, чарчаганда баарын унутуп коюп, уктаганды жакшы көрөм. Анан да муздаткычты тамакка толтуруп алып, үйдү таза жыйнап коюп отурганда, сырттан суукка тоңуп, суу болуп келген адамды көргөндө ушунчалык "Кайф" алам.
- Кээ бирөө машина айдагандан ырахат алышат экен. А сизчи?
- Машина айдап баратып кыялданбайм, болгону жай темптеги ырларды коюп коём. Өзгөчө Гүлнур Сатылганованын "Ак көгүчкөн" деген ыры мага аябай жагат. Машина демекчи, мен 2006-жылы чоң кырсыкка учураганымды билсеңер керек. Ошондо мага врачтар "Үч жыл машина айдабайсың!"деп, тыюу салышкан. Мен чымырканып, үч жыл чыдадым. Таксинин планын жакшы эле толтурдум го. Үч жылдан кийин белим катып, рулга отурдум.
- Өзүңүзгө жаккан жана жакпаган кандай мүнөзүңүз бар?
- Бир көңүлүм калган адамга оңой менен жибибейм. Кекчил, көкбет мүнөзүм бар. Үч жыл өтүп кетсе деле "бир жолу билесиңби?"-деп, кектей берем. Аялдарды көк бет, эркектерди как жал деп коёт го. Көкбет да, көк жал деген да жаман сөз эмес. Кээде бул мүнөзүмдүн зыянын тартып калам, бирок пайдалуу жагы көп. Эгер өзүмдүкү туура эмес болуп калса, анымды мойнума алып, кайра өзүм барып калам. А меники туура болсо ал адамга каттабай коём. Жакын адамыма сүйлөбөй он беш жыл таарынгам.
- Жакын адам демекчи, качан өзүңүзгө көңүл буруп, бизди жезделүү кыласыз?
- (Күлүп) Азыр жеке жашоомду ойлонуп жатам. "Менин колум абдан жеңил, мага келгендердин үйлөнчүсү үйлөнүп, күйөөгө тийчүсү күйөөгө тийди"-деп, тамашалап күлүп калсам, досторум "Андан көрө өзүңдүн жашооңду ойло"деп калышат. Баарын убакыт көрсөтөт эмеспи.

Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"
2-бет
Ырыскелди
Осмонкулов:
"Неберем он жети, чөбөрөм он алты жашында үйлөнсө дейм"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
Врач-косметолог, стилист, Жаркын Атаканова: "

4-бет
Нурлан ШАКИЕВ, ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын жетекчиси:
"ЭлТРди спутникке чыгарыш оңойго турган жок"

5-бет
Билгибиз келип…
Рахман Разыков: "Менин бул жерде тиешем жок"

6-бет
"Жакын адамыма он беш жыл таарынгам"
7-бет
шарап шааниси
8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Бир собол
10-бет
Кафелер келген кардарлардын
машиналары үчүн жооп бербейби?..

11-бет
Байыркы уруулардын "төшөк" маданияты
12-бет
Аздек Намазбекова
Кайрадан ажырашуу

13-бет
"Балам экөөбүз "дай-дай"деп, акча сураган убагыбыз "
14-15-бет
Мүрөктүн суусу го...
16-бет
Лира Урманбетова:
"Кыска кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"











??.??