п»ї

  Кызыктар дүйнөсү

"Ишенимиң бышык болбосо, ишенгениң мышык болот"
"Эки булуттун башы бириге калса эле, эки кыргыздын бири "жаайт" десе, бири "жаабайт" деп талашышып, "синоптик" боло калышат"- деп шылдыңдашат экен казак туугандар. Айтса- айтпаса да аздыр-көптүр чындыгы бар, муну башка мисал менен дагы даңазалап жатпайбызбы.


Деги эле кыргыздар ырым-жырымдарга абдан ишенип, аны бекем кармап келет экенбиз, мунун баардыгын кыргыздар кайдан чогултуп алганын билесизби? Ата-бабадан калган дейин десең, "Атасы коңуз атпагандын баласы доңуз атат" болуп, ата-бабанын түшүнө кирбеген ырымдарды жасагандарыбыз да көп. "Эч нерсесин койбой ээрчиген орустардан жугузуп алганбыз го" дейин десең, тээтиги Европа, Кытай, ал эмес океандын ар жагындагы америкалыктардын жалган ишенимдеринин да жыты жыттанат бизден. Көрсө, кыргыз өзү ырым менен туулуп, ырым менен өсөт экен. Ымыркай эненин курсагында жатканда эле койдун ичегисин карап туруп, эркек же кыз төрөлөт деп бүтүм чыгарып коюшкан тура. Андан соң бешикке жаткызганда, бешигине жөн эле сала койбой чүкөлөрдү салып ары-бери тоголотуп, малдуу-жандуу болот деген ишеним менен эркек болсо балка, кычкачты салып уста болсун, кыз болсо жип, кайчысын салып уз, чебер болсун деп анан бөлөшөт. Ушинтип башталат экен ырымчыл кыргыздын жашоосу.

Таңкалыштуу жана күлкүмүштүү ырым-жырымдар
Эми бир чети күлкүңдү келтирсе, бир чети таң калтырган бир нече ырымдарга көз жүгүртүп көрөлү: Соодагерлер аарынын уюгун илип алышып, аарыдай ызылдап кардарлар көп келет деп күтүшөт. Анан да биринчи түшкөн акчанын шору куруду десек болот, товарларын чапкылай берип белин үзүшөт байкуштун. Андай ырымды бекем кармаган адамдардан акча сурасаң да күндүз сура, караңгыда сурасаң колуңа бербей ыргытып абдан убара кылат. Ал эми малы көптөрдүн үйүнө кирсең, тамдын ар бир бурчуна эле бирден жиликти илип алышканын көрөсүң. Ал эмнеси деп кызыгып турсаңыз, ал сөөктөр малды ит- куштардан сактайт деген ишенич менен көкөлөтүп көккө илип коюшат экен кыргыздар.

Андан тышкары башка жаныбарлардын дагы жанын койбойбуз
Бүркүттүн тырмагын жулуп, карышкырдын чүкөсүн омкоруп тагынып, ал эмес аттын туягында жүрүп, канчалаган "ыпыр-сыпырды" басып жешилген така бир карасаң эле дарбазада турат кадалып, жакшылык менен ырыскыны "чакырып". Деги эле ушул темир-тезектен, жан-жаныбардан жамандык-жакшылыкты издегендердин арасында биздин биртууган кыргыздар аз эмес.
Алдынан ит өтүп кетсе сүйүнүп, мышык өтсө коркуп, башына чымчык чычып салса кубанып, түндө короз кыйкырса кайгырып калышат экен кыргыздар.

Кулак мурундарга тиешелүү да көптөгөн ырым- жырымдар бар
Алаканы кычышса - акча кармап, таманы кычышса - көп басып, оң көзү тартса - жакшы кабар, ал эми сол көзү - тартса жаман кабар угат экенбиз. Бетиң кызарса - сени мактап жатышат, кулагың кызарса болду-болбоду - сени жамандай башташты.

Ай-жылдыз айтып турат дешип…
Жаңырган айды көргөндө үч жолу жүгүнүп: "Жамандыгыңдан сактай көр, жакшылыгыңды бере көр", - деп айдан суранып, учкан жылдызды көрө калса бир каалоосун айта салып: "Эми "желанием" орундалат", - деп сүйүнгөн кыргыздар да жок эмес.

Чай-тамак бир сыр биле-ет…
Тамак-аш, чай-чамектен да бир нерсени билсе болот экен. Чайыңда чама калкып жүрсө - үйүңө киши келет. Айтмакчы, чама узун болсо - узун, кыска болсо - кыска адам келет. Камыр ыргып кетсе да - конокту күтө берсек болот. Анан дагы бир айтып койчу нерсе бош чакаңды көтөрүп бирөөнүн алдынан өтүүгө да болбойт экен, бир балээге кабыласың дейт.
Боорду эзген ырым-жырымдарга токтоло кетсек: "Ачакей карагайдын ортосунан өтсөң, мугалимден тил угасың" деп коркушат окуучулар. "Ич кийимиңди тескери кийип алсаң, экзаменден ийгиликтүү өтөсүң" деп ишенишет студенттер. А кокустан күзгүңдү сындырып алсаң, анда эле иштин бүткөнү - эртең бир жамандыкка туш болот экенсиң.

Сандан сактангандар
Бир санды ээлеп алып, андан жакшылык издегендер же болбосо бир сандан өлгүдөй коркуп, жер бетинде европалыктар он үчтөн коркуп, кытайлыктар сегизди урматтап жүрүшөт эмеспи. Сегизди аябай сыйлашкан кытайлыктар дүйнөлүк олимпиаданы 08.08.08. 8:8:8де башташты. Бирок, сегиз аларды "подвадить" этти окшойт. Тибеттеги миңдеген адамдын өлүмү менен коштолгон көтөрүлүш, жүз миңдеген адамдын өмүрүн алып кеткен зилзала, токтобой жааган жамгыр менен суу каптоолор, жумушсуздуктун күч алуусу, кыскасы, сегизден мындайды күтпөгөн кытайлыктар ишенээр ишенбесин билбей калышкан учурлары. Бул сыяктуу ишенимдерден биз деле куру кол эмес экенбиз.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
23-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Эки жаш балалуу болууга эми даяр
2-бет
Бакыт Байсариев:
"Машинама караганда аялыма көп акча жумшайм"

3-бет
Жан шеригиңизге эмне белек бересиз?
4-бет
Дүйнө тааным үчүн
5-бет
Нуркан Калназарова:
"Менин мүнөзүм заманбап жашоого шайкеш келбеди"

6-бет
Хохолдор шайлаган президент
7-бет
Эрнияз Анарбай уулу:
"Ар бир ишимде жылкы жаныбары бар"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Майрамыңыздар менен!
10-бет
Кызыктар дүйнөсү
11-бет
Уламыштан улам келип чыккан Дон Жуандар
12-бет
Аздек Намазбекова
Кайрадан ажырашуу
"Жанган үмүт"

13-бет
Кытайдан келген автобустардын абалы
14-15-бет
Обон почта
16-бет
телеканалындагы "Музканал" "Лидер kg" берүүсүнүн алып баруучусу Суранчы кызы Айпери бизде конокто.
"Китептин ичине кирип кетем"











??.??