НБТ телеканалындагы "Музканал" "Лидер kg" берүүсүнүн алып баруучусу Суранчы кызы Айпери бизде конокто.
"Китептин ичине кирип кетем"
- Айпери, алгач таанышып алалы?
- 1991-жылы Таласта төрөлгөм. Учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин экономикалык факультетинин 1-курсунда билим алып жатам.
- Экономикалык факультетте окуп жатып "Музканалга" алыпбаруучу болуп кантип келип калдың?
- Мен журналистикага кичинекей кезимде эле кызыкчумун. Мектепте окуп жүргөндө эле Таластын облустук радиосунда ди-джей болуп иштеген элем. Ал жерде 25 жашка чейинки курактагылар гана иштей алышкандыктан атам борборго окууга жиберген. Бирок, эмнегедир экономикалык факультетке тапшырып алдым.
- "Музканалда" иштеп жатканыңа канча убакыттын жүзү болуп калды?
- Быйыл 2010-жылдын 22-январында "Музканалда" алыпбаруучулукка кароо-сынак жарыяланып, кароодон өтүп кеттим. Ошондон бери иштеп жатам. Буюрса бир ай болуп калды..
- Жетекчилигиң менен келишпестиктер болуп калабы?
- Андайдан кудай сактасын. Азырынча жакшы иштешип жатам. Мага берилген тапшырманы өз убагында аткарам.
- Бош убактыңда эмне менен алек болгонду жактырасың?
- Бош убактым боло калса эле адабий китептерди окуй баштайм. Чыгармадагы каармандар менен чогуу образга кирип кетип, кайгылуу чыгарма болсо ыйлап да жиберем. Спортко өтө деле кызыга бербейм. Үйдө жатып алып, сүйүү тууралуу кинолорду көргөндү жактырам.
- Сүйлөө техникасы боюнча кыргыздын профессионал инсандарынан сабак алып жатасыңбы?
- Чынын айтсам азырынча "сүйлөөнүн техникасы" боюнча сабак ала элекмин. Бирок, бул боюнча алдыга койгон пландарым бар.
- "Музканалда" эмне жаңылыктар болуп жатат?
- Ар кандай рубрикалардын үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса дүйшөмбү күндөн тартып жаңы рубрикалар менен чыга баштайбыз.
- Жаңы келген убактарда түз эфирде камеранын алдында сүрдөп, же болбосо такалып калган учурларың болду беле?
- Азырынча такалып кала элекмин. Түз эфир учурунда өзүмдү болушунча эркин кармаганга жана такалып калбаганга тырышып, аракет кылам.
- Ата Мекенди коргоо күнүнө кесиптеш жигиттериңерди кандай майрамдатканы жатасыңар?
- Анын жарасы жеңил. Бизде иштеген кыздар абдан ынтымактуу жана оперативдүү болгондуктан бат эле бир нерсе уюштура калабыз. Алдын ала айта кетейин, балдарыбызга чоң "сюрприз" кылабыз.
Төлөбүбү Касымалиева