п»ї

  шарап шааниси

Кой жылдызы
Кой жылдызындагылар ичкилик ичпей соо жүргөндө деле өздөрүн колго алып жүрүшү кыйын. Ошондуктан кой жылдызындагылар ичимдикке көп басым жасабай койгону эле дурус. Башкалардан айырмаланып кой жылдызындагылар ичкиликке бат жеңилишип, тез мас болушат. Бир-эки стакан ичкенден кийин эрдик жасагысы келип терисинен ашып-ташып калмай адаттары бар. Каалаганындай чардаган соң ичкендин эртеси баш жазууга көп деле ашыкпайт. Кой жылдызындагылар көбүнчө арак, коньякка ыкташат.
Букачар
Букачарлар кымбат ичимдикти баалоочулар. Винону туура тандай билген букачарлар, сыраны да көп колдонушат. Соо кезинде жоош, бир мүнөз букачарлардан ичип алганда сактаныңыз. Анткени болоор-болбос нерсеге кыжырланып, уруш чыгарып "чоң муштум" болуп чыга келишет. Букачарлар ичимдикке башы бат байланып, оңой менен андан баш тарта алышпайт. Ошондуктан бул жылдыздын алдында төрөлгөндөр ичимдиктин баардык түрүнөн алыс болгону оң.
Эгиздер
Адатта ичимдикке кайдыгер караган эгиздер арак же вино ичсе дароо маанайы көтөрүлөт. Ичимдиксиз деле эгиздер көңүлдүү отурганга жөндөмдүү келишет. Бир ичкенде оонап калгыча ичпей, булар аз-аздан анан бат-баттан ичип турганды каалашат. Чыр чыгарып көпчүлүктүн көңүлүн ирээнжитпесе да кызуу болгондо адаттан тышкары көп сүйлөп сөзмөр болуп чыга келишет.
Бөйөн
Жан-дүйнөсү башкалардыкынан бөтөнчө назик бөйөндөр ичимдикке этият мамиле жасаганы дурус. Бир аз вино ичсе эле бөйөндөрдүн көңүлү чөгүп башынан өткөн жагымсыз окуяларды эстей бермей адаты бар. Ал тургай айымдар мас болгондо жашоосуна болгон нааразычылыктары ойгонуп ыйлап да жиберишет. Бирөөнүн кыйноосу менен гана бөйөндөр аябай мас болбосо, башка учурларда ичимдикти көргөндө көп деле жулунушпайт.
Арстан
Бул жылдыздын астында төрөлгөндөр табиятынан жандуу, көңүлдүү отуруштарды сүйүшөт. Маанилүү иши турса да көңүлдүү отуруштардан баш тарта албай калып калышы мүмкүн. Ичимдикке болгон табити жакшы. Эс-учун билбей калгыча ичкенден алыс. Ичип алгандан кийин арстандар көйрөңдүгүн карматып, айланадагылардын көзүнчө кадыр-баркын түшүрүп алышат. Арстандардын көбү ичимдиктин артынан кууп ичкенден алыс.
Бийкеч
Бул жылдыздын өкүлдөрү дени сак жашоону ураан туткандар. Башкача айтканда ар бир бийкеч ичимдик алдына келгенде өзүнө чек коё алат. Ичимдик ичкен күндө да бийкечтер өздөрүн колго алып бир калыпта отурганга жөндөмдүү. Анткени алар үчүн башкалардын көз карашы, пикири маанилүү роль ойнойт. Көпчүлүк менен отурганда мас болгондон көрө өз үйүндө жалгыз отуруп, каалашынча ичкен аларга артыгыраак.
Тараза
Көңүлдүү отуруштарга жакын, колунан келишинче айланадагы адамдардын маанайын көтөрүүнү көздөшөт. Мас болгондон кийин таразалар кең пейил, берешен болуп чыга келишит. Көрүнгөн менен достошуп, өбүшө берүү алардын мас кезиндеги адаты. Ичимдикке бат мас болушат, ачылып-чачылып ичиндеги болгон сырын айтуудан кайра тартпайт. Айымдардын күлкүсү чыгып, ыгы келсе деле, келбесе деле ойду келди тамашалашканга өтүшөт.
Чаян
Чаяндар бир ичишсе беш-алты күн артынан кууп алмай адаты бар. Мас абалында чаяндар эмоцияга алдырып, жанга баткан ачуу сөздөргө "бай" болуп чыга келишет. Мурдакы таарынычтар козголуп, ичинде катылып жаткан кеги кайнап чыгышы мүмкүн. Ошондуктан "Мастан жинди качып кутулуптур" деген сөз көбүнчө чаяндарга таандык. Колдон келишинче мас чаянга кабылсаңыз теңелбей, жакшы сөз менен алдап кутулганыңыз оң.
Жаачы
Ичкиси келген маалда жаачылар өзүнө татыктуу өнөктөш издегенге киришет. Ичимдиктердин түрүн жакшы билбегендиктен колуна тийгенин "урдура" бермейи бар. Кызуу болгондо жаачылардан өткөн март, берешен адам жок. Ичкенден кийин мурда болуп көрбөгөндөй эрдиктерди, жоруктарды жасагысы келип калат. Көпчүлүк адамдар жаачылардын акчасын мас кезинде өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланышат.
Текечер
Текечерлер ичкиликке кайдыгер карашат, бирок стресс, депрессиянын айынан эс-учун жоготкуча ичиши мүмкүн. Кээде ичимдиктин жардамы менен жан-дүйнөсүндө болуп жаткан жагымсыз окуяларды унутууга аракет кылышат. Ичкенде текечерлер түнт болуп, оңой менен сүйлөбөйт. Сүйлөсө да ойго келбеген жагымсыз, маанайды чөгөрө турган сөздөрдү айтышы мүмкүн.
Суупери
Өзү каалаган ичимдикти кандай баада болсо да сатып алганды жакшы көрөт. Ичимдикти жөн гана мас болуш үчүн эмес, андан рахат алууну биринчи орунга коюшат. Өздөрү мас болгондон кийин башкаларды да ичимдикке кыйнап, ичтиргенди жакшы көрүшөт. Кокус кичине жерден эле көңүлү бузулса, башкалардын да көңүлүн түшүргөнгө болгон аракетин жумшайт.
Балык
Адатта балыктар ичимдиктин түрүн тандабай колуна тийгенин ылгабай иче берет. Ичкенден соң көп сүйлөбөй, жоош, "кой оозунан чөп албаган" момун болуп калышат. Мас болгон балыктарды сөзгө тартам, сырын ачам деген аракетиңизден эч кандай жыйынтык чыкпайт. Анткени алар кызуу болгондо өзү менен өзү болуп, айланадагы адамдарга көп көңүл бурбай калышат.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"
2-бет
Ырыскелди
Осмонкулов:
"Неберем он жети, чөбөрөм он алты жашында үйлөнсө дейм"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
Врач-косметолог, стилист, Жаркын Атаканова: "

4-бет
Нурлан ШАКИЕВ, ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын жетекчиси:
"ЭлТРди спутникке чыгарыш оңойго турган жок"

5-бет
Билгибиз келип…
Рахман Разыков: "Менин бул жерде тиешем жок"

6-бет
"Жакын адамыма он беш жыл таарынгам"
7-бет
шарап шааниси
8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Бир собол
10-бет
Кафелер келген кардарлардын
машиналары үчүн жооп бербейби?..

11-бет
Байыркы уруулардын "төшөк" маданияты
12-бет
Аздек Намазбекова
Кайрадан ажырашуу

13-бет
"Балам экөөбүз "дай-дай"деп, акча сураган убагыбыз "
14-15-бет
Мүрөктүн суусу го...
16-бет
Лира Урманбетова:
"Кыска кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"











??.??