окумал

Аздек Намазбекова
Кайрадан ажырашуу
"Жанган үмүт"
Мукактанып, жүзү бир кызарып, бир бозоруп, өтө эле аянычтуу абалда көзүн бизден алакача сүйлөй баштаган кайнатамдын сөзүн өкүл энебиз бөлүп:
- Аба, сөздү мен баштайын? - деди эле, ал киши башын шак көтөрө:
- Ии-и… Ошентчи, сенин айтканың эле туура болот го, - деп калды, бир чоң жүктөн кутулгандай оор улутуна.
"Туура кылдың" дегендей өкүл атам да аялына көз ымдап койгонун байкадым. Биз болсо дымып эмне сөз чыгаар экен деп күтүп отурабыз.
- Чүрөк кудача, Аздек, сөзүмдү баштаардан мурун суранаарым: ачуу - душман, акыл - дос, дегендей, жеңил ойго алдырып, бири-бирибизге жаман-жакшы айтышып калбайлы. Сабыр кылып, аягына чейин уксаңыздар... Анан бир ойго келип, эмне кылаарыбызды кеңешээрбиз. Эми-и… Ойдо жок жерден эки баланын кичинекей шаары бузулуп калды. Экөө көргөндүн көзүн кубанткан түгөйлөр болчу. Кудайдын буйругусуз кумурсканын да буту сынбайт деп коюшат, андыктан бул да болсо тагдырдын жазмышы, каалоосу дебеске башка чарабыз барбы? Көп нерсе болуп өттү. Биз кийлигишип, арачалап кала албай калганыбызга азыркыга чейин өкүнөбүз. Аздек, атаң экөөбүзгө таарынбастырсың, аргабыз эле жок калдык.
- Ой, адамдын ичин бышырбай, ток этээрин айтсаң боло бай болгур! Өткөн иш өттү да! - деп өкүл атам бир опурулуп алды.
Демейде өзүн оор басырыктуу кармап олтурчу киши катуу толкунданып, чыдамы кетип отурганын жаземдебей байкоого болот эле.
- Апэ-эй, балп этип айтып салгыдай баланын иши сага эмне оюнчук беле?! Өкүл ата-апа болгондору кайсы, башыма кара түн түшкөндө кол сунуп койгонго жарашкан жок деп Аздектин жүрөгү муздап турган учуру. Азыр мен деле аны айтып, өткөндү козгоп актанайын деген жерим жок. Бирок айтпай койгонго да болбойт. Апаңар үйгө эки келип "келинимди бузуп кетип жатасың!"- деп балдардын көзүнчө чыр салып кеткенинен, "Ач кулактан тынч кулак" деп каттабай калгам. Анын үстүнө бир айыл киши болсок сый мамилебиз сыйрылбасын, үй-бүлөлүк ишиңерге кийлигишпей эле коелу деп сыртыбызды салганыбыздын да бир себеби ушул. Эми сүйүнчү айтып алдыңа жүзүм жарык келип олтурам. Сүйүнчү кызым! Төрөгөн кызың чарчабай этпей эле жапжашынакай өсүп чоңоюп келатыптыр. Көздөрү, кылыя тиктегени сенин эле өзүң, калганы Сүйүндүккө союп каптап койгондой…
Уккан кулагыма ишенбей дел болуп, сүйлөйүн десем тилим күрмөлбөй жалдырап эле олтуруп калдым.
- Эмне деп атасыз?! Кайсы кызы?! Кайда?! - деп мага караганда Чүрөк эжем ачуу чаңырып, суроо жаадырып, өңү бузулуп ордунан тура калды.
Кайнатам катуу коркуп кеткендей калдастап, эмне кылаарын билбей алаңдап өкүл атамды караса, ал киши үнүн өктөм чыгарып колун жаңсай:
- Олтуруңуз, олтуруңузчу! Аягына чейин уксаңыз, азыр баары түшүнүктүү болот, - деп калды.
- Жо-ок, отурбайм, этпейм! Туруп эле угам.
Азыр уруш чыгып кетип, мен кызым тууралуу эч нерсе укпай калчудай чочулап, калчылдаган колдорум менен эжемди этектен тартып:
- Эже-е, угалычы? - деп жалдырап жибердим. Токтоналбай көзүмдөн жаш чууруду.
- Аздек катуу толкунданба, өзүңдү кармачы кызым. Чайдан уурта, - өкүл энем калч-калч эткен колума чай чыныны карматып, далымдан таптап сооротуп калды.
- Мен жакшы элемин, сиз түшүндүрүп айтыңызчы? Сиз кызымды көрдүңүзбү? Азыр баралычы? - тамагым кургап, үнүм бүтүп калгандай шыбырап сүйлөдүм.
- Сен толготуп барган түнү башка төрөт үйүнөн жаш келиндин баласы ара төрөлүп чарчап калып, жаңы төрөлгөн бала издеп жатышкан учуру экен. Жаныңда эч ким жок барсаң, бирдеме болсо сурап алаары жоктой кабыл алган врачың ошон үчүн "кесарево" жасап, кызыңды өлүү түшкөн кызга айырбаштап жиберген экен. Анан да анын чырагына май тамызып, баланын денесин алып кетүүдөн баш тартып койгон турбайсыңарбы. Болбосо 7 айлык менен толук көтөргөн баланын айырмасы дароо эле байкалмак да.
- Кимге, кимге беришиптир кызды? Кантип билдиңер? Мен жанагы врачын жердин жети катмарына кирип кетсе да таап чыгам, - деген эжем тыйганыма болбой эле улам өкүл энемдин сөзүн бөлүп ийип жатты.
- Кыз азыр Баяндын колунда. Тим эле мончоктой кыз болуптур, - өкүл апам көзүн жума күлмүңдөп, ичи элжирей кимгедир жалынгансып алды.
Ушул жерден мен өзүм чыдабай кеттим.
- Азыр эле баралычы?! Кандайча Баян эженин колунда? Анда эмнеге ала келген жоксуздар? Ал менин кызым да, - чөгөлөй олтура калып, өкүл энемдин колдорунан өпкүлөп ыйлап ийдим.
- Ай, бышактабай коё турчу! - эжем мен жактырбагандай бир карап алып, - сиз чаргытпай толук түшүндүрүп айтыңызчы. Баланы алгандар ким экен? Ал кандайча Баяныңардын колунда? Анын кандай тиешеси бар, түшүнсөм өлөйүн, - деди эжем. Ортону оор жымжырттык ээледи. Кайнатамды жалт бир карап алган өкүл апам акырын гана:
- Баланы сатып алган Баян болуп олтурбайбы. Кызынын бактысы үчүн эне эмнеге гана барбайт. Жаш төрөгөн кызынын баласы чарчап калганын угаары менен кишиден киши салып бала издесе, сеники туш болуптур. Бала инисиники экенин, сенин ал-жайыңды апаңардан укканда гана шекшип, сураштырып билсе керек. Жабылуу аяк, жабылуу бойдон калаттыр деп ойлоп, жашырып жүрүптүр.
- О-ой, уяты жоктор десе! Кылаарын кылып коюп, эми менин алдыма эмне деп келип олтурасыңар?! - эжем кайнатама алкынды: - Жанагы кызыңарды эми сотко мен берем! Бул олтурган жерге олтуруп, бул көргөн тозокту ал да көрүп келсин! Эмне эле анчалык күйүп-бышып, итин агытып, адамча сөзгө келбейт деп коём. Көрсө… Ар-рам гана!..
- Кудача, сиздики туура. Бирок, катуу кетпеңиз. Деги эле түшкө кирбес жосунсуз жорук жасашкандарын мен да түшүнүп, түтөп турам. Мен эмнени билейин! Укканым ушул болду. "Таята, Кымбат меники эмес, Сүйүн таякемдики. Мен баары бир күйөөм менен ажырашып кеттим. Кымбат өз небереси эмес экенин алар деле билишет, бөлөк бирөөлөргө анан эмнеге калтырмак элем. Өзүм да бага албайм. Өз турмушумду кайра башынан баштайын деп чечип, башка жака кетип жатам. Андан көрө кызын Аздек жеңемдин өзүнө бериңиздер, ал түрмөдөн чыкканын апамдан уктум. Айтсам таянем менен мамамдын уккусу жок. Өзүңүз бир айласын табаарсыз…" деп неберем ыйлап келиптир. Энесиндей жеңил ойлуулукка алдырбай, жаш болсо да тапкан акылына ыраазы болуп, угаарым менен Осмонго жетип келдим. "Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч" демекчи, колуңардан келсе кечирип койгула. Сүйүнгө да жана келатып телефон чалдык. Бүгүн түнү учуп келип калам деди. Ал да эжесине жинденип, жараланган аюудай бакырып калды. Эмнеси болсо да акыр аягы жакшы болот деп тилек кылып турам. Тигил жактагы балдарын кыйбайм деп, бул жактагы кызын кыйып кетмек беле?! Кантсе да бул кызы туну эмеспи. Ат айланып казыгын табат деп коёт. Жарашып алсаңар жакшы эле болбойт беле. Ойлонуп көрөөрсүң кызым… - деген кайнатам менден көзүн албай жалооруй сүйлөдү.
- Сүйүн-пүйүнүңөрдү билбейм. Силердин азабыңарды тартып Аздек түрмөдө отурганда кайда эле?! Акылы болсо Аздек экинчи ага кайрылбайт, мен да ага жол бербейм. А мен тим калбайм, баары бир Баяныңарды жөн койбойм!




Ырыскүл Кадырова
Шайтандын торундагы
сүйүү
(Башы өткөн сандарда)
***
Кызына тез-тез каттаган Гүлжан эже анын оңолбой эле тескерисинче өтө өңдөн азып, көз көрүнөө кичирейип баратканын сезди. Кызын кучактап алып, өксүп-өксүп көз жашын төккүдөй болсо жан чыдагыс курган энеге! Айым эч нерсе айтпады. Ошол эң биринчи зордуктаган түндөн кийин да, далай жолу түндө келип кимдир бирөө аны куурчактай кылып пайдаланып кетип жүргөнүн күндө эртең менен сезип калчу, а түнкүсүн жатаарда ой-боюна койбой врачтар сайган дарынын күчүнөн улам өлүктөй уктап, эч нерсе сезбей, эч кимди көрбөй кала берчү…
***
Айымдын жиндиканада экенин уккан көзү ачык аял өзүнүн анда түздөн-түз тиешеси бар экенин түшүнүп, кандай болгон күндө да адамдык сезими ойгонуп, ага кайтарма окууну чечти. Жазираны чакыртты.
- Курбуң киши баргыс жайда экен го?
- Ооба.
- Эми эмне кылабыз?
- Кандайча?
- Аны чыгаруу, айыктыруу керек.
- Жок… Кудай акы! Жок эжекебай!
- Не деген мерез жансың Жазира!
- Эмне десеңиз ошо деңиз! Бирок мен ушул күндү күткөм! "Ак эткенден так этип" күткөм!!! Ал жаңыдан мага көңүл бөлө баштады… Түшүнсөң эжекебай, мен аны кайрадан Айымга тарттырып ийе албайм! Бербейм! Андан көрө өлгөнүм артык эже. Ооба… Экөөбүздүн, сиздин менин сырыбызды, кылган ишибизди бүт эл алдына ачыкка чыгарып айтам да, өзүм өлүп алам эже! Эгер андай болушун каалабасаңыз бүт баарын өз жайына коюңуз. Мен айтканымдан кайтпаймын!
Кыздын артка кайтпасына биротоло көзү жеткен таежеси шалдая отуруп кала берди…
***
… "Баягы бечара Айым өзүн-өзү асынып өлүп алыптыр", "Эмне дейт кокуй?!", "Аа, кайран кыз, жаштайынан кайсы мээнет чырмады экен…", "Шору каткан Гүлжандын шору биротоло каткан экен ээ", "Өх-х десеңчи…" - көчөдөн жолугуп, чочулашкан аялдар өкүрүк чыккан үйдү улам карап, көздөрүнө жаш тегерене бирин-бири күтүп атышты. Алар Гүлжанга кайрат айтып, көз көрсөтүү үчүн баратышкан эле.
Айылдын четиндеги токойдун арасынан өзүн-өзү асынып өлүп калган Айымдын сөөгүн таап келишкенде бечара энеге аалам астын-үстүн болуп, чучуктай чаңырган бойдон эси ооп жыгылган. Аны ошо бойдон эсине келтире алышпай тегерегинде эже-сиңдилери жүрүштү чуркурашып. Улам эсине келип, тегеректеги көпчүлүктү көзүн бардап-бардап карап алат да, кызынын өлгөнү эсине түшө калып "Оо-уу, өрттөнүп баратам! Жалган…" деген бойдон кайра эле эсинен танып калат. Бечаранын күйүтү чексиз эле ушу тапта. "Бул жерден айыкпай эле кайра оорусу күчөп баратат окшойт, үйгө эле алып кетип, кыргызча бүбү-бакшыларга көрсөтөйүн" деп айылга алып келе бергенине ашып кетсе үч күн болгон эле… Анан бүгүн эртең менен түндө жаткан ордунан таппай калды кызын. Издетти… Табышты… Калганынын кудай бетин ары кылсын!
Элде "Өлүүнүн жүзү ары, тирүүнүн жүзү бери" деген кептин мааниси чын белем, канчалык өксүп ыйлашпасын Айымдын сөөгүн жерге беришти. Күйүтүнөн өңү кара-көк болуп түтөп кеткен байкуш Рустам ушул үйдөн сөөк чыкканча эч кайда кетпей, Айымдын биртууганагасындай болуп эле өкүрүп ыйлап, зыйнатын өтөп берди. Эч ким, эч нерсе деген жок, мындайда адамдардын көбү түшүнүктүү болуп чыга келишет эмеспи, байкуш жигиттин жүрөгүндөгү оор жоготууну сезишип, кайрат айтышат. Азыр да табытты алды жакта көтөрүп, көз жашына ээ боло албай, алп денеси солуктап ыйлап баратты:
"… Ушул түрү суук табыттын үстүндө капкара чачатары төгүлүп, чолпондой көздөрүн тек гана уктап аткан адамдай дале сулуу бойдон, менин Айымым жатат ээ суналып… Кантейин ай! Жалган дүйнө… Шум ажал! Кантип сени кара жерге ыраа көрөм? Кантип? Ушундан көрө мен өлсөм эмне… Ошол түнү үйгө кетпей эле койбой… Терезесинин түбүндө таң атырбайт белем мындай кылаарын билгенде… Айым! Айым…"
***
Сөөк коюлуп эл тарады. Кыздын бейитинин жанында таш эстеликтей катып, жигиттин карааны ордунан козголгон жок.
***
"Убакыт учкан куш" деген чын белем аттиң! Бат эле жаз да кирип, а түгүл аяктап баратты. Бүгүн акыркы коңгуроо. Айымдын классташтары мектеби менен кош айтышып, ар тарапка сапар алууга даярданышууда.
Бир гана Жазирада андай ой жок. Эч кайда баргысы келбей, Рустам кайда болсо ошол жерди чыракты айланган шайтан көпөлөктөй имерчиктейт да турат. Айымдан айрылгандан кийин Рустамдын шалкы бош, эч нерсеге көңүлү келбей, сагынычтан, кусалыктан, кайгыдан уугуп, арыктап сүлдөрү эле калды. Эми ага бул жашоодо эмне жакшы, эмне жаан баары бир эле, айланасына кайдыгер көз жүгүртөт. Ырас, кээде Жазираны көргүсү, аны менен сүйлөшкүсү келип калат чын эле, бирок эмнеге экенин ойлонбойт деле, сыягы Айымдын жакын курбусу болгон үчүн го деп ойлоп коёт. Анын да өзүн жакынсып, имерчиктеп жүргөнүн байкайт анан. Уулунун күндөн-күнгө санаадан саргайып, сүлдөрү качып баратканын көргөн апасы оор үшкүрүнө кейип алат: "Өө-х, жашчылыгы да курсунчу.. Сүйүүң менен сүмүрөн кал ай! Деги кыздай кыз болсочу! Балам күйө турган жөнү бар, айнектей тунук кыз эле…" Акыры эмне болсоң ошо бол деп уулуна сөз баштады:
- Балам, күйүттүн да чеги бар, болду эми, миң кайгырган менен Айымды тирилте албайбыз…
Ичине бугу толуп, жарыла албай араң жүргөн Рустам апасынын көкүрөгүнө башын коё өксүп жиберди.
- Апа! Айланайын апам ай, мен кантем эми? Жүрөгүм өрттөнүп атпайбы! Өрт! Ошондон көрө мен өлсөм…
- Шүк! Антпе эси жок, мени шорлотоюн деп калгансыңбы? Бир кыздын артынан жигит башың менен эмне мынча мүңкүрөйсүң! Мен сени менен "Кайраттуу уулум бар" деп сыймыктанып жүрсөм… Жаман катынча бышактаба кокуй! Эл укпасын…
(Уландысы бар)