Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП-105-01. Урматтуу кыргыз кыздары, сиздерге түбөлүктүү таза сүйүү каалайм. Жума
ОП-105-02. Болашак базарынын 7-8-катарында отурган аяш акаларым Азат, Токушка салам. Ишиңиздер боло берсин. Жанарбек.
ОП-105-03. Менин эң жакын досторум Айгүл, Алтынай, Айпери, Нурпери, Айжамал, Уулкан, Элвира, Элнура, Каныкей, Жумагүл, Динара, Адинайларга салам. Нурайым.
ОП-105-04. Салам Ильяз Абдразаков. Мен кыялымдагы адамга жолуга элекмин, кыялымдагы адам сага окшош болушун тилейм. Пери.
ОП-105-05. Даниель, эмне мынча сулуусуң? Сени менен бир жолу таанышып, көрүшсөм, дагы бир тилегим орундалат эле. Фанатың
ОП-105-06. Болашактагы Гүлнурга салам. Ишиң жүрүшүп, соодаң боло берсин. Ар дайым эсен-аман бол! Жанарбек.
ОП-105-07. Жүрөктөн-жүрөккө соккон унутулгус адреналин, азаптарга кабылган менин талкаланган тагдырым! Караңгы түндө калдым муздаган жүрөктү жылыта албай. Бак түбүндө отуруп калдым кечки жаандын тамчыларын санап, таңды тосуп турам жаңы жашоо куруп, көз алдыма элестетем өкүнүчсүз жашоомду. 05511917хх
ОП-105-08. Ноокат районунун Арал айылындагы А. Усенбаев мектебинин 9-а классына супер салам. Нурайым.
ОП-105-09. Алтындай болгон апамдын 20-февраль туулган күнү менен куттуктайм! Апаке, сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Кызыңыз Пери.
ОП-105-10. Сагынычтуу саламым "Обондун" жалпы жамаатына, "Обонду" окуган досторума, кыргыз калкыма жолдонот. Жанусь Роза.
ОП-105-11. Саламым сүйүктүү, бири-биринен ширин сиңдилерим Тахмина, Перизат, Нурзат90, Алтынай, Жаңыл, Замана93, Айзирек, Ангел Асем, Фея, Айчүрөк93, Айнагүл, Элнура, Жылдыз, Айгерим, Назгүл, Элка, Мээришкага жолдонот. +770136556хх
ОП-105-12. Мен казакмын, миң өлүп, миң төрөлгөн,/ Жүрөгүмдө согуп турат ыйман деген./ Өлсө тилим мен да бирге өлөмүн,/ Өчсө тилим мен да бирге өчөмүн!/ Казак кызы Амангүл.
ОП-105-13. Жанымдын жарымы Чыңгыз, сени чексиз сагындым, батыраак жаныма келчи. 0557087хх
ОП-105-14. Бөлөлөр Магира, Нуркыз, Адиля, силерге кудайым өмүр берсин. Иничегим Бакай сүйгөнүң Айжан менен бактылуу бол! Айперим.
ОП-105-15. Марлис 345. Ж....!
ОП-105-16. Ардагым жаным, сүйгөнүм,/ Сиз үчүн отко күйөмүн./ Сүйөм деп кол бериңиз,/ Жигитим бар деп жүрөйүн./ Айчүрөк93.
ОП-105-17. Жанета эже, ар дайым бар болуңуз, аман болуңуз, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Аида.
ОП-105-18. Салам "Обон". +770296937хх
ОП-105-19. Салам кыздар-балдар, мен жакшы көргөн кызымды издеп таба албай жүрөм. Ал Өзгөн районунун Ленин жол айылынан болот. Аты Нурзат, 1989-жылкы. Нурзат экөөбүз Алматадан таанышканбыз, аны көрбөгөнүмө эки жарым жыл болду. Сураныч, тааныгандар болсо смс жазып койсоңуздар. Бактыбек. +77029693788
ОП-105-20. Султан Садыралиевге: Көздөрүңдү тиктеп туруп,/ Сырымды айткым келет./ Жылмайып аяр басып,/ Жашооңо киргим келет./ Суктанып бир өзүңө,/ Жаныңда тургум келет./ Сен менен жалгыз гана,/ Бактымды кургум келет./ Гүлкайыр.
ОП-105-21. Папам Турдубек, агаларым Куба, Миша, Кузя, иним Рустамды Мекенди коргоо күнү менен куттуктайм! 07783426хх
ОП-105-22. Садыралиев Султан Мыктыбекович, сен супер жигитсиң! Гүлкайыр.
ОП-105-23. Окуучулук күндөр эстен кетпес,/ Бул күндөр ага жетпес./ Кандай сонун классташ,/ Мектептеги аппак таш./ Ырысбек 91.
ОП-105-24. Жалда иштеп жаткан абаларым Абдикалим, Нурлан, Мавлян, Арстан, Ислам, Ибрагим, Өмүр, Гошага салам жолдойм. Майрамыңыздар менен куттуктап, ишиңиздерге ийгилик каалайм! Наргиза.
ОП-105-25. Апам Асылканга, эжем Ибадатка, Идаятка, Айгүлгө, жеңелерим Катыча, Аида, Шайыргүл, Айжамалга салам. Ишиңиздер ийгиликтүү болсун! 07728293хх
ОП-105-26. Жаным Куба, сизди 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктайм! Дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм! Сиз бир гана меникисиз! Б...
ОП-105-27. Ат-Башы районундагы Рахат атакеме ысык салам. Ден соолукта болуңуз, мындай жаштын далайын жашаңыз, мен сизди жанымдан артык көрөм атаке. Тунук.
ОП-105-28. Тосушка, Тосли мен сизди жакшы көрөм. Азиза.
ОП-105-29. Карасартовдордун үй-бүлөсүнө салам. Ата-апа мен силерди жакшы көрөм, силерге кааларым чын ден соолук, узун өмүр. Азиза.
ОП-105-30. Сураныч кыздар, "Обонго" таанышам деп жазбагылачы, кыздык намыс керек да, уят эмеспи! Аны жигиттер карабай калган кыздар жазат. Тина.
ОП-105-31. Ат-Башы районунун 1-Май айылында жашаган атакем Рахатка ден соолук каалайм. Атаке, балдарыңыздын урмат-сыйын көрүңүз. Тунук.
ОП-105-32. Саламым Нурлан абама, Аида жеңеме жолдонот. Ишиңиздерге ийгилик! Наргиза.
ОП-105-33. Узун чачтуу, кара каштуу, орто бойлуу, терең ойлуу, кымча бел, ыймандуу, намаз окуган 90-91-жылкы кыздар менен таанышам. 0777826535
ОП-105-34. Ассолому алейкум Жанета эже, сизге эң биринчиден, ден соолук, экинчиден, бакыт, үчүнчүдөн, үй-бүлөңүзгө ынтымак, төртүнчүдөн, чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм! Медина.
ОП-105-35. "Обондун" жамаатына салам! Алмагүл.
ОП-105-36. Менин жанымдын жартысына салам. Жаным, мени туура түшүнүп койчу! 07722989хх
ОП-105-37. Маратка: Отуруп миң түркүн ойго батып,/ Уктабай кыялдар менен таң атып./ Сезимге өзүнчө уя салып,/ Жүрөктүн тээ түбүнө атыңды жазып./ Медина.
ОП-105-38. Аграрныйда окуган Аскарды 23-февраль туулган күнү менен куттуктайм!
ОП-105-39. Мен оштогу досум Наргизага чоң салам жолдойм. Жазгүл, сагындым сени. 07787891хх
ОП-105-40. СМСчилерге ысык салам. 07727604хх
ОП-105-41. Салам достор, өтүп кеткен махабат майрамыңар менен! Ар бириңерге чың ден соолук, узун өмүр, чыныгы аппак кардай таза, аруу махабат, түбөлүк өчпөс сүйүү каалайм! Бар болуңуздар!07715539хх
ОП-105-42. Ичкежергез айылынын элине салам. Алмагүл.
ОП-105-43. Оштук 93-жылкы ыймандуу кыздар менен таанышам. 0772759818
ОП-105-44. Супер СМСчи кыздарга: Силер бир кызыл гүл болсоңор, көпөлөгүңөр болмокмун,/ Учуп барып оозуңардан өөп гана коймокмун./ Кака
ОП-105-45. Менин саламым алтындай болгон досторум Намыскөй91, Элнура92, Шахрезада92, Табигат сырдуу Алтынай90, Аида92, Алина, Зуля, Айчүрөк93кө жолдонот. Жолдоштор ар дайым бар болгула! 07781331хх
ОП-105-46. Сүйүктүү менин алтындай болгом асылым апакем Айнурага жана таенем Атыргүлгө, о.э. бир туугандарыма салам жолдойм. Менин ыйык адамдарым, мен сиздерди аябай жакшы көрөм. Менин бактыма бар болуңуздар! 07715539хх
ОП-105-47. Айчүрөк93, номериңди айтып койчу. Кака.
ОП-105-48. Салам 07786905хх номериндеги сырдуу кыз, өзүң ким болосуң? Бирөөнүн ортосуна кара мышык болбочу! Ойлоп жатасыңбы ушундай жол менен ойлогон максатыма жетем деп. Чоң кыз мен ишенчээк, жеңил ойлуу кыз эмесмин. Бир гана Кудайга ишенем. Аны да көрөбүз, убагында сен мага СМС жазып, убара болбо! Таңсулуу.
ОП-105-49. Жанета эжеге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, булбулдай үнүңүз өчпөй, Кыргызстанга гана эмес, дүйнө жүзүнө атыңыз таанылсын. Чыгармачылык ийгилик, жашооңуз керемет болуп, кыялдарыңыз орундалышына тилектешмин. 07706846хх
ОП-105-50. 93-96-жылкы кыздар менен таанышам. Маякка жооп жок. Султан . 0772770493.
ОП-105-51. ТЭК колледжинин студенттерине салам жолдойм. Өзгөчө СФ-22 силер суперсиңер. Азиза.
ОП-105-52. Роза эже, качан концерт бересиз? Нурсейит байкем менен бактылуу болуңуз! Гүлмира
ОП-105-53. Жандай көргөн жакын курбум Амангүл, "Обон" аркылуу жолдогон жылуу сөздөрүңө рахмат. Ар дайым бар бол! Сени жакшы көргөн Жанусь Роза.
ОП-105-54. 1-Майга салам. 07706846хх
ОП-105-55. Аксы районунун аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн бөлүм башчысы Нурмамбет Досоновдун 22-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз! Коллективи.
ОП-105-56. Ким билет, кимде канча өмүр калды,/ Өкүндүрөт келбес өмүр, жердин алды./ Ой туугандар, ынтымакта жашайлы,/ Бул жашоодо бири-бирибизди барктайлы./ Жанарбек.
ОП-105-57. Акылай мен сени сүйөм. Жоробек.
ОП-105-58. Санаага салбачы сагынычым,/ Саамайыңдан сылачу сааттарды сагындым. Сен сагындыңбы? Сездирбейсиң, сагыныч сатылбайт, санаага салат. Сумсайтбачы, суусу сорулган саздаймын. Сүйүү сени сынабай, сүйүктүүң сынайт. Сен сезгин сүйүүнүн сонун седебин. Сүйүүнүн саткыны сыңары сыздатпагын, сүйөмүн сени. Сагынычым садагам сенсиң!
ОП-105-59. Түркмөн, эмне эле өзүңдү шаарга келгени кыйын сезип калдың? Мен сени менен келечегибиздин түбөлүктүү эмес экендигин мурун эле билсең, анда эмне мени эки жыл телпеңдеттиң! Көп эле өйдө көтөрүлө бербесеңчи, өйдө караган башың, жер карап калбасын! Айпери.
ОП-105-60. Дарактар күндөн-күнгө алсыздана,/ Жылдыздар жана берээр айсыз гана./ Өмүрдө канча өмүр өткөрсөм да,/ Жүрөгүмдө жашайсың сен жалгыз гана! Уулжан.
ОП-105-61. Азаптуу сүйүү болсо,/ Жолобо, балким кадыр./ Же балким сага деген,/ Ичинде өчү бардыр./ Эх сүйүү, арман сүйүү,/ Ушундай экен тагдыр./ Зака 95.
ОП-105-62. Алина93 кө чоң салам. Дайым ден соолукта бол. Алла ыраазы болсун. Бар бол, бай бол! Амангүл.
ОП-105-63. Кандайсың асылым, ардагым, жануськом Акыл? Жанусько-ом 23-февраль майрамың менен куттуктайм! Сага чың ден соолук, узун өмүр, бактылуу жашоо каалайм! Бултушкаң Айжу.
ОП-105-64. Ыймандуу кыздар менен таанышам. Атым Аскат. 0778643096
ОП-105-65. Карагат, сенин келе жаткан туулган күнүң менен куттуктайм! Татыктуу жашап, максатыңа жет! Санчо.
ОП-105-66. "Обонушка" ар дайым бар бол, мен сени жакшы көрөм. Сага чоң рахмат. Анткени сен аркылуу менин бактым, Акылчигимди таптым. Сени ар дайым ардактап окуган окурманың Айжу.
ОП-105-67. Кыш да узап баратат,/ Жазда аста келатат./ Тынч болгула туугандар,/ Орусмун деп ким айтат?/ Орус тилге өтпөйлү,/ Кыргыз тилде сүйлөйлү./ Ырысбек91.
ОП-105-68. Дайыр Исмадияров, үн дегенден 1 грамм жок болгондон кийин ырдабай эле койбойсуңбу! 07728435хх
ОП-105-69. Намаз окуган балдар менен таанышам, СМС жазгыла. 0772192023
ОП-105-70. Продюсерлер, мага чалгылачы, жашым 19да, ырдайм, ыр жазам. Жардам керек, бир кыз. 0773492132
ОП-105-71. Кыздар менен таанышам. Атым Бекиш. +77028247639.
ОП-105-72. Жылдыз жанып, нурун төгүп асманга,/ Жалгыз гана сени сүйөм садага./ Түбөлүктүү арман болду ошол кеч,/ Ак сүйүүмдү тебеледиң сезбей эч./ Санчо92.
ОП-105-73. Болашактагы Самар акама, жеңеме салам. Ишиңиздерге ийгилик, ар дайым аман-эсен болуңуздар. Астыңардан иттер чыкпасын! Жанарбек.
ОП-105-74. Күнгө күйүп сагынып,/ Күтөмүн өтө зарыгып./ Карааның көзгө көрүнбөйт,/ Калдыбы мага таарынып?/ Мезгилдер учса агылып,/ Таркабайт сенден сагыныч./ Тартып сүйүү күчүнө,/ Өзүңө жүрөм багынып./ Санчо93.
ОП-105-75. Жоготкум келбейт сени жүрөгүмдөн,/ Эч күмөн кылба, жаным сүйөөрүмдөн. 922610
ОП-105-76. Кыздар таанышкыңар келеби, анда мага чалгыла. Атым Насипбек. 0772255029
ОП-105-77. Жазгы сүйүүм, жамгыр өңдүү жашыба,/Жаштык гүлүм соолуду деп кайгырба./ Күн күкүрөп жамгыр үнү угулат,/ Элесиңди элестетип, жүрөк чиркин буулугат./ Бекиш
ОП-105-78. Улар акама, жеңеме салам. Ишиңиздерге ийгилик! Айзирек, Азизбекти өөп коюңуздар. Жанан.
ОП-105-79. Акын мырзаларыбыз кайда кеткен? Нурмухамбет, Мухит, Канжар, Бакай, Кербен Куба, Эркин, КБШ, Билал козу, Эх Мамбо баарыңарга албан-албан ийгилик! Ырларыңарды сагындык, бизди унутпагыла. Айгөлөк.
ОП-105-80. Бекжан базарында иштеп жаткан Жаркынайга салам жолдойм. Эки бети алмадай болуп өзүнө жарашкан, кыялыңан сенин! Мен сени жактырып калдым. +7702888ххх
ОП-105-81. Маңдайыңа тигилип бакыт, сүйүү жөнүндө айткым келбейт,/ Чачтарыңдан сылап, кучагыма бекем кыскым келет./ Жашоонун жыргалын, бакыттын балын, сезим тамчыларын, жан жыргалын сени менен гана татсам дейм. Сен деп гана бул жашоодон өтөөр элем. Ринат. 07775400хх
ОП-105-82 . Иним Калыбек уулу Адилетти 21-февраль туулган күнү менен куттуктайм! Адилет, сага бул жашоодогу бардык жакшылыктарды каалайм. Кыргызымдын акылдуу, ыймандуу жигиттеринен бол! Апам экөөбүз сени сагындык. Келечегиң кең болсун! Сырдуу кыз.
ОП-105-83. Ош медициналык колледжинин 4СИ "д" гр. Гулина, 4СИ "а" гр. Нооруз, Жазгүл, 4Лгр Ферузага салам. Бизди сыйлаганыңарга чоң рахмат. Өсөр, Тима.
ОП-105-84. Кыздар менен таанышам. Атым Арген91. 0557777637
ОП-105-85. "Обондун" супер СМСчилеринин баарына ийгилик каалайм! Сырдуу кыз.
ОП-105-86. Жанета, диета кантип кармайсыз, жолдору барбы? Милана
ОП-105-87. КГУСТАда 1.07 гр. окуган Куба, Шера, Чика, Туке, Макс, Полотбайга салам. Сабактан калбай окугула! Жакшылык.
ОП-105-88. Бардык мырзаларды 23-февраль майрамы менен куттуктайм! Ринат.
ОП-105-89. Ыймандуу, туруктуу жигиттер менен таанышкым келет. Аруна. 0772115546
ОП-105-90. Жанета эже, калпыңыз чыгып калганга кейибейсизби? Эгерде кылган ишиңиз чын болсо мени тандаңыз, эгер чакырбасаңыз калп болот. 07788542хх
ОП-105-91. Менин саламым Сокулук районунун Жаңы жер айылында жашаган ардактуу атам Манаска, кымбаттуу апам Буанарга жана бир туугандарыма жолдонот. Сиздерге кааларым өмүрүңүздөр узун болсун, үй-бүлөбүздө ар дайым ынтымак, бакубат жашоо болсун! Жакшылык.
ОП-105-92. Аида, китеп окугуңуз келсе, мени менен байланышыңыз. 0777838384
ОП-105-93 . Ий байкуш кыздар, балдардын майрамын кандай өткөрүп берет экенсиңер ээ? 07778383хх
ОП-105-94. Айка, мен сени чексиз сүйөм. Чыңгыз.
ОП-105-95. Ыймандуу, достукка бекем, түбөлүк дос болууга кыздар менен таанышам. 90-жылкымын. 0778765082
ОП-105-96. Менин саламым ардактуу атам Абжапар, апам Турсунга жолдонот. Ата, апа эч качан оорубай бар болуңуздар. 07774594хх.
ОП-105-97. От суу эмес, жүрөк таш эмес. Чын сүйсөң сүй, ал уят эмес. Өмүр.
ОП-105-98. Казакстандагы Кызыл-Октябрлык досубуз Нурбек, майрамың менен! Биз сени абдан сагындык. Группалаштарың Каныкей, Гүлмира, Гүлзада.
ОП-105-99. Сүйгөндү сүй, сүйбөгөнгө жалынба./ Сүйөм деген адамдын көңүлүн калтырба,/ Өзүң сүйүп кул болгончо,/ Өзүңдү сүйгөнгө гүл бол!/ Мээрим 29.
ОП-105-100. Кара-Кулжа районунун тургуну атам Арзыбаев Акматбекти 23-февраль майрамы менен куттуктайм! Сизге кааларым чың ден соолук, узун өмүр жана эч качан оорубаңыз. Апам экөөңүз биздин маңдайыбызда бар болуңуз. Элиза92.
ОП-105-101. Кирпик самайт, көздү сагынып,/ Тил самаса сөздү сагынып./ Деңиз самайт жүктү сагынып,/ Мен самаймын сени сагынып./ Санчо92.
ОП-105-102. Жанета, сиздин калп айтканыңызга эмне себеп болду? Нурайым.
ОП-105-103. Эртең менен анан кечинде мен сени колдонуп турчу элем. Бир күн болду сен жоксуң. Оозума киргизип чыгарганга сен чакан элең. Эми сендей тиш щетканы кайдан табам?! ТангоРин.
ОП-105-104. Ушул убакка чейин бир нерсемди жоготкондой сезиле берчү. Көрсө ал окуучулук күндөрүм экен. Ринат.
ОП-105-105. Альба, мени караба, мага кечикпе, ууланып өлбөйм. Ууланткан ачуу кайрадан ак сүйүүм сени бактылуу кыла албаса, кетпе деп кантип тосоюн сенин жолуңду. Жанарбек.
ОП-105-106. Кызылкыялык Дариханы издейм. Окуп калсаң мага чалып кой. 0778674294
ОП-105-107. Көргүм келди жалгыз гана өзүңдү,/ Сагындым го тааныш эмес үнүңдү./ Жок дегенде телефонго чалып кой,/ Сагындырбай мени садагам./ Сырдуу кыз.
ОП-105-108. Адамды Алла Таала жаратыптыр,/ Алла мага жашасын деп таратыптыр./ Пайгамбарлар башка-башка болгон менен,/ Баарысын бир өзүнө каратыптыр./ Ойлонсун деп акыл, мээ, баш бериптир,/ Өмүр сүр деп бир топ жыл жаш бериптир./ Адам ата, Обо энеден тарасын деп,/ Асмандан жер бетине алпкелиптир./ Сырдуу кыз.
ОП-105-109. Керек эмес эч ким сенден башка,/ Көздөрүм толгон жашка./ +770267185хх
ОП-105-110. Марат, элесиң көзгө тартылат,/ Эстесем жүрөк жанчылат./ Эстеген сайын өзүңдү,/ Эскирген жүрөк жаңырат./ Эсимден кетпейт элесиң,/ Сүйүүгө дем бересиң./ Себебин мен билбедим,/ Эмне үчүн жүрөк сени сагынат./ Мика.
ОП-105-111. Турмушта ар бир адам,/ Бактылуу койсо кадам./ Кереги жоктур балким,/ Тагдырдан сурап жардам./ Жазка
ОП-105-112. Ильяз, мен сизди абдан сүйөм. Мага телефонуңузду бериңизчи? Сиз менен жөн гана дос болгум келет. Асел.
ОП-105-113. Бизди коргоп жаткан Ош облусундагы Аскердик шаарчадагы кызмат өтөп жаткан Кубанычтын жана жалпы жоокерлердин майрамы менен куттуктайм! Ар дайым бар болуңуздар. Гузу күчүк.
ОП-105-114. Урматтуу Данияр, үмүт, тилек, ырыскы, кут куюлушуп келе берсин,/ Кудайым каалаганды бере берсин./ Кадыр-барк, дөөлөт күтүп бул жашоодо,/ Турмуштун бал ширесин тата берсин./ Уулжан.
ОП-105-115. Жазка, келе жаткан 1-март туулган күнүң менен куттуктайм! Сага узун өмүр, жашоонун булагы болуп эсептелген ден соолук, окууларыңа албан-албан ийгиликтерди каалайм! Бул жашоодо сени эркелетип, бакытка ээ кылуучу жарга жолугуп, дайым бктылуу өмүр сүр! 07787977хх
ОП-105-116. Жанета эже, сизге үй-бүлөлүк бакыт, ынтымак каалайм! Сиздин чачыңыз мага жагат. Теледен көргөндө суктана берем. Сиз менен жакындан жолугушкум келет. 07787919хх
ОП-105-117. Жанета эже, атыңыз башкача экен. Таш менен урганды аш менен уруңуз! Бар болуңуз. Нуржан.
ОП-105-118. 19га эми гана чыктым жаңы,/ Көбөйүп бара жатат чачтын агы./ Өмүрдүн жартысын да баспаптырмын,/ Алдыда ашуулар бар канча дагы?/ Сырдуу кыз.
ОП-105-119. Эки көз тешикке жабышкан,/ Шыкаалап карайсың алыстан./ Аясаң, корксоңчу убалдан,/ Жашынбай сыртка чык дубалдан./ Сырдуу кыз.
ОП-105-120. Жанета эже, ден соолукта болуңуз. Кыргыз Эл артисти наамын алышыңызга тилектешмин! 07782083хх
ОП-105-121. Бакыт деген жол боюнда ачылып,/ Турган гүлгө абдан окшош жашынып./ Учурунда байкабасаң аңдабай,/ Таманыңда кала берет басылып./ Сырдуу кыз.
ОП-105-122. Суктанам карегиңе жоодураган,/ Сук артып мынчалык мен оорубагам./ Тымызын көз артышкан келбетиңе,/ Тыңчыкма курбулардан көрүп алам./ Эркайым.
ОП-105-123. Кыргызстандын бардык мырзаларын 23-февраль майрамы менен куттуктайм! Силерге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм.
ОП-105-124. Бекжан базарындагы бардык 92лерге, өзгөчө Асилет, Анара, Дамира, Айчүрөккө супер салам. Айпери92.
ОП-105-125. Кыргызымдын жигиттерин 23-февраль майрамы менен куттуктайм! Бардык жакшылыктарды каалайм. Феруза.
О П-105-126. Асманда Ай да сулуу, Күн да сулуу,/ Карасаң кээ бир адам абдан сулуу./ Мындай сулуу көп кезигет бул дүйнөдө,/ А бирок баарынан мен сыйлаган Жанета эже сулуу./ Саламатсызбы Жанета эже, мен сиздин чыгармачылыгыңызды сыйлаган көптөгөн күйөрманыңыздын бири болом. Сизге ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт! Сабина.
ОП-105-127. Казармандагы Макмал мектебиндеги досторум Жамал, Гүлнура, Сайкал, Настяга чоң салам. Тоно.
ОП-105-128. "Обондун" супер СМСчилерине ийгилик! 05562423хх
ОП-105-129. "Обондун" жамаатына салам, ишиңерге ийгилик! Ар дайым бар болгула! Сырдуу кыз.
ОП-105-130. Унутпаймын энемди, атамды,/ Алар үчүн бир нерсемди катамбы./ Ойго келбейт Ата Журтту алмашып,/ Мен эмне жүрөгүмдү сатамбы?/ 07737362хх
ОП-105-131. Т. Тынымбаев орто мектебинин 11-классына салам жолдойм. Бактылуу болгула! Эркайым.
ОП-105-132. Намаз менен кеч кирет да, таң атат,/ Адам дили улуулукту саматат./ Менменсинүү түбү билсең жан азап,/ Анда келгин кулдук кылып калалы, зуулдаган мезгил өтүп баратат./ Эркайым.
ОП-105-133. Сүйүүнү сүйө билгин, шартын билгин,/ Сүйгөн соң сүйгөнүңдүн баркын билгин./ Кызыкпа, сырт көрүнүш сымбатына,/ Адамдын жан дүйнөсүн кошо билгин./ 0774415хх
ОП-105-134. Өзгөндө жашап жаткан жездем Рустам, эжем Гүлдана бешик бооңуздар бек болсун! Уул-кыздарыңыз менен бактылуу болуңуздар. Гузу күчүк, Гувуя.
ОП-105-135. Эшикте жаан жааса, көлчүктөр сууга толот,/ Сүйгөнүң таштап кетсе, каректер жашка толот./ Сырдуу кыз.
ОП-105-136. Урматтуу "Обон" гезитинин СМСчилери кандайсыңар? Мен силерге жаңы кошулдум. Азыркы учурда бутум сынып, больницада жатам. Операция жасаган жатышат. Мени түшүнгөн ыймандуу досторду тапкым келет. 0777704692.
ОП-105-137. Жашоо бир караганда кооз анан кызыктуу, бирок өтө татаал. Эх жашоо, неге мени мынча кыйнайсың? Бүгүнкү күндө чоң сыноого кабылып, тагдырдын таш боорлугун башыман кечирип келем. Мага терең сыр катылган түпсүз караңгы,туңгуюк сезилет. А мен ошол сырдын табышмактуу түйүнүн чече албай үшкүрүнө берем. 07777046хх
ОП-105-138. Менин саламым кыргыз элиме, досторума, карындаштарыма "Обончуларга", эжелерге жолдонот. Мени менен бир туугандай болуп калган Зуля, Назгүл, Жибек аттуу кыздарга жана мени тааныгандарга салам! Дайым бар болгула, Аллахым өзү сактасын. Силер менен биргемин, алга! Ырысбек91.
ОП-105-139. Жанета, сизге үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик, чынардай кырчылбаган узун өмүр, аппак кардай таза көңүл, роза гүлдөй назиктикти, Ала-Тоодой бийиктикти каалайм! Айчүрөк.
ОП-105-140. Ооруйт менин жүрөгүм,/ "Обон" үчүн күйөмүн./ Кыргызстанда мен жашайм,/ "Обонду" таппай жүдөдүм./ Бар болгун менин "Обонум",/ Жамандап элди жүрбөгүн./ Ырысбек91.
ОП-105-141. Сүйүктүү эжекем Жазгүлгө ысык салам жолдойм. 07715539хх
ОП-105-142. Сүйүктүү досторум Салама, Айсулуу, Жылдыз, Аида, Айпери, Махабат ж.б. досторума салам. Ардактуу менин досторум, ар бириңерге ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай жана окууларыңарга албан-албан ийгиликтерди каалайм! Айжу.
ОП-105-143. Кичинекей, жаңы төрөлгөн сиңдушкам Акылайга салам. Акылайка, кыргыздын ыймандуу, акылдуу атам менен апамды, байкелериңди сыйлаган жакшы кыздардан бол! Эжең Айжу.
ОП-105-144. Көк-Арт гимназия мектебин бүтүргөн 90-жылкы классташтарым Гулида, Жибек, Айсалкын, Айжамал, Мадина, Самат, Алтын, Ажибек, Ороз силерге ийгилик, дайым алга! Исмаилова Элиза.
ОП-105-145. Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну сүйүктүү сүйгөнүм Жолдош, мен сизди чексиз сүйөм! Жаның 077818хххх
ОП-105-146 . Кыздар маяк таштагыла, таанышабыз. Акаңар красавчик. 0771420775.
ОП-105-147. Досторум Тилла, Назира, Мээримге салам жолдойм. Алматыдан Муна.
ОП-105-148. Манас университетинде жогорку баа менен окуп жаткан дострум Беку, Эдил бар болгула! Силерди абдан сагындым, Америкага качан учасыңар? Муна.
ОП-105-149. Барыс базарында иштеген досум Эркин, туулган күнүң менен! Сага ден соолук, узун өмүр, тилеген ой максатыңа жет Жердешиң Мира.
ОП-105-150. Досубуз Гулина жана Тимур, куш бооңор бек болсун! Бактылуу болгула! Дос кыздарыңар.
ОП-105-151. Ушакчыны окшоштурам күбөгө, бири болсо өмүргө, бири болсо зыян кылат элдерге. Нафталинди табыш керек тезирээк. 07737362хх
ОП-105-152 . Баарыңар сүйөсүңөр бөбөк тилин,/ Дүйнөдө таттуулук жок андан ширин./ Сезесиң керек болуп калсаң дагы,/ Түшүнбөй жатсаң дагы сөздүн бирин./ Сырдуу кыз91.
ОП-105-153. Жалал-Абаддагы ата-энеме, эжеме жана инилерим Турат, Тынчтыкка, бөлөлөрүм Каныбек, Кайрат, Талгатка сагынычтуу салам. Майрамыңар менен! +770262423хх
ОП-105-154. Гулина жана Тимур, куш бооңор бек болсун! Дайыма бактылуу болгула! Былтык.
ОП-105-155. Алматыда иштеген кыргызымдын жигиттерин келе жаткан майрамы менен куттуктайм! Мерикан.
ОП-105-156. "Обон" гезитинин окурмандары, ар дайым жашоону жакшы күн, жакшы маанайда тоскула! +770282027хх
ОП-105-157. Жашоодо баарына жылмай, кайгыга да, бакытка да жан дүйнөң кыйналганда жылмайганды унутпа! Жылмаюуда артка жол жок, жылмайгын да алга! Болгону эч качан кайгырба, көңүлүңдү чөктүрбө, максатка умтулуп жаша! 05562423хх
ОП-105-158. Ашык болдум өзүңө, неге аны сезбейсиң. Мээрим29.
ОП-105-159. Кут болсун туулган күнүңүз апаке,/ Кут конуп, үйгө толсун береке./ Көңүлүңүз көтөрүлүп ар дайым,/ Ушул бойдон жүрүүңүздү каалаймын./ Узун өмүр, бакыт каалайм, дайым биздин бактыбызга бар болуңуз! 07737362хх
ОП-105-160. Өзгөн районуна караштуу Кызыл Октябрь айылынын тургуну ардактуу мугалим атабыз Шадманов Кенжебайды 23-февраль туулган күнү менен куттуктайбыз! Урматтуу ата, 65 жаш курагыңыз куттуу болсун, сизге узак өмүр, бекем ден соолук каалайбыз! Эч качан оорубаңыз! Уул-кыздарыңыз.
ОП-105-161. Кыргыз тили башка тилге багынбаган,/ Сактап келген бул тилди ата-бабам./ Жашай бергин мындан да көп жылдарга,/ Мен кыргызмын кыргыз тилин сактап калам./ Кыргыз тилде сүйлөөдөн жаңылбайм,/ Көкөлөтүп бул тилди, башка тилге багынбайм./ Миң жыл бою кыргызча сүйлөсөм да,/ Эч убакта башка тилди сагынбайм./ 05562423хх
ОП-105-162. Сен өзүңсүң жүрөгүмдө, көңүлдө,/ Сен керексиң бул жалган өмүрдө. Мээрим29.
ОП-105-163. 91-92-жылкы балдар-кыздар менен достошом. 0700727169 номерине чалгыла. Аяна красотка.
ОП-105-164. Мирбектин үйлөнгөнүн билгенден кийин аябай жаман болуп жатам. 05531603хх
ОП-105-165. Жаш кезибиз балалык,/ Ойноп-күлүп алалык./ Жаштык өтүп кетти деп,/ Капаланып калбайлык./ 07737362хх
ОП-105-166. Жүрөгүм алоолонуп оттой жанат,/ Жалгыз сенин махабатың мага кубат./ Өмүрүм өткүчө бирге болсом,/ Менде арман болбос эле атаганат./ Мека93.
ОП-105-167. Алыстагы апакеме сагынычтуу салам жолдогум келет. Апаке үйдүн кутусуз,/ Апаке күндүн нурусуз./ Апаке суудай тунуксуз,/ Айдан сулуусуз./ Дайым бар болуңуз. Сырдуу кыз91.
ОП-105-168. Мекенимдин эли шайыр, жери кооз, ар бир адам суктанат, алгалап сен өсө бергин мекеним. Дагы, дагы колдойт өз элиң. 07737362хх
ОП-105-169. Дүйнөдө мээримдүү энелерге салам айтам. Энелер силер бар үчүн биз бактылуубуз, дайым бар болгула! 05562423хх
ОП-105-170. Асыл жүзүң жүрөгүмдө сакталат,/ Сени ойлосом көздөрүмдөн жаш тамат./ Жаным, сени сүйөөрүмдү эч бир жанга сездирбедим,/ Алып кеттиң жүрөгүмдү ойлонууга./ Мека93.
ОП-105-171. Жок жаным, эч качан ыйлабаймын,/ Сен эсиме түшкөндө муңайбаймын./ Бетимдеги жамгырга себелеген,/ Бирок, мен сенсиз өмүр сүрө албаймын./ Мека93.
ОП-105-172. Чымкентте иштеп жаткан таякем Бектурсунду 23-февраль майрамы менен куттуктайм! Жеңем Шахзад менен бактылуу болуңуз. Иштериңизге чоң-чоң ийгилик каалайм! Нузбира.
ОП-105-173. Киндик кан тамган жер баарынан ыйык экен. Туулуп өскөн жерим, мекеним Кыргызстаным. Сырдуу кыз91.
ОП-105-174. "Обондогу" досторум ТаалайЖ менен Э.Диманы 23-февраль майрамы менен куттуктайм! Ар качан жолуңар ачык болсун, тилеген тилегиңерге, сүйгөнүңөргө жеткиле! Эки дүйнөдө тең бактылуу болгула! Мээрим29.
ОП-105-175. Өмүр жолдош көптөр болду, досторума бир күн жарды, бир күн байга окшодум. Аксаган адашканда чанбаган, аман болгун айланайын досторум. 07737362хх
ОП-105-176. Айланайын тоолор курчаган,/ Кайда жүрсөм эстен чыкпайсың./ Биздин мекен жердин сулуусу,/ Күндө көрүп, күндө суктанам./ Сырдуу кыз.