билгениң оң

Уламыштан улам келип чыккан Дон Жуандар
Айланабызда кыз жандуу эркектер жүздөп саналса, көпчүлүк айымдар ошондой жигиттердин тузагына оңой түшүп беришет. Мындай жигиттер Дон Жуан деген ысымга арзышкан. Кыздар көз жаш төгүп жүргөн Дон Жуандар жөнүндө кеңири түшүнүк беребиз.


Дон Жуандар кайдан келип чыккан
Элдин оозуна "Дон Жуан" деген түшүнүк ХIV кылымда болгон белгилүү адмирал Алонзо Тенорионун кичүү баласынын атынан келип чыккан. Алонзо деңиз согушунда көз жумган. Эң кичүү баласы Дон Жуан табиятынан кыз жандуу келип, үй-бүлөлүү, бойдок кыздардын башын айландырганга эптүү болгон. Бир жолу аскер башчы Гонсалестин кызы Аннаны сүйүп калып, аны уурдап кетүүгө бел байлайт. Түн ортосунда аскер башчынын үйүнө уурданып кирсе Гонсалес уктабай жаткан болот. Чакырылбай келген конок менен үй ээсинин ортосунда катуу таймаш болуп Гонсалес каза болуп, Дон Жуан мекенин таштап качканга аргасыз болот. Гонсалестин жакындары Дон Жуандан өч алмак болуп, өз мекенине кайтаруунун амалын издешет. Качандыр бир кезде Жуан жактырып жүргөн кызга сүйүү катын жаздырышып, Дон Жуан азгырылып мекенине келет. Ошол жерден аны өлтүрүшүп, сөөгүн жашыруун кылып көмүп салышкан. Ушундай уламыштан улам кыз жандуу эркектерге Дон Жуан деген ат коймойго өтүшкөн.


Дон Жуандарды кантип айырмалап билсе болот?
Эгерде сиз жигит менен таанышып, анын сизге болгон ниети кандай экенин айырмалап билгиңиз келсе, төмөнкү кеңештерге көз жүгүртүңүз.
Дон Жуандар эч качан жеке жашоосу жөнүндө кыздарга кеңири маалымат бербейт. Кокус үй-бүлөсү, ата-энеси жөнүндө кеп козгоп калсаң сөздү башка нукка буруп, башыңды айландыргыча шашат.
Сизди бир жакка ээрчитип барганда, жанында сүйүктүүсүн колтуктап баратса деле жанынан өтүп бара жаткан сулуу кызды башынан ылдый сыдыра карагандан тажабайт. Ыңгайы келген жерден аны деле сөзгө тартып, таанышууга үлгүрөт.
Сиз ал тууралуу кандай пикирде экениңиз маанилүү роль ойнойт. Дайыма сизге жагынуунун түрдү жолун издеп, көңүлүңүздү алганга аракет кылат. Кооз сөздөрдү көп сүйлөгөн жигиттер иш жүзүнө келгенде башкача болоорун эстен чыгарбаңыз.
Кийимди да, тамакты да табити менен тандайт. Бир кийген кийимин экинчи жолу кийбегенге аракет кылат. Өздөрүн мыкты карап, ошол эле учурда саркеч кийим кийген айымдарга кызыгуусу күч.


Дон Жуандын түрлөрү
Мактанчаак Дон Жуандар: Тамдын бооруна өзү багындырган аялдардын сүрөтүн илип койгондон ырахат алат. Сексти биринчи орунга коёт, кокус досторунун арасынан бирөө-жарым анын беделине шек келтирсе дароо далилдегенге өтөт. Аялзатынан ага керектүү нерсе-сексуалдык ырахат.
Сактанууга маш Дон Жуандар: Аялдардын тузагына түшүп калуудан аябай коркушат, бирок сыр бербегенге аракет кылышат. Кокус айымынын жанына башка эркек келип калса, жаагы түктүйүп башкача жинденип чыгышат. Аялдарды жылуу сөз, жакшы мамиле менен багындырганга караганда өзүнүн кызматтык абалы, байлыгы менен тузакка түшүрүүнү оңой көрүшөт.
Башкалардын бактысына көз арткан Дон Жуандар: Башка Дон Жуандардан айырмаланып бойдок айымдарга караганда үй-бүлөлүү, балалуу аялдарды азгырганга эптүү келишет. Булардын бир талуу жери-өзү азгырып жаткан аялдын күйөөсүнө караганда мен алда канча мыктымын деген ойго жетеленишет. Бир эле учурда үч-төрт үй-бүлөлүү аялдарды багындыра алган Дон Жуандар да ушул топто көп кездешет.
Көңүлчөөк: Дон Жуандар: Бекер эс алуу, кымбат жайларга баруу деген сунуштар айымдар тараптан түшсө баш тарта албай жетеленип кете беришет. Ошол эле учурда айымдардын көңүлүн калтырбай айтканын аткара бермей адаты бар. Бир сөз менен айтканда Дон Жуандардын бул түрү аялдардын капчыгы менен жан сактаганды жакшы көрүшөт.
Жан курбу Дон Жуандар: Кыздар менен сырдашып, жанына көп кыздарды чогултуп жүргөндү жактырышат. Бир күндө курбу кыздардын баарына чалып ден соолугун, маанайын сурагандан тажабайт. Жан эргиткен жылуу сөздөргө бай келишип, маанайды көтөргөнгө жөндөмдүү болушат.

Дон Жуандардын тамырын тартып, тилин табыш кыйын
Эгерде Дон Жуандардын чөйрөсүнөн жигит таап, аны аркандап алуунун амалын издеп, бирок сизге ийгилик жылмайбай жатса кайгырбаңыз. Чынында көп тоскоолдуктарды өжөрлүк менен жеңсе болот, бирок Дон Жуандарды жеңип, багындырыш оңойго турбайт. Канчалык артынан түшүп куусаңыз, ал сизге ошончолук кайдыгер мамиле жасайт
Сүйүктүүңүз сиз менен бир кечеге барса аны колго түшүрдүм деген оюңуз жаңылыштык. Анткени, сиз менен бийлеп жүрүп ошол эле учурда башка айымдарга телефон аркылуу sms билдирүү жиберип, алардын да көңүлүн алганга жетишет.
Анын жинине тийип чакырганына барбай, берген белегин албай айласын кетирем деген аракетиңиз жакшы жыйынтык бербейт. Себеп дегенде Дон Жуандар үчүн мындай көрүнүш кумар оюн сыяктуу. Болгон күчүн жумшап баш ийдирип таштап кетүүдөн алар болуп көрбөгөндөй ырахат алышат.
Күтүүсүз өзгөргөн мамилесине таңданбай, ызаланбай эле коюңуз. Башында артыңыздан кууп, үстүңүзгө үйрүлүп түшүп жатып кокусунан салкын мамиле жасап калса анда сиз анын кезектеги курмандыгы болгонуңузду билсеңиз болот.
Кокус сиздин жолуңуз болуп болбой эле Дон Жуандын бирөөсүн торуңузга түшүрсөңүз, жөнү жок кызганып башка кыздардан корубай эле коюңуз. Жүрөгүндө сиз болгонуңуз менен баары бир ою башка кыздарда болуп азгырылганы-азгырылган.


Көксөгөн жигитин колго түшүрө албай…
Мен институтта окуп жүргөндө Арген деген группалашым бар болчу. Бир да кызды жөн кетирбей, ылайыгы келген жерден кучактап кармалагандан каччу эмес. Өзгөчө дос катары белиңен кучактап, колун жамбашыңа түшүрүп кармалаган адаты кыжырымды кайнатаар эле. Кыз жандуулугуна карабай экөөбүз ынак достордон элек, кайсы кызга барганын, эмне деп башын айландырып келгенин узун жомок кылып айтып бергенден тажабайт. Кийин мен турмушка чыгып кеттим. Арген менен достук мамилем үзүлгөн жок, өзү бойдок болсо да жолдошум менен тил табышып, катышып жүрчүбүз. Бир күнү үйгө конок чакырып, Аргенди, курбу кызым Лилияны да кошо чакырдым. Демейде кыздарды көргөндө эт-бетинен кулаган Арген Лилияга караманча көңүл бөлгөн жок. Бирок Лилия мага арманын айтып, Аргенди сүйүп калганын билдирди…Курбум экөөбүз Аргенди тузакка түшүрүүнүн амалын карап көрүп элдик ыкмага салууну чечтик. Кыздын этек кири келгенде жактырып жүргөн жигитине чайга бир тамчы кошуп берип койсо жигиттин өмүр бою байланып калаарын кулагыбыз чалган эле, ошону өзүбүз текшерип көрөлү деп Лилиянын этек кири келгенде Аргенди дагы конокко чакырдым. Таңкалыштуусу ички туюму менен сездиби же бир нерседен шектенип калдыбы, айтор Арген мен эпилдеп сунуштаган суусундуктардын баарынан баш тартты. Ошентип, курбум экөөбүздүн максатыбыз ишке ашпай, Лилия сүйүктүүсүнө жетпеген бойдон калды. Азыр Аргендин жашы отуздарга чукулдап калса да үйлөнбөй жүрөт, сыягы аны тузагына түшүрө турган кыз чыкпай жатса керек…