Күнсүрөт

Кытайдан келген автобустардын абалы
Борбордун көчөлөрүдө Кытайдан алынып келинип, жүрүп жаткан автобустардын иштеп жатканына бир жылдай убакыт болуп калды. Акчасы маршруткага караганда 2 сомго арзан. Арзандын тузу татыбайт дейбизби, отурайын десең, отургучтары катуу. Өзгөчө кыштын ызгаарында шаардыктарга кыйын эле болду. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү болочок ата-эне болчу студенттер жана жылуу-жумшак отургусу келген картаң пенсионерлер. Ушундан улам кытайдын бизге кылбаганы жок калды деген ойго келет экенсиң. Автобуска түшсөң "биздин убал кимге?" деп наалыган эле эл. Ушундан улам бул тармакты көзөмөлдөгөн жетекчиликти кепке тарттык.

Кожебергенов Медет
Тургумбекович
Бишкектеги Жүргүнчүлөр жүрүүчү
Автотранспорт ишканасынын башкы директору

- Медет Тургумбекович, автобустар бир гана Кытайдан алынып келди беле же башка мамлекеттики да барбы?
- Бишкек шаарынын Мэриясы 2008-жылы 200 автобусту сатып алган. Ал эми 2009-жылы 153 автобус Кытайдын гранты менен бекер келди. Бардыгы болуп 353 автобус алынып келген. Учурда линияга 300 автобус чыгып жатат. Бардыгы Шериктеш Кытай мамлекетинен алынып келген. Өзүм барып тандап келгем.
- Өзүңүз барып тандап келиптирсиз. Отургучу жумшагыраагын алсаңыз болбойт беле?
- Отургучтары катуу, аны мойнубузга алабыз. Бирок, бул биздеги автобустар мамлекеттик жана Европалык стандартка кирген автобустар. Атайын өрткө ылайыкталып жасалган. Сиздер көрүп жүргөндөй автобустардын терезелери абдан чоң. Кокус өрт чыгып кетсе, айнектен жүргүнчүлөр чыгып кетүүсүнө ылайыкталган. Буюрса, Кытайга автобус үчүн кайра барганы жатам. Ошондо жакшыраак автобустарды алып келгенге аракет кылам.
- Эки чыгым кылбай биринчи барганда эле жумшак отургучтуу автобустарды алып келүүгө болот эле да…
- Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет дегендей, бардыгы эле келип акча маселесине такалып жатпайбы. Жумшак отургучтуу автобустарды сатып алыш үчүн 12 миллион сом керек. Биздин бюджетибизде азырынча андай акча жок болуп жатат. Жумшак отургучтуу автобустарды алып келгенден кийин автобустарды кайрадан алмаштырыш керек болот.
- Сиздер айдоочуларды атайын экзаменден өткөрүп аласыздарбы?
- Ооба.
- Кээде автобустун айдоочулары жол эрежесин бузган учурларды көрүп калып жүрөбүз.
- Ооба, андай учурлар көп эле катталып атат. Айдоочулар өздөрү каалаган жерге автобустарды токтотушуп, айдап баратып тамеки чегишип, жүргүнчүлөргө орой мамиле кылышып… Андай айдоочуларга кылган ишине жараша жаза берилет.

- Биз автобустун отургучун көйгөй кылып айдоочуларга суроо салсак, айдоочулар ага кошуп өз көйгөйлөрүн ортого салышты. "Айлыгыбызды убагында бербейт. Алган айлыгыбыздын теңинен көбү тетиктерге (автозапчасти) кетет. Жүргүнчүлөрдүн дээрлик 80-90 пайызы күбөлүк (удостоверение) менен жүрөт. Жүргүнчүлүк билеттердин да (проездной билет) көбүнчөсү жасалма болуп жатат. Бир барып келгенге 660 сом план толтурушубуз керек. Ал эми 660 сом чыкпай калса айдын аягында өзүбүздүн айлыгыбыздан кармап калышат. МАИ кызматкерлери бизге абдан орой мамиле кылышат, жол чырактардын айынан авариялар көп болот. Таксисттер менен маршруткалар аялдамага токтоп алып бизге абдан тоскоол болушат" жана башка ушул сыяктуу көптөгөн көйгөйлөрдү угуп кайттык.


Акматов Казыбек,
29-автобустун айдоочусу:
- Биз айдоочулар аябай эле кыйналып жатабыз. Автобустарга түшкөн жүргүнчүлөрдүн көбү эле пенсионерлер алар отургучту биз жасагансып, бизге атырылышат. Студенттер жолго жүрүүчү билеттерин колго жасап алышып алдашат. Ал эми жетекчилик жолубуздун линиясын узартып коюшту. Мурун жүргөн линияга канча май берсе, азыркы узарткан линияга да ошондой эле өлчөмдөгү күйүүчү май берип жатышат. Ушул кантип болсун?

Үсенов Элчибек,
42-автобустун айдоочусу:
- Эми бул нерседен эч жакка кача албайсың да. Ишканадан чыгып келген автобусту биз кайрадан оңдой албайбыз. Мага мисалы, баары эле жакшыдай сезилет. Ички салону да жакшы. Мындан артык дагы эмне керек. Өзүбүз жөнүндө айтсам, айлыкты бир аз кечиктирет. Кыштын башында кышкы дөңгөлөк кечиктирилди, бирок кеч болсо да салынды.


Бир собол
- Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустардын кызматы сизди канааттандырабы?
Сейитбек 18 жашта, студент
- Автобустардын акчасы маршрутканыкына караганда 2 сомго арзан. Ошон үчүн мен көбүнчө автобуска түшөм. Картаңдарга кыйын эле, жаштар го эптеп чыдайбыз.

Манас 20
жашта, студент
- Отургучтарына деле маани берип байкабаптырмын. Көбүнчө маршрутка менен жүргөндүктөн, автобуска түшкөндө тик туруп эле кетип жүрөм. Бир да жолу отуруп көрө элекмин, отурсам катуу-жумшагын айырмаламакмын да.

Айбек 19
жашта,
студент
- Автобустардын отургучтарына отура албайсың. Абдан муздак анан да катуу. Бара турган жериңе чейин жеткиче араң чыдайсың. Айдоочулар күнү кечке кантип чыдап жүрүшөт билбейм. Байкуштарга убал эле.




  Бурулкан Карагулова

ЭХ, турмуш…
Селсаяк
Бурулкан Карагулова "Селсаяк" китебинде жарык көргөн кара сөздөн турган чыгармалары чыныгы жашоодон алынганын, "Селсаяк" чыгармасында ал азыркы күйөөсүнүн башынан өткөргөн тагдырын жазганын айтканы бар. Биз билгенден Бурулкан Карагулованын күйөөсү белгилүү жазуучу Көчкөн Сактановдун уулу. Демек, биз окурмандарга сунуш кыла турган "Селсаяк" чыгармасы жазуучунун уулунун тагдыры экен да.

(Уландысы, башы өткөн санда)
Мамам шаарга иштеп кетип эле кабарсыз болуп калды. Айылда жашагандардын көпчүлүгү шаарга барып-келип иштешчү. Кечки автобус келерде жол тосуп, кичине балдар топтолуп калчубуз. Автобус келатканда ураалап сүйүнчүбүз. Балдар баардыгы ата-энесин, эжесин, байкесин тосуп алып, ээрчитип кетип калышчу. Мен чоң жолдо калчумун. Менин мамам гана келбей калчу. Кээ бир энелер боору ооруп, көңүлүмдү көтөрүп, ала келаткан момпосуюнан берип коюшчу. Караан келатса да күтчүмүн. Келген сайын жаңы көйнөк, шым, ручка, дептер алып келип берип жүргөн мамамын келүүсү азая берди. Мен жүдөй түштүм.
Көрсө мамам Маевка айылына турмушка чыгып кетиптир. 80-жылдардын башында Маевка айылынан бир автобус жүргүнчүлөрү менен катуу авария болбоду беле? Ошонун ичинде мамам да бар экен. Анын ушул экинчи жолу авария болушу эле. Ушул авария болушунда ооруканада узакка чейин жатты. Сагынганын жазсын дештиби, айтор мени таята-таенем мамама алпарышты. Палатасына кирээрим менен "мама" деп жанына чуркап барсам, аябай таң калып мени тиктеп калды. Жайылган кучагымды түшүрүп колуна колумду койсом, колун чочугандай тартып алды. Таңкалыштуу көз караш менен карап атты. Мен өзүмдү ыңгайсыз сезип, ызаланып сыртка чуркап чыгып, ооруканадан качып бараттым.
Арадан эки ай өткөндө таякелерим " мамаң биздикинде" отурат, азыр силердикине келет. Мен кемпир апама "мамама мени жок, бир жакка кетти деп кой" деп дагы качып кеттим. Мамамды көргөнгө даабай койдум. Балким эркелигимдендир. Бирок, менде кандайдыр бир коркуу сезими пайда болуп туруп алган. Ал мени үйдө отуруп кечке чейин күттү. Кошуна турган кадимки Какен Алмазбеков жазып жүргөн алмалуу бактын ичине кирип бекинип жаттым. Кемпир апам "ойноп кетти" деп коюптур. Кечинде келсем "азыр эле кетти" деди. -Мени жок деп айттыңбы? - десем, "ооба, сенин айтканың мен үчүн закүн да, - деди кемпир апам, дагы келем деп кетти. Кайрадан кызык боло баштадым. Алма бакка бардым, бирок отура алчудай эмесмин. Жүрөгүм опкоолжуп туруп алды. Автобус токтогон акыркы аялдамага чейин келсем, эч ким көрүнбөйт. Кайра чыдабай чоң жолго чуркадым. Трассага жетип келип, элеңдеп карасам эч ким жок. Шалта менен чоң жолдун ортосу бир топ. Күйүгүп калыпмын. Өпкөмдү басып, эс алып отуруп калдым.Канча отурдум билбейм. Мурда жолдун жээги жыш тигилген жүзүм болчу. Жүзүмдүн арасынан бирөө келаткандай туюлду. Тура калып карасам, мамам экен. Ал да мени көрүп, сүйүнүп, кадамын тездетти. Кандай кылып көрүшөөрүмдү ойлонгонумча жүзүмдүн ичинен чыга келди. Таяк таянып, чолоңдоп келатканын көрүп, коркуп кеттим. Көрүшөм деген оюм заматта жоголуп, кайрадан артты көздөй качтым. Аны күтпөгөн мамам кыйкырып "токто" деп жиберди. Бир топ узап барып, артымды карасам, кол булгалап чолоңдоп чуркап келатат. Мен жеткирбей кетип калдым. Таягын көрүп кызык болуп кеткем ошондо. Баламын да, азыр ошол таягы менен сабаса да мейли эле.
(Уландысы бар)