п»ї

Бир ырдын тарыхы
Майра Керим кызы
жар керек
Сөзү, обону: автордуку
Мага жар керек,
Өзөктү жалгай турган,
Жогумду камдай турган.
Тагдырым татаал болсо,
Тар жолдо тайбай турган.

Мага жар керек,
Берилип сүйүп турган,
Күн сымал тийип турган.
Аялдык көрсөтсөм да,
Ар дайым бийик турган.

Мага жар керек,
От болуп жалындаган,
Сөз айтсам таарынбаган.
Жагымсыз адаттардын,
Артынан салынбаган.

Мага жар керек,
Чалынбай тузактардан,
Чарбасын түз аткарган.
Алыс бол деп айтмакмын,
Узун тил ушактардан.

Мага жар керек,
Ыраак болуп кара жерден,
Ырыскы ала келген.
Ынтымак өмүр сүрүп,
Ыймандуу бала берген.

Мага жар керек,
Деп көңүл ооруп турду.
Купулум толуптурмун.
Кыз кезде көксөгөндү,
Кыргыздан жолуктурдум.





Майра Керим кызынын жолдошуна арнаган ыры
Казак элинин таланттуу кызы Майра Керим кызы бала кезинде кыргыздын чыгаан жигитине турмушка чыгам деп оюна да келбесе керек. Маңдайына жазылганы ушул экен, биринчи никесинен бактылуу боло албаган Майра эжеке, 1988-жылы Ысык-Көлгө келин болуп Канат агай менен баш кошот. Анда Майра айым жыйырма жети жашта болгон. Кагаз чиймелеп ыр жазып жүргөн Майра Керим кызы ошондо жолдошу Канатка арнап, "Кыз кезде көксөгөндү, Кыргыздан жолуктурдум"деп "Жар керек"деген ырдын сөзүн жазган эле. Жолдошу Канат агай, "Майра мага арнап көп ырларды жазчу. Бул ыр мага арналбаганда кимге арналмак эле. Анын ар бир ыры менин жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алат"деп эскерет. Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет дегендей, Майра эже жыйырма сегиз жашында бул ырга обон жаратып, эл алдына ырдап чыккан. Андан бери канчалаган суулар акты. Майра эжекебиздин ыры, өчпөс таланты элдин эсинде сакталып, ак таңдайлардын тарыхында жазылып кала берди. Аталган ыр азыркы күндө да популярдуулугун жоготпой, комуздун да коштоосунда ырдалып, эстрададагы вариантын ырчы Тахмина Казиева да аткарып жүрөт.





Каныкей менен Мирбек түнкү клубда болушту
"Түнкү Белес" радиосунда "Ашыктыктан алты түн" деген акция жүрүп, анда күйөрмандар ырчы Каныкей менен Мирбек Атабековго кызыктуу смс билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Смстердин арасынан ырчылардын купулуна толгон алты күйөрмандын смс билдирүүсү болгон. Жыйынтыгында жеңүүчү угармандар Каныкей менен Мирбекти ээрчип, борборубуздагы "Heaven Grand" түнкү клубунда ырдап-бийлеп, ойдогудай эс алып келишти. Андан сырткары алты күйөрмандын экөөсү "Түнкү белестин" ди-джейлери менен эки саат түз эфирде конок болуп кайтышты.


Мирбек эмнеге жубайын жашырат?
Ырчы Мирбек Иманбеков канчадан бери эле журналисттердин "Үйлөндүң беле?" деген суроосуна "Жок, бойдок элемин" деп жооп берип келет. Бирок, сахналаш досторунун кайсы тоюна барбайлы, жанында жандап бир бийкеч жүргөнү жүргөн. Мирбектин үйлөнгөнү эми чындап ачыкка чыга баштаганбы, айтор, Мирбектин ырчы достору Мирбек Иманбековду "Уже" үй-бүлөлүү ырчылардын катарына кошо башташыптыр. Балким, ырчы "үйлөндүм" деп, көпчүлүк күйөрмандарын жоготуп алуудан чочулайт го? Кыскасы, эмнеге бойдок эмес экенин жашырып жүрөт десең...










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
16-февраль, 2010-ж.:
1-бет
"Кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"
2-бет
Ырыскелди
Осмонкулов:
"Неберем он жети, чөбөрөм он алты жашында үйлөнсө дейм"

3-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
Врач-косметолог, стилист, Жаркын Атаканова: "

4-бет
Нурлан ШАКИЕВ, ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын жетекчиси:
"ЭлТРди спутникке чыгарыш оңойго турган жок"

5-бет
Билгибиз келип…
Рахман Разыков: "Менин бул жерде тиешем жок"

6-бет
"Жакын адамыма он беш жыл таарынгам"
7-бет
шарап шааниси
8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Бир собол
10-бет
Кафелер келген кардарлардын
машиналары үчүн жооп бербейби?..

11-бет
Байыркы уруулардын "төшөк" маданияты
12-бет
Аздек Намазбекова
Кайрадан ажырашуу

13-бет
"Балам экөөбүз "дай-дай"деп, акча сураган убагыбыз "
14-15-бет
Мүрөктүн суусу го...
16-бет
Лира Урманбетова:
"Кыска кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"











??.??